presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
"Кумтөр"
токтосо катардагы жумушчулар кантет?
Декабрдын соңунда Жогорку Кеңештин депутаттары "Кумтөр" алтын кенине байланыштуу кезектеги олуттуу чечимин кабыл алышы керек. Кандай чечим чыгарын компаниянын катардагы кызматкерлери чыдамсыздык жана кооптонуу менен күтүп жатышат. Көпчүлүгүнүн санаасы санга бөлүнөт. Канткен күндө да бардыгы өлкө кызыкчылыгын көздөп ийгиликтүү чечилет деп үмүттөнүшөт.
Логистиканын кыйрашы шексиз
"Кумтөр" компаниясынын башкы аппаратчы-гидрометаллургу Ардакбек Мусаев ири өндүрүштүн ураганына бир ирет күбө болгон.
- Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн соң Кажы-Сайдагы электротехникалык заводго орношком. Токсонунчу жылдары союздун таркашы менен өндүрүш да талкаланды. Акыры эмне болуп бүтөрүн сезип, иштен чыгып кеткем. Акырындык менен ири өндүрүш жок болуп, таланып-тонолуп жатканын карап тура алган жокмун, - деп Ардакбек эскерет.
Гидрометаллургдун алтын кенге келип иштегенине быйыл он жетинчи жылга кетти.
- 1996-жылдын жай айларында анкета толтургам, күзүндө маекке чакырышты. Аны канадалыктар өткөрүшчү. Караколдогу окутуу борборундагы топко мени да кошушту. Окууга миңден ашуун адам келген. Бир нече жума даярдоо курстары өтүп, программаны мыкты өздөштүргөндөр жумушка чакырылган. Ошол эле жылдын 7-ноябрында кызматкерлерди алгачкы жолу рудникке алып барышкан. Биринчи күн такыр эстен кетпейт. Анда фабрика ишке киргизиле элек, кийин декабрда гана функцияларын толук кандуу аткара баштады. Менин ишим так ошол жерде реагенттерди эритүүчүнүн жардамчысы катары башталган, - дейт Ардакбек.
Анын айтканына караганда, үйрөнүүнүн негизги этабы практика жүзүндө өткөрүлдү. Башка кызматкерлер сыяктуу эле ал алтын чыгаруучу фабриканын бардык участкаларында эмгектенди. Учурда башкы аппаратчы-гидрометаллург баалуу металлды чыгаруунун акыркы фазасы болуп саналган бөлүмдө иштейт. Мында абсорбацияланган алтын бөлүкчөлөрдү көмүр бөлүкчөлөрүнөн тазалап, андан аркы иштетүүгө жиберүү процесси башкы аппаратчынын карамагында.
- Жумуш шарты жогорку деңгээлде уюшулган. Биз бардык каражат менен камсыздалганбыз: атайын кийим, коопсуздук, инструкция, процесс баштан аягына чейин иштелип чыккан.
Ардакбек Мусаевдин уулдарынын бири Борбордук Европа университетин аяктап, учурда Google компаниясында эмгектенет. Башка балдары менен да сыймыктанат.
- Кичүү уулум мектеп окуучусу, азыр жанымда. Ага да татыктуу билим берип, ийгилигине түрткү болуп берем деп ишенгим келет. Мен бул жерде иштеген үчүн балдарым мыкты билим ала алышты. Алар ЖОЖго тапшырып стипендия ала баштаганга чейин бир нече жыл түрк лицейиндеги окуусун төлөдүм, - дейт Ардакбек.
Учурдагы компаниянын абалы Мусаевди кооптондурбай койбойт. Алтын кен иштеп чыгарган өндүрүштү талкалоону каалап тургандардын дымактарын такыр түшүнбөйт.
- Эгер "Кумтөрдү" улутташтыруу зарылчылыгы тууралуу кеп көтөрүлө турган болсо, ал түп-тамырынан бери жаңылыштык. Анүстүнө өндүрүш ишканаларын өкмөт кандай иштетерин билип деле калбадыкпы. Чындап келсе Кыргызстан алтын кендин ишин жолго сала албайт. Иш токтоп калбашы үчүн өндүрүштү камсыздаган логистика тармагы алгачкылардан болуп жабыркайт, - деди Мусаев.
Бүгүнкү күндө "Кумтөрдүн" логистикасында бүткүл дүйнө жүзү боюнча он миңге чукул позициясы бар.
- Өндүрүш улутташтырыла турган болсо, компаниянын азыркы жетекчилиги өзүнүн контакттарын бере койбойт. Бара-бара менчиктештирүү маселеси да көтөрүлө баштайт. Натыйжада бардыгыбызга таанымал болуп калган каармандар өз ара бөлүшүп алып, бириндетип сатышат.
