08.11.13 Өзгөнү койдук,
өкмөт ушуну чечпейби

Баягы баягынын аягы болуп, кыш жакындаган сайын отун, жылуулук маселеси көтөрүлүп мамлекеттик мекемелер көмүр аз деп чуулдай башташты. Быйыл көмүр менен камсыз кылуу кечеңдеп, октябрь-ноябрь айларында тиешелүү мекемелер 30-40 пайызга гана отун менен камсыздалганын айтышууда. Финансы министри Ольга Лаврова бардык мекемелер жеткиликтүү каржыланганын, бирок кышкы сезонго жетерлик көмүр эмдигиче эмне үчүн түшүрүлбөй жатканын айтат. А "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Нарынбек Сатыбалдиев болсо бардык кыргызстандык көмүр кендеринде кен кыртыштарын ачуу ар жылы 40-50 пайызга кечеңдеп жатканын билдирген.
Нарынбек мырзанын айтымында, көмүр казуу технологиясы сакталбагандыктан айрым көмүр кендеринде көмүр өндүрүү таптакыр токтоп калышы мүмкүн. "Ошол себептен ар ай сайын көмүр кендеринде геологиялык-маркшейдерлик капкак ачуу иштерин жүргүзүп турушубуз керек" дейт "Кыргызкөмүр" жетекчиси. Аталган мекеме минтип оозун жыйгыча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү прокуратура кызматкерлери менен бирдикте "Кыргызкөмүрдөн" кыңыр иш тапканын жар салды. Аталган кызматтын билдиришинче, "Кыргызкөмүрдүн" кызматкерлери эч кандай документсиз эле 777 тонна көмүрдү "Ак жол көмүр" ЖЧКсына жүктөп берген. Көрсө, "Кыргызкөмүрдүн" Балыкчыдагы складында турган бул көмүр Бишкек ТЭЦине жеткирилчү көмүр экен.
"Кыргызкөмүр" Бишкек ТЭЦине жалпы көлөмдүн 53 миң 556 тоннасын жеткирсе, анын 35 421 тоннасын көмүр өндүрүүчү мекемелерге тиешеси жок ортомчу фирмалар ташыган. "Кыргызкөмүрдүн" экс-директору Асанбек Молдокеевдин кызматтан алынышы да ошол ортомчу фирмаларга байланыштуу. Анткени ал ортомчу фирмалар менен толук эсептешкен эмес" деп билдирет аталган мекеменин маалымат кызматы. Ошондон уламбы, Нарынбек Сатыбалдиев көмүр ташуу үчүн мамлекеттик транспорттук компания түзүш керек деген демилге көтөрүп чыкты. Анын айтымында, учурда көмүр ташуу толугу менен жеке компаниялардын колунда. "Көмүр шахталарынан чыккан көмүр баасы менен калкка сатуучу пункттардагы баанын айырмасы өтө чоң болуп жатат. Биз азыр мындай компанияны түзүү үчүн 2-3 пайыздык каражат тартууну сүйлөшүп жатабыз. Бул чечилип калса, көмүр ташуу баасы 15-20 пайызга төмөндөп, эл да арзаныраак көмүр алат эле" дейт Нарынбек Сатыбалдиев. Буга улай ал жылыга айтыла жүргөн Кара-Кече-Бишкек темир жолу салынса Кара-Кечеден көмүр тартуу баасы үч эсе төмөндөрүн айтат. "Кыргызкөмүр" жетекчилигинин маалыматына таянсак, Кара-Кечеден Бишкекке чейин 1 тонна көмүр 1150 сомго жеткирилсе, 1 млн. тоннаны жеткирүүгө 1-1,2 млрд. сом сарпталат экен. "Эгер темир жол курулса, 1 млн. тонна көмүрдү 300-400 млн. сомго жеткирүүгө болот. Ошондо эл алып жаткан көмүр 30-40 пайызга арзандамак" дейт "Кыргызкөмүр" башкы директорунун милдетин аткаруучу. Кызыгы, көмүр өндүрүү начар деген бул мекеме үч жыл ичинде Бишкек ТЭЦи толугу менен казак көмүрүнөн баш тартып, атамекендик көмүр жагып каларын кабарлады.
