presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Башкы прокуратура баарын укту
Жыл аяктай укук коргоо, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге бир катар мамлекеттик орган жетекчилери, көз карандысыз эксперттер, парламент депутаттары катышты. Бул жыйында энергетика, жер бөлүштүрүү жана абактардагы коррупцияны кыскартуу маселелери козголду. Жыйында биртоп коррупциялык фактылар ортого салынып, аларга мамлекеттик кызматкерлер кызаңдай жооп кылгандары да болду.


Координациялык кеңешмени төрайым катары Башкы прокурор Аида Салянова ачып, 2013-жылдын 9 айында прокуратура тарабынан 171 кылмыш иши козголуп, анын 123ү сотторго жөнөтүлгөнүн белгиледи. "Биздин эки жүзгө жакын адамды кылмыш жоопкерчилигине тартканыбыз жоопкерчиликке тартууга эле кызыгып кеткендигибизди билдирбейт" дейт Аида Салянова. Анын айтымында, учурда Президенттин токтому менен бийлик органдарындагы саясый системалуу коррупцияны жоюу үчүн Коргоо кеңешинде антикоррупциялык саясат стратегиясын жүзөгө ашыруу, көзөмөлдөөчү жумушчу тобу түзүлгөн. Башпрокурордон соң сөз алган вице-премьер-министр Токон Мамытов паракорчулуктан мамлекет өтө чоң чыгашаларга учурап жатканына жана мунун жоопкерчилиги бийлик бутактарындагыларда экенин баса белгиледи. "Биртоп чиновниктер кылмыш жоопкерчилигине тартылганы менен бул коррупциялык кылмыштардын чекеси гана" дейт вице-премьер.
Кеңешмеде энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөр жана аларды жоюу боюнча көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев менен эксперт Зульфия Марат доклад кылышты. Учурда энергетикалык тармак экономиканын өтө коррупцияланышкан чөйрөсү болуп турганын баса белгилеген Р.Умбеталиев биртоп фактыларды ортого салды. "2010-жылы 7-майдагы убактылуу өкмөттүн токтому менен Камбар-Ата-2 ГЭСин курууга 1 млрд. 230 млн. сом бюджеттик кредит "Электрстанциялары" акционердик коомуна бөлүнгөн. Муну менен бирге эле акционердик коомго ГЭСтин биринчи агрегатын 31-августта ишке киргизүү тапшырмасы берилген. Агрегатты ишке киргизүү жоопкерчилиги "Электрстанциялары" ААКсынын башкы директорунун орунбасары Осмонбек Бакиевге жүктөлгөн. Агрегат туура эмес чогулгандыктан кайрадан демонтаждоо жүргүзүлүп, 26-декабрда гана ал ишке киргенин билесиздер. А 2010-жылы 30-сентябрда Каракөл шаарында "Камбар-Ата 2, ГЭС" (насыя берүүчү) ачык акционердик коому менен "Нарынгидроэнергострой" (насыя алуучу) ачык акционердик коомунун ортосунда насыя берүү келишимине кол коюлган. Келишим боюнча насыя берүүчү насыя алуучуга 1 млрд. 155 млн. 630 миң сомду он жылга насыяга берип жатат. Ошол эле күнү, ошол эле жерден "Камбар-Ата 2 ГЭС" ААКсы (жаңы насыя берүүчү) менен "Нарынэнергогидрострой" (насыя алуучу) ортосунда дагы бир башка келишимге кол коюлуп жатат. Жаңы насыя берүүчү келишим боюнча 655 млн. 278 миң сомду насыя алуучуга он жылга насыяга берип жатат. Кийин иликтөөлөрдүн жыйынтыгында 1 млрд. 155 млн. 630 миң сом максатсыз жумшалганы аныкталган. 2012-жылы 3-сентябрда Биринчи май райондук соту Абдуразак Боромбаевге бул иш боюнча айыпталган Бектурсун Качкынкулов, Акбаралы Худайбердиев, Аскаралы Койбалиев, Айнагүл Бөрүбаева, Дүрилкан Төрөбекова, Осмон Качкынбаев, Зарина Барановалардын иши тапшырылган. 12-сентябрда "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзамы боюнча булардын иши кыскартылып отурат. Биринчи май райондук соту 2012-жылы 11-декабрда "Электрстанцияларынын" юридикалык бөлүмүнүн начальнигинин орунбасары Асел Топчубаеваны айыптуу деп таап, бир жылга эркинен ажыратуу, 5 миң сом айып төлөө чечимин чыгарып жатат. Эми уурдалган акча менен бюджетке төлөнгөн айыпты карасаңыздар, айырмасы асман менен жердей.
Камбар-Ата-2 ГЭСинин жогорку жана төмөнкү "козловой крандарын" сатып алууда да 4 млн. долларга (200 млн. сомдон көп) баа жогорулатылган. 2012-жылы "Электрстанциялары" ААКсы Бишкек ТЭЦине 400 млн. сомдук мазут сатып алууга тендер өткөргөн. Ага болгону "Асур" ЖЧКсы гана катышкан. "ГазпромАзия" мазуттун тоннасын 406 доллар менен жеткирип жатканда, "Электрстанциялары" "Асур" ЖЧКсы менен 480 доллардан келишим түзүп, кийин аны 523 долларга чейин чыгарган. Андан кийин иликтөө иштери "Электрстанцияларында" болбой эле "Асур" ЖЧКСында жүргүзүлгөн. Ошондой эле "Прогресс компани" ЖЧКсы Бишкек ТЭЦине 450 миң тонна Шабыркүл көмүрүн 56 доллардан жеткирген. Эгер "Электрстанциялары" көмүрдү Шабыркүл көмүр кенинен түз сатып алганда 220 млн. сом үнөмдөлмөк. "Электрстанциялары" 2011-2012-жылдарга 13 айлык чыгымына 224 млн. 400 миң сом, материалдык жардам, компенсацияларга, коммуналдык кызматтарга 100 млн. сом сарптаган. Бул төлөмдөр ишканага киреше түшкөндө гана төлөнүшү керек эле. Бишкек ТЭЦинин жылуулук агрегаттары менен газ түтүктөрүн реконструкциялоодо аткарылган жумуштардын баасы 8 млн. 300 миң сомго жасалма жогорулатылган. Жараксыз катуу отунду эсептен чыгаруу нормативдик укуктук документтерсиз эле жүргүзүлөт. Текшерүү убагында 15 млн. 255 миң сомдук 7321 тонна көмүр ашыкча сатылып алынганы аныкталган" дейт Расул Умбеталиев.

(Уландысы кийинки санда)
Мелис СОВЕТ уулу












??.??