20.12.13 Манас майрам
Жеңишке жетиштик, эми ошол жеңишти кармап кала алабызбы?

17- декабрда Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун жыйындар залында Манас таануу институтунун башчысы Топчубек Тургуналиевдин демилгеси менен "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргенине байланыштуу атайын жыйын болду.
Жыйынга учурда жалпы кыргыз элин кубанткан бул жеңишке чоң салымын кошкон Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков, Манас таануучулар, манасчылык өнөрдү аркалап келаткан улуу, орто жана кичүү муундун өкүлдөрү, И.Арабаев атындагы окуу жайдын окумуштуулары, студенттери катышты. Сөздүн жүрүшүндө аталган үчилтикти ЮНЕСКОго каттатуу боюнча иш алып барган топко ыраазычылык билдирилип, күпүлдөтө манас айтылып, шартылдата комуз чертилип, эпостон эпизоддор аткарылды.
Кадимки Топчукебиз "Манас" аркылуу биз элибизди ынтымакка, биримдикке жана мекенчилдикке үндөөгө болот. Бул эпос улуттук идеологиянын борбору эле. Ошол борборубузду дүйнөлүк уюмдун таанып, материалдык эмес байлык катары каттап жатканы бул кыргыз улуту жок болбойт, кыргыз мамлекети түбөлүк жашаса болот деген кеп, эми бул жеңишти мындан ары өнүктүрүп, коргоп калыш өзүбүздөн" деген мааниде агынан жарылса, ЖК депутаты Карганбек Самаков учурда Манастын ЮНЕСКОго катталганы тууралуу кабар ар кайсы маалымат булактарында айтылып жатканын, алардын арасынан айрым маалымат булактары көбүнчө жалгыз эле өзүн баатыр кылып көрсөтүп ийишкенин, бул үчүн кээде уялып жатканын, чынында бул жеңишти камсыз кылууда өз улуттун сүйгөн мекенчил уул, кыздардын жоон тобу иштегенин айтып кетти.
Анткен менен бул ишти акырына чыгарууда Карганбек Самаковдун эмгеги чоң экени ырас. Кыргызда байлар көп. Бирок алардын баары эле кыргыздын намысы үчүн жарым млн. долларын коротуп, анан калса өздөрү баш-оту менен чуркай бербейт. Ушул маселелерден улам жыйын учурунда Топчубек Тургуналиев Карганбек Самаковду мамлекеттик эң чоң сыйлыкка көрсөтүп, аны жалпы катышуучулар колдошту. Ошол эле учурда Топчубек аксакал бул жеңишти камсыз кылган топтогу ар бир катышуучу да өз эмгегине жараша сыйлыкка көрсөтүлөрүн айтты.
Анын эртеси 18-декабрда Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков башында турган "Манас эл кыймылы" да ушул маселеге байланыштуу Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын чоң залында "Манас мажилисин" өткөрдү. Ага аталган кыймылдын мүчөлөрү, чыгармачыл интеллигенция чогулду. Мында "Манас" эпосун мындан ары сактап калуу, жайылтуу боюнча сөз болуп, көп жылдардан бери бул темага өзүн арнап, изилдеп, элге жеткирип келаткан окумуштууларга, жазуучуларга "Манас эл кыймылынын" төш белгиси ыйгарылды.
Акыйкаттык үчүн белгилей турган нерсе, "Манасты" ЮНЕСКОго каттатуу Кыргызстандан башталган эмес. Адегенде Кытайдын атынан катталып калып, бул белгилүү болгондон кийин гана коомчулукка белгилүү меценат Садык Шер-Нияз чуу көтөрүп чыккан. Бул боюнча ошондон кийин 600-700дөй макалалар ММКга жарык көрүп, ЮНЕСКО да бул тууралуу кабардар болуп, биртоп ыңгайсыз жагдай жаралган. Мындай жагдайды Роза Отунбаева Садыкка айткан учурунда. Демек Манас деп айгай салып, бүгүнкү анын ЮНЕСКО тизмесине катталышында Садык Шер-Нияздын, Бексултан Жакиевдин да эмгеги бар экенин биле жүргөнүбүз оң.
Бирок ал кезде ушундай аракеттерден улам биздеги манасчыларды, дастанчы, төкмө акындардын өнөрүн материалдык эмес, маданий мурастын чоң шедеври катары ЮНЕСКО тизмесине кабыл алган. Ошондон кийин кыргыз өкмөтү бул өнөрдү сактоо, жайылтуу ишин өзү мойнуна алыш керек эле. Бирок ушул убакка чейин өкмөт манасчыларды, дастанчы, төкмө акындарды барктап-баалап койгонун байкай элекпиз. Эми "Манаска" деле ушундай мамиле болбойт деп эч ким кепил боло албайт...

