20.12.13 Лира Урманбетова, ырчы:
"Эки фронтто ойногон эркектер жакпайт"

Мындан эки жыл мурун өлкөбүздө төбөсү көрүнүп калган, кыргыз, орус, англис тилдеринде ырдаган ырчы Лира Урманбетовадан маек кылган элек. Анда ал америкалык менеджери Дина Ривьера менен келип интервью берген. Дүйнөгө таанымал болгусу келген, репертуарында көптөгөн ырлары бар ырчы Россиядан жакында эле кайтып келди. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги криминалсың деп АКШга жибербей койгон таланттуу ырчы жаңы жылды утурлай бизде мейманда болду.

- Лира айым, бир жарым жылдан бери чет өлкөлөрдө жүрөсүз. Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар?
- Жакында эле Москва шаарынан келдим. Алты ай чыгармачылыктан алыстаганым менен ал жакта ар кандай конкурстарга катышып, "Чужой среди своих" деген тасмага тартылдым. Фильмде кыргызстандык Алиша деген кыз экөөбүз экинчи эпизоддорго түштүк. Мындан тышкары мурдагы MTV, азыркы "Пятница" деген каналдын "Свидание со звездой" деген программасына тартылдым. Ал да өзүнчө мага тажрыйба болуп калды. Мындан сырткары азыр эки-үч ырдын үстүндө иштеп жатам. Буюрса хит ырлар болот деген оюм бар.
- Москвада негизинен орусча ырларга басым жасалса керек?
- Эми ал жактын форматы башка да. Ал жакта чет өлкөлүк ырлар деле көп кабыл алынбайт же шансон ырдашың керек. Албетте, көбүнчө орусча ырдадым, кез-кезде өзүмдүкүн да кошуп ырдап коюп жаттым. Кыргызстандык бизнесмендердин ресторан, клубдарында чакан концерттерди берип калдым.
- Россия эстрадасында атаандаштык чоң. Ал жактан чыгууга аракет кылып көрдүңүзбү?
- "Богемный рай" деген топтун продюсери Сергей мага келишим түзүп, чогуу иштешели деген сунуш кылды. Бирок башында бери жагы эле 6-7 миң доллар салыш керек экен. Экинчиден, келишим түзгөн соң өтө катуу көзөмөлгө алынып, өлүп-талып иштешиң керек болот. Ошол жагын ойлоп баш тартып койдум. Чынын айтканда Россияда чыкса болот, бирок ал жакта деле шоу-бизнестин мафиясы бар. Ошондуктан чоң акча, "крыша" сөзсүз болушу керек. Экөө болсо эртең эле жылдыз болуп чыксаң болот. Бирок буга кызыккан деле жокмун. Анткени Россияда чыгарган ырыңдын үзүрүн Европа, Америкадагыдай көрө албайсың. Орус ырчылары бул жагынан кыйын абалда калышат экен.
- Түркия, Малайзия, Вьетнам, Тайвань сыяктуу өлкөлөргө көп чыгып жүрөсүз, ал жактарда канчалык деңгээлде таанымал болдуңуз?
- Профессионалдуу музыканттар жакшы эле таанып калышты. Мисалы, Россияда аз убакыт болгондугума карабай таланттуу музыканттар арасында таанылып калдым. Кыргызстандан экенимди угушуп таң калышты.
- Бир кезде Америкага кеткени жатканыңызды жаздык эле. Ал максат эмне болду?
- Мени Америка элчилиги үч жолу жибербей койду. Себебин сурасам, сен криминалсың дешти. Мен жөнүндө укмуштарды ойлоп табышкан окшойт. Эгер мен криминал болсом анда АКШда кандай адамдар отурат билбейм.
- Чет өлкөлөрдө жаш кыз ырчыларга продюсерлерден интимдик сунуштар көп түшөт деп угабыз. Ушундай жагдайларга туш болдуңуз беле?
- Андайлар толтура. Ошол себептен көп жерде кызматташуудан баш тартасың да. Кыйналып, тытынып акча тапсам да өз мээнетим менен тапканым жакшы дейсиң. Канткен менен бизде кыргыздын каны, басынбоо деген бар. Мындайдан өтүүгө өзүмө да жол бербейм.
