Агым

п»ї

Оң рулдуу машинелер эми кирбейт
Ошентип кечээ, тактап айтканда, төрт жылдан соң гана парламент депутаттары өлкөгө оң рулдуу автомашинелерди киргизбөө мыйзамын кабыл алышты.
Эске салсак, мындай мыйзам долбоору тээ 2009-жылы көтөрүлүп, ар кандай тоскоолдуктардан улам өтпөй калган. Өткөн жылы да бул маселе парламентте талкууланып, бирок чечилбей калган эле. Бу жолу оң рулдуу машинелерди коммерциялык түрдө ташууга тыюу салган мыйзам долбоорун 92 депутат колдоп, бирөө каршы добуш берди. Мыйзамдын негизги максаты - өлкөдөгү транспорт кыймылын башкаруу сапатын жогорулатуу. Мыйзамдын кабыл алынганы го жакшы. Эми оң рулдуу машинелер менен бизнес кылгандар, оң рулдуу темир тулпарларды Кудайындай мактаган айдоочулар эртең чуулдап чыгышпаса болгону. Кандай болгон күнү да мындай чектөө эбак эле киргизилиши керек болчу. Анткени Кыргызстанда жылдан жылга оң рулдуу машинелер көбөйүп, анын кесепетинен автокырсыктар да көбөйө баштаган.




Пикир:








??.??