presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Ала-Тоодон үчөө
Ар бир мекеме-ишкана ушу тапта жыл жыйынтыгын чыгарып жатат. Ал эми гезит-журналдар жыл мыктыларын аныкташууда. Аларга көз чаптырсак Кыргызстанда мыкты аталбаган адам калбагандай. "Жаңы Агым" быйыл мыктыларды аныктоо традициясын тим коюп, жыл бою өз иштери менен бүтүндөй коомго таасир көрсөтө алган, өз иштеринен натыйжа чыгара алган үч гана адамдын эмгегин баса белгилеп коелу дедик.


Аида САЛЯНОВА
Элдин, мамлекет эсебинен байлык топтогондорду түрмөгө тыккан, артында арам акчадан калдырагы барлардын түшүнө кирген, карапайым элге жаккан, айрым депутаттар мурдун чүйрүгөн, айрым кылмышы барлар тиш кайраган, А.Бекназаров, К.Байболов сыяктуу эркек прокурорлорду чаңында калтырган Аида айым чечкиндүүлүгү менен коомдо ишеним жарата алды.
Жаңы жылдан кийин мындай иштер улантылаар бекен?..


Бактыбек ЖУСУБАЛИЕВ
Кыргызстанда Ички иштер министри жок, Ички иштер министринин биринчи орунбасары Бактыбек Жусубалиев министрликтин бардык ишин сүйрөп келаткандай. Жети-Өгүздө чуу чыкса комендант Жусубалиев, Сарууда ызы-чуу болсо элдин тынчтыгы үчүн күнү-түнү чапкылаган Жусубалиев, милицияда нечен жылдап тамырлап келаткан түндүк-түштүк, жердешчилик, уруучулук бөлүнүүлөрдүн тамырын кыркып, өлкө боюнча бардык милиция кызматкерлерин биримдикке баштап бараткан да Жусубалиев.
Жаңы жылдан соң Бактыбек Жусубалиев министр болсо таңгалбайбыз.


Кубат ОТОРБАЕВ
Бийликке жаккан, оппозицияга жакпаган, карапайым элге жаккан, айрым депутаттардын чекедеги чыйканына айланган, миңдеген адам иштеген КТРК жамаатына жакса да Байкоочулар кеңешине жакпаган, жаңы телеканалдарды ачкан, алортодо телеканал контентин дагы жакшыртуу, жаңы жабдууларды алып келүү, бүт дүйнөгө цифралык доор кирип келсе өлкөбүз андан артта калбайбы деп түйшөлгөн, журналисттер журтунун жарымына жакса жарымына жакпаган Кубат Оторбаев.
Эки тизгин бир чылбыр эми чындап колуңа тийди, Кубат. Иштегенди көрсөт!




Оп, майда
Түз тур!
Коргоо министрлиги аскердик кызматтардагы, күч структураларындагы оозеки буйрук кылуу жана кайрылууларды кыргызчалаган бирден-бир министрлик. Жакында министрлик мурда кыргызчаланган айрым оозеки буйрук, кайрылуулар орус тилиндеги кайрылууга мааниси жагынан шайкеш болбой калгандыктан, айрымдарын кайрадан оңдоону туура көргөн. Мисалы, мындан ары орусча "Есть!", "Встать!", "Смирно!" деген буйруктар "Жарайт!", "Тур!", "Түз тур!" деп которулуп, "жолдош" деген сөз "мырза", "мырзайым" деген сөзгө алмашылмакчы.

Болсун,
болсун
Кыргызстан менен Швейцария өкмөтү жаңы жыл алдында Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоого финансылык жардам көрсөтүү келишимине кол коюшту. ГЭСти реконструкциялоо долбоорунун жалпы бюджети 24 млн. 740 миң швейцариялык франк ( 1млрд. 235 млн. сом) турса, анын 19,82 млн. франкын (жалпы чыгымдын 80 пайызы) келишим боюнча Швейцария өкмөтү берет. Калган 4 млн. 920 миң швейцария франкын (жалпы чыгымдын 20 пайызы) "Электрстанциялары" ААКсы салат.


