06.12.13 Шайлоо жаңы жылдан кийин болот
Ушу жума ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын жетекчилери Иса Өмүркулов менен Мелис Мырзакматов удаа-удаа кызматтарынан бошоору менен, эки шаар жетекчилерин шайлоо качан өтөрү да негизинен белгилүү болуп калды. Себеп дегенде буга чейин Иса Өмүркулов өз мөөнөтүндө мэр катары эле иштеп жатса, Мелис Мырзакматов мэрдин милдетин аткаруучу болуп келаткан. Кептин баары эки шаардын статусу жана алардын жетекчилерин шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоор иштелип чыгып, депутаттар аны кабыл алып, ал президентке кол коюуга кеткенинде эле. Президент ага өз пикирин билдирип, депутаттарга кайтарган. Парламент долбоорду кайра карап, президенттин кол коюсуна кайра жөнөткөн. Эми президент кол кое турган мөөнөт 13-декабрга чейин экен. Эгер кийинки жуманын аягына чейин кол коюлса, демек шайлоо күнү да белгилүү болот.
Баса, Мырзакматов ушу шайлоого катыша алат. Бирок шайлоодо Ош шаардык Кеңештин депутаттары гана добуш беришет. 45 депутаттын көпчүлүгү мурда Ош мэри тарапта эле. Ушу тапта "Улуттар биримдиги" партиясынан Ош шаардык кеңешине депутат болгон Шайлообек Атазов деген ишенимдүү адамына кылмыш иши козголуп, дагы үч-төрт депутатты башкалар көкбөрү тартып турган чакта, Мырзакматовдун абалы деле оңой эмес.


Аманбай Нарынга барды
Нарын облусундагы өкмөт өкүлү Канатбек Муратбеков кетет экен деп далай жазганбыз. Акыры кетирип тынышты. Ордуна Бишкек шааркеңешинин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Аманбай Кайыпов барды. Аманбай менен Канатбек бири-бирине тебетей кийгизип, чепкен жаап, кызмат ордун өткөрүп берип цивилдүү иш жасашты.
Канатбек мырзаны теңир-тоолуктар жөнөкөйлүгү, ишбилгилиги үчүн жакшы көрүшчү эле, эми Аманбай мырза да андан ашыра иштесин деп ишине ийгилик каалайлы.

Митинг баарыбир болот
Интернет-сайттардын бири 5-декабрда Ош жана Талас облустарында, Ысык-Көлдүн Саруу айылында үлкөн митинг өтөрүн, мунун түпкү максаты мамлекеттик мекемелерди басып алууга багытталганын жазган эле. Ошко Камчыбек Ташиев, Таласка Данияр Жаныкулов, ал эми Сарууга Кубанычбек Кадыров координатор болгонун сайт кошумчалаган. Бул маалыматты КТРК, 5-канал көгүлтүр экрандан да чагылдырды. Бактыга жараша кечээ Ошту эске албаганда, бөлөк аймактарда нааразычылык акциялары өткөн жок. "Эмне үчүн митинг өтпөй калды?" деген суроо менен Кадыровго кайрылганыбызда "сайттарда такталбаган маалыматтар чыгып кетиптир. 5-декабрга эч кандай акция белгиленген эмес. Бирок жакынкы аралыкта чоң митинг өткөрүү планда бар" деп жооп узатты.

Жаңы жылды өкмөтсүз тособузбу?
Парламенттин 25-26-декабрдагы жыйынында "Кумтөр" маселеси каралат. Жыйында өкмөт "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдүн отчетун бермекчи. Ак үйдөгү билермандардын айтымында, премьер Жантөрө Сатыбалдиев сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн жазга чейин убакыт сурашы мүмкүн. Буга жинденген "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев көпчүлүктөн чыкканын жарыялап, коалицияны кулатып салбайбы? Анда жаңы жылды өкмөтсүз тособузбу? Кийинки коалиция үч партиянын ("Ата журт", "Ата мекен", "Ар-намыс") катышуусунда куралат имишин эске алсак, Өмүкенин бүгүнкү өкмөттүн түбүнө жетерине аз калды өңдөнөт…

Айтбаевич айттырбай кеттиби?
Коррупцияга каршы күрөш күчөгөнү артында калбыры барлар сестенип, алды безип кеткенге үлгүрүшүптүр. Маселен, "ата журтчу" Курманбек Осмонов ден соолугун шылтоолоп Санкт-Петербургда жүрөт. Ал эми "Кыргызнефтегаз" ААКсын жетектеген кезинде миллиондорду жеди делип шектелип, бирок кесиптештеринин калкалоосунун негизинде Башпрокуратуранын чеңгелинен кутулган Исхак Пирматовдун дайын-дареги белгисиз. Тааныштары издей берип суй жыгылышты. Ауу, Исхак Айтбаевич, Кыргызстанда болсоңуз үн катып, кат-кабарыңызды билдирип койбойсузбу? Же кылтакка илинип калуудан чочулап Казакстандагы "хан сарайыңызда" жашырынып жатасызбы?

