presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Айтматовго арналган кинофестиваль
Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрынан 15-декабрга чейин борбор калаабызда кыскаметраждуу тасмалардын эл аралык кезектеги сынагынын өткөрүлүүсү күтүлүүдө. Бул кинофестивалдын башкы уюштуруучулары "Айтыш" коомдук фонду жана Кинематографисттер союзу болуп саналат. Бул иш-чара улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата дайыма 12-декабрда өткөрүлөт. Быйылкы фестиваль дагы залкар жазуучубуздун 85 жылдык мааракесине арналат.


"Кыргызстан - кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык сынагынын уюштуруучулары тандоо комиссиясынын жыйынтыктарын жарыялашты.
Быйыл бул эл аралык сынакка катышууга 20га жакын КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрү билдирме жиберишкен. Түшкөн билдирмелердин саны боюнча Россия жана Эстония алдыда турат. Тандоо комиссиясы көп сандаган татыктуу тасмалардын ичинен эң мыктыларын тандашты. Комиссиянын чечими боюнча эл аралык кинофестивалга 13 тасма катышат. Кинофестивалдын тарыхында алгачкы ирет Эстония жана Латвиянын 2 анимациялык тасмасы катышуучулардын тизмесине кирди.


Алар төмөндөгүлөр:
1. "Сакура" - Навруз Хикмет, Азербайжан
2. "Субстанция: молоко" - Наталья Меркулова, Россия
3. "Сундук" - Сабина Сагадеева, Өзбекстан
4. "Рождение оракула" - Рао Хеймитс, Эстония
5. "Ваня" - Оксана Артеменко, Украина
6. "Алмаз" - Виктор Аслюк, Беларусь
7. "Отец" - Айнур Исмаилова, Казакстан
8. "Ана" - Наталья Шауферт, Молдова
9. "Урсус" - Рейнис Питерсон, Латвия
10. "Алхас и Джульета" - Ашот Кещян, Армения
11. "Между" - Шарофат Арабова, Тажикстан
12. "Поколение войны" - Давид Пипиа, Грузия
13. "Зефир" - Наргиза Маматкулова, Кыргызстан
Улуттук конкурска катышууга укук алган тасмалар
1. "Кара далы" - А.Насиров
2. "Өгүз аял" - Н.Карамолдоева
3. "Интролибриум" - Д.Камшибаев
4. "Переваливший через века народ" - М.Бусурманкулов
5. "Боги" - Э.Нурбаев
6. "Балет - моя любовь" - К.Ахмеджанова
7. "Такие как мы" - Е.Головко
8. "Образ" - Б.Алмазбекова
9. "Перегон" - Р. Акун.
10. "Будильник" - В.Чернявский
Калыстар тобунда кимдер бар?
"Кыргызстан - кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык фестивалынын калыстар тобунун да аттары аталды. Калыстар тобунун төрайымы россиялык кинорежиссер жана сценарист Лариса Садилова.
Мүчөлөрү:
Темир Бирназаров - режиссер, Кыргызстан
Иван Лопатин - продюсер, Россия
Артур Веэбер - продюсер, сценарист, Эстония
Рубен Ерзинкян - режиссер, сценарист, Армения
Рустам Ахадов - продюсер, Тажикстан
Жеңүүчүлөр 15-декабрда кинофестивалдын салтанаттуу жабылышында "Манас" кинотеатрынын чоң залында жарыяланат.


"Сакура"
Эл аралык сынакка катышкан тасмалардын бири азербайжандык режиссер Навруз Хикметтин "Сакура" тасмасы. Бул тасманын сценарийин режиссер тасма тартылаардан үч жыл мурун жазып баштаган. "Сакура" тасмасындагы башкы каарман жалгыз бой эркек адам. Ал керемет гүлдөрдү өстүргөн тагдырына ыраазы болуп өмүр кечирип келет. Анын жакын таанышынын өлүмү, андан соң тагдырындагы сүйүктүү айымын кезиктирүүсү өзү түзүп алган өзгөчөлөнгөн дүйнөсүн бузуп, турмушу таптакыр башка нукка бурулат.