Зайырбек АЖЫМАТОВ




Ким мыкты?
Жакшы болуш аста, аста…

Жыл тогошоор алдында бардык тармактар боюнча жыйынтыктар чыгарылып жатат. Бир нече жылдан бери салтка айланган мыктыларды тандоонун өзгөчө түрүнө ушу жума ичинде күбө болдук.
Ак-Суу районунун Ак-Чүй айылында Бактыбек Купешов деген мыкты жигит жашайт. Ар кандай бузулган машине, тракторлордун, мотоциклдердин керектүү тетиктерин кураштырып өз айылына жети трактор (!) жасап бериптир. Бактыбек өкмөткө же башка бирөөгө догун артпай өз эмгеги менен эле жасаптыр. Атаганат, ушундай азаматтар көп болсо кана!
Азыр Кыргызстандын мектептеринде иштегендердин 90 пайызы аялдар. Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов да чыныгы педагог, акылгөй адам экендигин мектеп жамааты, жердештери жакшы билет. Бир эле факт, Гапыр агай айылдык балдарга билим берүүнүн өзүнчө методикасын колдонгондуктан, быйыл ушу мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн сексен пайызы ЖОЖдордун бюджеттик бөлүмдөрүнө өтүшкөн. Гапыр агай өз демилгеси менен башка жерде жок энелер мектебин уюштурган.
Ал эми Чолпон-Ата шаарынын умай энеси аталган Людмила Алексеевага айтылуу улукман Сабыр Жумабеков 40 жылга жакын ак ниет эмгеги үчүн таазим кылып колунан өптү.
"Коррупцияны жоюуда башка өлкөлөрдүн ыкмасын киргизиш керек. Мисалы, бирөө 500 сом уурдадыбы, 500 миң сомду кустуруш керек!" деп жалындаган жигит Темирболот Абыкеев болгону 28 жашта экен. Кочкордун Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы болуп иштеп келатканына төрт жыл болуптур. Өз айылы үчүн жанын үрөгөн жигит быйыл Кош-Дөбөгө 19 млн. сом тартууга жетишиптир.
Айтор, айта берсе мындай азаматтар өлкөбүздө көп экен. Кыргыздын намысы үчүн үч жылдан бери чуркап, нечен миң каражатын коротуп акыры мөрөйдү элибизге алып берген Карганбек Самаковго бүткүл элдик алкыш жаап турган кез азыр. Бул эмгек бардык жерде бааланып жатат. Мына ушундай чыныгы эмгектин үлгүсүн көрсөткөн 16 азаматка "Замандаш" ассоциациясы жана журналы "Жыл мыктысы"
наамын ыйгарып, ар бирине 30 миң сомдук сыйлык берди.

Жамиля Нурманбетова




Өпөң-чычаң
Эрдоган эртелетти,
а Атамбаевчи?

Президент Алмазбек Атамбаев өлкө башчылыгына келгени коррупцияны катуу ооздуктайм деп келатат. Мындай аракет өткөн жылы жанданып, бир нече мамлекеттик чиновник камалган. Быйыл да Башкы прокуратура депутат Акматбек Келдибеков, Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Өмүркулов менен бир катар мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш ишин козгоду. Кечээ Укук коргоо жана башка органдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмесинде Башкы прокурор Аида Салянова коррупция боюнча 2013-жылдын тогуз айында 171 кылмыш иши козголуп, анын 123ү сотко өткөрүлгөнүн билдирди. Буга улай ал укук коргоо органдарындагы, сот системасындагы коррупцияны катуу көзөмөлгө алып, токтотуу керектигин баса белгиледи.
Ал ортодо Түркияда коррупцияга каршы күрөш күч алып, 18-декабрда 37 мамчиновник, анын ичинде 3 министрдин балдары паракорлук боюнча айыпталып камакка алынды. Түркия бийлигинин маалымдашынча, бул күнү өлкөнүн Ички иштер, Экономика жана Жаратылышты коргоо министринин балдары камалган. Кармалгандар мамлекеттик тендерди өткөрүүдөгү паракорлук боюнча айыпталышкан. Ушул эле күнү полиция Анкарадагы Halkbank ири банкынын жетекчиси Сулейман Асланды кармап, белгилүү бизнесмен Али Агаоглунун курулуш компаниясын да текшерүүгө алышкан. Hurriyet гезитинин маалыматына таянсак, бул камоолор бир жылга созулган иликтөөлөрдүн жыйынтыгы. Доган маалымат агенттиги болсо чиновник, бизнесмендердин кармалышы, буга чейин жүргүзүлүп келаткан үч башка иликтөөлөрдүн бир гана бөлүгү экенин айтат. Учурда иликтөөлөрдү Стамбул прокуратурасы улантып жатат дейт Доган агенттиги. Анадолу агенттиги болсо бул операция мамлекеттик тендерди жасалмалоо жана паракорчулук боюнча айыптоолор угузулгандан кийин болгонун жазат.
Анткен менен түрк саясатчылары, ММК өкүлдөрү Анкара, Стамбулда болгон мындай камоого түрк өкмөт башчысы Режеп Эрдоган менен таасирдүү улама Фетхуллах Гүлендин каршылашып калышы себепкер дешет. Эрдогандын бир кездеги өнөктөшү Гүлен АКШда жашаса да өкмөттүн "Хизмет" коомдук кыймылына таандык жеке мектептерди жабуусуна каршы чыгып келген. Түрк журналисттеринин маалымдашынча, учурда Гүлендин адамдары биртоп мамлекетик кызматтарда отурушат. А Эрдоган өкмөтү болсо элге өлкөдөгү ашынган коррупция маселесин чечүүнү убада берди.
Башканы коюп Манасты айт демекчи, Кыргызстанда болсо коррупция менен күрөшүү ары болбой же бери болбой ара жолдо турат. Алмазбек Атамбаевдин Түркия башчыларына жакын экенин эске алсак, ал да эртең түрк досторун туурап массалык камоолорду уюштуруп жибериши мүмкүн. Анда коррупцияга каршы күрөш алдыга жылары шексиз. А азыркы ыргылжың түр менен бийлик паракорлукту ооздуктай албасы бештен белгилүү.

Мелис СОВЕТ уулу