presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Айгерим НУРДИНОВА,
модель, актриса:
"Айылдык кыздар деле модель боло алышат"
- Айгерим, алыскы Аксыдан Бишкекке келип кантип модель болуп калдың?
- Негизи биздин атабыз аксылык болгону менен бала чагыбыз Кыргызстандын бардык жагында өттү. Анткени атам органда иштегендиктен жумушуна байланыштуу ар кайсы райондо жашап жүрдүк. Үй-бүлөдө 4 кыз, 1 уул. Модель болуп калышыма бир тууган эжем Айчүрөк Нурдинованын салымы чоң. Себеби ал модельер-дизайнер катары өзүнүн ки-йимдерин чыгарып жүрүп, көргөзмөлөрдө модель кыздардан кем клышпайсың деп мени да жасантып чыгарып койчу. Ошондой көргөзмөлөрдүн биринде белгилүү стилист айым Замира Молдошева сенден жакшы модель чыкчудай, мени менен иштешпейсиңби, "Z fashionдун" жүзү болосуң деп калды. Мен моделдик бизнес, бул тармак боюнча түшүнүгүм жок экендигин айтсам баарын үйрөтүп, окутуп аларын айтты. Замира эженин бул тармактагы аброюн жакшы билчүмүн. Ушундай эже сунуш кылып жатса баш тарткан болбосо керек деп макул болгом. Ошондон кийин жарнамалык роликтерге, билборддорго ар кайсы фирмалардын жүзү болуп тартылып жүрдүм. Ал арада Мирбек Атабековдун "Сага", Арсендин "Сон наяву", Бек Исраиловдун "Карындашым" деген клиптерине тартылуу сунуштары түштү. Ошентип жүрүп эле ойдо жок жерден модель болуп калдым.
- Модель болуудан, деги эле бул тармактан кыздар кандай киреше табышат?
- Башкаларда кандай экенин билбейм, бирок мен иштеген агенттикте модель кыздар төлөнгөн гонорардын 70 пайызын эмгек акы катары алышат. Калганы моделдик агенттикке калат. Ошентсе да мен бул тармакка акча табайын деп аралашкан эмесмин. Мен үчүн чыгармачылыктын бардык тармагы кызык.
- Айылдык кыздардан модель кыздар чыкпайт дегенге кошуласыңбы?
- Жок, мен буга таптакыр кошула албайм. Мисалы, мен көп жылдан бери шаарда жашасам да айылдык кыздар кылган бардык жумушту жасай алам жана жасап жүргөм. 3-класста чоң энемдин колунда жүргөм. Ошондо камыр жууруп нан жаап, уй сааганды үйрөнгөм. Буюрса келечекте дал ушуга тиешеси бар бир долбоорду ишке ашырсам деген оюм бар. Турмуш куруп, чыгармачылыктан алыстагандан кийин сулуулук салонун ачып жеке бизнес менен алек болсом дейм. Анда жөн гана келген кардарларды тейлебей, теле аркылуу бир берүү ачып, атайын Кыргызстандын алыскы аймактарын кыдырып, ошол жакта өмүрүндө бетин боеп көрбөгөн айымдарды сулуулук салонунун акысыз кызматы аркылуу модель кыздардын деңгээлине чейин жасалгалап, аялзаты өзүн караса кайсы куракта болсо да жашаган жерине карабай сулуу боло аларын далилдеп бергим келет. Болбосо айылда жашаган айымдарыбыз өздөрүн карабай эле шаардыктарга жетиш кайдан деп кол шилтеп коюшат. Илгери ошондой шартта жашаган апаларыбыз деле чачын айран менен жууп, бетине каймак сүртүп, сулуу көрүнгөнгө аракет кылышканы белгилүү. А азыр болсо атайын адистер пайдалуу косметиканын түрлөрүн ойлоп табышкан. Менимче, аял киши өзүн жакшы карап дайыма сулуу болуп турса үй-бүлө да бекем болот деп ойлойм.
- Кино тармагына кантип келип калдың?
