20.12.13 Арманым аттын башындай
Эй асылзаттар, мени уккулачы!

Алыскы Жалал-Абаддан телефон чалып биз менен байланышкан 63 жаштагы Турарбек Асанов агай жүрөгүн өйүгөн маселесин айтты. Өмүр бою агартуу кызматын аркалаган агайдын айтканын окуган кыргыздын башы бош, ыймандуу айымдары балким ойлонуп калаар деген ойго келдик.
- Ош педагогикалык институтун кызыл диплом менен 1976-жылы бүткөм. 33 жыл мугалим болуп иштеп, он беш жыл мектепте завуч болдум. Сегиз балам бар, эки уулум Кыргызстанда, калгандары Орусияда иштешет. Кудайга шүгүр, ал жагынан баары жакшы, аталык милдетти аткарып жашоолоруна шарт түзүп бергем. Мектепте иштеп жүргөндө жылдын мыкты мугалимине татып, А.Акаевдин кабыл алуусунда да болгом. Окуучуларым олимпиадаларда алдыңкы орун ээлеп, шахматтан облустун чемпиону болуп мен аларды машыктырып жүрдүм.
Ошентип бактылуу болуп жүрүп эле бир күнү жерге кулап түшкөндөй болдум. Мындан эки жарым жыл мурун аялым каза болуп, жалгыз калдым. Негизи эркек аялынын артында калбаш керек экен. Ар бир баламдын өз үй-бүлөсү, түйшүгү, жашоосу бар. Аял жок жашоо, турмуш өзүнчө эле тозок тура. Байбичем өлгөндө бир жылга чейин аял жөнүндө дегеле ойлогон жокмун. Бир жыл жалаң ый менен өтүп кетиптир. Аны эстегенде ыйлап жүрүп башым ооруп калганда айласыздан токтотууга туура келди. Аялымды эстесем эле көзүмдөн жаш булак болуп кетет.
Чындыгында азыр күн сууктап, айылдагы элдин баары от жагып, алардын үйүнүн төбөсүндөгү мордон түтүн чыгат, а менин үйүмдөн түтүн чыкпайт. Ошол үйдүн ичинен түтүн чыкканы бул үйдө жашоо болуп, үмүт уланып жаткандын белгиси, ал эми түтүн чыкпаган үйдө жашоо кем экенин көргөзөт тура.
2010-жылы мен алтымыш жашымды белгилеп, дүңгүрөтө чоң той өткөргөн элем. Ошондон көп өтпөй эле аялымдын кан басымы көтөрүлүп каза болуп калды. Оору кадырын соо билбейт дегендей, жалгыздык башка түшмөйүнчө адам баласы ал эмне экенин билбейт экен. Байбичем көз жумгандан кийин чыныгы жалгыздыкты башыман өткөрүүдөмүн. АКШнын илимпоздорунун иликтөөсүнө таянсак, үй-бүлөлүү адамдарга караганда жалгыз бой адамдардын өмүрү кыска болот экен. Ушул үч жылдын ичинде мен бир далай өмүрүмдү өткөрүп жибергендей болдум. Антпесе өзүм өмүр бою ичкен, чеккен эмесмин, спортко кызыгып, үй турмушуна тыңмын. Байбичесинин артында калган А.Токомбаев "Муңдашым Мунар кайдасың" деп жазганы бекеринен эмес тура. Аялдар мышык, ал үйдүн каалаган жерине батып жата алат, эркектер ит, ал үйгө батпай сыртта калат деп байбичем айтып калчу эле.
- Жубайыңыздын көзү өтүп кетпесе анын кадырына жетпейт белеңиз?
- Мен анын кадырын көзүнүн тирүүсүндө эле билчүмүн. Анын адамдык касиети башкача эле. Экөөбүз бири-бирибизден көңүлүбүз калган эмес. Ошондой жакшы аял менен да жашаган бир чети жаман экен деп калдым. Эгер аялым жаман болуп чырылдашып турсак, балким мен аны тез эле унутуп калат белем... Балдарым кудайга шүгүр, бир балам Ош шаарында заводдун директору, экинчи уулум дагы бир заводду жетектейт. Алардан эч нерсе сурабайм, өзүмдүн оокатым жетиштүү. Мактаныч эмес, короомдо малым, алдымда машинем, үстүмдө заңгыраган үйүм бар. Ден соолугум азырынча кудайга шүгүр. Баары жетиштүү болгону менен жалгыздык гана жанды жейт.
- Балдарыңыз экинчи жолу төшөк жаңыртыңыз деп айтышпадыбы?
