presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
"Аарынын балы эле эмес, өлгөн аары да дары"
Эки жумадан бери Бишкек шаарында республикалык балчылар жармаңкеси өтүп жатат. Бул жерге өлкөнүн ар облустан келген балчылары чогулган. Каалаган балды тандап сатып алсаң болот. Балчылардын айтымында, биз барктабаган кыргыз балы Россия, Казакстан, Европа өлкөлөрүнө чейин кетет. 28 жылдан бери балчылык менен алектенип келаткан Токтогул районунун тургуну, балчы Улан Назаралиевди кепке тарттык.

- Улан мырза, кандайча балчы болуп калдыңыз?
- Мен 1985-жылы Усть-Каменогорск шаарындагы айыл чарба техникумунан балчылык боюнча зоотехник адистигин алып келгем. Ошол жылдан тарта Токтогул районунун Совет совхозунда балчылар бригадири болуп иштедим. Кийин балчылардын "Мүстөр" ААКсы түзүлүп, ага бригадир болгом. Бул акционердик коом азыр да иштейт. Буга кошумча өзүм жүз балчелек кармайм. Төрт жылдан бери карпат породасындагы аарылар менен балчылык кылып жатам.
- Учурда бал да ар кандай түргө бөлүнөт эмеспи. Сиз кандай түрлөрүн өндүрөсүз?
- Биз тоолуу аймакта турганыбызга байланыштуу биринчи бал июнь айында гана болот. Май айында жаан-чачын көп болуп, аба ырайы жылыбагандыктан май балы бизде болбойт. Кыргызстанда негизи эле май балы (майский мед) чанда бир жылдарда эле болот. Июнда кулунчак, гусиные лапки сыяктуу жумшак гүлдөрдөн бал тартылат. Анан негизги бал өндүрүү июль, августтарга туура келет. Ошол кезде көкөмерен, жамбыл (дущица), көк шимүүр (шалфей), бүлөй чалкан (пустырник) деген гүлдөр гүлдөп, бал аарыларга жакшы шарт түзүлөт. Негизи балды биз он беш күндө бирден тартып турабыз. Ошол убакта кайсы өсүмдүктүн гүлү басымдуураак кылса ошого жараша балдар да түргө бөлүнүп кетет. Бал сатып жатканда алармандарга бул бал бүлөй чалкандан, бул көкөмеренден десек, силер кайдан билесиңер деп таң калышат. А биз кайсы бал кайсы убакта алынганын, кайсы өсүмдүк кайсы убакта гүлдөөрүн жакшы билгендиктен балды да жакшы ажырата алабыз.
- Эспарцеттен, өрүктүн гүлүнөн да бал алышат турбайбы…
- Бул май айынын аягында боло турган иш. Эспарцет деле деңиз деңгээлинен бийик жерлерде айдалган болсо бал берет. Анан орто нымдуулук сакталышы керек. Мисалы, Таласта ошондой климаттык шарт бар. Токтогулдагы балчылар да май айында Таласка убактылуу көчүп барышат. Алгач түзөңдөгү эспарцеттен тартып, акырындап Конезавод, Каракол деген жерлерине көчөбүз. Бирок көчүп-конуу өтө оор. Балчелекти убагында тез-тез жүктөп, туура жеткирүү керек. Кээ бирөөлөр Токтогулдан Таласка жеткирип же кайра алып келатканда туура эмес жүктөп алышып аарыларын өлтүрүп алышкан учурлары болот.
- Эмнеден улам аарылар өлүп калышы мүмкүн?
- Көчөөрдө балчелектердин рамкаларын бекитип, аары кирүүчү жылчыкты гана калтырабыз. Күүгүм киргенде аарылар толук балчелекке кирип бүтөт. Дароо баягы жылчыкты кебез же паралон менен бекитип, бир сааттын ичинде жүктөп, түнү менен алып жүрүү керек. Балчелектер жүктөлгөн машиненин ичи баргыча желдеп турушу керек. Кокус машине жолдон бузулуп калса аарыларга кыйын болуп калат. Көчүү оор, бирок шекер берип отура бергиче эспарцетке жетип, аарыларды да ирдентип, шекер берүүдөн кутулуп, бал тартып алган жакшы эмеспи. Мурда эспарцет балын баалашчу эмес эле, азыр эл да, Кыргызстан балчылар союзу да бизден алдын ала килограммын 140 сомдон сатып алып калды.