Гидрометаллургдун ою боюнча бул маселеде депутаттар менен "Кумтөрдүн" каршылаштары жашырып жаткан көмүскө жагы да бар:
- Компания иштеп жаткандыктан өлкөнүн бюджетине жыл сайын 8 миллиард сом түшөт. Бул - мугалим, дарыгерлердин айлыгы, карылардын пенсиясы. Кокус "Кумтөр" токтоп калса, ал адамдардын жашоо-турмушу кайра токсонунчу жылдардагы деңгээлге түшөт деп ойлойм. Меморандумдан четтөөнү башынан эле Кыргызстандын элине каршы акт катары кабыл алам.
Саясый курал
Барскоондук Урмат Кутманов рудниктин алтын чыгаруучу фабрикасында беш жылдан бери иштейт. Учурда көзөмөл бөлмөсүнүн оператору. Анын ишин "баардыгына жооптуу" деген сөз айкашы менен эле түшүндүрүү жетиштүү. Себеби ал алтын бөлүкчөлөрүн бөлүп чыгаруунун бардык этаптарына көзөмөл салып турат. Андан тышкары тиешелүү бир деңгээлде кесиптештеринин коопсуздугуна да жооптуу. Кыскасы, оңой иш эмес, бирок Урмат жумушун жакшы көрөт.
- Тоо-металлургия институтун аяктаганда эки жыл иш издедим. Негизи башынан эле бул жерде иштегим келчү. Эмнеге десеңиз, практиканы Кыргызстандын ар башка өндүрүштөрүндө - "Фрунзе" заводунда, Казарманда өттүм. Салыштыра турган жайым бар эле.
Кутманов документтерди бир нече ирет тапшырган, анан 2008-жылы гана ишке кабыл алынды. Иштеген жеринен теория менен практика ар башка болору дароо эле түшүнүктүү болду. Башында биртоп эле кыйналды, ошентсе да Урмат өз милдеттерин мыкты аткарат.
- Билесиңерби, кээде өндүрүштө өзүнүн татаалдыгы боюнча уникалдуу кырдаалга туш болосуң. Ошондо эң башкысы, бардыгын сын көз караш менен карап чыгып анализдеп, мүмкүн болушунча ыкчам жана туура реакция жасоо. Мындай оор абалдан чыгып кетүүгө билим деңгээлим жетиштүү болуп, жолун таап кеткениме сыймыктанам. "Кумтөргө" келип иштеп калганыма такыр өкүнбөйм. Мен үчүн бул жакта бардык нерсе жаңылык эле. Анткени биздин алтын кен эл аралык деңгээлдеги өндүрүш. Андан тышкары менин бул жакта иштегеним карьерам үчүн зор салым.
Компанияга байланыштуу өлкөдө түзүлгөн кырдаал Урматтын тынчын алат. Анын пикири боюнча "Кумтөрдөгү" туруксуз акыбалдын эки себеби бар. Биринчиси - бул бүт өлкөгө жайылган башканын колун караган маанайдын вирусу, экинчиси - бул алтын кен иштетүүчү өндүрүштүн айланасындагы чыр-чатактын саясатчылар тарабынан көбүртүлүп жатышы.
- Бардыгы кандай жасала турганына бир нече жолу күбө болгонбуз. Кимдир бирөө мээнетин салып эмгектенет, экинчилери даяр оокатты тартып алат. "Кумтөр" иштебей калса экономикага доо кетерин, мамлекетке дароо таасир этерин жакшы түшүнүшөт. Бул айрым күчтөргө үчүнчү революцияны баштоо үчүн жакшы түрткү болуп берет. Ошондуктан жол тосууга чыгып жаткандардын бардыгы болгону эпчил саясатчылардын куралы. Алтын кен өндүрүшү тууралуу туура маалымат көбүрөөк болсо, түшүнбөстүктөр кыйла азаймак, - дейт көзөмөл бөлмөнүн оператору. - Компания алтынды бөлүп чыгарууда эски технология делген - циандаштырууну колдонот экен деп билген кишидей сүйлөп жаткан депутаттын сөздөрү мени нааразы кылышы мүмкүн. Андай болсо бизге башкасын сунуштабайсыңарбы? Балким бул тармакта ачылыш жасагандырсыз деп суроо салгым келет. Билбегендер үчүн мындай билдирүүлөр байкалбайт деле. Тескерисинче, анын сөзүн таза чындык деп кабыл алышат, - дейт Урмат мырза.
"Кумтөр" улутташтырылгандан кийин деле мамлекеттик структуралар аны эффективдүү иштетет дегендерге ишене бербейт:
- Учурдагы жумуш принциптери жокко чыгарылса керек. Андай боло турган болсо азыркы коопсуздук деңгээлинин бири да жок болот. Бизде коопсуздуктун негизги факторлорунун бири болуп бир иш участкасында жакын туугандардын болбогондугу эсептелинет.