"Кара далы"
Улуттук конкурска катышкан тасмалардын бири Алижан Насировдун "Кара далы" кыскаметраждуу тасмасы. Азыр убагында турмуш кура албай, эне болуп, балкылдатып бала эмизбей курагы отуздан өткөн кыздар бар. Алардын жашоого бир жаралган бейкүнөө тагдырлары бар. Бул тасмада ошондой атасынын төрүндө отуруп калган дудук кыздын тагдыры анын карамдуу атасы тууралуу баяндалат.


"Зефир"
Эл аралык конкурска катышып жаткан жалгыз кыргыз тасмасы бар. Ал режиссер Наргиза Маматкулованын "Зефир" кыскаметраждуу тасмасы.
Тасманын сюжети тууралуу баяндасак каарман кыз күн сайын жумуштан соң зефир сатып алат. Үйүнө барат. Телевизор көрөт. Диванда көпкө ойлуу отурат. Узакка созулган үнсүздүк, жымжырттык. Бул эркиндикпи же жалгыздыкпы ар ким өзү чечет. Мындай күндөр балким түбөлүккө уланат беле... Бир күнү кыздын тагдыры күтүүсүз өзгөрөт. Бул тасманын продюсери Эрке Жумакматова, көркөм жетекчиси Артык Сүйүндүков, редактору Талип Ибраимов.


"Өгүз аял"
Кыскаметраждуу "Өгүз аял" тасмасындагы окуя Бишкектеги студенттик жатаканалардын биринде өтөт. Жатаканага келген-кеткендерге, жашоочулардын тартибине көз салган комендант деп койсок жарашчудай, кырк беш-элүү жаштагы кара торусунан келген толмоч аял. Албууттугу кармаганда жанына киши тура албайт. Аялдын ушундай орой кыялынан улам жатаканадагылар аны Өгүз аял деп атап алышкан. Жаңы үйлөнгөн эки жаш ага коңшу турат. Бир күнү экөө батир акысын төлөмөккө аялдын бөлмөсүнө башбагышат. Жалгыз бой аялдын үйүндө эки куурчак бар экен. Аларга үйрүлүп түшө "кыздарым" деп жалынып-жалбарганы жубайларга өөн учурап, кеткенге ашыгат.
Куурчактар аялдын эрмеги. Аларга тирүү адамдай мамиле кылып, сүйлөшүп, кыялында өзүн кичинекей эки кызды багып-чоңойтуп жүргөндөй сезет. Күндөрдүн биринде Өгүз аял кайдагы бир чечен жигит менен мамиле куруп, бирге жашай баштайт. Ага күйөөсүндөй мамиле кылып, кээде азык-түлүк алганы кеткенде сыртынан бекитип кетет. Андайда эркек эшикти болушунча каккылап, кыйкырып-өкүрүп коңшулардын тынчын алат. Ошондой күндөрдүн биринде, Өгүз аял жумуштап чыгып кетет. Айткан убактысынан кечиккенде үйдө калган эркек адатынча каалганы каккылап, ачуусуна чыдабай эки куурчакты бычак менен кескилеп, буту-колун жулуп салат. Ошол маалда өзү дагы жаракат алат. Аңгыча жүрөгү жамандыкты сезгендей Өгүз аял бөлмөсүнө шашып келет. Жашоодогу карманган эки тиреги - эки куурчагынын балжа-булжа болуп жатканын көргөн аял ачуу кыйкырып, ага удаа укук коргоо органдарынын келиши менен тасма соңуна чыгат.
"Өгүз аял" аңгемесин калемгер-депутат Каныбек Иманалиев студент кезде жазган экен. Автор андагы башкаарман турмушта болгонун буга чейин айткан жайы бар. Ошол жаш күнүндө болгон окуя жүрө-жүрө отуруп чыгармага айланган экен.
Жаш режиссер Нуржамал Карамолдоева бул тасма аркылуу "Бул дүйнөдө эне болбой калуу маңдайына жазылган, баласыз өткөн бактысыз эненин жүрөгүндө да энелик мээрим жашайт" деген ойду айткысы келген.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА









??.??