presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Жамал СЕЙДАКМАТОВА, Кыргыз эл артисти:
"Өлүмдүн сүрү сезилет"
- Кинодо, спектаклде ар кандай ролдор бар. Өлгөн адамдын ролун жаратууда чындап эле өлүмдүн сүрү сезилеби?
- Албетте өлүмдүн сүрү сезилет. Мындай ролду аткаруу өтө оор. Ар бир артисттин өз дүйнөсү, өз сыры, өз фантазиясы бар. Ар бир артист бул ролду жандүйнөсүнүн абалына, өйдө-ылдый өткөн тагдырына жараша кабыл алып, кайра элге жеткирет. Эл жүрөгүнө терең жеткирүү үчүн болгон талантын жумшайт.


Алтынай ТЕМИРОВА, акын:
"Тунжуроонун да обону бар"
- Жандүйнөңүздү боштук ээлеген күндөр болобу? Ал боштукту кантип толтурасыз?
- Эгер адам бир иш менен алектенип жүрсө, эч качан жандүйнөсүн боштук ээлебейт. Бир кокустукка учураса же бир жакын адамынан ажыраса же алыска узатса жандүйнө аңгырайт. Жандүйнөдө бир тунжуроо пайда болот. Мен ошондой жандүйнө тунжуроосуна дуушар болсом, ошол үнсүздүктү тыңшап отура бермей адатым бар. Тунжуроонун да өзүнчө обону бар. Ошол абалда отурганда аалам менен байланышуу башталат. Жаңы идеялар, жаңы ыр саптары келе баштайт. Ошону уга баштайм. Аалам менен байланышып сезим туюмдар тириле баштайт. Жабылуу каалгалар ачыла баштайт. Ошол боштуктун да өз касиети бар.


Кеңешбек ЫРЫСОВ, медицина илиминин доктору:
"Медицинада бейиш - тозок жок"
- Медицинада да бейиш тозок айтылабы?
- Медицинада бул түшүнүк жок. Болгон мүчөң аман, ден соолугуң чың болсо, үй-бүлөң аман болсо, сүйгөн кесибиң болсо - бул жарык дүйнөнүн бейиши. Медиктер материалисттербиз да, бейиш-тозокко ишене бербейбиз. Ошону менен бирге эле ишенбей коюу да мүмкүн эмес. Кыймылсыз жаткан өлгөн кишилерди көпкө карап кээде ар кандай ойлорго келесиң. Тирүү адамдар менен салыштыруулар болот. Айтор бир нерсе бар, өлгөндөн кийин жашоо бар сыяктанып да кетет.


Темир БИРНАЗАРОВ, режиссер:
"Илгери кыздар ийменип жүктүн бурчунда отурчу"
- "Кыз он бешке чыкканда,
Энесине баш бербей,
Боюн күүлөйт дечү эле.
Эмки азаматтын баарысын
Аялы бийлейт дечү эле.
Элечегин булгалап,
Зайып чыгып жыйынга,
Чечен болот дечү эле" - деп кыргыз ойчулу Арстанбек канча бир жылдар мурун бүгүнкү заманыбызды даана сүрөттөгөндөй…
- Арстанбек, Калыгулдар олуя адамдар болгон да. Бүгүнкү күндү даана көрө билишкен. Илгери кыздар ийменип жүктүн бурчунда отурчу. Азыр кыздар эле эмес заман бузулду. Адамдардын наркы, ыйманы жоголду. Сөз бааланбай калды. Сөз касиетсиз болуп калды. Арстанбек ошол саптар менен аялдарга бийлик келет, аялдар башкарып калат деген сөздү айткан. Илгери аялдар ийменип алдыга чыкпаган заман болгон. Ар бир үй-бүлө кичинекей мамлекет эмеспи. Азыр ошол мамлекеттердин чылбырын кимдер кармап турганы баарыбызга белгилүү да.


Рыспай ИСАКОВ, манасчы:
"Рухий азыктын да түрлөрү бар"
- Адамзаты башка азыктарга муктаж сыяктуу эле, рухий азыкка да жандүйнөлөр суусап калат. Сиз ошол рухий азыкты кайдан аласыз?
- Адамдар ичкен, жеген тамактын түрү көп сыяктуу эле рухий азык алуунун түрлөрү бар. Мен кээде жакшы адамдар менен маек куруудан жакшы рухий азык алам. Кээде болсо манас дүйнөсүнө сүңгүүдөн, манас угуудан, манас айтуудан азык алам. Карым катыш мамиледен, табигаттан рух дүйнөң азыктанат.


