presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
"Кыргыздан эч ким боло электе чачтарач, шофер болдум"
Рая Осмонова апа кенедейинде эл душманынын кызы аталып, тартпаган азабы, көрбөгөн кордугу калган эмес. Рая апа 1932-жылы туулган. Атасы Осмон билимдүү киши болуптур. Каракол-Нарын кантон уездинде биринчи сот болуп иштеп турганда репрессиянын торуна чалынып, эл душманы деп алып кетишет.

Ошондон кийин балалык тунук көк асманына түнөргөн кара булут айланат да калат. "Эл душманы" деген сөздүн өзү эле жүрөктү зааркантса, эл душманынын кызы болуп, эл аралап басып жүрүш тозоктун тозогу эле. Чоңоюп бой жеткенде турмушка чыгат. Жолдошу Мукай болочок жубайынын "эл душманынын кызы" экени ал үчүн да оңойго турбасын билсе да үйлөнүп эрдик жасаган. Көрүнбөгөн майдандын кызматкерлери муну дароо билишип, жолдошун кызматтан алышып, партиядан чыгарышат. 81 жаштагы Осмонова Рая апа ушул жашка келгенче бул куу турмуштан көрбөгөнү калбаганын, кудум кино сыяктуу тагдырды башынан кечиргенин саймедиреп олтурду.
"Контурдун көбүнүн өлүү-тирүүсү билинбей калды. Сабаттуулук жетишпеди. Элүүнчү жылдардан кийин гана эсибизди жыйдык. Акталып үйүнө келгендер болду. Жолдошум Мукай экөөбүз атамдын иштерин изилдей баштаганда нечен кызыктарга жолуктук. Мындан бир канча жыл мурун акталган атама чечим жетпей, улам бир шаарга которулуп атып каза болуптур.
Менин өмүр жолум ушундай, жолдошум ар кайсы жумушка которулган сайын мен да кесибимди алмаштырып жүрүп отурдум. Кыргыздан чыккан биринчи чачтарач болдум. Шофер да болдум. "7412" деген аскердик бөлүккө орношуп, автомат атып жүрдүм. Бирок бала кезде жүрөгүмө так салган ошол каргашалуу күн дале бүгүнкүдөй эсимде.
Эшикти кимдир бирөөлөр катуу ургулады. Ачсак Элебесов Осмон ким деп атама тигилишти. "Силер кимсиңер" деген атамдын суроосуна НКВД деп жооп беришти да, атамды сүйрөп жөнөштү. Балдарымды өөп алайынчы деп атам бизге кылчайганда, олбурлуусу кежигеден кармап сыртка итерди. Биз чурулдаган бойдон кала бердик. Бул түн биздин жүрөгүбүздү канталаткан түн болду. Мындай кара жамынган түндөр кыргыздын нечен чыгаан уулдарынын башына түшкөн мүшкүл түн эле. Ошол атам камалган жылы апам 34 жашта эле. Биз жети бир тууганбыз. Анара, Абдулхасым, Абдулгазиз, Бату, Махмуд, Абдылда баарыбыз чөжүрөгөн майда балдарбыз. Ушундай майда балдар менен апам байкуш аябай кыйналды. Мурдагы батирде турган жерибизден да контурдун үй-бүлөсү деп бизди айдап жиберишти. Сары-Камыштан Жергезге көчүп барып, таята-таенемдин жардамы менен үй салдык. Апам Караколго түрмөгө барып келип жүрдү. Контурдун үй-бүлөсү деп бизге эч ким жолобойт. Апам абысынына дайындап кетип, абысыны бизге нан бербей, үрпөйүп кеберсип отурганыбыз эсимден кетпейт.
Кимибиз баш көтөрүп чоңойо баштасак, ошонубуз менен апам колхоздун талааларында кечке дейре иштеп жүрчү. Мен кичинекей бөбөктөрүмдү карап үйдө калчумун. Арадан согуш жылдары, нечен азаптуу күндөр өттү. Байкуш апамдын көрбөгөнү калбады.
Ошентип баягы чөжүрөгөн бир туугандарымдын баары жетилди. Чырпыктын баары чынарга айланды. Өздөрүнчө очор-бачар болушту. Өкүнүчтүүсү, өткөн жылы абышкам Мукайдан ажырап калдык. Азыр балдарымдын, неберелеримдин сыйын көрүп төрдө отурган кезим. Ушул жаштын чайын ичип отуруп элиме айтарым, жеримде тынчтык болсун, ынтымак болсун, токчулук болсун. Жаштарыбыз эмгекчил, ыймандуу болсун".
Жамиля НУРМАНБЕТОВА