Кыялың кылдын учунда турганда
Абдыбек Асанкожоев он жети жылдан бери "Кумтөрдүн" кызматкерлерин алтын кенге анан кайра үйгө ташыйт. Айдоочунун иш күнү таңкы саат 4тө башталат. Алгач медициналык текшерүү. Андан кийин унааны жылытып, анын техникалык абалын текшерүү.
- Бир күндө ар бирибиз бир жолудан болсо дагы алтын кенге көтөрүлүп кайра ылдый түшөбүз. Бул жөн эле рулду ары-бери айлантып айдоо эмес. Биринчиден, бирде ылдый түшүп, бирде жогоруу көтөрүлүү керек. Экинчиден, жол аябай татаал. Жол тайгак болгондо серпантинден чебердеп айдоо зарыл. Кантсе да адам ташып баратабыз да, - дейт Абдыбек. Асанкожоевдин айтымында, коопсуздукка болгон талаптар аябай эле катуу.
- Жол эрежелердин бардыгын сактап айдайбыз. Билсеңиз бул эң эле сонун адат. Мен айылдагы үй-бүлөмдү да ошого көндүрдүм. Коопсуздук курун тагынмайын ордубуздан жылбайбыз, - деп жылмайды. Өмүрүнүн кырк жылын айдоочулукка арнаган шопурдун көптөн берки көксөгөн кыялы - пенсияга ушул алтын кен иштетүүчү компаниядан чыгуу.
- Союз учурунда ошондой эле болчу да. Өмүр бою бир өндүрүштө иштейсиң, анан пенсияга кетесиң. "Кумтөргө" чейин мен Кажы-Сайда көп жыл иштедим. Мындан ары жумуш ордумду алмаштырбасам экен деп тиленем. Бүгүнкү күндө келечекке ишенимдүү карай албайм. Көп жылдан бери туруктуу иштеп жаткан өндүрүш да олку-солку болуп жатат. Эгер депутаттар чыныгы патриот болушса компанияга бут тоспой, тескерисинче "Кумтөргө" окшогон өндүрүштөрдү көбүрөөк ачканга аракет кылышмак деп ойлойм. Анда көбүрөөк жумуш орундары түзүлүп, көйгөйлөр кыйла азаймак. Ойлоп көрсөңөр, "Кумтөрдө" иштеген жигиттерге "жүргүлө митингге, пикетке" десеңиз, эч кимиси ордунан жылмак эмес. Себеби ар биринин иши бар, келечекке план түзүшөт, кыялданышат.
Арадан жыйырма жыл өттү
Кубанычбек Курманов сегиз жылдан бери компанияда машинист-грейдерчи болуп иштейт. "Кумтөрдүн" айланасында түзүлгөн кырдаалдын айрым учурларын түшүнбөйт. Анын ою боюнча саясый оюндун натыйжасында гана меморандум четке кагылды.
- Депутаттар элди такыр ойлобогондой сезилет. Ал эми "Кумтөр" саясый упай топтоонун же майлуу-сүттүү кызматка жетишүү үчүн трамплин. Анан эмне үчүн бүтүндөй өлкө айрым бирөөлөрдүн жеке амбициясынан улам жабыркашы керек деген суроого Курманов жооп издейт. Андан тышкары эмне себептен аны жана анын үй-бүлөсүнүн кирешесин тартып алгылары келип жатканын такыр түшүнбөйт.
- "Кумтөрдүн" жабылышын талап кылгандарга "мен жумушсуз калсам, мага башкасын сунуштай аласыңарбы" деп суроо бермекмин.
"Кумтөр" кенине чейин Кубанычбек Күрмөнтү цемент заводунда иштеген. Кандай иш болбосун жумушка баш-оту менен киришет. Бирок жасаган ишинин акыбети кайтпай, эмгеги талаага кетип жатты. Ошол эле учурда "Кумтөргө" анкета толтуруп улам жиберип турчу. Сегиз жылдан кийин жумушка алынды.
Учурда Кубанычбек грейдер менен иштейт. Жакында эле ал Борбор Азиядагы эң ири агрегатты башкара баштады. Алп унаанын баасы 2,3 млн. доллар. Бир нече ай мурда сатылып алынган. Күрөгүнүн туурасы эле 12 метр. Бул грейдерчинин ишин оптималдаштырып, жол тазалоого кеткен чыгашаны төмөндөтөт.
- Эми "Катерпиллерге" жол тазалап берүү үчүн бир эле жолу өтүү жетиштүү. Мурда эки ирет жүрүүгө туура келчү, - дейт Курманов.

Василиса Михайлова








??.??