Агым

п»ї
Тамашаңбы, чыныңбы?
Депутаттар демитти,
чиновниктер демикти

8- майда Жогорку Кеңештин Бишкек мэриясы үй курууга берген жерлердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча жумушчу тобу өз ишин аяктады.
Депутаттар Галина Скрипкина, Олег Домшенко, Абдыманап Кутушевдер Спорт ордосунун жанындагы жана Түштүк магистралы менен Манас проспектисиндеги курулуш аянтчаларында болушту. Андан соң алар "Ала-Тоо" ресторанынын курулушуна, "Ататүрк" паркындагы, "Бишкек парк" борборундагы жана башка жерлердеги курулуштардын мыйзамсыз, мыйзамдуулугун текшеришти. Тилекке каршы, текшерилген объектилердин көбү мыйзамсыз болуп чыкты. Депутаттарды коштоп жүргөн вице-мэр Бакыт Дүйшөмбиев, борбордун башкы архитектору Алмаз Абдыкадыров, Бишкек башкы архитектурасынын жана Мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна бүдөмүк жооп берип жатышты.
Депутат Галина Скрипкина 14-майда боло турган жыйында паркка салынып калган "Ала-Тоо" ресторанынын документтерин тактоо керектигин билдирди. Ошентип бу жолу ксдпчы депутаттар өз партиялаштарына катуу чабуул жасады.




Пикир:








??.??