Терезе
"Жаратылыш эле эмес, көчмөн кыргызымдын жашоосун, аялзаттын турмушун чагылдырам"
Кагазга эмес, өрмөккө, болгондо да маңызы, сыры тереңге чөккөн, ойго батырган сүрөттөрдү түшүргөн, көптөгөн эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн катышуучусу Анара ИСКАКОВА учурда С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында жана улуттук университетте окутуучу. Ал 1961-жылы Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген. С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын жана Москвадагы А.Косыгин атындагы текстилдик академиянын прикладдык искусство факультетинен билим алып, Москвада биртоп жыл эмгектенген.

Анара Искакованын эмгектерине бир эле карап коюу менен түшүнө бербейсиң. Көпкө тигилесиң. Көз эмес жүрөктөн өткөрөсүң. Кубанасың. Улуу ойлорго жетеленесиң. Өрмөккө түшкөн сүрөттөрдүн жанында туруп көпкө сүйлөштүк.
- Секелек кезимен шырдак шырычумун, сайма сайчумун. Кичине кезибизде алакийиз, шырдак жасаган апалар көп эле. Ошол апалардын шырдак, кийиздерине оюм салып берчүмүн. Тамак жасап, башка оокаттарга алектенгенден көрө, көпкө дейре шырдак шырып отурганды жактырчумун, - дейт уз сүрөтчү. - Сүрөтчүнүн жүрөгү, сезими башкача. Айрыкча күүгүмдү жактырышат. Күндүн чыгып келе жатканын же батып баратканын, бүркөө асманды, муңдуу асманды. Адамдар көртирлик деп жаратылыштын сулуулугун сезе беришпейт. Сүрөтчүнүн жүрөгү ошол башкалар көрө билбеген ирмемди даңазалайт. Дааналап айтып берет. Кыл калем менен эмес, терме, сайма, курак менен пейзаждык, абстракттуу жана натюрморт эмгектерди жаратам. Жаратылыш эле эмес, көчмөн кыргызымдын жашоосун, аялзаттын турмушун чагылдырам. Гобелен, панно жана бир канча түстөгү акварель менен кылдат чагылдырылчу графиканы да жакшы өздөштүрдүм.
Сүрөтчүлөр окуу жайынан жоон топ окуучуларым өсүп чыкты. Жеке менчик ишкана ачып кетпейсиңби дешет. Бирок баарыбыз эле жеке турмушубузду ойлоп кетсек, жаш муундарга кимдин жарыгы тиет? Бизден билим алгандардын бири да жерде калбайт. Алды өз алдынча ишкана ачып жеке көргөзмөлөрүн уюштурушууда. "Искакованын мектебинен чыккандар" деген жылуу сөздү эшитип жүрөк кубанат. Мындай учурда бардык кыйынчылык унутулуп, дагы-дагы булактардын көзүн ачкың келет, - деди сүрөтчү узатып жатып.
Сүрөттөрдүн сыры
Бир жолу тоо боорундагы туптунук булакка тигилип отуруп, түркүн түстүү таштарга көзүм түштү. Адамдын алаканына окшоп ар бир таш ар башкача саймаланган. Алардын тилин түшүнсөң, ар биринде катмарланган кылымдар, тагдырлар сыры катылып жаткансыйт. Саймалуу таштар - бул дагы ачылып, тартылып бүтпөгөн чоң тема.
****
Улуу жолго аттангандай эле саймачылар узак күндүк иш башташат. Сайма сайып баштоо да бозоргон талаага жан киргизгендей, жазуучу жаңы чыгарма баштагандай эле иш. Узак күн, узак кеч кыйырсыз ойго чөгүп, сайма дүйнөсүнө аттанасың. Сайма дүйнөсү да менин жүрөгүмө жакын.
****
Булутсуз асманда жыбыраган жылдыздар. Бышып турган буудай. Айдын нурун жамынган жалгыз аяк жол. Алыска арабасы менен узап кеткен Даниярдын обону угулат. Муңканган, сүйүүнү даңазалаган обон. Сүйүү бул менин бүтпөс темам.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА











??.??