presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым

Башталды!
"Акматбек акталмайынча, эч тарабайбыз!"
Ош шаарынын борбордук аянтында топтолгондор Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата журт" фракциясынын жетекчиси Акматбек Келдибековдун абактан токтоосуз түрдө бошотулушун талап кылып турушат. Атүгүл түштүк башкалаасына кадимкидей үч боз үй тигип, ары-бери өткөн элден кол чогултууну дагыле улантып жатышат.
Чынаалы КОЖОЕВ, Кара-Суу районунун тургуну: - Жанагы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков таза бекен? Ошого окшогондорду Акматбекке кошуп дароо камашса, биз унчукпайт элек. Анда президент Алмазбек Атамбаевдин коррупционерлерге каршы күрөшкөн саясатын биз дагы биротоло кубаттайт болчубуз.
Өмөр АРАПБАЕВ, Өзгөн районунун тургуну: - Алмазбек Атамбаев акаевчи жана бакиевчилерден качан арылат? Өкмөттү бүтүндөй жаңылап, жалаң таза жаштарды бийликке батыл тартпайбы. Ошондо гана коррупция деген балакеттен биротоло кутулат элек. Ансыз тээ союз маалында кыргыздын тыңчыкмаларын жана каймактарын чекесинен каматып кырдырып, биз, шордуу эл жалкып калган жайыбыз бар. Мындан ары ушундай репрессияга таптакыр жол бербейбиз!
Улукбек ОРМОНОВ, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер: - Эсеп палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин төрагасы кезинде ашыкча чыгымдарга жол койбогондугун өзү тастыктады. Бирок бийликтин буюртмасын кыйшаюусуз аткарууга көнгөн Башпрокуратура Келдибековго арык аттап, суу кечпеген айыптарды тагып жатат. Анын деле эч кандай илинчеги жок. Ошого карабастан минтип абакка тыгып отурушат. Илгертен түштүктүн эли чындыкка тике карап, акыйкаттык үчүн күрөшүп келген. Бул сапар дагы талаптары толук аткарылмайынча карапайым калк тынчыбайт!
Мелис МЫРЗАКМАТОВ, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу: - Бу бийлик "Кыргызгазды" бир долларга сатып ийгени жалганбы? Кумтөрдөн казылган алтындар каякта? Мына сага коррупция! А бийликке каяша айтып минтип чындыкты сүйлөгөндөрдү чекесинен камап жатышат. Булар алдыдагы шайлоодо мени дагы мэрликке эптеп өткөрбөй коюштун айласын таппай турушат. Атүгүл камаштан дагы кайра тартышчудай түрү жок! Бул бийлик акыйкатчылыктан биротоло тайыды. Көзүн чындап май басты. Ошондуктан бул жерде жүрүшкөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылаар элем: шайтандарга кызмат кылбагыла! Андан көрө элге кошулгула, ошондо чындап утасыңар!
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков элди эмоцияга азгырылбоого үндөдү.
- Араңыздарда азыркы учурдан пайдаланып ортоңуздарга от жагып, кайрадан жаңжал уюштурабыз дегендер жойлоп жүрүшөт. Ошолордун бал тилине алданбагыла! Сиздердин койгон талабыңыздарды борбордук бийликке төкпөй-чачпай жеткирип жатам, - деди Сооронбай Жээнбеков.
Ош шаарындагы көп эл катышкан нааразычылык акциясы Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековду абактан бошотмоюнча токтобой тургандыгын иш-чаранын уюштуруучулары "Жаңы Агым" гезитине ырасташты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары, сүрөттөр автордуку




Оп, майда
Адыраңдатпай абайлайлычы!
Айдоочулар акыркы кезде болуп өткөн автокырсыктардан сабак албайт окшоп калды. Кечээ таңкы саат үчтөн өткөндө Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тушунан төрт адамдын өмүрүн алган автокырсык катталды. Катуу ылдамдыкта келе жаткан "Хонда-стрим" автоунаасы жол боюндагы КамАЗ машинесин сүзгөн. Натыйжада жеңил автоунаадагы төрт адам каза болуп, аларды куткаруучулар талкаланган "Хонда-стримден" араң алып чыгышкан.

Самаков, сага рахмат
Кандай дебейли, ЖК депутаты Карганбек Самаков бир эрдик кылды. Буга чейин ал "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине кыргыздын маданий мурасы катары киргизүүгө аракет кылып келаткан. Жакында ЮНЕСКОнун маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-жыйыны болуп, анда үчилтикти кыргыздын маданий мурасы катары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кигизүү кабыл алынган. Бул чечим 4-декабрда Баку шаарында кабыл алынганын ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков сүйүнчүлөдү.


