presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Адеп-уяттын абалы кандай?
Быйыл 800дөн ашык китеп чыкты,
бирок чыныгы көркөм дөөлөттөр кайда?

Биз жыл жыйынтыктап жатып улуттук адабиятыбызга да саресеп салып, ушул багытта иш алып баргандардан кандай китептер чыкканын, кайсы китептер окулуп жатканын, ошондой эле адабияттын абалын сурадык.

Нурбек КАРАГУЛОВ,
"Кыргыз китеп борборунун" жетекчиси:
"Азыр жаштар
китеп окуйт "
- Нурбек мырза, силердин кыргыз китеп борборун түзүү максаты тууралуу айта кетсең?
- Бул биздин улуу максатыбыз да, чоң көйгөйүбүз да. Болгондо да улуттук көйгөй. Буга чейин бир чоң фирмада маркетинг бөлүмүндө иштегем. Европа, Америка, дегеле өнүккөн өлкөлөрдө, маркетинг өнүккөн жерде бизнес да гүлдөйт экен. Демек, чоң ийгиликке жетиш үчүн маркетингчилер рынокту изилдейт. Мен да Кыргызстандын маркетинг жаатын өздөштүрүүнү жандүйнөмдөн каалап, рынокту изилдөөгө кийлигишкен элем. Иликтей келсем, Бишкекте 72 орус тилдүү китеп дүкөн бар экен. А кыргыз тилдүү "Нускадан" башка бир да китеп дүкөн таппадым ошол тапта. Ардандым! Биз эмне ушунчалык артта калган караңгы элбизби?! Буга кыргыз уулу катары өзөгүм өрттөндү. Себеби бул көрүнүш бизди, улутту деградация каптады деген кеп. Андан да жаман жери, кыргыздын көзгө басар жазуучу-акындарынын китептерин издей келсең, эч жерден табылбайт. Ушул акыбалды өз көзүм менен көргөндөн кийин бассам-турсам кыргыз элин китеп дүйнөсүнө тартуу жагын ойлонуп, канткенде ар бир кыргыздын колуна китеп жеткирсе болот дедим. Бул жерде бизнестен мурда улутту агартуу маселеси мени көбүрөөк ойлонтту. Минтип отурсак китеп окубаган элибиздин келечек тагдыры эмне болот? Жазуучулар китеп жазганы менен алардын эмгеги өз окурманын таппаса, бул эмне деген шумдук!? Бизде китеп маркетинги таптакыр жолго салынбагандыктан элге китеп жеткирүү жагы ушуга келген. Маркетинг дегенди кыргыздын жалпак тили менен түшүндүргөндө - сатуу жана таратуу ыкмасы деген эле кеп. Китеп дүйнөсүн изилдеген бир да маркетолог жок экен бизде. Мен анан ушуну жолго салайын дедим.
- Силер кандай китептерди жайылта-сыңар?
- Биз жайылткан китептер улуттук баалуулуктарыбыз дээр элем. Керек болсо улуттук байлыгыбыз. Мен саткан китептердин 70%ы өзүм окуп чыккан китептер. Мындайча айтканда, өз элегимден өткөн мыкты китептерди гана элге жайылткым келет. Арабаев жогорку окуу жайынын 2 бөлүмүндө жайгашкан "Кыргыз китеп борбору" дүкөнү азыркы тапта жаңы китептерди кабыл алуу да, эл менен тыгыз кызматташуу да бөлүмү, башкача айтканда биздин башкы бөлүмүбүз катары иштеп келет. Ал эми "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы "Китепкөй Бишкек" жарманкеси күнүгө элге кызмат өтөп, жаңы китептерди тартуулаганга аракет кылып келет. Андан тышкары томдуктарды шаар ичинде жеткирип берүү да бизде жолго салынган.
- Ушул өтүп бараткан жылда кайсы китептер чыкты?
- Бул жылы 800дөн көп аталыштагы ар түрдүү нускада китептер чыкты. Алардын баарын атап кетүү оор. Көрүнүктүүлөрүн атай кетсем, "Кыргыз эл жомоктору", "Тарыхтын таасын сөздөрү" Т.Сарлыкбек уулу, "Алтын сырга", "Күмүш сырга" Олжобай Шакир, "Атакенин Акболоту" Акбар Рыскулов, "Триумф жана трагедия" Э.Турсунов, Д.Жалгасынова, "8-том чыгармалар жыйнагы" Т.Касымбеков, "14 том Кыргыздар" К.Жусупов, "Кыргыз адабиятынын антологиясы" 10 том, ичинде 80 миң сөздөн артык сөз камтыган "Орусча-Кыргызча сөздүк" Илимдер академиясы 4 том, "Манас" Тоголок Молдо, "Манас, Семетей, Сейтек" С. Каралаев булар олуттуу жаңылыктардан ж.б. у.с мен атабаган көп деген кызыктуу чыгармалар жарык көрдү.
- Чыккан китептердин арасынан кайсылар окумдуу болду?
- Жогоруда мен атап кеткен китептердин бардыгы бул жылдын эң окумдуу китептеринен болду десем жаңылышпайм. Алардын ичинен белекке деп эң көп алгандар көбүнесе томдуктар Т.Касымбековдун (8 том) жыйнагы, "Кыргыздар", "Кыргыз адабиятынын антологиясы", анан сөзсүз түрдө "Манас" С.Орозбаковдун (7,2 кг) С.Каралаевдин жана Тоголок Молдонуку. Ал эми улуу муун "Атакенин Акболоту", "Триумф жана трагедия", Макал китептер, "Алтын ордо", "Эрендер да ыйлашат", Мидин, Байдылда, Алыкул, Жолон, Турардын китептерин ж.б.у.с.
- Жаштар китеп окуп жатабы?
- Мындан 5 жыл мурун окубайт деп жооп берер элем. Ал эми азыр албетте окуйт деп кубанычтуу айтсам болот. Болгондо да чоң-чоң чыгармаларды сурап келип жатышат. Жаштар арасында "Терең ойлор", Тарыхта таасын айтылган сөздөр, ("Тарыхтын таасын сөздөрү", "Алтын сырга", "Күмүш сырга" сыяктуу афоризмдер жыйнагы) макал-лакаптар, психологиялык китептер абдан жогору суроо-талапта болуп жатат.
- Алдыда кандай максаттар бар?
- Төрт саптан ырды курадым,
Толгонуп күндө турамын.
Түбөлүк жолун табууга,
Талыкпай эмгек кыламын… Буюрса "Сабат" кыргыз китеп борбору деген аталышка токтодук. Ош шаарында бир дүкөн ачсак деген ниетибиз бар. Андан тышкары ойлор көп, сайт, жаңы долбоорлорду көтөрүп китеп окууну пропагандалоо үстүндө да иштеп жатабыз…