- Айтып да, өздөрү да ылайыктуу аял издеп жатышат. Алар муну ал, тигини ал деп айтышпайт, аялды тандоо боюнча менде эркиндик бар. Мындан 30 жыл мурунку аялдар менен азыркы аялдардын түшүнүгү, аң-сезими таптакыр бөлөк экен. Учурда күйөөсү жок айымдар ойнош болууга жарайт, бирок аял болууга жарабайт тура. Алар ойноп-күлүп жүрсөк, шаарда гана жашасак деген ойдо болушат. Айылда жашоону каалашпайт.
Азыр Кыргызстанда 30-40 жаштагы жигиттер бойдок жүрүшөт. Алар алыс жакка иштегени кетип аял менен жашашпайт. Элестетип көрсөңөр, ушунча жыл аялга жолобогон эркек импотент да. А импотент болуу кыргыздардын тукум улоосун кыскартат. Кыргызстанда 10-15% эркек жапжаш туруп эле импотент экен. Дагы бир жаманы - ичкичтер көп. Кээ бир гезиттердин таанышуу бурчундагы 25 жаштан жогоркуларды карасам дээрлик 85-90%ы эркектер. Ошондуктан кыргыз эркектери жок болуп кетүү коркунучунда турат окшойт деген ойго жетеленесиң. Кыздарыбыз чет мамлекетке импорт эркектерге кетип жатса... Өткөндө нарындык эки кыргыз жигитке эки япон кызы турмушка чыгыптыр. Аларга абдан суктандым. Ошол япондук кыздын сүйүүсүн багындырган жигит азамат экен.
2012-жылы 1800 аял чет мамлекетке турмушка чыгыптыр, алардын ичинен корей, орус, америкалык, тажик, немис, кытай, түрктөргө чыккандары бар. А бул жакта калган кыргыздын жигиттери алардай болуп америкадан, немистерден, кытайлардан аял издеш керекпи? Андан тышкары 14 жаштан 17 жашка чейинки 1200дөн ашык кыздар аборт жасатыптыр, 5000-10000 кыз сойку болуп көчөдө турат, булардан кандай бала төрөлөт? Илгеркидей кыргыздын баалуулугун сактаган аялдардын азайганы өкүнүчтүү. Кыргыздарда жакшы айымдар көп, бирок ошол жакшы айымдарды жаман айымдар жаап жатпайбы.
Байбичем каза болгондон кийин жалгыздыктан тажадым, кыйналдым, үйлөнүш керек болду. Тааныштар ортого түшүп бир жаш келин менен тааныштырышты. Анын жашына караган жокмун, айтор аял алыш керек эле. Сени бага турганын ал деди, кээси төрөбөсө аялдар кете берет дешти. Ал эми мендей болуп аялынан ажырагандар бир нече жолу үйлөнгөнүн укканда жүрөгүң түшөт экен. Анан өзүмдөн 36 жаш кичүү келинге үйлөндүм. Жакшы эле сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Экөөбүздүн жаш айырмачылыгыбыздан уламбы, көз карашыбыз келишпеди. Мен чарчап келсем ал эркелегиси келет. Ар кандай сөздөрдү айтат. Андан кийин анын боюнда болуп калды, ошондон кийин оокат жасабай, кир жуубай, мага башкача мамиле жасап, ар кандай сөздөрдү айта баштады. Мени чанып жатабы деген ойго келдим. Бир күнү кетким келип жатат деди, макул дедим да Жалал-Абаддагы төркүндөрүнө жеткирип келдим. Кийин боюнан алдырып салыптыр деп уктум. Чындыгында мен физиологиялык жактан кудайга шүгүрмүн. Боюм 185 см, салмагым 90 килограмм. Жанталашып эмгектенип, өзүмдүн жашоом үчүн күрөшүп, жакшы шарт түзүүгө аракет кылдым.
Балдарым тез-тез келип кабар алып, көңүлүмдү көтөрүп, аял издеп жатасызбы деп калышат. Чындыгында учурда мага окшогондор көп. Эң жаман көргөнүм, үйдө от жагып, аялдардын оокатын кылгым келбейт. Малды, короо жайды жакшы карайм, бирок үй жумушуна келгенде эле жасагым келбейт, муздаткычта эт, тамак-аш толуп турса да даярдап ичким келбейт. Силерден суранарым, мага окшоп жашы өтүп бараткандар, өмүрлөш издейбиз деген кыргыз карыя, жигиттери көп экен, жардам иретинде таанышуу бурчун ачса болот беле? Сойкулар жөнүндө жазып жатасыңар, а гезит аркылуу таанышып баш кошсо эмнеси уят?

Кагазга түшүргөн
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА