presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Султан Жумагулов,
ЭлТР коомдук каналынын
башкы директору:
"Улуттун жүзү "телесинен "көрүнөт"

- Султан мырза, сиз кыргыз журналистикасынан баштап эл аралык журналистикада иштеп, анан эми кайра ЭлТР аркылуу өзүбүздүн айдыңга келдиңиз. Кандай айырмачылыктарды сезип жатасыз?
- Иштөө тартибинде чоң айырмачылык дароо сезилет. Эл аралык компанияларда кызматкерлерди неге кеч келдиң, эрте кеттиң деп тескемей дээрлик жокко эсе. Ар ким өз милдетин таасын билет, жамааттык эрежелерди жана кызыкчылыкты сактоого аракет кылат. Жергиликтүү компанияларда ар кандай шылтоону бетке кармоо адаты дагы эле бар. Эл аралык компанияларда жамааттык чечим кабыл алуу жолго коюлса, жергиликтүүлөрдө администрациялык-буйрукчул адат али кала элек. Бирок айырмачылык күндөн күнгө жоюлуп баратат. Не дегенде дүйнөлүк мыкты тажрыйбаны сиңирген муун айдыңга чыга баштады.
Айырмачылык бир гана жалпыга маалымдоочу каражаттарда эле эмес бардык тармакта билинет. Өкмөттүк чиновниктер арасынан заманбап башкаруу өрнөгүн көрүп келгендердин мамилеси менен эскичил жолой менен кеткендердин мамилеси асман менен жердей. Жалпыга маалымдоо каражаттары да мыкты өрнөктөрдөн четте калган жок, эл аралык эрежелерди тутунуп иштөөдөн башка жол жок экенине көзүбүз жетип калды. ЭлТРге келээрде ошондой айырмачылыкты билгем, бирок мен эч качан кесирлик кылган жан эмесмин. Ошондой чарбаны дүйнөлүк тажрыйбаны билген-көргөндөр көтөрбөсө ким көтөрөт?
- Көпчүлүк медиаэкперттер гезит-журналдардын келечеги жок, маалымат айдыңында эми телерадио жана интернет сайттары гана калат дешет. Чындап эле журналистикада эскиче иштегенге болбой баратат. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
- Албетте, салттуу ЖМКлар өзгөрүүгө тушугууда. Бирок гезит-журналдар жакын арада тумалак жок болуп кетет дегенге али эрте. Кагаз продукцияны колдонуучу, элестүү айтканда, гезиттин баарын жыйып келип, диванда жатып баштан-аяк окуган адамдар аз эмес. Бирок гезит окубаган жаш муун өсүп келатат. Бул учкул доордо маалыматтын мүнөзү өзгөрдү: узун макалалар окулбай калды, узак берүүлөр угулбай же көрүлбөй баратат. Азыркы муун бар-жок дегендей чолок-кесил кабар менен жашап калды. Күндөлүк турмушка жарандык же элдик журналистика баш салууда - азыр каерден болбосун көргөн-билгенин кол телефонго тарта салып, чар тарапка таратып жатышпайбы. Кыскасы, технология журналистикада улуу өзгөрүүлөргө из салууда.
