13.12.13 "СҮЙҮҮДӨН ААЛАМ ЖАРАЛГАН, СҮЙҮҮНҮН ӨЗҮ ТҮБӨЛҮК..."
Даңкы дүйнөгө кеткен атактуу замандашыбыз Чыңгыз Айтматов көп жылдардан бери четте жүрүп, жазуучулук менен элчиликти эки үзөңгүдөй тээп келет. Алыста жүрсө да өзүнүн туулуп-өскөн Мекенине болгон сүйүүсү дайыма жазуучуну убайымга салып, эчен кырлуу ойго түйшөлтөт. Ал бизге берген маегинде да сезилип турду...
Жазуучунун жүрөгүндө катылып эчен түрмөк-түрмөк айтылчу кептердин учугу жатат. Биз ошонун айрымдарына токтолуп, ошол маселелердин түрмөгүнө үңүлдүк. Чыңгыз Айтматов менен түндүн тээ бир оокумуна дейре мезгил, коом, саясат, адабият, тил, деги эле адам жашоосунун түбөлүктүү маселелери тууралуу узун сабак кеп кылдык.
Улуу адамдын жүгү да улуу, оор... Бул маекти алыскы Европага аттанар алдында берди... Жазуучу бизге өз Мекенинен алыска кетип баратып, кайра эле Мекенин сагынып тургандай сезилди...


Султан РАЕВ: - Чыңгыз Төрө-кулович, кылым оошуп, азыркы кыл тиштеген оомал-төкмөл дүйнөлүк сахнада адам акылына оңою менен жуук боло бербеген чукул бурулуштардын, кескин өзгөрүүлөрдүн, ал гана эмес, геосаясый тең салмактуулуктун бузулушу, жалпы эле жумуру жерди каптап келаткан глобализация процесси бизди бир саамга акыл чаргытууга, деги эле бул дүйнөлүк будуң-чаңда кайра-кайра айланып келип эле өзүбүздүн элибиз, жерибиз тууралуу ой жүгүртүүгө мажбур кылат.
Дүйнөлүк өнүгүш желеси алдыңдан чыккан бардык асыл түшүнүктөрдү каптап, адамзаттын эртеңки күнү, анын болочогу менен келечеги бүдөмүк ойлор бүктөмүндө калып, дүйнө табигый формула менен эмес, кимде күч болсо, ошонун амирине жараша кубулуп турганда, бизди кайрадан карайлаган элибиздин бу глобалдык өңүттөгү тагдыры кызыктырат...
Сиз бир жолку телеберүүдө: "Мен улуттун руханий атасындай болгон адаммын" деп айткан элеңиз.... бу кептин тереңине сүңгүп кирбесек да, мындай бир маселеге токтолушубуз абзел. Ырас, Айтматовсуз улуттук интеллектуалдык ойдун бийиктигин элестетүү кыйын. Бирок, бүгүн улут дүйнөлүк мейкиндикте өзүн-өзү идентификациялоо, калыптануу процессин өткөрүп, деги эле коом, өлкө чыныгы руханий асыл ойлорго муктаж болуп жатканда биздин интеллигенциянын, анын ичинде көркөм интеллигенциянын үнү угулбай, алардын ордуна чала сабат "политикандардын" трафареттик, күн карама чиновниктердин флюгердик саясаты басымдуулук кылып турганда, "коом каймактарынын" мынчалык "көңүл позициясын" ээлеши алардын улут алдындагы руханий парзын дагы бир жолу эске салууну каңкуулайт... Аларга айтылуу соцреалистчил жазуучу Горькийдин "Силер ким мененсиңер, маданият ишмерлери?" деген соболун таштагың келет.
Тээ 80-жылдар аягында, коммунисттик режим али өз табында турганда Айтматовдун үнү бүткүл доордун үнүнө жана улуттун үнүнө айланган... Мына ушул улут десе, эл десе өктөм чыккан үндү бүгүн Сизден жалпы эле өзүн кыргызмын дегендин баары уккусу келет... Сизди азыркы дүйнөлүк глобализация доорунда кыргыз элинин келечеги, тагдыры кандай түйшөмөлгө салат?..