Маматов жанар май магнаты болобу?
ЖоКедеги 120 депутаттын жарымынан көбүн "балык" деп сындаганыбыз менен бизнестин ичегисине кан куюп, миллиондорду тегеретип жатканын билбейбиз. Мисалы, Абдимуктар Маматов аттуу депутатты көпчүлүк тааныбайт. Бирок ал "Газпромго" атаандаш болуу максатында "Петролеум" аталыштагы май куюучу жайларын биринин артынан бирин ачып жатканын анын кесиптештери айтып жүрүшөт. Бул тармактын казанында кайнагандардан сурасак, бир май куюучу жайды куруш үчүн кеминде 200 миң доллар сарпталарын ырасташты. Мындан улам, "ата мекенчи" 50гө чукул заправкасына каражатты кайдан тапты деген суроо туулат. Суроонун жандырмагын балким өзү чечмелер.

"Кара тизмеге" илингендер…
Жети баштуу ажыдаарга айланган жемсөөлүктү ооздуктоого байланыштуу "кара тизме" түзүлгөнүн эшиттик. Тизменин башында эркин депутат Равшан Жээнбеков, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жана анын партиялашы Турсунтай Салимов баштаган ЖоКедеги он чакты депутат, өкмөт курамындагы 3-4 министр турат дешет. Ар кыл сөздөр жүрөгүнө катуу тийгенби, Чыныбай Акунович ооруканага жатып калды. Бат сакайып кетсин демекчибиз. Мындан сырткары, Бишкек шаардык мэриясынын жана Ош мэриясындагы 2-3 чиновникке кылмыш иши козголуп, жакын арада сот процесси башталарынан кабардарбыз. Мунусуна караганда коррупционер-чиновниктерге арнап атайын түрмөкана аччудайбыз.

Министр кетсин!
Парламенттин кечээги отурумунда "ар-намысчы" Турсунбай Бакир уулу Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун отставкага кетүүсүн талап кылды. "Мен республика боюнча окуучулардын бирдиктүү формасы барбы деп суроо жөнөткөм. Бирок жакшы жооп алган жокмун. Министрлик мектеп окуучуларын хиджабчан жүрүүсүнө тыюу салат дагы, кыска юбка кийгендерге уруксат берет. Муну кандай түшүнсөк болот? Мындан сырткары, дин таануу сабагын окутуу тууралуу токтом алигиче аткарылган жок. Ошон үчүн министрдин отставкасын талап кылам" деген Турсунбай ажынын билдирүүсүнө Канат Жалилович реакция жасай элек. Иликтеп көрсөк, эл өкүлүнүн министрге жасаган чабуулунун себеби дароо ачыкка чыкты. Көрсө, партиялашы Каныбек Осмоналиевди аталган министрликтин "тууруна" кондуруш үчүн Садыковду "кетсин" деп жатыптыр. Аракетинин акыбети кайтар бекен?

Токтоматованы казып башташты
Абактагы Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматовага катталган мүлктөр, компаниялар тыкыр иликтөөгө алынды. Учурда Юстиция министрлиги Токтоматовага тиешелүү фирмаларды, мамлекеттик каттоо кызматы үй-мүлктөрдүн тизмесин издөө менен алек. Бүгүн-эртеңден Аида айымдын коомчулукка белгисиз баштан ашкан байлыктарынын тизмеси жарыяланып калса таң калбагыла! Кызыктар алдыда!

Назарбекке назар салышаар бекен…
Президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгеси кайрадан көтөрүлдү. "Кыргызстан патриоттор кыймылынын" лидери Назарбек Нышанов мындан үч күн мурда өткөргөн маалымат жыйынында өлкө башчысы ишенимди актабай жатканынан улам аны мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүгө үндөдү. Нышановдун айтымында, бийлик чыныгы оппозицияга куугунтукту токтотуп, мартабалуу аткаминерлердин ичкен-жегендерин кустуруп, мыйзам чегинде жазага тартышы керек. Ошондо гана коррупция менен күрөшүү адилет жүрмөктүгүн Назарбек мырза баса белгилейт.

"Жаңы Агым" - пресс