presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Эл күтөт
Иса Өмүркулов кетти, иш аягы Аида айымда
Парламент депутаты Акматбек Келдибеков коррупция боюнча камалганы ар күнү кырдаал өзгөрүп, күтүлбөгөн окуялар боло баштады. Депутаттын жактоочулары бийлик оппозициячыл чиновниктерге эле кылмыш иши козголуп жатат деген дооматтарын айтып оозун жыя электе Башкы прокуратура Бишкек мэри Иса Өмүркуловго мыйзамсыз жер сатканы боюнча кылмыш ишин козгоду. А шаршембиде мэр өз ыктыяры менен кызматынан баш тартты.

Коюлган статьялар оңой эмес

Башкы прокуратуранын билдирүү-сүнө таянсак, кезинде 48 гектар болгон Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын аянты 2011-жылы Иса Өмүркулов токуган токтомдо 33 гектар деп көрсөтүлүп калган. Калган 14 гектар жер 49 жылга ар кимге ижарага берилип, ал жерлерге кафе, ресторан, май куюучу жайлар курулуп калган. Тактап айтканда, мэр парк жерин кыскартууга өзгөртүүлөрдү киргизген деп айыпталып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 305-статьясынын 2-беренеси (жер мыйзамын бузуу) менен кылмыш иши козголуп отурат. Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери Улугбек Султановдун билдиришинче, мэрия, Бишкек башкы архитектурасынын билермандары 2002-жылдан 2010-жылга чейин парктагы жети жер участогун 5 жылдан 49 жылга чейин ижарага берип жиберишкен. А мэр Иса Өмүркулов жеке өзү "Ала-Тоо" көңүл ачуу комплекси жайгашкан участокту бөлүп берген. Буга улай Башкы прокуратура өкүлү мэр менен бирге эле Кылмыш кодексинин 304-305 жана 315-статьялары боюнча мэриянын айрым чиновниктерине, Бишкек башкы архитектурасынын жана Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгынын бир катар кызматкерлерине да кылмыш иши козголгонун айтат. "Мындай статьялар оор статьялар, булар менен адам он жылга чейин эркинен ажырайт" дейт Улугбек Султанов.

Бул союл эмес, оюнбу?
Мэр Иса Өмүркулов болсо мындай айыпка макул эмес. "Бизди парк территориясын кыскарткансыңар деп жатышат. Негизи бул эс алуу зонасынын аянты 20 гектар болчу. Биз аны 34 гектарга кеңейтип, чегин белгилегенбиз" дейт ал. Буга улай бул маселени мэр жалгыз өзү чечпегенин, Мамлекеттик курулуш, шаардык тиешелүү кызмат адистери, юристтер ишти текшерип чыгып, ага ишенимдүү маалымат берген соң документтерге кол койгонун айтат. Ошондой эле Бишкек мэри ага карата козголгон кылмыш ишин Акматбек Келдибековдуку менен баланс кармоо ишенбей турганын билдирди.
Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрнис Докеновдун билдиришинче, так ошол Иса Өмүркуловдун мэрликке келиши менен өзүмбилемдиктер башталган. "Менимче, эгер бул иш боюнча тергөө туура жүргүзүлсө дагы башка мыйзам бузуулар чыгат. Мындай көлөмдүү көз боемочулук Өмүркуловго чейинки бир да мэрдин убагында болгон эмес" дейт шаардык кеңеш депутаты. Депутат минтип атса, "Чындык" партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровдун билдиришинче, мэрге кылмыш ишин козгоо бийликтин эле пиары. "Президент менен Өмүркуловдун ортосунда келишим бар. Менимче бийлик мэрге биз сага кылмыш ишин козгойбуз, сен унчукпай отура бер, кийин акырын ишти жабабыз деп айтышкан" дейт К.Кадыров. Бир жарым жылдан бери парктарда жер сатылып жатканы айтылганы менен маани берилбей, эми гана мэрге иш козголгонун эске алсак Кадыровдун айтканында да чындык бардай.

Иса Өмүркуловдын иши аягына чыгыш керек
Деген менен жарандык активисттер Эрик Ирискулбеков, Калича Умуралиева шаршембидеги маалымат жыйында мэрге байланыштуу кызыктуу жагдайларды ортого салышты. Алар Иса Өмүркуловго Кылмыш кодексинин 305-статьясы эмес (жер мыйзамын бузуу) 303-статья коюлушу керек деген пикирде. "Негизи жер сатуу да коррупция. Ошондуктан мэрге 303-статья коюлушу керек эле. Баарынан кызыгы, 305-статьянын доо мөөнөтү 3 жыл болсо, 303-статьянын мөөнөтү 20 жыл. Жыйырма жыл ичинде прокуратура бул ишти ийне-жибине чейин иликтеп, аягына чыгарганга үлгүрөт. А 305-статьянын доо мөөнөтү 3 эле жыл болгондуктан мэр эртең эле кутулуп кетиши мүмкүн. А бул ишке катышы бар мэриянын астындагы структура жетекчилери көмүскөдө калышабы?" дейт "Биздин укук" коомдук уюумунун башчысы Калича Умуралиева. Эрик Ирискулбековдун билдиришинче, жыйырма жылдан бери Бишкектеги парктык зоналар майдаланып жең ичинен сатылганы менен, бир да чиновник ушу кезге чейин кылмыш жоопкерчилигине тартыла элек. "Албетте, айрым чиновниктерге козголгон, бирок бирөө да аягына чыгарылган жок. Алсак, экс-мэр Данияр Үсөновго кылмыш иши ал качып кеткенде козголуптур. Вице-мэр Алексей Филатовго Кылмыш-жаза кодексинин 304-статьясынын 2-беренеси, 305-статьянын 2-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эки статьянын тең доо мөөнөтү 3 жыл болгондуктан 2009-жылы жерлерди мыйзамсыз сатууга кол койгон Андрей Филатов азыр апапак. Ишенбесеңиздер мына, качып жүргөн экс вице-мэр жакында эле адвокаты аркылуу Ленин райондук соту Алиевге ага козголгон кылмыш ишинин доо мөөнөтү бүткөндүктөн кылмыш ишин токтотуу өтүнүч катын жолдогон. Каттын аягында ал "мага коюлган айыпты толугу менен мойнума албайм" деп жазып жатат. 2012-жылы биздин бир жарым жылдык аракетибизден соң Каныбек Нарбаевге Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Анын иши да доо мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аягына чыкпай калды. Ал прокуратурага жазган өз арызынын аягында "мен айыбымды толугу менен мойнума алам, бирок доо мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кылмыш ишин жабууңуздарды өтүнөм" деп жазып жатат. Башкы прокуратура ишти жаап, ал азыр Мамлекеттик курулушту жетектеп жүрөт. Азыркы мэр Иса Өмүркулов боюнча кылмыш иши да ушундай эле аяктап калышы мүмкүн. Ошондуктан биз кызматтык кылмыштар боюнча доолап алуу мөөнөтүн жокко чыгарууну көтөрүп жатабыз. Антпесек эч качан акыйкаттыкка жетпейбиз" дейт юрист Эрик Ирискулбеков.

