presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
2-декабрь…
Ордолуу Ош тынч эмес. Бийлик кырдаалды оңдой алабы?
Социалдык фонддун башчысы, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси жана ЖК төрагасы кезинде жалпы жонунан өлкө казынасына 40 млн. сомдук зыян келтирди деп айыпталып, УКМК абагында жаткан Акматбек Келдибековдун жактоочулары 2-декабрда Ош шаарында митинг өткөрүштү. Нааразычылык акциясында бийликке бир катар талаптар коюлду. Ал эми ушул митингдин айынан Ош мэри Мелисбек Мырзакматов кечээ ээрден шыпырылды.

5000-7000дин тегерегинде адам катышкан митингде бийликтин дарегине сындар арбын айтылды. Көпчүлүгү коррупцияга каршы күрөш акыйкат жүрбөй, эл үчүн, мамлекет үчүн күйгөн жигиттер бейкүнөө жерден камалып жатканын Акматбек Келдибековдун мисалында келтиришти. Нааразычылык акциясында аймактык бөлүнүүчүлүктүн желаргысы байкалды. Маселен, Ош шаардык кеңешинин депутаты Шайлообек Атазов калыстыктан тайган бийлик түштүктүн тыңчыкма жигиттерин чекесинен жайлаганга киришкенин, мындай репрессияга жол бербей тургандыгын жарыялады.
Эл менен жолугушууга келген губернатор Сооронбай Жээнбеков А.Келдибековду бошотууну сот гана чечерин, карапайым калктын үнүн жогору жакка жеткирерин билдирди. Муну уккан адамдар губернаторго жабылып, аны аз жерден сабап кое жаздашты. С.Жээнбековдун жансакчылары ортого түшпөгөндө, анын арты жаман болмок…
Митингдин жүрүшүндө жаалданган жаштар облимаратка эки ирет чабуул жасап, бирок укук коргоо кызматкерлеринин тоскоолдугунан улам артка кайтышты. А.Келдибековду коргоо комитетинин мүчөсү Улугбек Ормонов митингчилердин өкүлү катары облус жетекчиси, борбордук бийликке алардын талабын жеткирерин убада кылды. Соңку маалыматка таянсак, Улугбек Зулпукарович Сооронбай Шарипович менен сүйлөштү. Бирок аны Ак үй, Көк үйдөн бирөө да кабыл ала элек.
Акматбек Келдибековдун жактоочулары койгон үч күндүк мөөнөт кечээ аяктады. А кечээ Оштун борбордук аянтында 30 адам чогулганы белгилүү болду. Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, бүгүн экинчи борбордо ири митингдер башталат.
Атамбаев туугандарынан, досторунан айрылууга даяр
Президент Алмазбек Атамбаев А.Келдибековдун тарапташтарынын талабына кулак салар түрү жок. Ал 3-декабрда Чүйдүн Новопокровка айылындагы сапарында Келдибековдун атын атабаганы менен, убагында пенсионер, майыптарды карактаган адам үчүн согуш ачабыз дегендерди көрүү коркунучтуу, оор экенин билдирди. Сөзүн андан ары улаган Атамбаев өмүр бою мамкызматта жүрүп мультимиллионер болуу мүмкүн эместигин, андыктан коррупция менен күрөштө кечирим болбостугун эскертти. "Азыр мени митингдер менен коркуткулары келишет. Мени антип коркута алышпайт. Мен кудайдан бөлөк эч кимден коркпойм, коррупциянын тамырын кыркабыз. Мен мүмкүн туугандарымдан, жакындарымдан, досторуман айрылаттырмын, бирок эч кимге кечирим болбойт. Эгер адам ууру болсо ал жооп бериши керек. Эгер сен ууру-аткаминер болсоң, эки эсе жооп беришиң абзел" дейт ал.