- Замира эже менен фотосессия кылып жүргөнүбүздө ар кандай образда түшүп жатканымды байкагандар сен актриса боло алчудай экенсиң деп калышты. Ошондон улам биринчи түшкөн сунушту кабыл алып Руслан Машраповдун "Сен бул мен" ("Я это ты") тасмасында башкы ролду жаратууга макулдугумду бердим. Ал тасмада мен чет өлкөгө алданып кеткен сүрөтчү кыздын ролун жаратам. Кинонун көп бөлүгү Малайзияда тартылды. Сценарийин белгилүү ди-джей Замир Казакбаев жакшы жазыптыр. Ата-энем да башында киного тартылуума каршы болуп жатышкан. Апам сценарийдин бир сөзүн калтырбай окуп чыгып макулдугун беришти. Атам полковник болгондуктан бизди аябай катуу кармайт. Өзүбүздү кээде командиринен корккон жоокерлердей сезип кетебиз. Ошондуктан чыгармачылыкка байланыштуу бир нерсе болсо алгач апамды көндүрүп, анан ал атамды көндүрүп берет. Болбосо атам мени ишкер айым же банк кызматкери болсун деп экономика факультетине окуткан. А мен эмнегедир чыгармачылыкка жакынмын. Кичинемде кинолорду көрүп отуруп, мен актриса болсом бул жерди мындай аткармакмын, тиги жеринде минтип ыйламакмын деп ойлоп койчумун. Бирок актриса болгум келет деп ачык айта алган эмесмин. Анткени атам бул нерсени жактырбасын кичинемден эле билчүмүн. Ошентсе да азыр мага атам аябай жакшы колдоо көрсөтөт. Кино тартылып жаткан учурда келип кабар алып турат. Акыркы тартылган "Миллиондук мелдеш" тасмасында менин атамдын эпизоддук ролун аткаруу үчүн бирөө керек болуп калды. Атама сиз да тартылбайсызбы десем, бир жакка жумуштар менен көпкө кетип жатканын айтып, бирок көңүлүмдү калтыргысы келбей өзүнүн генерал досун суранып мага ата болуп тартылууга сүйлөшүп берди.
- Кандай жигитке турмушка чыгам дейсиң?
- Менин сырткы келбетимди эмес, ички дүйнөмдүн тилин таап, сөзү жок түшүнүп турган, ыйлаганымды, күлгөнүмдү, ачууланганымды, жыргаганымды көтөрө алган тарбиялуу жигит болсо дейм. Анын кайсы тармакта иштегени мени кызыктырбайт. Ошентсе да менин күйөөм аскер тартибин сактаган жигит болсо керек деп ойлойм.
- Эч кандай актердук билим жок болуп эки тасмада башкы ролду аткарууда кыйынчылык болгон жокпу?
- Менин бир жакшы сапатым - бир нерсени билбесем, ошол нерсени жакшы билген адамдын айткандарын аткарганымда. Мага режиссер кандай кыл деп айтса дал өзүндөй аткарганга аракет кылам. Бирок кинодо ыйлай турган учур болсо профессионал актерлор ыйлап бүткөн кадр бүтөрү менен көздөрүн аарчып алып андан ары каткырып жумушун улай берсе, мен бир ыйлап алсам съемка бүтсө да ыйлай берем. Анткени чын дилден ыйлаш үчүн өзүмдүн турмушума байланышкан өкүнүчтүү учурларды элестетип алам. Ошентсе да актер болуш үчүн атайын ушул тармакта билим алыш керектигин сездим.
- Көп адамдар өзүнүн жаман жагын ачык айта алышпайт. Сен жаман сапатыңды билесиңби?
- Аябай жалкоо болуп калдым. Мурда элпек эле кыз болчумун. Азыр жалкоолугум үчүн өзүмдү жаман көрөм.
- А эмнеге мурда элпек, тың кыз азыр жалкоо болуп калды?
- Биз мектепте окуп жүргөндө классташтар менен тоого лыжа тепкени барганбыз. Ошондо мен колумду сындырып алып бир нече жолу операция жасаттым. 4 жыл тыныгуу менен операция жасатып, ордумдан жылбай кыймылсыз жатып, денем алсыз болуп калыптыр. Ошондон бери жалкоолуктун күчөгөнүн байкадым. Балким жанымда колдогон адамым пайда болсо жалкоолукту унутаармын.
- Кыздар ырымчыл келишет эмеспи. Өзүң турмушка чыкпай туруп кинодо үлпөт көйнөк кийгениңди кантип жорудуң?
- Бул деген жөн эле кино, мен сценарийдеги ойлонуп табылган каармандын жашоосун жашап жатам. Бул тойдо кийген көйнөгүм мага жакпайт, макияж дагы ойдогудай эмес, менин тоюмда баары башкача болот деп ичимден өзүмдү алдап аткарып жаттым.
- А көз тийди дегенге ишенесиңби?
- Негизинен көзү ачыктарга ишенбейм. Алар шайтан менен кызматташкандыктан көп нерсени туура айтышы мүмкүн. Бирок анын аягы жакшы болбойт. Биз бир гана Кудайга ишенишибиз керек. Ошентсе да кыргыздын көз тийгенде киренелеп чыгарып ийгенине таң калам.
- Сулуу кыздар ырчы болгонго аракет кылчу эле...
- Эгер үнүм кичине жагымдуу болсо, ырдаганда эл кунт коюп укса ырдап чыкмакмын. Менин үнүм ырдаганга жарабагандыктан жөндөн жөн эле ыйык сахнанын аброюн түшүрбөйүн деп койгом. Ырчы болбойсуңбу дегендер деле болгон. Бул нерсе меники эместигин дароо айткам.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ











??.??