13.12.13 Ысык-Көлдөгү митингдерди көлдүктөр уюштурган жок
Мындай пикирин Жети-Өгүз районундагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин өкүлү Чынара Ордобаева билдирди.
- 2011
- жылы тоо-кен тармагы боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык инвесторлорго болгон эң эле түз көзкараш Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болчу. Бирок акыркы бир жарым жыл ичинде кырдаал кескин өзгөрүп, учурда "Кумтөрдү" улутташтырууну талап кылган митингдердин байма-бай өтүп жатканына күбөбүз.
- Мен изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына толугу менен кошулам. Себеби Жети-Өгүз айыл округундагы элдин мамилеси "Кумтөр" инвесторлоруна оң эле болчу. Ал эми улутташтыруу деген маселелер такыр козголчу эмес. Ошондуктан менин айыл аймагымда митингдерди өткөрүү үчүн эч качан реалдуу себеп деле болгон жок.
Бирок парламент депутаттары эки күндүн биринде "Кумтөргө" байланыштуу көйгөйлөрдү козгоп жатканын көрүп жатабыз. Теле менен гезит аркылуу алтын кенди улутташтырууну талап кылышат. Балким ошонун бардыгы жергиликтүү элдин маанайына таасирин тийгизип жаткандыр. Ошентсе да бир да саясатчынын бизге келип ушул маселе тууралуу элдин пикирин сурап билүүгө аракеттенгендерин деле көргөн жокмун.
- Бирок митингдер болуп эле жатпайбы, компаниянын ишмердүүлүгүнө нааразы болгондор да жок эмес. Маселен, Саруу айылынын тургундары митингдерге чыгып келишет. Кандай конкреттүү маселелерди "Кумтөр" чечип берип жатат?
- Андай мисалдарды көп эле келтирсе болот, себеби "Кумтөр" Ысык-Көл облусунун бардык райондоруна жардам бергенге аракет кылат. Инвесторлордун эсебинен айыл-кыштактардагы мектептер, ооруканалар курулуп, оңдолуп, реабилитациялык борборлор ачылып, жолдор салынып жатат. Биздин айыл кандайдыр бир социалдык объект курабыз деп компанияга жардам сурап кайрылганыбызда, алардын жетекчилиги бир да жолу жок деген эмес.
Жер айдап же түшүм жыйнап жаткан маалда айылдыктар "Кумтөрдөн" күйүүчү-майлоочу материалдарды алышат. Айыл чарба техникасын сатып берген учурлар да болгон.
Жалгыз эле мен эмес, айылдаштарымдын көпчүлүгү биздин райондогу каршылык акциялары эмнеден улам чыгып жатканын түшүнүшпөйт. Узак убакыттан бери жакшы эле болуп келатып, бир заматта бардыгы жаман боло калгандай, эмне себептен жолдор тосулуп, Караколдо башаламандыктар болду? Саруу айылына көп эле каттайм, ал жердегилердин маанайы "Кумтөргө" каршыдай деле сезилчү эмес.
Митингдер облустагы туризм тармагына да залакасын тийгизип жатат. Мисалы, быйылкы жылы "Жети-Өгүз" курортуна эс алуучулар жылдагыдан аз келиптир. Ал эми Ысык-Көл районундагы кесиптештеримен ушул сыяктуу эле кептерди угуп жатам. Туристтердин саны кескин азайып кеткен.
- Алтын кенди улутташтыруу сунушуна пикириңиз кандай?
- Мен бул тармактын адиси болбогондон кийин мындай суроого жооп бере албайм. Парламентте жана өкмөттө ""Кумтөргө" байланыштуу маселелердин бардыгы эл жана өлкө кызыкчылыгына чечилет деп ишенем. Алтын кен азыркыдай эле ишин уланта бериши керек. "Кумтөрдүн" ишинин жакшы жүрүшүнө жердештеримдин көпчүлүгү муктаж. Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү да аталган компаниядан көз каранды.
Бир эле нерсени айтып коеюн, "Кумтөргө" байланыштуу маселелердин бардыгын биздин райондун тургундары саясатташтырып жаткан жери жок, мунун аркасында башка саясый күчтөр турганы анык.
Апсамат ЖУМАШЕВ





Азыркы "аппак кожо"
Сарпашев баарыбызды сайга аркандап кетеби?

Вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин өзүнө жана жакындарына таандык компаниялардын ишмердүүлүгүн иликтөөгө алган депутаттык комиссия жаңы фактылардын бетин ачууда. Анда "Градиенттен" сырткары дагы сегиз компанияга Сарпашевдин жакындары ээлик кылары айтылат.
Орус тилдүү басылмалардын бири Тайырбек Дүйшөкеевичтин өмүр жолун жиликтеп, ага тиешелүү "Градиент" фирмасы Бишкек мэриясы өткөргөн тендерлерден жеңип, жолдорду куруп жатканын, "Кумтөргө" мотор майларын ташып келерин жарыялаган эле. "Республикачы" Максат Сабиров ушу макалага таянып, вице-премьерге караштуу компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерүү керектигин билдирди. Андан көп өтпөй "Градиенттин" гендеректири Эмир Сарпашев депутаттардын айыптоосун төгүндөгөн билдирүүсүн таратты.
"Градиент" кандай иштерди аткарат? Тарых-таржымалы кандай" деген суроолорго жооп табуу максатында аталган компаниянын расмий сайтына баш бактык. Сайтта "Градиент" 1997-жылдын 25-февралында каттоодон өткөнү, мотор, күйүүчү-майлоочу майларды ташып келүү вазыйпасын аркалары так жазылып турат. Ошондой эле акыркы жети жылдан бери кайсы тендерлерден жеңгени, кандай иштерди жасаганы көрсөтүлүптүр. Ага ылайык, компания 2006-2009-жылдар аралыгында жалпысынан тогуз тендерге катышып, негизинен суу-ирригациялык иштерди, көпүрөлөрдү курууга катышкан. Бирок борбордогу же бөлөк аймактагы жолдорду куруу процессине аралашкан эмес.
Тайырбек мырза башбакандын орунбасарлыгына көчүк баскандан тартып "Градиенттин" "ити чөп жей" баштады. Маселен, ал Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулган тендерге катышып, борбор калаадагы көчөлөрдүн бирин ремонттогон. Анүчүн түрк кредитинин эсебинен 86 млн. сом бөлүнгөн. Мындан сырткары, мэрияны мотор майлары менен камсыздоо укугуна ээ болгон.
Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Нарын шаарындагы 1,5 км аралыктагы жолду оңдоо (бул максатта өлкө казынасынан 8 млн. 862 миң 600 сом чегерилген) жана 11 млн. 902 миң сомго дагы бир көчөгө асфальт төшөө милдети "Градиентке" жүктөлгөн. Ошондо "Градиент" бир жылдын аралыгында үч көчөнү оңдоп, Бишкек мэриясын мотор майы менен камсыздаптыр. Жогоруда токтолгондой, өмүрү көчөлөргө асфальт төшөө, оңдоо иштерине катышпаган компания Сарпашев ээрге мингенден тартып жолдорду оңдоочу фирмага айланып отурат. Эгер Тайырбек Дүйшөкеевич вице-премьерликти аркалабаганда "Градиент" тендерлерден жеңет беле? Депутаттык комиссия ушундай суроолорго жооп табуу үчүн иликтөөсүн жүргүзүүдө.
Вице-премьердин жеке өзүнө караштуу "Градиенттин" бир жылдагы жетишкен ийгилиги ушундай. А депутаттык комиссия Т.Сарпашевдин жакындарына тиешелүү сегиз фирманы таап чыкканын шардана кылды. Эгер ошол компаниялар дагы тендерлерден утуп чыкканы тастыкталса, анда башбакандын орунбасарына карата укуктук баа берүү маселеси жаралат. Бүгүнкүдөй коррупцияга каршы күрөш кызуу жүрүп жаткан мезгилде адамдардын статусуна, позициясына карабастан, бардыгына бирдей мамиле жасаларын, керек болсо туугандарын, досторун "садага" чабуудан кайра тартпастыгын ажо эчен ирет билдирген…