- Учурда Кыргызстанда маалымат булактары майдаланып отуруп кээ бири кайсы бир тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн согуш "куралына" айлангансыйт. Бүгүн журналисттин коомдогу орду кандай болуш керек эле?
- Кыргызстан сыяктуу экономикалык, финансылык жана адамдык байлыгы чакан өлкөлөр килеңдеген державалардын маалыматтык-идеологиялык экспансиясынын объектисине айланууда бул эми талашсыз кубулуш болуп калды. Ошондуктан кыргыз журту бир туунун айланасына баш кошо албай тургандай сезилет. Бирибиз - теңирчи, бирибиз - мусулман, бирибиз - христиан, бирибиз - улутчул, бирибиз - либерал ж.б.у.с. Бирибиз исламдын туусу астында биригели десе, башкаларыбыз кыргызчылыктын дейт, үчүнчүсү либералдык дөөлөттөрдү сүрөйт.
Туура, өзүбүздүн ЖМКлар саясый, партиялык, жердештик белгилери боюнча өзүң айтмакчы, бытыранды болуп алып ич ара "былчылдашып" жатышат. Жергиликтүү масштабдагы олигархтар бир сыйра колдонулуучу басылмаларды ача салып, же иштеп жаткан гезиттерди пайдаланып, өзүнүн саясый, идеологиялык, финансылык кызыкчылыктарын жүргүзүүдө. Интеллектуал же саясатты талдай билген окурман макаланы бир карап эле кимдин "кулагы" чыгып турганын байкай алат. Мени көп кабатыр кылган нерсе: бир ууч кыргыз ЖМКлары аркылуу бири-бирин каралап, тебелеп жеп тынбасак экен. Ошондуктан ЖМК редакциясы, ар бир журналист мамлекеттик жоопкерчиликти көтөрө жүрсөк. Кыргызстан азыр балтыры ката элек мамлекет. Бири-бирибизди жеп отуруп мамлекеттен айрылып калбасак болду. Азыр биз тууралуу коңшулар "басмачылар", "жапайылар" деп такмазалап жазып, телесинен күн сайын көрсөтүп жатканын баарыбыз эле билбесек керек. Мен күндө дүйнөлүк, аймактык маалымат булактарын карап чыгып, кыргызды ушундай сөздөр менен келекелегенде намысым күйөт.
- 8-декабрда телерадио кызматкерлеринин кесиптик майрамы келатат, ага карата кесиптештериңизге каалооңуз.
- Мамлекет тагдыры үчүн баарыбыз жоопкербиз. Ал эми журналист эки эсе жоопкер болууга тийиш. Анткени биз СӨЗҮБҮЗ менен миңдеген кишини буруп коё алабыз. Азыр спутник же кабель аркылуу жүздөгөн каналды кароо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Ошолорду кыдырата карап отуруп, телеси ошол мамлекеттин жүзү, радиосу үнү экенине ынандым. Чабал мамлекеттин телесинен чыккан алып баруучунун өңү куник, сөзү солгун болот экен. Күчтүү, өзүнө ишенген мамлекеттин алып баруучулары өктөм, өңүнөн энергия согуп турат. Кыргыз телеканалдарында да чырайлуу, өктөм үндүү жаштар пайда боло баштады, демек, мамлекетибиз да чыйралып келатса керек деп үмүттөнүп кетем. Артыбыздан келаткан муундун үнү мындан да өктөм чыгып, жүзүнөн нур көбүрөөк чачсын.

