presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Башка вариант жок
"Кумтөр" маселеси боюнча ЖК депутаттары компромисске барышат болду бекен же улутташтыруу жана макулдашуудан чыгып кетүү процедурасын көтөрүп чыгышабы? Бирок башка вариант жок. Тараптар макулдашышты, мындан ары эпке келүүнү каалашпайт.


Бирдиктүү өндүрүштө Кыргызстан өзүнүн акыбалын кыйла жакшыртып алганга жетишти. "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы макулдашууга ылайык башка эч кандай финансылык милдеттерди албай туруп бирдиктүү өндүрүштүн 50 пайызы республикага түшөт. Өлкөнүн премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев маалымдагандай, 100 миллион доллар өлчөмүндөгү дивиденддерди кыскартуу түрүндөгү кошумча төлөмдөр да талап кылынбайт.
- Биз эки тарапка тең 50дөн деп сунуштадык, бирок 4 пайыз акциябыз жетишсиз болуп калды. Бул жолу биз "Центерранын" "Кумтөрдөгү" активдерин 100 миллион долларга азайттык. Бул үлүштөрдү теңдеди. Үлүштөрдү теңдөө максатында "Центерра" бирдиктүү өндүрүштөн өзүнчө кылып мобилдик жабдык түрүндө 200 миллион долларды кармап турат. Өз кезегинде бирдиктүү өндүрүш ал жабдыктарды кийин менчикке өткөрүлөт деген шарт менен 10 жылга лизингге берип жатат. Лизингдин баасы базар баасынан төмөн болот, - деп министрлер кабинетинин жетекчиси билдирди.
Парламент талап кылган шартка ылайык өкмөттүк комиссия төрт багытта иш алып барды: бирдиктүү өндүрүштө өлкөнүн акыбалын жакшыртуу, КР бирдиктүү өндүрүштөгү үлүшүн 67% жеткирүү, макулдашуудан бир тараптуу чыгып кетүү жана улутташтыруу боюнча.
Жантөрө Сатыбалдиевдин айтканына ылайык, бирдиктүү өндүрүштөгү 50 пайыздан азыраагына канадалыктар макул болушкан жок жана сотко кайрыла турганын билдирип коркутушкан.
"Макулдашуудан бир тараптуу чыгып кетүү жана "Кумтөрдү" улутташтыруу маселесин өкмөт мүчөлөрү колдогон жок" деп белгиледи.
"Кумтөр" тууралуу өкмөттө кошумча варианттар жок. Эгер Жогорку Кеңеш сунушталып жаткан макулдашуунун бул вариантын кабыл албаса, анда улутташтыруу гана калат.
- Бирок бул эң эле начар вариант. Мага белгилүү болгондой, спикер фракцияларга макулдашуу долбоорун жөнөткөн, андан кийин ал комитеттерде сунушталып кийин парламент жыйынында талкууланат, - деди Жантөрө Сатыбалдиев. Биз улутташтырууну колдогон жокпуз, себеби, кеткен чыгымдардын баардыгын жаап "Центерра" пайда көрбөй калган кирешени да төлөп беришибиз керек болуп калат. Бул Кыргызстан үчүн өтө чоң каражат. Учурда биз 12 иш боюнча соттошуп жатабыз. Анын бирин уттурдук. "Ак-Кемеге" 13 миллион доллар төлөп беришибиз керек. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылып жатабыз.
Улутташтыруу маселесин ким көтөрүп чыкса, жоопкерчиликтин бардыгын өз мойнуна алышы керектигин премьер-министр баса белгиледи.
- Мен андай жоопкерчиликти өзүмө ала албайм, себеби ал өлкөгө каршы миллиондогон доо арыздар менен аяктайт. Андай оор жүк Кыргызстанды такыр алсыздатат. 2009-жылкы макулдашууну кабыл алып жатып Кыргызстан бардык иммунитеттерден баш тарткан, легитимдүү бийликтин бардыгы макулдугун беришкен. Ошого байланыштуу мурда кетирген каталарыбызды оңдоого аргасызбыз, - деди Сатыбалдиев.
Апсамат ЖУМАШЕВ




Кайда барсаң Мамайдын көрү
Кыргыз бийлиги орус-казак кысымына туруштук бере алабы?

