presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Январды күтөбүз
"Кумтөр" маселесин чечүү Жылкы жылына калды
Кыргыз өкмөтү "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктады. Кечээ бул маселе парламентте кызуу талкууланды. Натыйжада өкмөт сунуштаган келишимдин долбоору фракцияларда талкууланып, анан чоң жыйында каралмай болду.


Башбакан Жантөрө Сатыбалдиев "Центерра" компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүү ачык-айкын өткөнүн, анда төрт багыт каралганын билдирди. Алардын ичинен 50/50 пайыздын негизинде биргелешкен ишкана түзүү чечимине токтолушуптур. "Биз бардык варианттарды караштырдык. Эгер жаңы келишим парламенттен колдоо тапса, 2026-жылга чейин ушул нукта кызматташабыз. Мындан бизге 2 млрд. 718 млн. доллар киреше түшсө, "Центерра" 1 млрд. 586 млн. доллар пайда табат. Биргелешкен ишкана Кыргызстанда катталып, кыргыз мыйзамынын чегинде иштейт. 50% акцияны алуу менен бизге эч кандай финансылык милдеттеме жүктөлбөйт" дейт ал. Премьердин кебине караганда, мындай чечим эки тарап үчүн пайдалуу экен. Ошондой эле "Кумтөрдү" улутташтырууга караманча каршы чыгып, бул зор тобокелчилик экенин, анын кесепетинен эл аралык соттон утулуп, миллиарддаган долларлык айып пулга жыгылып калышыбыз ыктымалдыгын эскертти.
"Ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев өкмөт башчысынын маалыматын четке кагып, андай "жомокту" 20 жылдан бери угуп келатканын эскертти. Ал эми Эркинбек Алымбеков өкмөт парламенттин токтомун аткарбаганы үчүн аны отставкага кетирүү маселеси каралышы керектигин же Президент бу боюнча позициясын билдирип, чечим кабыл алышы зарылдыгын баса белгиледи.
Бийликчил КСДП фракциясынын өкүлү Исмаил Исаков өкмөт эмне себептен үлүштү 67%га жеткире албаганын сурады. Буга жооп узаткан Жантөрө Жолдошевич канадалык инвесторлор үлүштү тең бөлүшүүгө макул болбогондон улам ушул жолду тандадык деди. Жоопко канааттанбаган Исаков өкмөт парламент токтомун аткарбагандан кийин ага чара колдонуу, тагырагы, өкмөттү отставкага айдоо мезгили бышып жетилгенин шардана кылды.
Өкмөт сунуштаган келишим долбоорун жактагандарга салыштырмалуу сындагандар көп болду. Мындан улам, келишимди тийиштүү комитет, фракцияларда талкуулап, жаңы жылдан кийин чоң жыйынга чыгаруу чечими кабыл алынды. Андыктан саясый сезон жылкы жылынын башында ачылат. "Кумтөрдүн" айынан өкмөт садагага чабылабы же парламент мөөнөтүнөн мурда таркатылабы? Коомчулук ушул суроонун чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жаткан кези...
Көчө оппозициясы өкмөткө каршы
Кыргыз өкмөтү сунуштаган долбоорго Ак үй, Көк үй сыртындагы оппозиция каршылыгын билдирди. "Ата журт" партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев өз билдирүүсүндө "Кумтөр" кыргыз элине таандык экенин, өкмөттүн биргелешкен ишкана түзүү демилгесин чыккынчылык катары бааларын жашырган эмес. Дагы бир "ата журтчу" Садыр Жапаров агенттиктердин бирине курган маегинде "Кумтөрдү" 100% акциясына ээ болушубуз керектигин баса белгиледи. Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы активисттер да ушундай позицияны тутунарын жарыялашты. Алардын айтымында, өкмөт 50/50 пайыз деп элдин башын айландырып жатышыптыр. "Кумтөр" - Кыргызстандын байлыгы. Биз ага толук ээлик кылышыбыз керек" дейт саруулуктар.
Ток этерин
айтканда
? "Эксперттердин эсептөөсүнө ылайык, 2026-жылга чейин 240 тонна алтын өндүрүлөт. Андан соң "Кумтөрдө" 410 тонна алтын калат" дейт Сатыбалдиев.
? Өкмөттүн божомолуна ылайык, 2026-жылдан кийин Кыргызстан "Кумтөрдүн" 67%ына ээ болот.
? "Ата журтчу" Нарынбек Молдобаев экологияга келтирген зыяндарды далилдегенде, "Центерра" бардык талапка моюн сунмак эле деген пикирин ортого салды.
? Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов менен Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев келишимдин долбооруна кол койбосо, 1-вице-премьер Жоомарт Оторбаев калыс пикирин билдирген.
? Биргелешкен ишкананын директорлор кеңешинин курамы тең экиге бөлүнөт. Кыргыз тарап кааласа канадалыктар сунуштаган талапкерди өткөрбөй кое алат.


