Агым

п»ї

Адамды өрттөп өлтүргөн айбан

Казакстандын Алматы облусундагы Енбекшиказак РИИБи жакында оор кылмыштын бетин ачты.
Бул өлкөдө бирөөгө жалданып иштеп жүргөн кыргыз жаранын жаман иштейт деген кожоюну аны өлөөрчө тепкилеп салган. Денесинен оор жаракат алган адам кыймылсыз кечке чейин жатканын көргөн казак кожоюн аны малга жем берчү бочкага салып, атайын "ЗИЛ" унаасын жалдап Байсеит айылынын четине алпарган. ЗИЛдин айдоочусу малга тоют го деп бочканы калтырып кете берген. Бирок зулум кожоюн унаа узаары менен эле бочкага өрт коюп, эми кыргызды эч ким издебейт деп ишенимдүү басып кеткен. Эртең менен күлү көккө сапырылып өрттөнгөн бочканы ошол жердин ээси көрүп, милицияга кабар берген. Изкубарлардын кылтагына түшкөн канкор тез эле кармалып, кылган ишин айтып берди.






Пикир:








??.??