7-апрель соту токтобосун
Шаршембиде "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариев маалымат жыйын кылып, 7-апрель боюнча соттук териштирүүнүн убактылуу токтотулушуна каршы экенин билдирди. Анын айтымында, мурдагы Бишкек мэри, премьер-министр Данияр Үсөновдун адвокаты Остриков Конституциялык палатадан адамдын сыртынан соттоону мыйзамсыз деп таанып, 7-апрель сотун убактылуу токтотууну өтүнгөн. Осунбек Жамансариевдин пикиринде, адвокат КР Кылмыш кодексинин нормаларын эмес, а КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 259-статьясынын 2-бөлүмүн мыйзамга каршы деп табууну суранган. "Эгер Остриковдун логикасы боюнча 259-статьяны жокко чыгарсак, кылмыш ишин сырттан карай турган Жарандык мыйзам чыгаруу нормаларын да жокко чыгарышыбыз керек болот" дейт Жамансариев.


Оңой менен Орусияга
кире албайсың
15-декабрда Россия Федерациясынын Кеңеши (ФК) Мамдуманын иштегени келген чет өлкөлүктөр 2015-жылдан баштап орус тилинен жана Россия мыйзамдары боюнча милдеттүү экзамен берет деген мыйзамын четке какты. Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенконун айтымында, бул идея туура, бирок мыйзам долбоорунда көп кемчиликтер бар. Ошондой эле бул мыйзам долбоорун россиялык парламенттин жогорку палатасынын бир нече комитети да жараксыз деп тапкан. Федерация кеңешинин профилдик комитети парламенттин жогорку палатасына Мамдума менен биргеликте документти кайрадан иштеп чыгуу комиссиясын түзүүнү сунуштады. Кыязы, мигранттар эми Россиянын тарыхынан бери окуганы калышты окшойт.


70 пайыз биздики
болот
Кечээ Жети-Өгүздүн Саруу айылында жыйырма чактыдай адам тынчтык митингине чыгышты. Алар парламент жыйынын радиодон угушуп, өкмөттүн 50/50 сунушуна нааразычылыктарын билдиришти. Саруулуктардын айтымында, "Кумтөрдөн" өндүрүлгөн алтындын 70 пайызы Кыргызстанга калышы керек.


Акылга азык
"Айтумар"
Сүйүнчү! Жыл аяктай кыргыз окуучулары үчүн "Айтумар" мектеп журналы жарык көрдү. Он алты беттен турган бул түстүү журналдан окуучулар өздөрүнө керектүү адабий, маданий, тарыхый маалыматтарга каныгып, тил үйрөнүп, акыл көрөңгөсүн байыта алат. Журналда жаныбарлар дүйнөсү менен таанышып, ден соолукту чыңдоону үйрөнүп, дүйнө атактуулары менен таанышууга да кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Журналдын уюштуруучусу "Кереге" коомдук фондунун жетекчиси Азамат Кыязов болсо, демөөрчүсү коомдук ишмер Аскар Салымбеков.


"Жылдын мыкты акыны" катарыбызда
Быйылкы жыл кесиптешибиз, үч поэтикалык китептин автору Зайырбек Ажыматов үчүн жемиштүү жылдардан болду. Жүрөк кылдарын черткен ырлары менен окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан калемдешибиз жаңы жылды утурлай Жазуучулар союзунун "Жылдын мыкты акыны" сыйлыгына татып, "Алтын калем" дипломуна ээ болду. Ушул эле жылы ал "Арча" сыйлыгынын лауреаты болуп, республикалык эки гезиттин жыл жыйынтыгы боюнча "Жылдын мыкты акыны" аталды. Кесиптешибиздин жылдын эле эмес, кылымдын мыктысы болушуна тилектешпиз.

Жөнөттүк эле дешет
Кечээ Башкы прокуратура Россиянын тиешелүү органдарына Айдар Акаев, Николай Танаевдин кайда экенин иликтеп берүү өтүнүчү менен кат жолдоду. Башкы прокурордун айтымында, жөнөтүлгөн эл аралык тергөө тапшырмасында аты аталган адамдарды "Кумтөр" боюнча суракка алуу айтылган. Буга улай Башкы прокурор Аида Салянова мындай эл аралык тергөө тапшырмалары башка өлкөлөрдүн тиешелүү органдарына да жөнөтүлгөн. Ай ким билет, мындан деле кыйраткан натыйжа чыкпайт го.

"Жаңы Агым" - пресс









??.??