presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Канча кошумча коштуң?
Аш-тойлор сезону ийгиликтүү ачылды. Ураа дейбизби?
Күркүрөгөн күз келе жатат. Кудай бетин салбасын, бардык кафе-ресторандарда күндө майрам, күндө той. Анүстүнө жакында орозо айы болуп, ушул отуз күн аралыгында той-топурлардын саны да кичине кыскарып, баягы жыкжыйма болгон кафе-ресторандар да бошоп, күздү күтүп калышкан эле.


Бизде кафе-ресторан бизнеси өстү
Орозо аяктаары менен эле тойлордун шааниси күч алды. Азыр борбордогу айрым кафе-ресторандар ноябрь-декабрга чейин алдын ала брондолгон. Аш көп болсо каада көп болот дегендей, Кыргызстан жакыр мамлекеттердин катарына кошулса да той берүү жагынан эч кимге ат салдырбайт го, чиркин.
Коомдук уюмдардын иликтөөсү боюнча Кыргызстанда жалаң той-аштарга жылына 2 млрд. доллардай сарпталып, ашыкча чыгымга, ысырапкорчулукка жол берилет экен. Ал эми жети дубандын бирөөндө эле бир жылда үйлөнүү үлпөтүнө 4 млрд.195 млн. 500 миң сом чыгымдалат экен. Мисалы, өткөн жылы бир дубанда 3811 нике тою болуп, ар бир тойду өткөрүүгө орточо 3 миң доллардан кеткенин эсептегенде эле 1 млрд. сомдон ашык каражат сарпталган.

Той жагынан алдыга эч кимди чыгарбайбыз
Үйлөнүү үлпөтү, ар кандай мааракелер, маркумдун жылдык ашы, сүннөт, үй, машине, тушоо той сыяктуу шаан-шөкөттөр ар бир кыргыздын чөнтөгүн жылы бою кагып турат. Атайын изилдеген адистер тойлорго болгон чыгым жылына 12 млрд. сомду түзөөрүн эсептеп чыгышкан. Бул каражаттын көпчүлүгү чет өлкөлөрдөгү мигранттардан түшөт. Ал жакта кара жанын карч уруп иштеп, тапкан акчасын бир күндө эле той берип чачып салгандар көп. Коңшу Тажикстан менен Өзбекстанда ашыкча чыгымдарды ооздуктоо үчүн атайын чаралар көрүлүп, катуу тыюу салынган. Мисалы, Тажикстанда той өткөрүү үчүн жергиликтүү өкмөт башчыларынын уруксаты керек. Ал жакта маараке өткөрмөй, иш учурунда тойлоп жүрүү деген акыркы кезде жоюлуп калган. Шаан-шөкөт, той-тамашалар азайгандыктан карапайым тажиктердин да жашоо шарты оңоло баштаган экен. А бизде тойлорду ооздуктагандын ордуна тескерисинче куру намыска жетеленип, бири-бирине атаандашуу күч алганы жашыруун эмес.
Колунда бар байлар өтө престиждүү, атагы чыккан ресторандарда той өткөрүшөт. Мындай ресторандардын тамак-ашы, кызмат көрсөтүүсү да өтө жогорку деңгээлде. Тойдүн түрлөрү көп, ошолордун ичинен үйлөнүү үлпөтүнө кетчү чыгымдарды чогуу эсептеп көрөлү.

Кыз узатуу шаан-шөкөтү канча турат?
"Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт" демекчи, үйлөнүү үлпөтү акыркы кезде өтө ашыкча чыгымды талап кылары баарыбызга белгилүү. Мурда келин алган тарап ресторанда дүркүрөтө той берсе, эми кыз берген тарап да "кыз узатуу" аземи деген шаан-шөкөттү ойлоп табышты. Кыз тарап каражаты бар-жогуна карабай көпчүлүгү кыз узатуу аземин кафе-ресторандарда өткөрүү модага айланды. Кыздын үйлөнүү үлпөтүнө кийе турган кийими, макияжы, чач жасалгасы, ошол узатуу аземин өтө турган кафе же ресторандагы чыгымдын баары кыздын төркүндөрүнүн мойнуна илинет. Ага кетчү чыгым келинге алып келген калыңдан да ашып кетет. Бирок көпчүлүгү бул тойго тааныш, тууган, катыштарын чакыргандыктан алардан түшкөн каражат чыгымды жапса жабат, жаппаса жок.