"Түшпөс ханды"
түшүрүштү
Шейшембидеги акцияда калаа башчысы Мелисбек Мырзакматов митингчилерди колдоп, аларга тоскоолдук жараткан милиция кызматкерлерин "эл душманы" атады. Ал бийликти кескин сындап, коррупция менен күрөшүү оппоненттерге гана багытталганын, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков өңдүү аткаминерлер жазага тартылбай жатканын билдирди. "Шаардын бийлиги, "Улуттар биримдиги" партиясы биз силер мененбиз. Эч качан улуттун кызыкчылыгын сатпайбыз! Эч качан Оштун намысын бербейбиз! Ошондуктан мен тетиги жерден карап отурам! Митингди кыла бергиле! Камчыга (Ташиевди атаганы - Н.К.) жети жолу уруксат бергем! Мына азыр Акматка (Келдибеков дегени - Н.К.) кол коюп бердим, өткөрө бергиле деп. Азырынча шаарда мен кожоюнмун!" деген Мырзакматов сөзүнөн чалынды. Башбакан Жантөрө Сатыбалдиев ага алгач телефон аркылуу эскертүү берди. Ал эми кечээ саат тогузда кабыл алып, эки саатча баарлашып отурушту. Жыйынтыгында Мелисбек Жоошбаевич кызматтан алынып, анын 1-орунбасары Алимжан Байгазаковго мэрдин милдетин убактылуу аткаруу жүктөлдү.
Экс-мэрдин агенттиктердин бирине айтканына караганда, премьер менен жолугушууда 2-декабрда Ошто болгон митингдин тегерегинде сөз жүрүптүр. "Жантөрө Сатыбалдиев менин отставкам тууралуу кыйыткан. Бирок отставкага кеткеним боюнча расмий кабарлаша элек" деген Мелисбек мырза жактоочуларын митингге чыгарар-чыгарбасын ачык билдирген жок. Ошондой эле журналисттин: "Мэрлик шайлоого катышасызбы?" деген суроосуна төмөнкүдөй жооп узаткан: "Мен азырынча шайлоого катышар-катышпасымды билбейм, бул маселени чече элекмин. Менин отставкам - бийликтин саясый чечими. Бул менин абактагы Акматбек Келдибековду колдогон билдирүүмө байланыштуу".
Ажонун ууру-аткаминерлердин орду түрмөдө экенин баса белгилегени, мамлекет эсебинен байыгандарга катаал чара колдонуларын, 2000-3000 адамдын катышуусунда акция уюштуруу аркылуу эч ким коркута албастыгын айтканы - А.Келдибековдун жактоочуларына берген жообу катары кабылдасак жаңылышпайбыз. Мына ушундан эле Атамбаевдин бекем позицияга турганы байкалат. Ал ортодо өкмөт башчысынын Мырзакматовду мэрликтен шыпырып түшкөнү - бийликтин бирдиктүү позицияга токтолгонун ырастайт. Демек, тараптардын мунаса табышы кыйын. Эгер Мелисбек мырза да тарапташтарын көчөгө чыгарып, оппозицияга кошулса, кырдаал ого бетер оорлошору талашсыз. Мындайда Кыргызстандын эгемендиги туурасында ойлонууга туура келет…

Марс САРИЕВ, саясат таануучу:
"Мырзакматов борбордук бийлик менен компромисске барды"
- А.Келдибековдун жактоочулары кечээ митинг уюштурушмак. 30 адам жыйналганына байланыштуу митинг болбой калды. Бул эмнеден кабар берет?
- Ал күнү кар жаап, суук болду. Мындай суукта адамдарды чогултуу кыйын. Бирок эгер чындап эле Акматбек Келдибековичке күйгөн, идея үчүн күрөшкөн жактоочулары болсо жыйналышмак.
- Мелисбек Мырзакматовдун мэрликтен алынышы кырдаалды курчутпайбы?
- Менин жеке пикиримде, жок. Себеби Мелисбек Жоошбаевич бардыгын жакшы түшүнүп турат. Ал Келдибеков менен тандемдешүүдөн майнап чыкпастыгын билди. Аны менен бириксе түндүк-түштүк ажырымы кеңейерин түшүндү. Анүстүнө Бишкектин экс-мэри Иса Өмүркулов, Балыкчы шаарынын мурдагы жетекчисине козголгон кылмыш иштеринен чочулады. Анткени Мырзакматовдун ишинен кемчилик табуу оңой. Ошон үчүн борбордук бийлик менен компромисске барды. Ал менимче кайрадан мэрликке ат салышат. Анын шайлоодон жеңүү мүмкүнчүлүгү чоң. Мунун баарын калчап көрүп, өкмөт башчысынын буйругуна моюн сунду деп ойлойм.

Саламатовичтен салам дубай
Эмилбек КАПТАГАЕВ, өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү:
"Мага доомат койгонго акылары жок"
- Эмилбек Саламатович, сизди Саруунун тургундары жолугушууга чакырса келбей койгонуңузга нааразы болушууда. Эмнеге жолугушуудан качып жатасыз?
- Мен Саруунун эли менен жолугуудан качкан жокмун. Жолугуп сүйлөшүп эле жатам. Бирок ошол жерде топтошуп алып, милицияны, коопсуздук кызматынын кызматкерлерин барымтага алып, аларды сабап, жол тосуп, машина өрттөп, бирөөлөрдүн машинесин жолдон токтотуп тартып алып жаткандар менен ошол жерге барып жолугуудан баш тарткам. Алардын көпчүлүгүнө 7-октябрда мени барымтага алып, өрттөйбүз дегендери үчүн айып тагылгандыктан тергөөдөн качып жүрүшөт. Ал иш боюнча 9-декабрда сот башталганы жатат. Мен ачык эле айтам, алардын азыр мага доомат койгонго эч моралдык укугу жок. Алар адегенде мыйзам алдында өз колдору менен кылгандарына жооп беришсин, Саруу эли деп элди бетине кармап жашынбай, бекер жерден бир айыл элди тополоңго салышпасын. Өз жандарын алакачып, жоопкерчиликтен коркушуп, тополоңдун арты менен сот жообунан кутулуп кетебиз деген аракетинен эч натыйжа чыкпайт. Акыры жооп берчү күн келет эмеспи.
- "Ата журтчу" Жылдызкан Жолдошева, Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев сиздин дарекке дооматтарды коюшту. Аларга берер жообуңуз?
- Жылдызкан айымдын, Бактыбек мырзанын мага айткан дооматтары негизсиз. Мен муну бир нече жолу билдиргем, аны кайталап отурбайын. Болгону мындай бийик кызматты аркалаган адамдардын далилсиз каралоого өткөнү өкүнүчтүү.
- Облуста кырдаал кандай?
- Ысык-Көлдө абал туруктуу.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ









??.??