кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї
Чын элеби?
Бакиевдер жакында келиши мүмкүн

Кыргызстан Бакиевдерди алып келүү аракетин кайрадан баштайт. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев Медет Садыркулов жана анын сапарлаштарынын өлүмү боюнча Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиевдин үстүнөн сот өкүмүнүн чыгарылышы менен аларды экстрадициялоо маселесин кайрадан көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү деп билдирди. Мындан улам Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу үчүн кайрадан өтүнүч келтирет. 12-февралда Бишкек гарнизонунун аскер соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевге карата өкүм чыгарган. Ага ылайык Курманбек Бакиев сыртынан 24 жылга, иниси Жаныш Бакиев өмүрү өткөнчө эркинен ажырады.













??.??