presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
"Агымдын" архивинен
"Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк"
(Башы өткөн сандарда)
Чыңгыз АЙТМАТОВ: - Мен жазуучу, инсан катары дүйнөлүк маданияттын бир кылка стандартталышына каршымын. Айтайын дегеним, руханий турмушта гана эмес, мамлекеттик моделдин өзүндө да биз улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап калышыбыз керек. Ага сен айткан жапондордун мисалы туура келет. Албетте, демократиялык дөөлөттөрдүн башкы идеясы да көп түрдүүлүктү, полярдуулукту көздөйт. Качан гана дүйнө көп ырааттуу өнүксө - ал өнүгөт!.. Бирок ошол өнүгүүнүн шартында биз нукура цивилизацияга кошула турган жолду, өзүбүздү-өзүбүз жоготуп албаган жолду тандашыбыз керек. Эң башкысы, өзүбүздүн өзгөчөлүктү сактоо менен аны дүйнөлүк өнүгүштүн багытына адаптациялашыбыз керек. Ошондо өз жолубуздан, багытыбыздан адашпайбыз...
Султан РАЕВ: - Индиялык окумуштуулар адамдын жаны, анын экинчи өмүрү тууралуу ушу тапта кызыктуу эксперимент жүргүзүп жатат. Америкалыктар пенде жанынын түбөлүктүүлүгү тууралуу илимий гипотеза жүргүзүү менен жандардын оошу реалдуулук деп эсептешет. Албетте бул жагдай кайсы бир фантастикалык чыгарманын темасы дегенибиз менен, философиялык түшүнүктөрдө адам рухунун түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү темага ар тараптуу сереп салынат. Чыңгыз Төрөкулович, сиздин оюңузча, өмүрдүн баасы, баркы эмнеде? Кайрадан төрөлсөңүз жашоону эмнеден баштаар элеңиз?..
Чыңгыз АЙТМАТОВ: - Кайра төрөлүү, кайра жаралуу бу тек гана кыял-ойдо айтылат. Бул чоң философиялык маселе. Муну ар ким өзүнчө табыш керек. Өмүрдүн баркы, баасы мында деп... Мен айтар элем өмүрдүн баасы ишенимде. Ар бир адамдын купуя ишеними бар. Ал ишеним аны кайсыдыр жакшылыкка, тазалыкка, ал гана эмес, качандыр бир убакта бу дүйнөгө келээрине үмүт арткан ой-кыялга салат.
Султан РАЕВ: - Авиценна айткан турбайбы, мен эң мыкты дарыны таптым, ал ишеним деп...
Чыңгыз АЙТМАТОВ: - Туура. Адамда ишеним болбосо ага күн да, түн да, ай да, жашоо да тек гана кунарсыз жашоонун бир жасалгасындай көрүнөт. Өмүрдүн чыныгы көркөмү - ишеним, бактысы да - ишеним...
Султан РАЕВ: - Ыйык Китепте да айтылат "Ишенимсиз адам - шайтан" деп...
Чыңгыз АЙТМАТОВ: - Ишеним деген тек гана көр пенделик ишеним эмес, ал деген бу дүйнөнүн баалуулуктарына болгон ишеним, улуу баалуулуктарга болгон ынаным. Ошол баалуулуктун бирөө - өмүр. Өмүрдүн баасы - баалуулугунда. Жараткандын пенде баласына берген эң жогорку шыбагасы өмүр деп билсек, демек, биз анын баасын да, баркын да таразалай алышыбыз керек... Мына адамдын кыялы да, үмүтү да мезгилге таандык. Кыялыңда айтасың, мен кайрадан бу жашоого келсем эмнеден баштаар элем деп. Эмнеден баштаар элек?
Кечээ күнү балдарга айтып жатам, бу машина дегениң ширеңкенин кабыгындай болуп калды деп... Биздин жаш кезде машина өзгөчө бир баалуулуктай көрүнчү, чоңойсок сөзсүз шопур болобуз дечүбүз кыялыбызда. Бир сапар Райкан Шүкүрбеков мен барган бала бакчага келип, "а, сен Төрөкулдун баласы, чоңойгондо ким болосуң?" дейт. "шопур болом" дедим. Эмне үчүн дегенде, акезде машинени көрсөк аркасынан калбай чуркар элек, ошончолук чоң окуя болчу. Азыр жаш балдардан сурачы, алар теңирден тескери ойлорун айтат. Адамдын кыялы, ой-чабыты мезгилге да жараша болот. Анын түшүнө турган жагдайы ошол, ал кезде бул укмуштуу жаңылык эле.