Малик АЛИКЕЕВ, ырчы:
"Үйдүн куту аялзат"
- "Алганың сулуу болгон соң,
Аркырап беттен алган соң,
Сулуулугу не пайда" деген элдик сөз бар. Сиз сулуулар чын эле ошондой деп ойлойсузбу?
- Эл арасында жүрүп андай үй-бүлөлөргө, сулууларга көп эле күбө болосуң. Сулуу болбой туруп деле аркырап беттен алгандар көп. Негизи эле аялзатынын көкүрөктөгү көрөңгөсүнөн көп нерсе чечилет. Үйдүн куту - аялзаты. Үйдүн кутун учуруп күндө аркырай берүү аялзатына тиешелүү мүнөз эмес деп ойлойм.


Анатай ӨМҮРКАНОВ, Кыргыз эл акыны:
"Ар ким кайгыны жалгыз сезет"
- Акыркы жарык көргөн китебиңиздин аты "Жалгыздык ыры" аталып, жалгыздык тууралуу биртоп ыр жаратыпсыз. Жандүйнөңүздө жалгыздыкты кандай сезесиз?
- "Ар жалгыздык башта бар" дейт. Ар ким кайгыны жалгыз сезет. Сүйүүдө жалгыз болот. Азапты жалгыз тартат. Жарык дүйнөгө жалгыз келет. Каза болсо жалгыз кетет. Жалгыз бейитке айланат. Табияттын сулуулугун, өз ара мамиледеги сүйүү менен жек көрүүнү, айкөлдүк менен карөзгөйлүктү, сырттандык менен бечаралыкты жалгыз сезет.
Жанымды эзген жалгыздыкты жаздыкка
жаткырдым да чыктым эшке. Күн туман.
А короздор кыйкырышат узакка
жумган көзүн ачып-ачпай уйкудан.

Кулаталбайм кумсарган бул дубалды,
тоолорду да жылдыралбайм ордунан.
Кас душмандай ойлоп койбос убалды
бир караташ туруп алды жол бууган...

Кайра кирем. Жалгыздыгым алпчыгам.
Жалгыздыкта бүт баары бар... табалбай...
Мен күзгүдөн өзүмдү өзүм карасам
боло калат бирөө келе калгандай.

Жалгыздыкта бүт баары бар... сүйгүзгөн,
сүйдүргөн да, күйдүргөн да... бүтө албай...
Карт бүркүттөй мүрүн күнгө күйгүзгөн
калдалаңдайм канат силкип уча албай.

Каным дүргүйт, кайгым дүргүйт. Үй күйгөн...
Буулган жолдо илкийм өйдө мен эптеп.
Үйдө олтурсам караан сыңар үңкүйгөн
көлөкөм да болуп бербейт жанга сеп.

Кан аралаш кар жаайт кайра асмандан,
уу аралаш өрт чачырайт өзөккө...
Өлүп көрдө жапажалгыз жаткандан
тирүүгө кыйын жалгыз жатуу төшөктө

Нуркыз КАРАЕВА, "Замана" студиясынын алып баруучусу:
"Сүйүүсүз жашоо супсак"
- Сүйүүсүз өткөн өмүр таштакка өскөн куу жыгачка окшош деген ойчулдардын сөзү бар. Сенин көз карашың кандай?
- Сүйүүсүз өмүрдүн көркү жок, маңызы жок деген сөз го. Бул жашоодо мейли байлыгың, бийлигиң болсун, кымбат баалуу машинең, үйүң болсун, бирок жактырган адамың болбосо, арзууңду, кусалыгыңды арнаган адамың болбосо, жашоо супсагыраак болуп калат ко.


Расул МАМАТКУЛОВ, ырчы:
"Үй-бүлө жана сүйүү"
- Сүйүүнү үй-бүлөдө сактаган оң деген сөз бар...
- Бири-бирине эриш-аркак сөздөр. Үй-бүлө, сүйүү... Сүйгөн адамың менен жашасаң үй-бүлө жакшы сакталат. Сүйүүсүз аял карыз алган буюмдай деген сөз бар. Сүйбөгөнгө сүйкөнбө деген сөз бар. Сүйүүсүз эптеп үйлөнүп алгандар ажырашып жатышат. Ошондуктан үй-бүлөдө сүйүү болсо деп ойлойм. Сүйүү үй-бүлөнү сактайт. Айрымдарда келди-кетти сүйүүлөр болот.
Бирок алар үй-бүлөдөгүдөй сакталбайт.

Даярдаган Жамиля НУРМАНБЕТОВА










??.??