Бакыт КАЛМАМАТОВ, ЖК депутаты, комиссия мүчөсү:
"Сарпашев кызматынан четтетилиши керек"
- Депутаттык комиссия кандайдыр бир илинчектерди таба алдыбы?
- Биз Финансы министрлиги, Юстиция министрлиги, Финансы полициясы, Башпрокуратура, УКМК, Бишкек мэриясы сыяктуу мекемелерге кат менен кайрылдык. Учурда жооптор толук келе элек. Ал эми соңку маалыматка таянсак, Тайырбек Сарпашевдин жакындарына тиешелүү делген сегиз фирманы таап чыктык. Эми алардын кайсы тендерлерге катышканын иликтейбиз.
- Т.Сарпашев "Градиент" фирмасы агасы Эмир Сарпашевге таандык экенин танбайт. Эмир мырза маалымат каражаттары аркылуу тагылган айыптарды четке какты. Анын айтымында, "Градиент" "Кумтөргө" мотор майларын ташыбайт экен. Комиссия ушуга көңүл бурдубу?
- Комиссия ишти жыйынтыктай элек. Биз бардык талаштуу суроолорго жооп табууга аракет кылабыз. "Градиенттин" тендерлерди биринин артынан бирин утканы - Тайырбек Сарпашевдин кандайдыр бир деңгээлде салымы болгонун ырастайт. Себеби, Сарпашев вице-премьерликке дайындалгандан тартып "Градиент" тендерлерге катыша баштаган.
- Сарпашевди вице-премьерликтен убактылуу чет-тетүү талабы дагы деле күчүндөбү?
- Ооба, биз мындай демилгени көтөргөнбүз. Тилекке каршы, ага көңүл бурбай жатышат. Негизи мындай окуя буга чейин болгон. Өмүрбек Бабановго бир катар кине коюлганда, ал 1-вице-премьер-министрликтен убактылуу четтетилгени маалым. Тайырбек Дүйшөкеевич дагы өзүнүн актыгына ишенсе кызматын убактылуу өткөрүп бергени оң. Эгер таза болсо кайра кызматына отурат.




Профсоюз профессионалдуу жооп берет
Акыркы кезде окурмандардан Кыргызстан профсоюздар федерациясына багытталган ар кандай суроолор көп. Бири кызматтык укугун коргоо боюнча кайрылса, дагы бири эс алуу, дарылануу жана башка көптөгөн кызматка байланыштуу суроолорун узатып келишет. Ошол себептен биз аталган ведомствого багытталган ар кыл суроолорго федерациянын тиешелүү бөлүмдөрүнөн жооп алып турууну чечтик.

Ишкана жоюлуп кетсе эмгек акыны ким төлөйт?
- Жоготулган эмгек акымдын ордун толтуруу төлөмдөрүн төлөөчү ишкана жоюлган учурда эмне кылуум керек?
Ю.Иванников,
Балыкчы шаарынын тургуну, майып
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 255-статьясына ылайык, иш берүүчү жоюлганда тиешелүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттерди укук улантуучусу тартат, ага зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү арыз берилет. Эгер жоюлган иш берүүчүнүн укугу жана милдеттери укук улантуучуга өтпөсө, ал капиталдаштырууга жана Социалдык фондго зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнө турган сумманы төлөөгө милдеттүү.
Жоюу комиссиясынын курамына Социалдык фонддун өкүлү кирет. Жоюу отчету келечекте зыяндын ордун толтурууга төлөө үчүн зарыл болгон сумманы капиталдаштыргандан жана аларды Социалдык фондго которгондон кийин бекитилет. Эгерде иш берүүчү жоюлганда зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрүн капиталдаштыруу жүргүзүлбөсө, зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо Социалдык фондго берилет.

Арыз канча күндө каралышы керек?
- Зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү арыз канча мөөнөттө каралуусу керек?
А.Алиев, Бишкек шаарынын
Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 257-статьясына ылайык, иш берүүчү зыяндын ордун толтуруу жөнүндө арызды кароого жана он күндүк мөөнөттө тиешелүү чечим кабыл алууга милдеттүү.
Арызды кароону кечиктирүү же буйрукту белгиленген мөөнөттө бербөө зыяндын ордун толтуруудан баш тартуу катары каралат. Кызыкдар адам иш берүүчүнүн чечимине макул болбогондо, ошондой эле белгиленген мөөнөттө жооп алынбаганда талаш-тартыш сот тарабынан каралат.

Даярдаган Мелис СОВЕТ уулу