20.12.13 Өстүрчү да, өлтүрчү да сөз
Эл ынтымагы
эл башчысынан көз каранды
Ошентип бул жыл да билинбей аяктап, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы катары мамлекеттик резиденцияда маалымат жыйын өткөрдү. ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып Президент кыргыз элинин биримдигине, өлкө бүтүндүгүнө, коррупцияга да басым жасап өттү. Албетте, эки жыл эки ай ичинде коррупцияга каршы аздыр-көптүр иштер жасалды. Муну карапайым эл да танбайт. Бирок өлкө башчынын айрым осол сөздөрүнөн, аракеттеринен улам эки жыл аралыгында түндүк-түштүк маселеси болуп көрбөгөндөй курчуганы да жашыруун эмес. Журналисттер эле эмес, муну кыргыз эли жонтери менен сезип, көрүп турат.


Салтка айланган бул жыйында Президент Иса Өмүркулов менен Акматбек Келдибеков маселесине да токтолду. "Мен коррупция менен күрөшүүдөгү тандап мамиле кылуу боюнча баса белгилегим келет. Партиялардын тарыхын, кимдер отурганын карап көрүңүздөр. Бирөөлөрү жалаң мурдагы чиновниктер жана бакиевчилер, а башкасы жыйырма жыл оппозицияда жүргөн. Силер "бийлик партиясы" дейсиңер, андан көрө түз эле президенттик партия деп айткыла. Ооба, бул партияны президент түптөгөн, мен аны жашырбайм. Анан да алар мага бирден бир жөлөк боло тургандар" дейт президент. Бул жерде "бирөөлөрү жалаң мурдагы чиновниктер жана бакиевчилер" деп өлкө башчы "Ата журт" партиясын кыйытып, "жыйырма жыл оппозицияда жүргөн" деп КСДП партиясын айтып жатат. Чындап келсе, бул журт башынын сүйлөй турган сөзү эмес. Бул ансыз да араң турган элдин безине тиерин Президент аңдабайт окшойт. Ошто митинг башталганда да Президент "мени үч миң киши коркута албайт, мени бир миллион адам шайлаган" деп айтып Ош элинин кыжырын кайнаткан. Эл башы болгон соң "Урматтуу кыргыз элим, сабыр кылгыла. Нарындан Нариман Түлеев деле камалып, эч ким ызы-чуу кылган жок го. Акматбек Келдибеков ак болсо кайра эле эркиндикке чыгат" десе болбойт беле?! Анда Ош эли да ажону түшүнүү менен кабыл алмак.
"Азыр ички коркунучтар өзгөчө кооптуу. Албетте алар азыр басаңдап калды, бирок аймакташуучулук, митингчилик токтогон жок. Улутчулдук деген жардыруучу нерсени да унутпашыбыз керек. Аймакташуучулук менен ойноп жергиликтүү хан, баатыр болгусу келген саясатчылар бар. Алардын аттарын атабай эле коеюн" дейт аталган жыйында ажобуз. Бул сөзү менен Президент кайра эле Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовду баса белгилеп жатат. Ажонун бул сөзү да Ош шаарынын оңдолгонун көзү менен көрүп жаткан карапайым мекендештерибиздин жинин келтирери турган иш. Муну менен эле тим калбаган Президент журналисттердин Бишкек мэри ким болот суроосуна жооп берип жатып да түндүк-түштүккө ажырым жасап жатат. "Бишкек биздин сүйүктүү шаарыбыз. Ал мэрдин эле эмес, өкмөттүн да жакшы камкордугуна татыктуу. Бишкек өзү чогулткан акчанын арзыбаган бөлүгүн алып калып, башка шаарларга акчаны күргүштөтүп берип жатат. А башка мэрлер болсо ал акчаны каякка жумшаарын билбей эстеликтерди тургузуп жатат. Кийинки Бишкек мэри шаарды сүйгөн адам болушу керек. Мен ага Президент катары жардам берем" дейт Президент Алмазбек Атамбаев.
Биз билгенден Ошто Алымбек датканын, Курманжан датканын, Токтогул Сатылгановдун, Барсбек кагандын жана Манас атабыздын ажайып эстеликтери бар. Өлкөнүн бүтүндүгүн, стабилдүүлүктү, ынтымакты көксөгөн Президент Бишкек, Ош шаарын бөлүп айтып, дүйнө эли суктанып жаткан Оштогу "Айкөл Манас" эстелигине асылмак эмес. Андан көрө ажобуз "ар бир шаар мэри өзүн Президент, башкарган шаарын мамлекети катары сезип, шаарды оңдосо мен кош колдоп колдойм. Ашыкча киреше тапса ата-бабаларыбыздын эстеликтерин тургуза беришсин" десе намазы бузулбайт эле.
Дагы бир сөзүндө "Токмок, Каракол, Ошто башка партиялардын өкүлдөрү бийликте турат. Алдын ала бир партияга күнөө арта берген болбойт. Көбү Бакиевди кайтып келсе экен, мени, КСДПны жок болсо экен деп кыялданышат. Бирок антип күтпөй эле койгула" дейт Президент. Буга улай эле ал президенттик мөөнөтүнүн аякташына 3 жыл 11 ай 14 күн калганын айтат. Балким Бакиевдин кайтып келишин айрым чиновниктер кааласа каалагандыр, бирок КСДП партиясынан кызматка келгендер мыкты иштеп өлкөнү өнүктүрүп жатса партиянын жок болуп кетишин ким тилемек эле? Баарынан да Президент өзү президенттик мөөнөтүн жыл, ай, күнүнөн бери көрүнгөн жерде санай берсе ага ким ишенет? Кыргыз тарыхында эл башкаргандар керек болсо өтүшкөн оорусун жашырып, элди жакшылыкка, ийгиликке үмүттөндүргөн. Орой болсо ажобуз кечирип койсун, бирок о дүйнө кете тургансып күн санай берсе элдин деле өлкө башчысына болгон ишеними сууйт да.
Кыскасы, жаман болсо да Президентибиз аман болсун. Президент өзү айткандай, өзүн эл күзгүсүнөн бир карап, айткандарын бир аз таразалап көрсө өлкөдөгү кырдаалды айрым депутат, журналисттер менен кошо өзү да чайпап жатканын баамдайт эле.
СОВЕТ уулу Мелис