Султан РАЕВ: - "Бул дүйнөдөгү чоң жоготууңуз, өмүр бою издегениңиз эмне?" деп кезегинде Толстойдон сураса, ал айткан экен "чындык" деп. Сиз сүрөткер катары, көркөм инсан катары өзүңүздүн чындыгыңызды таба алдыңызбы?..
Чыңгыз АЙТМАТОВ: - Чындыкты таптым деген адам жаңылышат... Чындыкка умтулуу, чарчабаган умтулуу болуш керек. Умтулуу - бул чындыкка карай кеткен жол... Чындык да ошо жолдой башы жок, аягы жок... Бирок бардык жол чындыкка алып барбайт... Ал жол - татаал, машакаттуу... Бирок турмуштагы, өмүрдөгү, тарыхтагы негизги чындык ал жакшылыкка, гуманизмге умтулуу... Адам өзүнүн турмушун чындыкка арнап жашашы керек...
Султан РАЕВ: - "Чындык бу - эң жогорку акыл-эс" дегенге кандай карайсыз?..
Чыңгыз АЙТМАТОВ: - Бу суроого жооп менин кандай караганымда эмес. Кеп, ошо адам эң жогорку акыл-эстен, чындыктан ажыраса эмнеге айланарын "Кылым карытаар бир күндү" жаздым. Буга маңкурттан өтөр мисал жок. Адам акыл-эстен ажыраганда өз тууган энесин жок кылуудан да ары тартпайт. Адам - зомби, акыл-эстен ажыраган маңкурттар менин чыгармамдагы каармандар болсо, ал эми алар бүгүн реалдуу адамдарга айланды. Мына дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында жан кечтиликке барып, адамга каршы террорду жүргүзүп жаткандар маңкурт эмей эмне?..
Султан РАЕВ: - Чыңгыз Төрөкулович, өз кезегинде аты уйкашыңыз Чыңгызхан кылычтын күчү менен дүйнөнү багынтса, сиз аны калемдин учу менен "багынттыңыз"... Сиздин оюңузча тиран менен генийдин айырмасы эмнеде? Бу турмуш канчалык парадоксалдуу болбосун, тарыхта эки адамдын аты гана түбөлүк калат тура... Анын бирөөсү тиран, экинчиси гений...
Чыңгыз АЙТМАТОВ: - Тиран менен генийди салыштырып болбойт. Бирок сен айткандай тарых бүгүн бизге ким гений, ким тиран экендигин жеткирсе да, бирөөнүн ысмы улуулук менен, бирөөнүн ысмы каргыш менен оозго алынат. Тиран деген бу - каргыш. Элдин канынан өзүнүн бийлигин тургузган, байлыгын жыйнаган, ал бийликке да, байлыкка да тойбос. Тирандар бүткүл дүйнө бут алдымда жатса деп, мамлекеттен мамлекетти басып, цивилизацияны талкалаган. Цивилизацияны алда канча артка айланткан тирандар адамтаана жырткычтар, бийлик, байлыкты көз жаштын океанынан, дарыя-дарыя болуп аккан адам канынан тургузган. Алардын ысмы тарыхта калды, бирок ал ысымдар каргыштын сөзү менен айтылат. Гений бу дүйнөнүн түзүүчүсү, жаратуучусу. Алар адамзатка жаңылык, жаңы күч, жаңы көркөм дүйнө жараткан, пайгамбар сындуу адамдар...
Султан РАЕВ: - Чыңгыз Төрөкулович, Батыш адабият изилдөөчүлөрү акыркы он жыл аралыгында китеп окурмандарынын саны дүйнө жүзүндө 27 пайызга азайып кеткендигин, адабияттагы сюжеттик линиялардын "дефицитинен" көрүшкөндүгүн жазып чыгышты. Алардын божомолунда дүйнөлүк өсүштүн космикалык ылдамдыгы, маалымат коммуникациясынын адам жашоосуна батыл кириши, "планетардык желе" интернеттин экспансиясы барган сайын адам табиятын деградацияга учуратып, "компьютердик вируска" чалдыккан жарым адамтааналардын жаралышына өбөлгө түзүүдө деп каңкуулашат. Экинчи көз караштагылар бул руханий жарлыктын себебин адабий жардылыктан эмес, руханий талаптын рамкасы барган сайын тарып бараткандыгынан көрүшөт. Окурмандардын арасында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында Библия менен Куран эң көп окула турган китепке айланган. Анын бир себеби катары азыркы адамдын рухий жардылануу чегинен чыгуунун бир жолу катары бу Ыйык Китептерди көрүшкөндүгү айтылат. Дүйнөлүк адабият тарыхында улуу жазуучулар Гёте, Достоевский, Толстой, Томас Манн, Булгаков өздөрүнүн чыгармачыл бийиктигине жеткенде динге, "Кудай издөөгө" кайрылган... Сиз да акыркы мезгилдеги чыгармаларыңызда негизги атрибут катары динге кайрылдыңыз... Мындай бурулушту сиз кандай түшүндүрөр элеңиз?..
