presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Кагылган капчык
Мектепке даярдык кандай, окуучу?

Жаңы окуу жылынын башталарына саналуу күндөр калды. Каякты караба, шашкан адамдар. Базардын баары ак-кара болуп мектеп формасына толуп чыккан. Бул кымбаттады, тиги кымбаттады деп наалыган ата-энелердин капчыгы окуу жакындаган сайын жукарганы жукарган.
Эгиз баласын ээрчиткен Майрам апа атайын балдарына кийим алуу үчүн Ат-Башыдан Дордой базарына келиптир. Апанын балдары быйыл 6-класска барышат. Аларды бутунан башына чейин кийиндирүү үчүн калың капчык керектигин айтып кейийт.
- Жыл сайын эле эл катары Дордойго келип кийим алабыз. Жылдан жылга баалары жогорулап эле баратат. Кудайга шүгүр, кытайдын оокаттары менен жашап жатабыз. Түркиянын, Кореянын сапаттуу товарларын алууга шартыбыз жок. "Арзандын тузу татыбайт" болуп, кытайдын кийимдери бир эле сезонго жетет. Ошентсе да айла жоктон сатып ала беребиз. Быйыл да балдарыма кытай костюм-шымдарын, көйнөгүн, окуу куралдарын сатып берип жатам.
- Мисалы, көйнөктү канча сомго сатып алдыңыз?
- Экөөнү 150 сомдон алдым. Ушул эле көйнөктү түрктөр да өндүрөт. Баасы 450-650гө чейин. Аны алгандан көрө кытайдын көйнөгүнөн үчтү алганым жакшы эмеспи. Бардык эле товарлардын ушул сыяктуу баалары жогору.
- Мектеп босогосун жаңы аттаган балдарыңыз барбы? Алардын кийимдерине канча акча сарптадыңыз?
- 1-класска бара турган балдарым жок. Бирок тууган-туушкан, тааныштарымдын балдарынын арасында биринчи класска аттангандар бар. Алардын ата-энелери да мендей эле болуп кыйналып жатканын жашырышпайт. Биринчи класска барган баланын кийим-кече, окуу куралдарын баарын кошкондо орто эсеп менен 9000-11000 сом кетет. Ушул эле кийимдерди эки жыл мурда 7-8 миң сомго сатып алчубуз. Бүгүнкү алган бут кийимдин баасы 680 сом болсо, өткөн жылы эле ушулар 550-580 сом болчу.
- Анан да ар бир мектептин формасы болот эмеспи. Бүгүнкү сатып алган кийимиңерди жарабайт деп койсо кандай кыласыңар?
- Бизде эми айыл жергеси болгон үчүн эч нерсе дешпейт. Ал эми Бишкектин мектептеринде окуучулар атайын форма кийбесе мектепке киргизбей коёт деп уктум. Менин тааныштарымдын арасында Бишкекке көчүп келгендер бар. Үч-төрт баласы менен келип алышып, аларды окууга өткөрүү өзүнчө эле бир азап экенин айтышат. 1-класска берүү үчүн "шапкесине" 5000 сом беришет экен. Ал "шапкесин" да өзүмдүн каалоом менен мектепке жардам иретинде берип жатам деп кол коюп, банк аркылуу төлөшөт, тобо. Азыркы учурда пара алуунун атайын механизмдери жолго коюлган деп ишенимдүү айта алам.
Учурда ар мектептин ар башка униформасы бар экендигин баары эле биле бербейт. Кыргызстан боюнча бирдиктүү форма каралганбы же кандай экендигин билүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Керез Жукеевага кайрылдык:
- Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан тигил же бул форма кийилсин деген атайын буйрук чыккан эмес. Бирок бардык мектептерде окуучулар мектептин уставына ылайык асты кара, үстү ак тыкан форма кийип жүрүүгө милдеттүү.
Мектеп формаларынын жана окуу куралдарынын баалары, дегеле быйыл мектепке байланыштуу эмне жаңылык болуп жаткандыгын билүү максатында базарларды кыдырып көрдүк.