Тайырбектин тапканын качан санайбыз?
Депкомиссия сатылдыбы, же…

Башбакандын орунбасары Тайырбек Сарпашевдин ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын ушул шейшембиге белгиленген жыйыны өткөн жок. Буга Тайырбек Дүйшекеевичтин чет өлкөдө жүргөнү жана айрым комиссия мүчөлөрүнүн командировкага кеткени себеп болду. Келаткан дүйшөмбүдөгү отурумда тийиштүү органдардын маалыматы угулуп, комиссия вице-премьерге карата баасын берери күтүлүүдө.
Ишенимдүү булагыбыздан алынган маалыматка таянсак, тийиштүү органдар (Бишкек мэриясы, Юстиция министрлиги, УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, прокуратура, Мамлекеттик каттоо кызматы ж.б.) бардык документтерди депутаттык комиссиянын төрагасы Максат Сабировго жөнөткөн. Кеңири маалымат алуу максатында Сабировго байланышуудан майнап чыккан жок. Айтмакчы, вице-премьердин фирмалары жөнүндө маалыматты элге бакылдап чыккан, демейде журналисттерди өзү чакырып, ар кыл билдирүүлөрдү таратчу Максат Эсеновичтин чөнтөк телефонун көтөрбөй, дайын-дарегин билдирбегени күмөндүү ойду жаратпай койбойт экен. Дегенибиз, Тайырбек мырза комиссия мүчөлөрү менен жекеме жеке сүйлөшүп, "соодалашып" жатканы тар чөйрөдө кызуу талкууланууда. Эгер "соодалашуу" жемишин берсе, вице-премьер суудан кургак чыкпайбы? Муну комиссия жыйынтыгы көрсөтөт.
Т.Сарпашевдин үй-мүлкү, фирмалары тууралуу маалымат алалы деп тийиштүү органдын жетекчилерине коңгуроо каксак, алар кайпактата жооп узатышты. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев менен Юстиция министри Алманбет Шыкмаматовдун жообу мындай болду.