Чыңгыз АЙТМАТОВ: - Дин деген өзү улуу. Анын улуулугун жалпы адамзат өнүгүшүнүн бүткүл призмасы көрсөттү. Дүйнөдө эчен мамлекеттер талкаланып күлгө айланды, эчен цивилизациялар жерден жексен болду. Замандар, доорлор алмашты, а дин адам көкүрөгүнөн өчүрүлгөн жок. Бул диндин улуу касиети. Ааламдын, адамдын сырын динден издейбиз, өзүбүздүн жан дүйнөбүздү аруулантуунун ыйык күчүн динден издейбиз. Андыктан, мен өзүм чамам келгиче ойлономун, дин деген эмне?.. Динге канчалык берилиш керек?.. Динге канчалык ишениш керек деп. "Кассандранын эн тамгасы" деген романымда ушул соболдорго жазуучу, адам катары жооп издегемин...
Азыр адабият, өзүң айткандай, белгилүү гана жобо менен өнүкпөстөн, сюжет менен жүрбөстөн, адамдын акылына, сезимине, туюмуна, рухуна асылдык себүүнүн башка бир жолун тандап алды. Азыр ойчул, ойлоого түрткөн адабият пайда болду... Жазуучу баягы тааныш сюжеттерден татаал ойлоого өттү. Ошону менен бирге ал окурман дүйнөсүн агартууга, асылдандырууга, жаңы-жаңы дүйнөнүн түгөнбөгөн мүмкүнчүлүгүн ачууга ык салууда. "Кассандранын эн тамгасы" ошондой аракетимдин бир мисалы. Куран да, Библия да адам жан дүйнөсүн аруулантууну, туура жолду көрсөтүүнү көздөйт. Бул жагынан чыныгы адабият Ыйык сөздүн үндөшү катары милдет аркалап келет...
Султан РАЕВ: - Чыңгыз Төрөкулович, cиздин кайсы чыгармаларыңызды албайлы ... "Жамийланыбы"... "Кылым карытаар бир күндүбү"... "Гүлсараттыбы"... "Кызыл алманыбы" Сиз сүйүүнү даңктап келесиз. Сүйүүнү сүйө билген адам гана даңктай алат деп жүрүшөт. Деги эле адам жашоосундагы бу сезим тууралуу дагы бир жолу өз оюңузду уксак дейбиз...
Чыңгыз АЙТМАТОВ: - Сүйүүсүз жашоо жок. Сүйүү сезимин айтып түгөтө албайсың, ал бүтпөс тема. Дүйнөдөгү улуу иштин баары сүйүүнүн урматына арналган. Аалам да, адам да сүйүүдөн жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк!..
Султан РАЕВ: - Сиз четте көп жүрүп калдыңыз. Жер, эл жөнүндө ойлойсузбу?..
Чыңгыз АЙТМАТОВ: - Ойлобогондо, ой-санаамдын баары ушул жакта. Албетте, элимди, жеримди сагынам. Бирок ар нерсенин чеги бар, акыры эртеби-кечпи өзүмдүн эл-жериме келем...
Султан РАЕВ: - Чыңгыз Төрөкулович, "Эң мыкты китеп алдыда" деген сөзгө кандай карайсыз?..
Чыңгыз АЙТМАТОВ: - Туура... мен дагы ошо сөзгө ишенип кээде капа болом. Убактым аз, ары-бери жүрүш көп. Бирок жазуучу табияты ушундай экен, али жазылып бүтө элек чыгармаң өзүңө башкача көрүнөт... Ал жазылып калса жаңылык, жаңы бир үмүт болобу деп ойлойсуң... Чындыгында эле эң мыкты китеп алдыда.
2004-жыл











??.??