Биринчи класска бара турган бала менен кыздын кийим-кечелеринин баасы:

Эркек балдардын кийимдери:
Сумка 300 сомдон 1000 сомго чейин. Костюм-шым 700 сомдон 1000 сомго чейин (кытай товары), Түркияныкы 1500-3000 сомго чейин; Кыргызстандыкы 1200-1400 сом. Көйнөк кытайдыкы 300-450 сом, түрктөрдүкү 650дөн жогору. Галстук 20-80 сом. Бут кийим 500-1200 сомго чейин (кытай товары); түрк товарларын алгандар азыраак, себеби баалары 1700 сомдон 5000 сомго чейин;

Кыздардын кийим-кечеси:
Кофта 400-1200 сом, юбка 550-800 сом. А эми азыр стандарт формага айланып бараткан шотландка чатыраш юбка-костюм-шым 1000-1100 сом. Сумка 300-1000 сомго чейин. Бут кийим 500-1200 сомго чейин (кытай товары). Бантик 15 сомдон 80 сомго чейин, колготки ж.б үчүн 300-500 сом жумшалат.

Окуу куралдарына кеткен каражат:
Дептер кытайдыкы 2,5 сом болсо, Орусияныкы 4 сом. Альбом 20 сомдон 60 сомго чейин. Күндөлүк 40 сомдон 150 сомго чейин. Түстүү калемдер 30-150 сомго чейин. Сызгыч 5 сомдон 50 сомго чейин. Фломастер 20-150 сомго чейин. Китеп, дептер сырттагычтар 3 сомдон 15 сомго чейин.
Мындан башка да сатып алынышы керек болгон окуу куралдары бар. Орточо эсеп менен алганда, бир бала окуу куралдарын сатып алууга 1000-1200 сом сарптайт.
Ата-энелердин арасында "бул арзан экен" деген кишини укпайсың. Баары эле кымбат деп наалышат. Мына ушундай сөздөн кийин эмне үчүн мектеп кийимдеринин баалары күн санап өсүп жатканын билүү үчүн айрым сатуучуларга суроо узаттык.

Турат КӨККӨЗОВ, сатуучу: - Мен негизинен бут кийим сатам. Бардык сатуучулар мендей эле сезонду күтүп, баалардын көтөрүлүшүн каалайт. Бирок биз каалагандай баа коюп, каалагандай алып-сатуу иштерин жүргүзө албайбыз да. Бизди да көзөмөлдөөчү органдар бар. Дүйнө жүзүндө бардык нерсенин баасы көтөрүлгөндүктөн, бизде да кийим-кече эле эмес тамак-аштын да баасы жогорулап жатат. Ал эми базар баасын булгап ортодон акча жей койгон алып сатуучулардын көп пайда көрүп жатканы баарыбызга белгилүү.

Руфат ЭРГЕШОВ, сүрөттөр автордуку





Качан тыйылат?
Ырыскы кыйган ысырапкорчулук

Өлкөбүздө акыркы кезде күч алган ысырапкорчулук элдин чече алгыс көйгөйүнө айланды. Үйлөнүү тою жана маркумду узатууга дагы деле чоң суммадагы акча коротулуп келет. Жергиликтүү бийликтин жана элдин демилгеси менен маркум узатуудагы ысырапкорчулукту кыскарткан айылдар да кездешет. Бирок ысырапкорчулукту кыскартуунун айынан молдокелер менен адамдар ортосунда келишпестиктер да жок эмес.