- Фейсбуктагы баракчаңызга "мен өткөн өмүр мектебинен көп адамдар өтөт, бирок сынып калышат, а мен эч качан сынбайм" деп жазыпсыз. Турмушта эң оор кандай сыноолордон өттүңүз?
- Көп сыноолордон өттүм. Бирок анын баары сыр бойдон калышы керек. Турмуштагы сыноолордон сына берсе адам жок болуп кетиши мүмкүн. Азыр таланттуу кыргыздар ар башка өлкөлөргө келишим менен кетип жатышат. Ал жакка барганда ар кандай кырдаалдар болот. Мисалы, топтун жетекчиси жактырып калып көзөмөлдөй башташы мүмкүн. Мисалы, Москвада клуб, ресторандарда жалгыз ырдап каласың. Клубдагы криминал, бизнесмен адамдар талантыңа, сырткы келбетиңе кызыгып калып, өз максатына жеткиси келе баштайт. Ошондой учурда эптеп жол таап кыйын акыбалдан чыгып кетиш керек. Ал миллионер, президент болобу, жакпаса маданияттуу түрдө же калп айтып акырын жылып кетүүгө туура келет. Бир жолу Москвада грузин криминалдарынын төбөлү мени машинесине салып кетем дей баштады. Ырдап берем демиш болуп сыртка чыгып качып кеттим.
- Чет өлкөлөргө көп чыгасыз, учурда канча тилде эркин сүйлөй аласыз?
- Англис тилинде эркин сүйлөйм. Армянча, түркчө бир аз сүйлөй алам.
- Сиздикиндей мүмкүнчүлүгү бар кыргыз кыздары эбак эле бай чет өлкөлүккө турмушка чыгып кетмек. Сиздин эмдигиче турмушка чыкпай жүргөнүңүз кызык...
- Чынын айтканда, чет өлкөлүктөрдөн менин аялым болосуң, алакачам дегендер көп эле болду. Бирок менин оюмдагыдай жигит чыккан жок. Анүстүнө менде мекенчилдик күчтүү. Далай чет өлкөлүк спортчулар, мен сулуумун деген жигиттер келип тийишип, менин "девушкам" бол дешти. Түркиядан деле түрккө турмушка чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөр болгон. Бирок негедир баары мага жакпады.
- Бир кезде социалдык баракчаңызга "акылдан адашканча сүйгүм келет" деген фразаңызды окуп калдым эле. Чыныгы сүйүүгө чын эле кабыла элексизби?
- Ооба, кабыла элекмин. Кабылсам эбак турмушка чыгат элем да. Эгер мен чындап бирөөнү сүйбөсөм күйөөгө деле тийбей жүрө берет болушум керек. Сүйбөй бирөөгө баш кошууну адамга кишен салгандай эле көрөм. Ата-эне айткан жигитке турмушка чыгыш керек, кыздын барар жери күйөө деген стереотиптер мен үчүн эмес. Бул жашоого бир жолу келген соң таңууланган адам менен жашагым келбейт. Андай болгон күнү да ал адамдан бир күнү болбосо да бир күнү кетем. Ошон үчүн мени түшүнгөн, мени менен бир пикирге келе алган жигитке гана турмушка чыгам.
- Аялзаты катары сыртыңыздан өтө кайраттуу көрүнөсүз. Көкүрөк сууп ыйлаган учурларыңыз болобу?
- Көп эле болот. Мен деле башка аялзатындай аябай жумшак, ак көңүлмүн. Элге көп жакшылык кылгым келет. Колуман келбей калса да акыркы тыйынымды бергим келет. Балким мунун жаман жагы да бардыр. Анткени кээде бирөөгө чын дилден жакшылык кылсаң кайра жамандык жасап, таарынтып коет. Бирок мен андай адамдар менен урушпай эле кетип калам. Бир күнү болбосо да бир күнү ал кечирим сурайт. Же аны да бирөө ал мени таарынткандай таарынтат.