Сын дүйнө
Рысбек ЭШМАТОВ,
адабий сынчы:
"Ыплас, пас дүйнө буга чейин далай жолу болуп келген, бирок мындан ашкан ыплас, пас дүйнө болгон эмес"
- Рысбек мырза, 2013-жылы кыргыз адабиятында кандай өзгөчөлүктөр болду?
- Чынында азыр улуттук адабиятыбыздын бир жылдыгына баа берүү кыйын. Союз мезгилинде адабий процесс тынбай күр-шар агылып турчу. Эгемендик алганыбыздан бери андай тенденцияларды ажыратып билүү кыйын болуп калды. Сен мага бул суроону алдын ала бергендиктен мен карап көрдүм, бирок болбойт экен. Көрсө замандын өзү ушундай тура. Акыркы жылдарда мына деп көрсөтө турган дөөлөттүү чыгармалар жаралбаптыр. Айрымдар ар кайсы повесттерди, тарыхый романдарды айтып жатат, мен негедир аларга кошулбайт элем. Албетте адабий процесс өлүп калды дегенден алысмын. Бирок накта дөөлөт деп кармана турган бүгүнкү күндүн адабияты жок деп айта алам. Туура, жылт эткен бир нерселер бар. Бирок ал үчүн бир жылдагы эмес, жети-сегиз жыл аралыгындагы айрым бир типтүү көрүнүштөргө токтолууга туура келет. Азыр чөнтөгү калыңдардын баары эле китеп чыгарып кыйсыпыр түшүп жатпайбы. Алардын арасынан акак, берметтерди таап чыгыш үчүн кенен убакыт керек.
Баса, өткөндө мен Алым Токтомушевдин 2008-жылы жарык көргөн "Эски дептер" деген китебин карап чыктым. Ал китепти биз убагында сөз кылбаптырбыз. Ошол киши бир маегинде коомдун күрөө тамырын кармап, Шекспирдин трагедияларына такап, "Ыплас, пас дүйнө буга чейин далай жолу болуп келген, бирок мындан ашкан ыплас, пас дүйнө болгон эмес" дептир. Чынында эле ушундай дүйнөдө жашап жатпайбызбы. Албетте кээ бир чыгармаларда укмуштай бир сюжеттер, драмалык кырдаалдар болуп атса керек, бирок чыныгы рухий дөөлөттөрдү көрө албай жатам. Аны кармай билген чыгармачыл адамдарды байкай элекмин. Баарыбыз эле көроокат менен чуркап жүрөбүз.
- Рысбек мырза, адабий агымдын жаралбай же бир нукка түшпөй турганына силер, адабий сынчылар күнөөлүү эмессиңерби? Учурда жазуучулар адабий сын өлдү, ыпыр-сыпырды иргеп берген эч ким жок деп жатышат.
- Адабий сын өнүгүш үчүн күркүрөгөн адабий агым, сындаганга жарай турган накта көркөм дөөлөттү камтыган, чыныгы эстетикалык рахат бере турган чыгармачыл болуш керек да. Мындай тенденцияларды жаратып жаткан айрым факторлор бар экен. Биринчиден, заман орду түбү менен өзгөрүлүптүр. Экинчиден, жандүйнөбүз, курсагыбыз ачка болсо каяктагы көркөм дөөлөт? Киши курсагы тойгондо кыңылдап ырдай баштайт турбайбы.
- Акбар Рыскуловдун "Атакенин Акболоту" чыгармасын окудуңузбу?
- Окудум. Менимче бул тарыхый роман поэтикалык жактан союз мезгилиндеги тарыхый романдарга жетпейт. Бирок азыркы улуттук адабияттын фонунан алып караганда мыкты.