"Жаңы Агым" гезитинин өткөн сандарынын биринде Кадамжай районундагы маркум узатууга кеткен чыгымдарды иликтеп жазганбыз. Анда бир маркумду акыркы сапарга узатууга орто эсеп менен 100 миң сомдон ашык акча талап кылынарын аныктаган элек. Ушул 100 миң сом акча айттырбай келген өлүмгө кайдан табылат деген суроо туулат. Ал гана эмес кредит алып өлүк көмгөн, анын айынан карызга баткандар тууралуу да ММКлар жазып, айтып эле келатат. 35 пайызга жакыны жакыр жашаган калкыбызды ысырапкорчулук сазга тартып жатат дегендер толтура.
Көп улуттар жашаган Кадамжай районунун айылдарында ар башка ырым-жырымдар колдонулат. Жалаң тажик улуту жашаган Үч-Коргон айылында шарият жолу менен маркум узатылат. Өлүк чыккан үйдөн даам татуу, жылкы союу деген жок. Ал эми Орозбеков айылында маркум узатууга келгенде эл экиге бөлүнгөн. Бир көчөдө үч жолу бейшембилик десе, бир көчөдө эки жолу бейшембилик. Жамандык-жакшылыкта койгон нерсесин түйүп алып үйгө алып кетүү мурдатан эле бар. Элдик ырларда "атам ашка кетти эле, куржуну толо эт келет. Энем тойго кетти эле эмчеги толо сүт келет" делет. Аксакалдар жана аялдар гана кешигин алып кетсе, азыр жаш баладан тарта алып кетүүгө көнүшкөн. Ошол дасторкондогу бодо мал этинен тарта, спирттик ичимдиктерге чейин үй ээсинин чөнтөгүн шыпырып түшөт.
Жакында Кадамжайда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери жана укук коргоо органдары биргеликте ысырапкорчулукту кыскартуу тууралуу жобо иштеп чыгышып, район тургундарынын талкуусуна коюлду. Анда негизинен маркумду узатууга союлган малдар, бейшембилик, айттык, жылдык деген салтка айланган адаттарды жөнгө салуу, үйлөнүү тойлорундагы ысырапкорчулукту кыскартуу жагы каралган. "Биз 80 пайызын мусулмандар түзгөн өлкөдө жашайбыз. Андыктан Куранга амал кылышыбыз керек. Куранда "жегиле, ичкиле, ысырап кылбагыла" деген аят бар. Ушул аят ысырапкорчулукка чекит коет. Ысырапкорчулук күнөө. Азыр адамдар куру намыстын айынан гана өздөрүн кыйнап жатышат. Тойдо да, маркум узатууда да чоң ысырап болуп жатат. Исламда аза 3 күн. 3 күн ичинде мал союлбайт, алыстан келген адамдарды коңшулары тойгузуп туруусу керек. Кыркы, ашы деген жок нерсе" дейт теолог Сабыр Абдурахманов.
Ал эми мугалим Асал Мухтарованын айтымында, өлүк чыккан үйдө кан чыгышы зарыл. Кыргыз эзелтеден кан чыгарып келген деп эсептейт. "Адамды тирүүсүндө сыйлаш керек. Өлгөндөн кийин мал сойгондун зарылчылыгы жок. Бирөө жакынын жоготуп ыйлап кыйналып жатса, бар малын союп, бар акчасын чачып жеп отургандык жеке адамдык касиетке туура келбейт. Баары эл көрсүн, эл эмне дейт деген түшүнүктүн артынан болуп жатат. Өткөн жакынына сооп болсун десе, бузулган жолдорду оңдосун, аялдамаларды курсун, көпүрө курсун" дейт шаар тургуну Кутбилла Зикиряев.
Динибиз тыюу салган ысырапкорчулукту кыргыздын каада-салтына байлап алгандар, карызга батып маркум узаткандар эске алар бекен? Үйлөнүү тойлорундагы кортеждерден жаралган автокырсыктарды салтка кантип байланыштыра алышаар экен? Чет жерде пешене тер менен жылдап кыйналып топтогон байлыгын бир күндүк той же маркум узатуу менен жок кылып жаткандыгыбыз да чындык. Балким бул боюнча атайын мыйзам иштеп чыгарбыз?

Азамат АБСАТТАРОВ, Баткен облусу










??.??