- Сизди өтө сексуалдуу көрүнгөн ырчы деп калышат. Белдүү кыргыз ишкерлеринен, бизнесмендерден келинчек же экинчи аял болуу сунушу түштү беле?
- Менимче эркек үчүн биринчи келинчеги акыркы аялы болушу керек. Аны аял кылып алдыбы, ал жакшынакай балдарды төрөп бердиби, эркек ошого шүгүр кылып, Кудайга тобо деп жашашы керек. Мага эркектердин эки фронтто ойногону такыр жакпайт. Балдары турган соң эркек ошолорго аталык тарбия берип, мээримин төгүп, балдары менен жашоонун жыргалын татышы керек. Неге ал экинчи фронтту, ангарды издеши керек? Же эркектер биринчи ангар болбой калса, экинчисине коно калам деп жүрүшөбү, түшүнбөйм. Мен бирөөнү ыйлатып экинчи жубай болгуча, баш тартып жалгыз жүрүүнү тандайм.
- Башы бош, бай жигит колуңузду сурасачы?
- Андай жигиттерге каршы эмесмин. Бирок жана айткандай, дагы деле анын жандүйнөсүнө, кандай максатта сунуш кылып жатканына карайм. Чын дили менен өмүрлүк жолдош кылуу ниети менен калп айтуу тез эле билинип калат. Жалган эртең эле суу үстүндө камгактай калкып чыгып калат.
- Гезит-журналдарда жарым ачык түшкөн сүрөттөрүңүз көп. Муну менен элге өзүмдү жеңил ойлуу ырчы көрсөтүп алган жокмунбу деген ойлор келеби?
- Ойлогондор ойлой беришсин. Мени көргөн-билгендер башкача пикирде. Мен Бейонсе, Рианнамын, мен Женнифер Лопесмин, Алла Пугачевамын деген күндө да элге азыр жүз пайыз жагыш кыйын. Ырчынын отуз пайыз угарман, көрөрмандарга жагуусунун өзү чоң утуш. Мен жакпаймынбы укпай, көрбөй коюшсун, мен ар кимисине жагынып жүрө албайм.
- Сизге интимдик кадрлары бар тасмага тартууга сунуштар түштү беле, түшсө макул болот белеңиз?
- Ачык тартылуунун эки варианты бар. Ошол эле Мерлин Монрону карасаңыздар тасмаларда такыр чечинген эмес. Бирок кандайдыр бир эротикалык кыймылдары болгон. Мисалы, көз карашы, эриндери, мимикалары менен ойноп койгон. Ушундай ойно десе макул болмокмун. А вульгардык нерселерди көргөзгөнгө такыр каршымын. Мейли, миллион сунуш кылышса да макул болбойм.
- Нурбек Эгендин "Ээн үй" тасмасын ар ким ар кандай кабыл алды. Сиз кандай кабылдадыңыз?
- Башкаларга кандай болду билбейм, мага жакты. Мен тасма маңызынын таптакыр башка жагын карадым. Чынында, кыз кыйынчылыкты көп көрдү, аны тебелеп-тепсешти, аягында ал жөн жерден өлүп калды. Тасманы көрүп жатып мен адам кыйынчылыкка туш болсо да жеңил ойлуулукка берилбеш керектигин, турмуш сыноосуна сынбаш керек экендигин түшүндүм. Кыскасы, жеңил ойлуулуктун аягы жакшы бүтпөсүн бул тасмадан көп кыздар түшүнөт болуш керек.
- Келечекте өзүңүздү ким катары көргүңүз келет?
- Аны айта албайм. Анткени азыр турмуш өтө тез өзгөрүп, эртең ким бар, ким жок дегендей жашоо болуп жатат. Бир күндө эле биртоп нерсе өзгөрүп кетет. Башкалар деле азыр келечегин жүз пайыз ишенимдүү айта алышпайт. Ошентсе да тогуз ай улам бирин көтөрүп кыйналбай, бир төрөгөндө эле үч эмди төрөп алгым келет. Балдарым сүйгөн адамыман болсо деп тилейм.
Мелис СОВЕТ уулу