presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Сатыбалдиев отставкага даяр
ЖоКенин кечээги отурумунда депутаттар кыргыз драмтеатры кое албаган "спектакль" коюшту. Социал-демократчы Мурадил Мадаминов "Кумтөрдүн" таламын талашып, "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаевге "секирди". Кесиптештери ажыратып калбаганда экөөнүн бирөөсүнүн мурду канжалап, көзү көгөрмөк.
Андан соң "бир болчу" Алтынбек Сулайманов башбакан Жантөрө Сатыбалдиевди "Кумтөр" боюнча жаңы келишимди парламент колдобосо, мыйзамдуу чараларды колдоноруңузду айттыңыз. Ал кандай чаралар?" деп жарга такады. Мындай кырдаал жаралса айрым министрлерди кызматтан айдаарын айткан Сатыбалдиев өзү дагы креслого жабышпасын, зарылчылык туулса премьерликтен кетүүгө даяр экенин билдирди.

Таалайбек + Тайырбектен "тайраңбай"
Жакынкы аралыкта Токтогул районунда чыр чыгышы ыктымал. Чатактын тутанышына Курманбек Бакиевдин доорунда Кетмен-Төбөнү жетектеген Таалайбек Чотоевдин кайрадан акимдикке талапкерлигин коюп жатканы себепкер. Ал акимдикке башка талапкерлерди кандидатураларын алдыртууга мажбурлап жатканы боюнча эл айтууда. Көрсө, вице-премьер Тайырбек Сарпашев Чотоевди кулагынан чоюп, "такка" отургузам деп чуркап жүрүптүр. Муну уккан токтогулдуктар анча болду Минскидеги Курманбек Бакиевди алып келбейби, эгер Т.Чотоевди жетелеп келсе тим калбайбыз таризинде чамынышууда. Миллиондор айланган тендерлерди биринин артынан бирин компаниясына ыйгарганы депутаттык комиссия тарабынан тастыкталып, кылмыш иши козголуу алдында турган Сарпашевге жердештери кастарын тиксе эмне болорун элестете бергиле.

"Түшпөс хан" түпөйүл боло баштады
Бишкек жана Ош шаар башчыларын шайлоо 2014-жылдын январынын орто ченинде өтмөкчү. Ага тараптар катуу даярданууда. Анын алгачкы белгисин Ош шаардык кеңешинин 24-декабрдагы жыйынында байкадык. КСДП, "Ата мекен", "Адилеттүү Кыргызстан", "Замандаш" жана "Республика" партиясы "жупташып" жаңы коалиция түзсө, Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" оппозицияга сүрүлдү. Ошондой эле депутаттар шаар бийлигинин тогуз айлык отчетун жактырышкан жок. Бул Мелис Жоошбаевичтин ишине берилген баа.
Ал эми "Улуттар биримдиги" тараткан кайрылуусунда партиянын өкүлдөрүнө кысым көрсөтпөй, Ош мэрин шайлоону акыйкат өткөрүүнү жана Мырзакматовду каралоо акциясын токтотууну талап кылышкан. Жогору жак көңүл буруп, "бөрк ал десе баш алган" "азаматтарын" тыяр бекен же Мырзакматовду "чаап" түшүү үчүн бардыгына даярбы?

Дамирбекке даңгыр жол
Бишкек шаардык кеңешинен Нарындагы өкмөт өкүлүнүн кызматына барган Аманбай Кайыповдун ордун Дамирбек Жумашев аттуу жигит ээледи. Ал депутаттыкка чейин бизнес менен шугулданыптыр. Былтыркы шайлоодо Ак-Өргө, Арча-Бешик жаңы конуштарын тейлеп, бөлөк партиялардан арбын добуш жыйнап аты чыккан эле. Чоң саясатка аралашканга чейин спортчуларга демөөрчүлүк кылып, кайрымдуулук иштерин жасаган экен. Ушундай активдүүлүгүн Бишкек шаардык кеңешинде да көрсөтсө иши илгерилеп, алдыдагы парламенттик шайлоого аттанары шексиз.

Өз күйөөсү менен эле жашоодо
Интернеттеги социалдык түйүндө эл өкүлү Ыргал Кадыралиева турмуш жолуна аттанганы кызуу талкууланууда. Муну тактоо максатында Ыргал айымга звандасак, "мен өзүмдүн күйөөм менен эле жашап жатам. Мындай ушакты кандай максатта таратышканын билбейм" деген жообун узатты.

Питерден кайтып келет
Ден соолугунун айынан Санкт-Петербургда жүргөн Курманбек Осмонов мекенине кайтарын жеке булагыбыздан кабарлашты. Оор операция болуп, саламаттыгын чыңдаган депутат "Кумтөргө" байланыштуу козголгон кылмыш ишине жооп берүүгө белсениптир. Бирок Курманбек Эргешович самолеттон түшөрү менен кайда барары азырынча күмөн. Анын партиялашы Акматбек Келдибеков жаңы жылды абакта жалгыз тосомбу деп санааркап жаткансыды эле…

Башпрокурор болгусу келген ким?
Оппозиция лидерлеринин бири ажо менен тымызын соодалашканын эшиттик. Ак үйдүн 7-кабатындагы күбүр-шыбырларга кулак түрсөк, бул эрен Башпрокурор Аида Салянованын креслосун сураптыр. Бирок Президент Салянованын ордун бере албастыгын айтып, ИИМ жетекчилигин сунуштаса тигил баш тартты дешет. Министрликке тойбогон аппетити укмуш неме го деп ичтен тындык.