- Аарыны кантип көбөйтөсүздөр?
- Негизи сырттан келген бал көбөйгөн сайын аары да көбөйөт. Сырттан келген бал канчалык көп болсо, эне аары да ошого жараша тууп турат. Эгер бал азайса эне аары да туубай чектелип калат. Ошондуктан биз стимул катары жазында аарыга шекер беребиз. Анан албетте, аары канчалык көп болсо бал да ошончолук көп болот.
- Кышкысын аарыларды кантип, кандай шартта сактайсыздар?
- Эми ар ким ар кандай кармайт. Кээ бири сыртта кыштатат. Тоолуу, кышы катуу аймактарда атайын аары кыштатуучу жайларда сакташат. Биз сыртта эле аарыны жазга чейин жетчү азыгы менен калтырабыз. Мисалы, Кыргызстан шартында ар бир челекте 10-15 килограмм бал калышы керек. Ошо менен аарылар кыштан аман-эсен чыгат.
- Ар бир үй жаныбары сыяктуу эле аарыга да өзгөчө мамиле жасалса керек?
- Аарыларды убакыт-сааты менен карап багыш керек. Кокус ачка калса алар жапайы болуп кетиши мүмкүн.
- Учурда кандай бал эң баалуу деп эсептелинет?
- Өзүңүз көргөндөй бул жармаңкеде ар кайсы аймактын балы турат. Чындап келсе бир облус, райондо өскөн чөп башка облустарда деле өсөт. Бирок Токтогулдун тоолорунда жапайы өсүмдүк, гүлдөрдүн түрү көп. Кээ бирөөлөрүн биз алигиче эмне гүл экенин билбейбиз. Айрым чөптөр бар, бир жыл гүлдөсө, үч-төрт жыл гүлдөбөй калат. Кийин карасаң эле ал гүл кайра пайда болуп калат. Ошондон уламбы, Токтогулдун балын жакшы деп баалагандар көп. Азыр жармаңкеде деле бир сыйра кыдырып келишип, кайра бизден келип сатып алып жатышат.
- Балдын, аарынын эл билбеген дагы кандай касиеттерин айта аласыз?
- Балда Менделеевдин мезгилдик системасындагы элементтердин дээрлик баары бар. Адамдын ден соолугу организмдеги темир, цинк, жез сыяктуу эркин элементтер азая баштаганда начарлайт. Балды күнүнө жыйырма граммдан жеп турган адам көп оорубайт. Анткени организмдин кайсы жеринде микроэлементтер жетишпей жатса, ошол жерди бал таап, толуктайт. Оорунун алдын алат. Кайсы бир жылы казак президенти Нурсултан Назарбаев күнүгө жыйырма граммдан окуучуларга бал берилсин деген программа киргизген. Азыр ал иштеп жатабы жокпу, билбейм. Бирок жаш балдар менен карылар бул норманы аткарып турса өтө жакшы болмок. Анткени бал толугу менен организмге сиңип, эч кандай калдык калтырбайт. Тескерисинче организмдеги калдыктарды тазалайт.
- Аарыга чактыруунун да дарылыгы бар деп жүрүшөт. Мунун да өзүнчө сыры бар болсо керек?
- Негизи аарыга ой келди эле чактыра берген болбойт. Кээ бирөө чактырып алып чыдай албай коюшат. Мисалы, адамдын тизеси ооруса балтырды чактырыш керек. Аарынын баары эле дары. Керек болсо өлгөн аары да дары. Кышында өлүп калган аарыларды кайнатып, марлиге салып тизе, белге койсо болот. Анткени өлгөн аарынын да уусу болот.
- Аары мому (пчелиный воск) да бронхит, астмага дары деп угуп жүрөбүз. Ушу тууралуу да түшүнүк бере кетсеңиз?
