presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Каалганы турат каккылап
Жылан жылы кандай узады,
2014-Жылкы жылында бизди эмне күтөт?
Чыгыш календары боюнча 2014-жыл Көк ат жылы деп айтылат. Албетте аты айтып тургандай жылкылар эмгекчил, чыдамкай, энергиялуу жана кежир болушат. Ошондуктан эмгектенген адамга түшүмүн мол берет, арамза- жалкоолор куржалак калышат. Кетип жаткан Жылан жылы деле көпчүлүккө жаман болбоптур, андыктан өткөн жыл менен кош айтышып, Жылкы жылды жетелеп келели.

Барс жыл
Бул жылы туулгандарга Жылкылар түйшүктүү күндөрдү көп берет. Үйдө өнөктөшү менен жаңжал, түшүнбөстүк көп кайталанат. Көпчүлүк Барстар ушул жылы ажырашып, кээси өнөктөшүн күтүп жашашы мүмкүн. Үй-бүлөлүү адамдарга үчүнчү сүйүү да кошулат. Бирок Барстар финансы жагынан көп кыйналышпайт, февраль-апрель айларында чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул жылы ден соолугун жакшы кароосу шарт.
- Жылан жыл сиз үчүн кандай жыл болду?
Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, Барс жылында туулган

Мелис Турганбаев:
"Жылкы жылында эмгекчил бололу!"
- Мен үчүн 2013-жыл ийгиликтердин жана жемиштердин жылы болду. Анткени Бишкек шаардык милициясынын сапаттык деңгээлин көтөрүү, милициянын ички тартибин чыңдоо, коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу, кадрларды тандоодо кесипкөйлүгүнө басым коюу жолго коюлду. Шаарда өткөн митингдерде коопсуздук маселесин чечүү, алардын ар бири менен конструктивдүү иштешип, көйгөйлөрүн чечүү маселелери колго алынды. Шаарда жана жаңы конуштарда коопсуздукту бекемдөө жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө ийгиликтерге жетишүү максатында 19 реформаторлук жаңы долбоорду ишке ашыра алдык. Алардын айрымдарын атай кетсем, түнкү милиция, милициянын атайын таяныч пункттары, оор кылмыштарды тергөө боюнча бөлүмдөрү ачылса, андан сырткары коомдук ыймандуулук, адеп-ахлак жана адам сатууга каршы күрөшүү бөлүмү Кыргызстанда биринчилерден болуп Бишкек ШИИББда ачылып, натыйжалуу иштеп жатат. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө, алардын бетин ачууда, коомдук тартипти колго алууда жакшы аракеттерди көрдүк. Бирок финансылык каражаттардын жетишсиздигинен улам Свердлов жана Ленин районунун аймагында шаардык эки милиция бөлүмүнүн имараттарын куруу пландарыбызды ишке ашыра албай калдык. Биздин эң негизги максатыбыз тартипти сактоо болуп саналгандыктан, бардык мүмкүнчүлүктөрдү коомдук коопсуздукту сактоого багыттадык. Албетте, жеке жашоомдо да ийгиликтер болду.
Келе жаткан Жылкы жылында өлкөбүздө тынчтык болсун, экономикабыз өнүксүн, эл арасында тартип болсун жана Ички иштер органдарынын материалдык, социалдык жактан колдоо колго алынса деген тилегибиз бар. Андан сырткары шаардыктарыбыздын суроо-талабы боюнча коомдук тартипти чыңдоо багытында дагы милициянын 20 аймактык жаңы пункттарын ачуу пландары турат. Жаңы жылда элим жылкыдай эмгекчил жана барктуу, нарктуу болсун!
(Уландысы 18-бетте)












??.??