Эрлан САПАРБАЕВ, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы:
"Комиссияга жооп даярдап жатабыз"
- Депутаттык комиссия сиз жетектеген мекемеге кат менен кайрылган экен. Т.Сарпашевдин жеке өзүнө же жакындарына катталган мүлктөр тууралуу фактылар табылдыбы?
- Бизге депутаттык комиссиядан кат келгени чын. Учурда ага жооп даярдап жатабыз. Тайырбек Дүйшекеевичтин жана анын жакындарынын кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү тууралуу маалыматты аталган комиссияга беребиз. Бирок мүлктөрдүн тизмесин жарыялоо мыйзамга каршы келгендиктен сизге толук маалымат бере албайбыз.

Алманбет ШЫКМАМАТОВ, Юстиция министри:
"Компаниянын аттарын тактап жөнөткөнбүз"
- Вице-премьер Т.Сарпашевге жана анын жакындарына тийиштүү компанияларды тактай алдыңыздарбы?
- Депутаттык комиссиянын катына жооп жазып жөнөткөнбүз. Анда компаниялардын аттары жана негиздөөчүлөрү ачык көрсөтүлгөн. Бул боюнча кеңири маалыматты депутаттык комиссия бергени оң.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Жаманды коңшусу...
Ак-Сайдын арманы - азыркы бийлик дарманы

Жума башында Баткен облусунун Ак-Сай айылында элди сыздооктой сыздаткан чек ара чыры кайра чыкты. 17-декабрь түнү кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда болгон жаңжал кыргыз-тажик чек арасына жакын кыргыз жаранынын чайканасынын өрттөнүп кетишинен улам чыккан. Ак-сайлыктардын айтымында, чайкананы тажик жарандары өрттөп кетишкендиктен алар кылмышкерди жазалоо жана Ворух анклавын айланып өтүүчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолун бүтүрүү талабы менен Ворухка кирчү жолду тосушкан. Мурдагы күнү талаптар аткарылбаса кайра жол тосушарын билдиришкен Ак-Сай айыл эли кечээ түшкө жакын жолду кайра буушту.
Быйыл кыргыз тарап чек ара чырын токтотуу максатында Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолун куруп баштаган. Апрель айында буга нааразы болгон тажик тургундары жол кургандарды ташбараңга алышып, техникаларды талкалашкан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң эл тынчып, бирок жол куруу токтоп калган эле. Тажик тарап мындай аракетин ал жердеги чек ара тактала электиги менен түшүндүрүшкөн. Кыргыз чек арачылары болсо жол курулуп жаткан аймак чек арадан 500 метр бери экенин айтышкан. Аймакта жашаган кыргызстандыктардын айтымында, эгер аталган жол курулса Ворух анклавынын Тажикстандын Исфара шаары менен байланышуусу кыйындайт. Ошондуктан тажиктер жолду салдырбоо аракетин көрүп чагым кылып жатышат дешет ак-сайлыктар.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин "баары көзөмөлдө, ал жакта азыр акыбалды турукташтырууга күч структуралары жетиштүү" дегени менен эки элдин ортосундагы абал курч бойдон турат. Эки күн мурун Тажикстандын Согди облус башчысынын орунбасары Жумабой Сангинов чайкананын өрттөлүшүн тажик тарап атайын чагым катары бааларын билдирди. Ал эми депутат Улукбек Кочкоровдун айтымында, кыргыз бийлиги жакшы маани бербесе Лейлек району анклавга айланып калышы мүмкүн. "Таш-Тумшук айылынан 104 үй-бүлө көчүп кеткен. Минтип отурса жакында айылда эч ким калбай калат. Чек ара аймактарына качан жолдор курулуп, жеңилдиктер каралат?" дейт Улукбек Кочкоров. Буга жооп кылган премьер 2014-жылы чек ара маселесин чечүүгө бюджеттен 100 млн. сом бөлүнөрүн билдирди. Кыскасы, кыргыз-тажик чек арасында акыбал азырынча курч. Эл Ворухту айланып өтүү жолун куруп берүү талабын токтотпоону билдирүүдө. Чек ара кызматы болсо окуя болгон жерде акыбал тынч деген маалыматты таратты.

Мелис СОВЕТ уулу