Мэр го кетти, кезек Башкы прокуратурада
Чын эле мэр өзү айткандай, ал ишин жыйынтыктоону чечтиби же тагылган айыптардан эртерээк кутулайын дедиби, айтор, ал 4-декабрда кызматын тапшырды. Маалыматтык жыйында ал өтө оор учурда мэр болуп келип, биртоп иштерди жасаганын да баса белгиледи. Ошону менен бирге эле мэр кызматынан кетүүсү козголгон кылмыш ишине байланыштуу эмес экенин билдирди. Буга чейин өзүнө каршы далай акция, митингдердин мизин кайтарган мэрдин убактылуу эмес, биротоло кызматтан чегиниши да түшүнүксүз болуп туру. Башкы прокуратура болсо азырынча бул боюнча ак да, көк да дей элек.
Коомчулук болсо кокус Иса Өмүркулов иши жабылып аягына чыкпай калса, президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүү аракети суу кечпей каларын айтышууда. Ал ортодо Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Иса Өмүркуловду "эркекче" кызматынан кетти деп мактап да жиберишти. КСДП фракциясы ошол эле күнү Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкуловду мэрлик кызматка сунушташарын билдирди. Ошондой эле шаардык кеңеште Бишкек мэри өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кубанычбек Кулматов, олигарх Аскар Салымбеков же экс-өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов болот деген да маалыматтар бар.

Мелис СОВЕТ уулу




Башкы редакторлор кайрылат
Жардам сурайбыз!
Кыргыз Республикасынын Президенти
Алмазбек Атамбаевге, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевге, кыргыз тилдүү басылмалардын башкы редакторлорунун атынан
Кайрылуу
Урматтуу Президент, урматтуу премьер-министр! Биздин Сиздерге кайрылуубуздун себеби, кыргыз коомчулугуна белгилүү журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери, кезинде өлкөбүздө окумдуу делген "Аалам", "Агым", "Назар" "Айгай" гезиттерин жетектеген, кыргыз журналистикасы аркылуу коомубуздун өсүп-өнүгүүсү үчүн жан үрөп эмгегин өтөп, эркин мамлекетибиздин келечеги үчүн өз эмгегин арнаган биздин кесиптешибиз, журналист Кенжебек Арыкбаев учурда альвеококк эктомии жана гепатит "С" дарты менен 5 жылдан бери жабыркап келет. Ушул тапта аталган дарт өрчүп, чукул арада анын боорун алмаштырууга (пересадка печени) аргасыз болуп турган чагы. Андай оор операция чет өлкөлөрдө гана жасалгандыктан (анын чыгымы 50 000 АКШ долларын чапчып), аталган сумманы чогултууга убакыттын өтө тардыгына байланыштуу ушундан улам сиздерден материалдык жардам сурайбыз.
Р/С ЗАО
"ДЕМИР КЫРГЫЗ
ИНТЕРНЭШНЛ БАНК"
1180000031308069 (KGS),
1180000031308170 (USD),
байланыш тел.: 0555 38 17 37
Терең өтүнүчүбүз менен:
"Де факто" гезитинин башкы редактору К.Назиров
"Жаңы Ордо" гезитинин башкы редактору Б.Назаралиев
"Алиби" гезитинин башкы редактору К.Мамыркулова
Журналист, коомдук ишмер Ж.Муслимова
"Баягы Асаба" гезитинин башкы редактору Э.Асек уулу
"Faktor.kg" маалымат булагынын жетекчиси Э.Кулуева
"Жаңы Агым" гезитинин башкы редактору А.Сакыбаева
"Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редактору Н.Мамытова
"Учур" гезитинин башкы редактору З.Сапанов
"Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору А.Сартбаев
"Жетиген" журналынын башкы редактору А.Жумашев
"Планета" гезитинин башкы редактору Ж.Карбозова
"Арена kg" башкы редактору Ч.Кутманалиева
"Назар-пресс" гезитинин учредители Э.Дүйшеева
"Политклиника" гезитинин башкы редактору Д.Алимова











??.??