Тайырбек тайраң
Кызматтан неге кетпей отурат?

Өкмөт башчысынын орунбасары Тайырбек Сарпашевдин ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия корутундусун жылкы жылында жарыяламай болду. Аталган комиссия жаңы жагдайлар тууралуу маалымат бере элек. Ал эми жеке булагыбыздын кабарлашынча, акыркы төрт жылда вице-премьерге караштуу компания ар кыл багыттагы 79 тендерден утуп чыкканы тастыкталган. Булардын көпчүлүк бөлүгү Сарпашев көзөмөлдөгөн мекемелерге таандык.
Эл өкүлдөрү Т.Сарпашев түптөгөн "Градиент" фирмасы "Кумтөр Оперейтинг Компани" (КОК) ЖАКсына мотор майын жеткирерин, Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулган тендерлерден жеңип, жол салып жатканын жар салышкан эле. Депутаттык комиссия алгач ушу эки дооматты иликтеп, натыйжада аткаминерге коюлган кинелерди далилдептир. Маселен, КОКтун президенти Майкл Фишер комиссияга жолдогон катында былтыр "Градиент" менен 350 кг мотор майын алуу тууралуу келишим түзүлгөнүн, өткөн жылдан бери иштетилген мотор майларын алып жатканын да ырастаган. Ошондой эле депутаттык комиссия "Градиенттин" борбордогу Арча-Бешик, Ак-Өргө жаңы конуштарындагы жолдорду курууга катыштыгы бардыгын тастыктаган.

Араанын
ачкан
фирмалар
Мамлекеттик чиновниктин кайсы бир фирманы жетектегенге же акционер болушуна мыйзам жол бербейт. Ошого карабастан Тайырбек мырза 2012-жылдын 6-сентябрынан үстүбүздөгү жылдын 15-февралына чейин "Градиенттин" негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Бул биринчиси.
Экинчиден, учурда "Подиум" ЖЧКсында акционерлердин бири. Бул фактылар Сарпашевдин мыйзамды көз көрүнөө тебелеп-тепсегенин айгинелейт. Мындан сырткары, анын тууган-туушкандарына катталган сегиз компания ("Градиент", "Подиум", "Градиент-Строй", "Градиент-Чүй", "Градиент-Ош, "Градиент Групп", "Градиент-Токтогул", "Градиент NET") тендерлерге катышканы ашкереленди.
Башбакандын орунбасарына тагылган айыптар дээрлик далилденип калыптыр. Демек, ал болбоду дегенде кызматынан кетиши зарыл. Эми бул маселеге депутаттык комиссия чекит коюшу абзел. Макаланын башында жазгандай, Сарпашевдин тагдыры жаңы жылдан кийин чечилет…

Кызматың барда тендер "чайна"
"Градиент" фирмасы негизинен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенет. Апрель окуясынан кийин аталган компаниянын "ити чөп жей" баштаган. Буга колдогон кожосу Сарпашевдин 2010-жылдан бери КСДПнын бараандуу мүчөсү болгону, вице-премьерликти аркалаганы таасир эткендей. Себеби, "Градиент" соңку төрт жылдын ичинде жалпысынан 79 тендерден жеңип, мамлекеттик мекемелерди күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздаган. Төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн мекемелердин басымдуу бөлүгү вице-премьердин көзөмөлүндө турат. Ушу мекемелер аркылуу Т.Сарпашевге тиешелүү фирмалар кайсы жылы канча тендер утканы көрсөтүлгөн. Мына ушундан эле анын "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып", жеке бизнесин гүлдөткөнүн билесиң.


Максат САБИРОВ, депутаттык комиссиянын төрагасы:
"Бизде үч ай убакыт бар"
- Депутаттык комиссия корутундусун качан жарыялайт?
- Азырынча тийиштүү мекемелердин жообун алып жатабыз. Негизи үч айдын аралыгында ишти жыйынтыкташыбыз керек.
- Эгер комиссия коюлган дооматтарды далилдесе, кандай чара колдонууну сунуштайт?
- Сарпашевдин дарегине айтылган кинелер тастыкталса, өз сунушубузду киргизебиз. Аны кызматтан четтетүү же тастыкталган фактыларды прокуратура органдары текшерсин дейбиз.
- "Тайырбек Сарпашев депутаттык комиссия менен жең ичинен сүйлөшүп жатыптыр" деген сөздөргө не дейсиз?
- Бул ушак. Комиссиянын курамында беш фракциянын өкүлдөрү бар. Аларды сатып алуу мүмкүн эмес.


Бетти даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ









??.??