Президент Алмазбек Атамбаев 24-25-декабрда Москвада өткөн Жогорку Евразиялык Экономикалык Шериктештик (ЕврАзЭШ) уюмунун кезектеги отурумуна катышты. Жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу "жол картасынын" долбоору каралды. Ал эми 1-вице-премьер Жоомарт Оторбаевдин кабарлашынча, кыргыз тарап "жол картасына" 2014-жылдын май айында кол коюшу ыктымал.
А.Атамбаев Бажы биримдигине кошулуу үчүн ириде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголушу керектигин, андыктан долбоорду иштеп чыгуу үчүн убакыт керектигин билдирди. "Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана кошулат. Ошого байланыштуу "Жол картасын" бекитүүдө бардык сунуштарыбыз эске алынышы керек" деген кыргыз ажосунун кеби айрым кесиптештерине жаккан жок. Маселен, казак лидери Нурсултан Назарбаев "жол картасын" эртерээк кабыл алуу демилгесин көтөрүп, ага мүчө болууну каалаган мамлекеттерге жеңилдик берилбеши керектигин баса белгиледи.
Нурсултан Абишевичке салыштырмалуу Россия президенти Владимир Путин расмий Бишкекти колдогондой сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин төмөнкүчө маалымдады: "Биз билгендей Армения жана Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болууга өз каалоосун эле билдирбестен, ага кошулуу боюнча бир катар иштерди жасап коюшту. Бүгүн биздин карообузга Армениянын бул уюмга кошулуусу боюнча "жол картасы" сунушталууда. Кыргызстан боюнча дал ушундай эле документ макулдашылып жатат. Биз Ереван менен Бишкекке бардык керектүү көмөктү көрсөтөбүз".
Мына ушундай талашып-тартышуудан кийин эксперттик топко "жол картасын" Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен кайрадан иштеп чыгуу тапшырмасы жүктөлдү.
Бажы биримдигине май айында башбагабызбы?
Башбакандын 1-орунбасары Жоомарт Оторбаевдин айтымында, "жол карта" тууралуу кайрадан талкуулар башталат. Ушул аралыкта биздин кызыкчылыктарга туура келгидей сунуштар жактырылышы абзел. Маселен, кыргыз бийлиги Бажы биримдигине кошулуу үчүн 200 млн. долларлык жардам сураган. Бул каражат өткөрүү пунктарын жакшыртууга, базарларды жаңы шартка ылайыктап даярдоого жумшалат. Ошондой эле Дордой, Кара-Суу базарлары үчүн жеңилдиктерди берүү, эмгек мигранттарына тоскоолдук жараткан жагдайларды жоюу сыяктуу талаптар аткарылмайынча аталган уюмга кирүү мүмкүн эместигин Оторбаев баса белгиледи. Мындан сырткары, товардын 2600 түрүнө бажы төлөмүн мурдагы калыбында калтыруу талабы да бар. "Биз ушул жылы Бажы биримдигине кирүүнүн зыяндуу жактарын тактадык. Биз башынан эле улуттук кызыкчылыгыбызды коргоого ниеттенгенбиз, ал позициябыздан тая элекпиз. Москвадагы жыйында Бажы биримдигинин лидерлери Кыргызстан улуттук кызыкчылыгын сакташы керектигине кошулушту. Эгер сүйлөшүүлөрдөн жакшы натыйжа чыкса, "жол картасына" келерки жылдын май айында кол коюшубуз мүмкүн" дейт 1-вице-премьер.

Искендер ШАРШЕЕВ,
көз карандысыз эксперт:
"Бажы биримдигине кирсек утулабыз"
- ЕврАзЭШ жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси талкууланды. Биз бул уюмга кошулсак утулабызбы же утабызбы?
- Бажы биримдигине кирүү биз үчүн пайдасыз. Биринчиден, товарлардын наркы жогорулайт, өлкөдөгү ири базарлар кыйынчылыкка учурашы ыктымал.
Экинчиден, Казакстан өз кызыкчылыгын кое бербестигин көрсөттү. Ошондуктан Казакстан аркылуу Россияга товар өткөрүү кыйындайт.
Үчүнчүдөн, биз ири кирешеден куружалак калабыз. Себеби бажыдан чогулган каражаттар ЕврАзЭШтин бюджетине барып түшөт. Мына ушундай жагдайларды эске алганда, биз үчүн Бажы биримдигине кошулуунун кажети жок деп эсептейм.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ








??.??