- Дары болчу мом жанагы шам жасап жаткан мом эмес. Муну туура түшүнүү керек. Рамканын бетин жапкан мом менен забрус (бал торчосу) момунун айырмасы эки башка болот. Рамканын бетин жапкан мом борпоң болот. Бирок экөөнүн тең эле дарычылыгы бар. Рамканын бетин жапкан момду чайнап туруп жутуп коюш керек. Муну жутуш кыйын, бирок дарычылыгынын мааниси так ошол жутууда. Негизи кыргыз эли кызыкпыз. Бир койду союп бир заматта жеп коебуз да ооруйбуз. А бир кышка жетип, ден соолукту чыңдачу бир челек балга акчаны аяйбыз. Азыр жакшы, жаштар, улгайгандар келип 5-10 килограммдан бал алып калышты. Кадимкидей кубанып калабыз.
- Улан мырза, бир килограмм таза бал канча сом? Көбүнесе кайсы жактарга сатасыздар?
- Учурда Кыргызстан балчылар биримдиги, Балчылык коому деген бар. Булар мезгил-мезгили менен бал жармаңкелерин уюштуруп турушат. Бул элге да, балчыларга да жакшы болду. Анткени эл жармаңкеде өз көзү менен балчыларды көрүп, таза балдарды сатып алып калышты. А мурда ар ким жасалма балды Токтогул, Нарын, Көлдүн таза балы деп алдап сата беришчү да. Жармаңкеде бардык балчылар келишет. Бул жерде турганыбыз үчүн 12 миң сом төлөйбүз. Атаандаштык күчтүү. Кимдин балы жакшы болсо ошону эл сатып ала берет экен. Азыр жармаңкеде бир килограмм таза бал 250 сом. Бул жерде анализге бал алынып, атайын сертификаттар берилет. Анүстүнө бул жердеги балчылар бири-бирин жакшы таанышат. Балчы эмес кишинин сүйлөгөнүнөн эле анын балчы эмес экени билинип калат.
- Демек, республикадагы балчылар бири-бириңиздерди жакшы тааныйт турбайсыздарбы?
- Ооба, жармаңке сайын чогулуп тургандыктан жакшы эле тааныйбыз. Баса белгилей кетүүчү нерсе, Кудай берип жаткандан кийин ушу балды милдеттүү түрдө колдонуу долбоорун мектепке киргизсек жакшы болот эле. Бул жалпы кыргыз элинин саламаттыгына, аң-сезиминин оңдолушуна көп жардамы тиймек. Башка нерсе кирбесе да аары, бал Куран аяттарына кириптир. Бул деле бекеринен эместир. Болбогон долбоорлорду элге таңуулагандан көрө ушуну өкмөт ойлонсо болмок.
- Азыр таза бал издегендер көп. Балдын таза экенин кантип билсе болот?
- Бул өтө кыйын. Кээде бизден да талаша кеткендер бар. Тоңуп калган балды айрымдар арасында шекер бар экен деп алышпайт. Бал негизи тоңот. Бирок тоңгон бал таза болот. Ошол эле мезгилде айрым балдар кеч тоңот. Андан да коркпош керек. Аны түшүнбөй эле коюу, суюк экен, кошулмасы барбы деп ишенбегендер бар. Албетте, шекер менен жасагандар да жок эмес. Бул ден соолукка өтө коркунучтуу. Мисалы, таза балды кант диабети, өнөкөт оорулары барлар жесе жардам берет. А жасалманы жесе ого бетер оорушу мүмкүн. Жасалма балды жеп алышып бал жардам бербейт экен дегендер да ошондон. Балчылар болсо алар менен барып урушуп-талаша албайт экенбиз. Керек болсо алар элдин саламаттыгына зыян келтирип жатат. Көл, Токтогул, Ош жолунда мындайлар көп. Ушуларга мамлекет маани берип, административдик айып салып, кылмыш жоопкерчилигине тартса жакшы болот эле. Менимче, муну жөн коюуга болбойт. Эртеби-кечпи жергиликтүү жашоочулар, санэпидстанция, депутаттардан турган комиссия муну колго алышы керек. Антпесе элдин нукура балчыларга болгон ишеними болбой жатат.
Мелис СОВЕТ уулу











??.??