Агым


п»ї
Убактылуу өкмөтчүлөрдүн чыныгы коррупциясын ким ачат?

7- апрелге ошентип эки эле күн калды. Кечээ апрель окуясынын катышуучулары Ак үй сейфинен алынган 16 млн. сомду Темир Сариевдин колу коюлган кагаз боюнча анын атынан келген балдарга бергенин айтып чыгышты. Темир мырза болсо эч кимге эч кандай көрсөтмө бербегенин айтып актанып келет.
Эске салсак, бул апрель окуясынан кийинки жоголгон акчалардын чети гана. Буга чейин "АзияУниверсалБанк" уячаларынан алынган миллиондор, Бакиевдердин үйлөрүнөн алынган акчалар, алтындар, казынадан мыйзамсыз чыгарылган "жашылбайлар" тууралуу кызылдай фактылар келтирилген. Бирок негедир бул боюнча убактылуу өкмөт курамынан бирөө да кылмыш жоопкерчилигине тартылган жок. Анан эле азыркы бийлик "коррупцияга каршы күрөш" баштап, арзыбаган акча жегендерди камай баштады. А негизи коррупция так ошол 2010-жылы тонолгон, уурдалган акчалардан башталышы керек эле да. Ал боюнча азыр "бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок" беткабы турат. Кыскасы, бети-башы майланышып турса да эт жеген жокпуз дегендерге аргасыз баш чайкайсың.











??.??