13.12.13 Сыздоок
"Кыргызпочтасы" "кызматы качан "оңолот?

Мамлекеттин каржылоосу же көзөмөлү жоктугунанбы, айтор, акыркы жылдары "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын иши ич жылытарлык эмес. Айрыкча аталган ишканадан ири карыздарын өндүрө албай жүргөн гезит-журналдардын "Кыргызпочтасына" дооматы күч. Бул мекеменин жетекчиси алмашкан сайын редакциялар менен толук эсептешип бүткөнү калганын, укмуш реформа жүрүп жаткандыгын айтып тил эмизишкени менен жыйынтык болбой келет. Айрым гезит редакторлору ачык айтышпаса да "Кыргызпочтасынын" облустук, райондук бөлүмдөрүндө бюрократия, паракорлук укмуш экенин өз ара кеп кылып эле жүрүшөт. Минтип өз билген намазын окуп, мезгилдик басылмаларды алыскы райондорго жеткирүүнү жемкорлукка айлантып алганга ким жол берип жатат? "Кыргызпочтасы" эмне менен оокат кылып, ким көзөмөлдөйт? Мекеменин негизги милдеттери кайсылар? Бул мекеме элге кандай кызмат көрсөтүп жатат? Ушул суроолорго жооп издеп көрдүк.

"Кыргызпочтасы" кылчу милдеттер
"Кыргызпочтасы" өлкө боюнча тамыры кенен жайылган ири мамлекеттик ишкана. Учурда анын республика боюнча 922 байланыш түйүнү бар. Мекеменин өздүк веб-сайтында "Кыргызпочтасынын" миссиясы - калктын почталык турмуштук-маанилүү, почталык-акча сактоо, финансылык, маалыматтык жана башка кызматтарга болгон муктаждыгын канааттандыруу деп жазылган. Буга улай почтанын негизги тапшырмалары катары - башкаруу системасын заманга ылайыкташтыруу, системалуу анализ жана оптималдык финансылык-экономикалык саясат жүргүзүү, кызматкерлердин квалификациясын дайыма жогорулатып туруу, эмгек акы төлөмдөрүн көтөрүү, өндүрүш чыгымдарын азайтып, өндүрүштүк ишмердүүлүктү жогорулатуу көрсөтүлгөн. Ошондой эле аталган сайтта "Кыргызпочтасынын" кызматкерлеринин жалпы саны 4 миң экени, облустук, райондук борборлорго почтаны жеткирүү жумасына 5 жолу, а байланыш түйүндөрүнө жумасына 3 жолу жүргүзүлөрү бакыйта жазылып турат. Мындан сырткары республиканын почта байланыш тармагы бүгүнкү күндө акча которуу, посылка, кат жөнөтүү, мезгилдүү басылмаларды таркатуу, пенсия, пособие төлөө, коммуналдык кызмат, газ, электр энергиясы, суу, телефондук байланыш, автоунаалардын техникалык кароо төлөмдөрүн кабыл алуу, жол эрежесин бузуу айыптарын кабыл алуу кызматтарын көрсөтөрү белгиленген.

Кыйратам, жыргатам деген жетекчилер кайда?
Тилекке каршы, "Кыргызпочтасы" жогоруда айтылгандардын көбүнөн майнап чыгара албай, мамлекетти күнөөлөп келет. "Жаңы Агым" гезити кезинде "Кыргызпочтасынын" мурдагы башкы директору Иманкадыр Рысалиевге кайрылып, ал ишканада укмуш реформа жүргүзүп жатканын, жакында ишкана жаңыча кызмат кыларын сүйүнчүлөгөн. Андан кийинки жетекчи Жусупжан Тургунбаев да "Кыргызпочтасы" карыздарынан кутулуп бүткөнү калганын айтып, ишкана "иттей сонун" иш жүргүзүп жатканын баса белгилеп мактанып алган эле. Өмүрбек Бабановдун премьер-министр болушу менен бул ишканага Айдар Мокенов жетекчи болуп келген. Ал кызматтан алынганда "Кыргызпочтасынын" кызматкерлери аны коргоп чыгып, Мокеновдун кыска убакытта мекемени оңдоп, жаңы почталык кызматтарды киргизгенин айтып чуулдап чыгышкан. Мекеме жамааты Айдар Мокенов келгени "Кыргызпочтасын" башкарууну борборлоштуруу, көзөмөлдөө процесси күчтөнүп, мекеме кирешелерин жашырууунун себептери ачыкка чыга баштаганын билдиришкен. Тилекке каршы, Айдар Мокенов кызматтан алынып, ордуна мурдагы Транспорт министринин орунбасары Таалайбек Эшалиев келген. Быйылкы жылдын июнь айында кызматка киришкен Таалайбек мырза почтанын көйгөйлөрүн жакшы билерин жана берилген мүмкүнчүлүктү аларды чечүүгө жумшарын билдирген. Бирок анын келгенине жарым жыл болгону менен "Кыргызпочтасы" карызы азайып, өнүгүүгө багыт ала элек. Бир эле мисал, бүгүнкү күнү "Кыргызпочтасы" "Жаңы Агым" гезитине эле 90 миң сом карыз.

Эл берген акча ээсине жетпей...
Аталган ишканада тынымсыз реформа жүргөнү менен негедир гезиттер менен эсептешүүгө шашылган эч ким жок. Эске салсак, кезинде "Кыргызпочтасынын" 2 млн. сомду төлөп бербегендигинен улам КТРКнын 1991-жылдан берки чыгып келаткан "КТР-Обо" гезити 2009-жылы жабылып тынган. А 2008-2009-жылдары "Кыргызпочтасынын" жеткиликтүү иштебегендигинен улам "Обон", "Аалам", "Заман Кыргызстан", "Периштем", "КТР-Обо" гезиттеринин тиражы кескин кыскарып кеткен. Азыр да жеке менчик гезиттерди өгөйлөөдөн, облустук, райондук почта бөлүмдөрүндөгү паракорлук, бюрократиядан улам карапайым эл каалаган гезитин алып окуй албай турат. Окурмандардан чогулган акчалар редакцияларга өз убагында кайтарылбагандыктан, айрым гезиттер көз көрүнөө эле жабылып калууда. А "Кыргызпочтасынын" филиал, бөлүмдөрүндө акчаны сол чөнтөккө соломойлор токтобой келет.
Эсептөө палатасынын маалыматына таянсак, 2008-жылдан 2012-жылга чейин "Кыргызпочтасында" акча кемүү 5767,7 миң сомдон 23287,6 миң сомго өскөн. Дебитордук карыз ошол эле үч жылда 14419 миң сомдон 58633,2 миң сомго көбөйгөн. 2011-жылы Бишкек почтасында эч себепсиз эле эмгек акыны жогорулатууга 7685,6 миң сом жумшалган. Бул жылы "Кыргызпочтасынын" башкы директорунун айлыгы 90 миң сом, анын эки орун басарыныкы 62 миң 700 сом экени ачыкка чыккан. Башкы бухгалтердики 23 миң сом болсо, шаардык, райондук филиал жетекчилеринин орточо эмгек акысы 11 миңден 20 миң сомго чейин болгон. А жер-жерлердеги почта кызматкерлеринин айлыгы 3,5 миң сомдон 4,5 миң сом экени тастыкталган. Ушул мисалдардан эле, гезиттерден чогулган акчалар кайда сиңип кетип атканын баамдасак болот.