Жеңүүчүдөн жентек
Максат ЖАНГАЗИЕВ, жаш акын:
"Бул сыйлык алгачкы жетишкендигим"
Максат мырза өтүп бараткан жылда "Жаңы Агым" гезити менен "Айтыш" коомдук фондунун "Калемгер" адабий клубу өткөргөн "Калемгердин Пегасы" ыр сынагынын жеңүүчүсү болгон. Жаш акынды ат жалында маекке тарттык.
- Качантан бери ыр жаза баштадың эле?
- Калем менен бала кезде эле достоштум. Эстесем алгачкы ырларды 5-6-класста окуп жүргөндө жазыптырмын. Ал кезде ыр дүйнөнүн оорчулугун сезмек кайда? Бирок ошол кездеги тентек ырлар поэзия дүйнөсүнө кирүүгө аруу жол болуп берсе керек.
- Сен үчүн ыр деген эмне?
- Азыр ыр дүйнө эмне экенин, жөн эле калем, барак алып чиймелей берсе ыр жаралбасын билдим. Ыр түйшүгүн, жоопкерчилигин тартканды үйрөнүп калдым окшойт. Аны менен эле бирге сүңгүп кирген сайын кызыгы арткан ыр дүйнөнүн кумарын да айтпасам болбойт. Поэзия өзү адам баласы жер үстүндө жашап турганда бар болуп, канча казсаң дагы түгөнбөй турган кен окшойбу?! Буга мисал: эмне деген гана акындар өтпөдү өмүрдөн... дагы деле замандаш, залкар акындарыбыз бар жана дагы деле мыкты акындар чыга берет. Ал эми мен үчүн ыр - бул менин сүйүү, кубаныч, кайгы, айтор бардык сезимдерден жууруп, жасаган эмгегим.
- Сен үчүн "Калемгердин пегасы" сынагында жеңишке жетишүү күтүлгөн ийгилик беле?
- Алгач ушул конкурсту уюштурган сиздерге, анан бизге өз баасын берген калыстара терең ыраазычылык билдирем. Бул сыйлыкты жеңгеним - менин алгачкы гана жетишкендиктеримдин бири деп билем. Жана жоопкерчиликти да тага турган сыйлык деп ойлойм. Себеби алдыда дагы эмгектин аркасынан ала турган сыйлыктар тургандыр балким. Анан дагы Кудай буюрса 2014-жылдын жазында алгачкы ыр жыйнагымды чыгарсам деген оюм бар.

Зайырбек АЖЫМАТОВ








??.??