presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Асанакунов
КСДПнын
эркеси...
КСДП партиясынын мүчөсү, мончо-сауналардын ээси, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы экс-өкүлү Мирбек Асанакунов Жети-Өгүз районуна коменданттык саат киргенче "мыкты иштеп", акыры жумуштан айдалган эле. Көлдөгү чыңалган абалдын алдын албагандыгы, эл менен иштешүүнү билбегендиги, Кумтөрдөн түшкөн миллиондордун солго солонушуна Асанакуновдун да тиешеси бар экендиги ошол учурда ММКда байма-бай жазылган. Миллиондордун дайыны чыккан-чыкпаганы ушу күнгө чейин белгисиз. Бирок экс-өкүлдүн кылы да кыйшайбай жыргап эле жүрөт. Ал өткөн жумада "Замандаштын" он жылдыгына арналган ат оюндарына асыл тукум күлүгүн таптап кошуп, чоң байге утуп алды.
Беш жыл мурда Нариман Түлеев Бакиевди "атам" дей койгону үчүн бүгүн күйүп отурат. Жогоркудай былыктары чыкса да ээн-эркин чардап жүргөн М.Асанакунов азыркы Президенттин "баласы" эмеспи, ыя?!


Батукаев
чыры узакка
созулат
"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, тарыхый мекенине жылуу жумшак узатылышына байланыштуу дагы бир кызык кеп уктук. Ага кулак түрсөк, кадимки түбү кыргызстандык казак олигархы Александр Машкевич бийликтеги бараандуу фигурага жашыруун кезигип Батукаевдин тагдырын талкуулаган имиш. Ошол жолугушуудан кийин кримавторитеттин эркиндикке чыкканы жогорудагы аңызда акыйкаттын үлүшү арбындыгын далилдебейби? Мындан дагы кызыгы, Көк үйдөгү билермандардын биринин уулу Азизди Грозныйга чейин коштоп барганы чынбы? Булар чекеси гана болсо керек, окуянын сыры толук ачылса, ага катыштыгы бар аткаминерлердин жарымынан көбүнүн бетпардасы сыйрылат. Күтө туралычы…

Жапаровдун башын кара булут каптай баштады
Ишенимдүү булагыбыздан алынган маалыматка таянсак, "Ата журт" партиясынын билермандарынын бири Садыр Жапаровго карата мурда ачылган кылмыш иши жанданганы жатыптыр. Атап айтканда, борбордогу Киев көчөсүндөгү Бакиевдерге тиешелүү имаратка байланыштуу козголгон иште Садыр Нургожоевичтин тикелей катыштыгын тастыктоочу документтер бар экен. Сөз жүрүп жаткан имараттын айынан "ата мекенчи" Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков 11 жылга эркинен ажыратылганын эске алганда, Жапаровдун башын кара булут чулгаганын божомолдой берсек болот. Анүстүнө Башпрокуратура С.Жапаровго карата жаңы кылмыш иши ачылышы ыктымалдыгын жар салды.

"Ата мекен"
агынан
жарылабы?
"Мародер-гейт" чатагы күздөгү саясый кырдаалда орчундуу ролду ойночудай. Себеби "Ата мекен" фракциясы алгачкы жыйынында президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасаары каңкууланууда. Кайрылууда президент революциялык өнөктөшү болгон "Ата мекенди" же абактагы Абдулла Юсуповду тандоо талабы коюлушу ыктымал. Эгер Атамбаев экинчи жолду тандаса, анда Өмүрбек Текебаев коалицияны кулатууга аракет кылышы мүмкүн.

Сениби шашпа, сентябрь!
Парламенттеги КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков коррупцияга каршы күрөшүүнүн экинчи этабына сентябрда старт берилерин, Башпрокуратура тарабынан бир нече депутатты кол тийбестик укугунан ажыратуу сунушу түшөрүн шардана кылды. Ошондон бери эл өкүлдөрү дагы кимибиздин мойнубузга сыйыртмак илинер экен дегендей "жегени желим, ичкени ирим" болууда. Атүгүл айрымдары ири бизнесин сыртка чыгарып кетип жатышыптыр. Укук коргоо органдары Чыныбай Акуновичтин оозу менен депутаттарды үркүтүп, "ата журтчу" Нурлан Сулаймановчосунан сыртка качышына шарт түзбөй, маалы келгенде эле жарыялашпайбы дейсиң. "Парталаштарын" көзөмөлдөөчү органдын колуна салып берер-бербесин депутаттар чечет эле да.

Таптагыла, чыккыла
Ысык-Көлдүк үлкөн клан көздөй кишилерин жооптуу кызматтарга отургуза баштады. Маселен, экс-башбакан Өмүрбек Бабановдун политологу атыкканына карабастан Темир Жумакадыров Коопсуздук кеңешинин катчысынын орунбасарлыгына бекитилди. Бул топ жакынкы аралыкта Көлдүн тыңчыкма улан-кыздарын жооптуу кызматтарга дайындатууга аракет кылып, кийинки президенттик шайлоого Көлдүн "күлүгүн" таптоого камданышат дейт.

Султанов-Келдибеков тандеми
түзүлдүбү?
Тар чөйрөдө ушундай кеп кызуу талкууланууда. Жаңы тандемдин негизинде Марат Султанов өкмөт башчылыкка талапкерлигин койсо, Акматбек Келдибеков кийинки президенттик шайлоого аттанат дейт. Кремлдеги тааныштарына байма-бай байланышып калганына баам салсак, Марат Абдыразакович премьерлик креслого көчүк басмайынча тынчыбайт окшоп калды.

Ажо санаалашын тыйбайбы?..
Бүгүнкү бийликтин көшөгө артындагы чоң"оюнчуларынын" бири , ажонун ишенимдүү адамы чектен ашып бараткандыгы тууралуу коңгуроо небактан бери кагылып келатат. Ал ушу тапта өлкөдөгү бизнести толук көзөмөлдөп, кытайлык ишкерлерди "крышевать" этери айтылууда. Жакында эле босогобузду аттаган кытайлык ири компания анын "батасын" алып бизнес баштаган кези. Мындан сырткары, кадр саясаты, оппоненттерди "сындыруу" сыяктуу маанилүү "операциялар" ушу фигуранын тескөөсү менен жүрүп жатыптыр. Мунун арты жаман болушу толук мүмкүн дешет билермандар. Кыйын мезгилде жанынан карыш жылбаган адамын мынчалык бөпөлөп, ага мамлекеттин "эки чылбыр, бир тизгинин" колуна карматкан ажонун саясатына акылыбыз жетпеди. Качкын президенттердин тагдырын эстесе, балким "эркетайын" тыйып, теске салар?

Башбаканга дагы бир сокку
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады. Жеке булагыбыздын кабарлашынча, комиссия мамдирекциянын мурдагы жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин "косяктарын" таап чыгыптыр. Бул дагы Сатыбалдиевге чоң сокку болору талашсыз. Ал эми аталган комиссиянын төрагасы Назарали Ариповго кайрылганыбызда, "депутаттык комиссиянын отчету сентябрда чоң жыйында каралат. Иликтөө учурунда бир нече мыйзам бузууларды таптык. Анын жыйынтыгын укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз, алар юридикалык баа берип, чара колдонушу керек" деп билдирди.

Урук эмес улут болбойлубу!
Өткөн жекшемби күнү Таластагы "Манас Ордого" 18 бозүй тигилип, саруунун бир бутагы болгон мачак деген уруктун үч жүздөй билермандары чогулуп чоң жыйын курушуптур. Жыйынга Кубанычбек Жумалиев аялы менен катышканын, Камчыбек Ташиев да катышмак болуп, бирок келалбай калганын айтып жүрүшөт таластыктар.
Жыйналсын, катышсын, буга эч кусаматыбыз жок. Бирок кыргыз болуп бириге албай жатып, кайра майдаланып салаа-салаа болуп чачырагандан майнап чыгаар бекен? Жакында дагы бир чоң уруунун эшей деген уругу да чогулуп жыйын кылышыптыр деп айтып жатышат. Уруу эмес уруктун деңгээлине түшүп жатсак, деги качан улут, кыргыз болобуз?
"Жаңы Агым" - пресс"










??.??