Чыңгыз АЙТМАТОВ: - Бү-гүн дүйнөнүн өзү татаалдашып кетти, биз ойлогондон да башка бир нук менен татаалдашып кетти. Мен буерде бул ойду бүгүнкү дүйнөлүк сахнадагы күн сайын эмес, саат сайын өзгөрүлүп турган процесстердин тутумунан улам айтып жатам. Кандай болгон күндө да, адам табияты эң ириде өзүңдүн киндик каның тамган жериңи, элиңи, өлкөңү ойлойсуң, анан барып жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың... Чындыгында биз адамзат доорунун өтө оош-кыйыштуу чегине келдик. Эми ошондой болгон күндө да, тарыхтын өзгөрмөлүү, кубулмалуу эчен мисалдарын билсек да, ошол тарыхты жараткан адам, эл дайыма алдыңкы планда турат.
Бир жолку маегимде "Биз дүйнөнү, дүйнө бизди өзгөрттү" деп айтканым бар. Чындыгында турмуш парадоксу ушунда. Кээде адам өз колу менен жасаганды, өз жону менен тартат. Глобализацияда акыр барып адам акылынын туундусу болсо да, ал ошол адамдын алдына татаал суроолордун жандырмагын койду. Канткен күндө да глобализация процесси - бул улуу нерсе, бүт дүйнөнү камтыган процесс. Муну бир сөз менен түшүндүрүү кыйын.
Шекспирден тартып Достоевскийге чейин рух шаалары "Адамдагы адамдыкты издеген"... Качан гана биз адам жан дүйнөсүндөгү асылдуулукту, адамдагы адамдыкты сактап калганыбызда гана глобализация процесси пенде жашоосунун келечегине суроолуу чакырык таштабайт. Менин оюмча, бүгүнкү сүрөткер, көркөм интеллектуал милдети адам табиятындагы руханий башталышты сактап калууда турат... Ал эми сен айткан эл, жер, өлкө деген түшүнүктөрүбүз бүгүн курулай кыйкырыкка, жылаңач сүйүүгө, көкүрөк каккан патриотизмге муктаж эмес.
Советтик система ойрондолуп, мезгил чарыгы жаңы багытты карай алганы менен ал алдыбызга кыйын маселелердин түйүнүн таштады. Мурдалары локалдык, тоталдык окуялар тээ бизден алыста жүзө берип жаткан көрүнүштөр болсо, эми ал бизге жандаш келип, мурдубуздун учунда дүйнөлүк окуялардын театры ойнолуп жатат. Ал ошол эле Ооганстан, Ирак, НАТОнун кулач жайышы, диний экстремизм... кытай фактору... терроризм... Дүйнө чыңалып, жаңы бурулуштарга ык койду.
Азыр бизди улуттук кууш маселелер гана жарга такабастан, дүйнөдөгү реалдуу картинанын эпкини да ойго салат. Өзүбүзчө мамлекет, эркинбиз дегенибиз менен биздин ой-санаага баш ийбеген, бирок, аны менен аргасыз эсептешүүгө мажбур кылган маселелер алдыңкы катарга чыкты. Мындай өңүттөн алып карай турган болсок, алдыбызда толуп жаткан кыйын жагдайлар болушу мүмкүн.
Биз дүйнөгө дүйнөлүк бийиктиктен улам кароого милдет-түүбүз. Ошол ач шамалдай аркырап келаткан кубулуштарга биз чыдап туруштук бере алабызбы?.. Туруштук деген кармашуу эмес, ал акыл таразалаган атаандаштык, саясат, дүйнөлүк сахнадагы биздин жолубуз, багытыбыз, эртеңки күнүбүз кандай болот деген бүкшүмөл ой... Ким менен, кайсы ой менен бу дүйнөлүк сахнанын океанында бир кайыкта, бир багытта сүзөбүз?.. Бул суроо эчак эле биздин көйгөйүбүздүн орбитасынан чыгып кеткен актуал маселелер деп ойлоймун... Биздин дүйнөлүк интеграцияда ордубуз, алган багытыбыз болушу керек...