Зайырбек АЖЫМАТОВ





Европа жеңеби же Россиябы?
Украина уйкудан небак ойгонгон

29-ноябрда Вильнюстагы саммитте Киев Евробиримдик менен ассоциация тууралуу келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин Украинада евроинтеграциянын колдоочуларынын акциялары күчөп кетти. Ошол учурдан тарта Киевдин борборунда нааразылык акциялар активдешип, 500 миңге чейин киши борбордук аянтка чогулуп, өкмөттүн отставкасын, президент Виктор Януковичтин кызматынан кетүүсүн талап кылып турушат. Кыргыз көрүүчүлөрү жаңылыктардан күндө бир эле жаңылыкты кайталап көрүп жаткандай болуп Украинада эмне болуп жатканын жакшы түшүнө албады. Биз окуянын жүрүшүн ирети менен чагылдырып берүүнү туура көрдүк.
29-ноябрда Вильнюста өткөн Чыгыш өнөктөштүк саммитинде документке кол коюудан Янукович баш тарткандан кийин, 10 миңдей киши президенттин кызматтан кетишин талап кылып Киевдин борборуна чыгышкан. Аларды күч колдонуп айдаган милиция элдин кыжырын келтирди. Анткени 35 адам жабыркап, 7 киши оор абалда ооруканага түштү.
30-ноябрь. Парламенттеги бийликтин Аймактар партиясынын катарынан эки депутат расмий түрдө чыкканын билдиришти. Инна Богословская менен Давид Жвания бийликтин элге катуу күч колдонгонуна нааразылыгын билдиришип ушул кадамга барышкан. Алардын артынан да бир нече депутат бийликтин партиясынан чыгарын билдиришкен.
Бул учурда Украинанын 3 оппозициялык партиясы биригип, бирдиктүү каршылык көрсөтүү штабын түзүшкөн. "Батькивщина", УДАР жана "Свобода" партиялары элди борбордук аянтка чогулта башташты.
00.46. Оппозиция Эркиндик аянтына келчү жолдордун баарын бууп, элдин чогулушуна шарт түзө башташты.
09.50. Киев административдик соту борбордук аянтта нааразылык акциясын өткөрүүгө тыюу салган чечимин чыгарды. Бул элдин кыжырын ого бетер кайнатты.
13.57. Киев милициясынын башчысы элге каршы күч колдонгону үчүн кечирим сурап кызматын тапшырып берди. Ал эл тарабында экенин айтып, бийликтин буйругун гана аткарганын түшүндүрдү.
14.32. Милиция алгачкы күнү нааразылык акция өткөргөндөргө каршы 12 кылмыш ишин козгогонун жарыялады. Бул дагы элди ачуулантты.
17.08. Эркиндик аянтында "Свобода" партиясынын лидери, парламенттин депутаты Олег Тягнибок жалпы элдик каршылыктын башталышын жарыялады.
18.28. "Свобода" партиясынын тарапкерлери бир нече чабуул коюп Киев шаарынын административдик имаратын басып алышты. Партия лидери бийлик кааласа да, каалабаса да бул жолу революция болот деп жарыялап, Киев мэриясынын имаратын революциянын штабы деп бекитти.
18.42. "Батькивщина" партиясынын төрагасы Арсений Яценюк Батыш өлкөлөрүн Украинанын бийлигине каршы чараларды көрүп, евроинтеграцияны колдогондорго каршы күч колдонгондугу үчүн жазалоону талап кылды. "Азаровдун өкмөтү кызматтан кетмейинче турабыз" деп убада кылды. Депутаттардан мыйзамдуу жол менен өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин кароону суранды. Ошондой эле оппозиция ИИМ башчысы Виталий Захаровду митингчилерге каршы күч колдонгондугу үчүн жазаланышын талап кылды. Себеби митингчилерди кууп жаткан учурда көп адамдар жабыркап, башынан, бутунан жараат алгандар көп катталган.
Дүйшөмбү күнгө чейин Украинанын борбордук аянтында нааразылык акциясына чыккандар менен милиция бир нече ирет кагылышып, оппозиция профсоюздар үйүн да басып алышты. Коргоо министрлиги да элге каршы чыкпай турганын билдирди. Германия канцлери Ангела Меркель Украина элинин Евросоюзга жакындагысы келгенин колдоп, өз элине каршы күч колдонбоого чакырды.
10 миң адам менен башталган нааразылык акциясы 500 миң кишиге чейин көбөйдү. 3 облуста жалпы элдик нааразылык акциясы колдоого алынып, облустук администрациялар ишин токтотушту.
2-декабрь. Украина парламенти өкмөткө ишеним көрсөтпөөгө добуш беришип, 441 депутаттын 226сы добуш берген учурда отставкага кетишмек. Бирок 186 депутат гана өкмөттүн кетишине добуш бергени үчүн өкмөт ордунда калды. Премьер Азаров мындай кырдаалда бийликтин отставкага кетиши өлкөдөгү башаламандыкты күчөтөт, жооптуу адамдар болуш керек деп отставкага өз каалоосу менен кетпесин билдирди. Абал тынчыса министрлерди алмаштырууну убада кылды.
Учурда абал баштагыдай оор кырдаалда эмес, аянтта болжол менен 8-10 миңге жакын адам тынчтык митингин өткөрүшүүдө.
Уюштуруучуларга каршы милиция 53 кылмыш ишин ачышты.
Көз карандысыз эксперттер Украина эли азамат, өздөрүнүн пайдасы жана келечеги үчүн күрөшүүдө. Азыркы убакта "Европада жашоо жакшыбы же Россиядабы?" деген суроону өзүнө берген украиналыктар Россия менен эмес, Европа менен бир болууну каалап жатышат. Президент Янукович Евробиримдикке кошулса жакшы болорун түшүнөт, бирок өз алдынча, башкача айтканда, Россиясыз чечим чыгара албайт деген пикирлерин билдиришүүдө. Мындай нааразылык акциясы Бажы союзуна кошулса Кыргызстанда да болушу мүмкүн экенин болжогондор да бар.

Даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ










??.??