Жара
Коррупциянын чети да оюла элек

Ушу жумада "Элдик саясат" полиси институту "Кыргызстандагы коррупциялык схемалар. Жаралышы, бүгүнкү абалы жана жоюу жолдору" аталган тегерек үстөл өткөздү. Анда коррупция боюнча социологиялык изилдөөлөр, нефть продуктулар тармагындагы коррупциялык схемалар, ажылыкты уюштуруудагы коррупциялык жолдор, саясый коррупция тууралуу кеңири сөз болду.
Социология илиминин кандидаты Айнура Сагынбаеванын айтымында, өлкөдө пара алуу, берүүгө терең баткан тармактар ЖОЖ, медициналык жайлар жана бизнес. Ал эми коррупция менен коюн колтук алышып, жакшынакай эле жашап келаткандар жалаң укук коргоо органдары - милиция, соттор, прокуратура 56дан 70 пайызга чейин коррупцияга кокосунан батыптыр.
"Прогресс" коомдук фондунун жетекчиси Адил Турдукуловдун айтымында, нефть продуктуларын ташуу тармагында мурдагы бийлик учурунда коррупция кандай болсо, азыр деле чайлап-коолап өнүгүүдө. Мисалы, "Манастагы" Ганси авиабазасына 2010-жылы 329 млн. долларлык күйүүчү май ташылса, 2011-жылы 750 млн. долларлык күйүүчү май ташылган. Бакиевдин учурунда оппозицияда жүргөн Роза Отунбаева баштаган биртоптор авиабазага май ташыган "Мина" компаниясынын коррупциясы тууралуу баскан-турган жердин баарына какшап жүрүшсө, азыр бул жөнүндө алар унчукпайт. Турдукуловдун белгилегенине караганда, учурда май ташыган "Газпромнефть Аэро" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы - президенттик аппарат жетекчисинин орунбасары, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, ал эми ушу тармакты ийне-жибине чейин жакшы билген, керектүү адамдардан башка эч кимдин көзүнө чалдыкпаган Тилектеш Исаев деген "азаматыбыз" жашыл акчаны каалагандай сапырат экен. Ал "Газпромдон" күйүүчү майдын тоннасын 400 доллардан алып, "Электростанциялар" ишканасына 500 доллардан ашык сатып, ортодо 400 млн. сомду сол чөнтөккө лак эттире салып коюптур. Эң кызыгы, Эсеп палатасы, прокуратура, Финполиция дегендер бул тууралуу билсе да кылмыш иштерин козгогон эмес. Ал эми дагы бир Эркин Бекболотов деген 37 жаштагы "азамат" ушу кезде Торонтодо жашайт, ал "Мина" компаниясынын жетекчиси, компаниянын Кыргызстандагы офиси ушу кезге чейин "Хаятта" жайгашкан. Роза Отунбаеванын баласы Атай Садыбакасов эки-үч жыл мурда бул боюнча бирөөлөргө жолукканы да айтылды.
Азыркы бийликтин бул жакка тиш салалбай турганына караганда мандем ушунда жаткандай…
"Ата журтчу" депутат Жылдыз Жолдошева ажылыктагы коррупция боюнча Бакыт Нурдинов дегендин схемасын жарыялап, адегенде эле Эмилбек Каптагаевди башкы коррупциячы, негизги күнөөкөрү катары көрсөттү. Депутаттын айтымында, 1996-жылдан бери Каптагаев бекем схема түзүп, кайсы мезгил, кай кызмат болбосун ага таасир тийгизип келет экен. Каптагаевдин муфтияттагы Жумаалы Олжонов деген жээнинин колунан муфтияттын бардык мүлкү өтүп, коррупциялык схемаларды саат жебесиндей так иштетип келет. "Ажы барондору" (кыргыз, өзбек, дунган) гана квоталарды бөлүштүрүп, ошончо жылдан бери алардын бири да алмашпай келе жатыптыр. Саясатчы Өмүрбек Суваналиевдин айтканына караганда азыркы бийлик экс-муфтий Муратаалы Жумановдун өлүмүн изилдеп, акырына чыкпаганынын артында так ушу коррупция турат. Муну аягына чейин иликтегенде бардык коррупциялык схемалар ачыкка чыкмак. А бийлик аны каалабайт.
Эгер Жылдыз Жолдошева менен Эмилбек Каптагаевдин ортосунда Ысык-Көлдөгү "Курманжан датка" фондусунун жери боюнча чыр болбогондо, депутаттын айткандарын чыркыраган чындык катары кабыл алууга даяр элек. Кашайганда жеке кызыкчылык кылтыйып чыгып жатпайбы…
Тегерек үстөлгө чогулган жакшылар акырында алардын айткан-дегени, көмүскөдөн ачыкка чыккан фактылар карапайым элге жетпей жатканын бир ооздон белгилешти. Мунусунда калет жок. Элге жеткириш үчүн эл менен болуш керек да.









??.??