Ал эми бүгүнкү татаал дүйнөдө улуттук тар кызыкчылыктын гана маселе-соболу менен жашоо, демек өзүңдү-өзүң бурчка такагандык менен барабар... Элибиздин келечегин эч качан дүйнөлүк реалдуулуктан ажыратып карай албайбыз, бирок андан да ажырай албайбыз... Кайрадан "Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт" повестимдеги "Биз адамдар баарыбыз бир кайыктабыз, алдыбызга улуу мухит" деген уңгулуу ойду кайталагым келет... Канткен күндө да ошол адамзат кайыгы бүгүнкү чакчалекей түшкөн замандын толкунуна ала салып кетпесе экен дейбиз. Мына ушул кымгуут кырдаал мамлекетти башка нукка буруп жибербейби? Биз канткен күндө да өзүбүздүн тарыхый, маданий уңгубуздан, улуттук наркыбыздан танбашыбыз керек.
(Уландысы бар)


Баш сөз ордуна
Чыңгыз Айтматовдун арабыздан кеткенине беш жылга чамалаш убакыт өтсө да анын элеси, руху кудум бүгүн да биз менен чогуу чаран жүргөндөй туюлат. Убакыт өткөн сайын ал ак кар, көк муз кетпеген Улуу тоонун чокусундай бийик, барандуу көрүнүп, анын ар бир сөзү өзүнүн улуулугун да, салмагын да, тереңин да, маанисин да кемитпей, мезгилдин эмес, замандардын уюткулуу оюна айланып барат.
...Чыңгыз Айтматов менен бул жолу жолугушууга жана узун сабак сөз кылууга менин "Акыркы пайгамбар" романымдын кол жазмасы себеп болгон. Кол жазманы окуп ал: "…чыгармаң өтө терең, кишини ойго чөмүлтө турган философиялык чыгарма экен. Өтө эмоционалдуу, өтө күчтүү. Бирок сенин бул чыгармаңды окуганга окурман даяр деп ойлойсуңбу?.. Романыңдын аталышы да биртоп ойго түртөт, бирок мен сага романдын атын өзгөртүүгө сунуш берет элем, кеп эң оболу адамдын жаны, жан жөнүндө сөз жүрүп жатпайбы?!.. Ойлонуп көрбөйсүңбү?.." деген эле. Кийин чындап эле чыгармамдын атын "Жанжаза" деп өзгөрттүм, бирок тилекке каршы кантип өзгөрткөнүмдү айтууга үлгүрө албай калдым. (Китеп "Турар" басмасынан жарык көрүүдө.) Кечээ жакында эле Чыкебиздин үйүнө барып калсам Мария Урматовна ошол түнү бир оокумга чейин биз экөөбүз маек курган бөлмөнү көрсөттү. Көзүмө жылуу учурады бул бөлмө...анын руху жүргөндөй сезилди...бөлмө ошол, ошол бойдон экен...Ал түнү бир оокумга чейин сүйлөшкөн сөзүбүздөн ушул маек учу жанган. Ал Чыкебиздин 8-томдугуна кирген, аны кайрадан окуп, дагы бир жолу басма сөзгө жарыялоо ниети турду менде...
Бул маекти залкар жазуучу менен жүргүзгөнүбүзгө он жылдай чамалашып калса да, ал күнү бүгүн да актуалдуулугун жоготпогондой сезилди бизге. Ошол себептүү Чыңгыз Айтматов менен болгон маекти "Жаңы Агым" гезитине сунуш этүүнү туура көрдүм. Айтмакчы, бул маек биринчи жолу ушул "Агымга" жарыяланган.

Султан РАЕВ,
Кыргыз эл жазуучусу, драматург