Бир киши бир кечте жети миң сомдун тамагын жейби?
Үйлөнүү үлпөтү өтө турган кафе-ресторандардын келчү коноктордун киши башына эсептелчү чыгымдары ар кандай. Эң кымбат ресторанда киши башына 100 доллардан төлөгөндөр да бар. Жогорку Кеңештин бир депутаты Бишкектин так ортосунда жайгашкан чоң ресторанга уулун үйлөнтүп арак-шарап, боорсок, конфет, суусундуктан тышкары биринчи, экинчи ысык тамагы жана закүскөлөрүнө эле 100 доллардан төлөгөнү айтылып келет. Ошондо өзүнөн кеткен чыгымды кошкондо орто эсеп менен ар бир кишиге 150 доллардын тегерегинде сарпталган. Албетте, мындай сумманы олигарх же капчыгы калыңдар эле төлөп дүркүрөтө той бербесе, калктын негизги катмары жогорудагыдай орточо делгени менен оңбогондой каражат соргон той берип келет. Андыктан ошол орточо адамдардын үйлөнүү үлпөтүнө кетчү чыгымды карайлы.
Кафе-ресторанга тойго келген ар бир адамга 850-1500 сомго чейин төлөнөт. Анын ичинде салаттардын эки-үч түрү, закүскөлөр, биринчи, экинчи ысык тамагы болот. Андан тышкары суусундук, арак-шарабы, бодо малдын эти, боорсок, конфет, жер-жемиштерди той өткөрчүлөр өздөрү алып келишет. Ошондо орто эсеп менен дасторконго кеткен чыгым ар бир адамга 2000-2300 сомго чыгат.

Тойду той ээси эмес, тамадалар өткөрөт
Азыр ырчы, тамадасыз да той өтмөк беле. "А" деп оозун ачкан тамада эң арзан алып бардым дегенде эле 100 доллардан кем албайт. 100 долларлык тамадалардын тажрыйбасы жок, жаңы аралашкандар. Негизи тамадалар тажрыйбасына жараша бир тойду 200-700 долларга алып барышат. Арзан, тажрыйбасы жок тамадалар тойду башкара албай кыйналышат. Ошондуктан көпчүлүгү өтө кымбат же өтө арзан эмес, 300-400 долларлык тамаданы тандашат. Мындай тамадалардын кээси өздөрүнүн музыкалык аппараты менен кызмат кылгандыктан ага кошумча дагы 100 долларды да сурашат.

Оңбогондой каражат жеген жасалгалар
Булардан сырткары, той өтчү кафенин жасалгасы, күйөө бала менен келиндин аттары жазылган төрдөгү шар, ар бир столдун ортосуна коюлган гүлдөр, тепкичтерди, отургучтарды кооздочу жасалгаларды да атайын фирмалар колго алышкан. Алар сапатына жараша кызмат көрсөтүшөт. Мисалы, дасторконго коюлган вазадагы гүлдүн ар бири 200 сомдон кем эмес экен. Эгер ал гүл жасалма эмес болсо андан да кымбат. Негизи ушул жасалгалардын баары кафенин көлөмүнө жана келген элдин санына, коюлган столго жараша 3000-10000 сомго чейинки каражатты камтыйт.

Ырчылар обон созбогон той болчу беле?
Ал эми тойдун көркүн, шаңын ачкан ырчылардын да баасы ар кандай. Мисалы, жаңы чыгып келе жаткан ырчылар 3-4 ырына 100 доллар алса, өзүн "жылдыз" сезгендер бир эле ырына 300-500 долларга чейин сурайт. Бирок көпчүлүгү орточо баадагы ырчыларды чакырышат. Кээси жалаң ырчылар үчүн деп 1000 долларды бөлүп коюшат экен.
Үйлөнүү үлпөтүн эстеликке калтыруу үчүн тойдун башынан аягына чейин видеого, сүрөткө тартып, атүгүл кээде фотослайд жасашат. Ушул кызматтын деле сапатына жараша баасы бир топ. Негизи булар 100-1000 доллардын тегерегинде сурашат.
Андан тышкары тойго келгендер зерикпей ырдап-бийлеп отуруусу үчүн ар кандай байгелер коюлат. Колунда байлыгы барлар эң чоң байге деп муздаткыч, түстүү телевизор сыяктуу буюмдарды коюшат. Ал эми калктын орточо катмарындагылар 10-20 миң сомдун тегерегинде атайын белектерди алышат.
Булардан тышкары жаңы келиндин үлпөт көйнөгүн фатасы менен 100-1000 долларга чейин ижарага алышат. Келиндин макияжы, чачынын жасалгасы, ж.б.у.с. чыгымдары да бар. Алар он миң сомго чукул каражатты чапчыйт.
Ар бир үйлөнгөн жаш жубайлар лимузинге отургулары келишет. Бирок бул узун унаанын бир сааты эле 50 долларды камтыйт. Албетте, капчыгы калыңдар ага деле кайыл, эртеден кечке чубалжыган окшош машинелерди коштотуп коюшат.

Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА








??.??