кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї

Ошентсе да жолдо сак болгула

Жуманын шаршемби күнү Ак-Талаа районундагы Кара-Коо ашуусунда кар көчкү жүрүп, 5 машине ашууда калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, көчкүнүн жалпы көлөмү 3 миң 400 метр куб. Окуяга күбө болгондордун айтымында, көчкүнү убагында көрүп калган "Одиссей" автонуаасынын жүргүнчүлөрү айдоочусу менен машинеден чыга качып, темир тулпар кар алдында калган. "Ауди" жана "Хово" автоунаалары куткаруучулардын жардамы менен көчкүдөн чыгарылды. Учурда жолдун бир тарабы ачык. Ашууда шамал болуп жаткандыгына байланыштуу тазалоо иштери убактылуу токтотулган. Кар туткуну болгон машинелердеги 6 аял, 3 бала, 21 эркек Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылына жеткирилди. Кыргыз гидрометеорологиялык борбору 1-марттан 4-мартка чейин аба ырайынын жылышынан улам Бишкек - Ош, Каракол - Эңилчек, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя автожолдорунда көчкү жүрүү коркунучу бар экенин эскертти.













??.??