Бообеков бовой калды
Буга чейин өзү бек, өзү хан Балыкчы шаарынын мэри Мирлан Бообеков тууралуу көп эле чуу болгон. Жакында мэрге Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш кодексинин 304-(кызматынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-(кызматтык укуктарын жогорулатуу), 307-(менчиктештирүүдө, салык, бажы жана лицензиялык-уруксат ишмердүүлүгүндө кызматтык абалын мыйзамсыз колдонуу) статьялары менен кылмыш иши козголуп, сотко жөнөтүлдү. Ошондой эле шаршембиде Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Балыкчы шаардык кеңешине Балыкчы мэрин кызматынан бошотуу сунушу түшкөн. Азыр иш Балыкчы шаардык сотунун кароосунда турат. Шаардык кеңеш жакында өз чечимин чыгарат. Кыязы, КСДПны жамынган мэрге кыйын эле болгону калды көрүнөт.


Эми өлгөн турбайбызбы
Жума ортосунда "Таис Плюс" коомдук бирикмесинин жетекчиси Шахназ Исламова Кыргызстанда 7,5 миң секс-кызматчы бар экенин билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч кайсы бир эл аралык фонддун эсептөөсүндө такталган. Буга улай Шахназ айым бул цифра 2013-жылдын башында алынганын жана мындай эсептөөлөр ар жылы жүргүзүлүп турарын айтат. Ошондой эле Ш.Исламова сойкулардын көпчүлүгү Бишкекте иштээрин да баса белгилеген.


Саруулуктар саясатташтырышпасын
Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылында саруулуктарга каршы антимитинг башталды. Акимчиликтин айтымында, ага 150дөй адам катышууда. Райадминистрациянын жанына чогулгандар "Кумтөргө" каршы митинг кылып жаткан жердештерин толеранттуулукка чакырып, райондо тынч жашоо болушуна кызыкдар экендиктерин билдиришкен. Тынчтык митингине чыккандар саруулуктардын "Кумтөр" боюнча координациялык кеңеш түзүп, өздөрүн оппозиция жарыялашканына нааразы экенин жашырышпайт. Райондук акимчиликтин билдиришинче, антимитинг уюштуруучулары саруулуктардын "Кумтөр" боюнча талаптарына макул экендиктерин, бирок аны саясатташтырууга каршы экендиктерин билдиришкен.


Өз кызын өзү көөмп...
Бишкек ИИББи кечээ тирукмуш кабар таратты. Анткени укук коргоо кызматкерлери жакында эле Алтын-Казык жаңы конушунун жанынан жерге көмүлгөн наристенин денесин табышкан. Тергөөдө баланын энеси 17 жаштагы Бегимай аттуу кыз экени аныкталган. Көрсө, ал 19 жаштагы Илгирден никесиз кош бойлуу болуп калып, түйүлдүккө 23 жума болгондо баланы дарынын жардамы менен төрөгөн. Буга аны Илгир мажбурлап, 15 миң сом алган дарыгер биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Төрөлгөн баланы ата сөрөй жол жээгине көөмп салган. Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлайт борбордук ИИББ.


Кытайлар
кыйы-ын
Кытайда нефрит ташы алтындан да кымбат турары белгилүү. Акыркы кездерде бул асыл таштарды Кыргызстандан көрүнөө да, көмүскө да Кытайга ташыгандар арбып барат. Унчукпай жатып ушул жумада гана УКМКнын Антикоррупциялык кызматы 26-ноябрда "Торугарт" өткөрмө пунктунан 14 тонна нефрит менен кытай жараны кармалганын билдирди. КР Эсептөө-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысына таянсак, 14 тонна нефрит ташы 6,8 млн. сомго бааланган. Бир эле кытай 14 тоннаны чыгарып кетип жатса, Бажы кызматы каякты карап отурат дейм да?


Мэрия эми эмне
дейт?
Иса Өмүркулов кызматынан кетери менен Ленин райондук прокуратурасы Бишкек мэриясынын, Бишкек башкы архитектурасынын, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жана Бишкек шаарынын техникалык, экологиялык коопсуздук инспекциясынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Аталган ведомстволордун кызматкерлери Дэн Сяопин менен Сыдыгалиев көчөлөрүнүн кесилишине "Дельта Петролеум" ААКсынын өтүнүчү менен май куюучу жай курууга мыйзамсыз уруксат беришкен. Юстиция министринин маалыматы боюнча компанияга "БНК" ЖЧКсынын түзүүчүсү Александр Ниязов жетекчилик кылат.

"Жаңы Агым" - пресс









??.??