"Кыргызкөмүрдө" акыбал мындай болсо "Кыргызжилкоммунсоюзда" деле жыргаган жагдай эмес. Энергетика министринин орунбасары Райымбек Мамыров октябрь айынын башында финансылык кыйынчылыктардан улам "Кыргызжилкоммунсоюз" көмүр сатып ала албай жатканын айтып чыккан. Анын айтымында, аталган мекеме кыштан чыгуу үчүн 83,6 миң тонна көмүр сатып алыш керек болсо, октябрь айына пландалган 33,53 тоннанын 11 миң тоннасы гана түшүрүлгөн. "Эгер мүмкүнчүлүк болсо, "Кыргызжилкоммунсоюзга" отун даярдоого акча бөлүш керек" деген эле министрдин орунбасары. Белгилей кетсек, өткөн жылы бул мамлекеттик мекемеде олчойгон коррупция катталып, анын аягы да быржыбайды там басты болуп жабылып калган.
Мамлекеттик чиновниктер минтип тытышып жатканда карапайым калкка ортомчулар көмүрдү каалаган баасында сатып жатышат. Башкасын коюп Бишкекти алсак, мэриянын билдиришинче азыр борбордо 20 отун базасы жана 4 склад иштеп жатат. Быйыл Бишкекте 4 миң 500 аз камсыз болгон үй-бүлө 1,5 тоннадан көмүр алат. Албетте, бул көмүр жазга чейин жетпейт. Үнөмдөп жаккан күнү да от жагуу сезонунда бир үй-бүлө 2-2,5 тонна көмүр жагат. Мэрия жыйырмадан ашык точкада көмүр сатылып жатат делгени менен ал жерлердин толук дареги, көмүрдүн баасы, каяктын көмүрү экендиги тууралуу маалымат эч жерде жарыяланган эмес. Кара-Кече көмүр кенинде бир тонна көмүрдүн баасы 1 миң 215 сом. Бул бааны көмүр өндүрүүчүлөр өзгөртө албайт. Бирок ортомчулар, каалагандай өзгөртө алышат. Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 3400-3700 сом. Ошондой эле "Кара-Жыраныкы" 3300 сом болсо, Шабыркүл көмүрү 3400-3600 сом. Шаардын кайсы бурчуна жеткиришпесин жүк ташуучу машинелердин кызматы 1500 сомдон жогору. Ошондо 1 тонна көмүр 4 миң сом менен эшик алдына түшөт. 3-4 тоннанын дароо сатып алганга акчасы жоктор кышы бою мүшөктөп сатып алууга аргасыз. А 40-45 килограмм салмактагы бир мүшөк көмүр кеч күздө 200-250, кышында 300-350 сомго чейин чыгат. Бул убакта Антимонополдук агенттиги каякты карап жүргөнү белгисиз.




Экономика министрлиги экспортту көтөрө алаар бекен?

Акыркы жылдары Кыргызстан экономикасынын өнүгүүсү өтө жай, туруксуз болуп жатканы баарыбызга маалым. 2012-жылы өлкө ИДПсы 6,19 млрд. доллар болуп, аны жан башына бөлгөндө 1125 доллар болгон. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан Дүйнөлүк банктын эсебинде эң төмөн кирешелүү өлкө катарына кирген. 2008-жылга салыштырмалуу 2012-жылы импорт 36,9 пайызга өссө, экспорт араң эле 3,9 пайызга жогорулаган. Ошентсе да Эл аралык валюта фондунун божомолунда 2012-жылдан 2017-жылга чейин өлкөдө байкаларлык экономикалык өсүүлөр болот. ЭВФ 2013-жылы өлкө ИДПсы 8,5 пайызга өсөрүн белгилеген. Муну эске алып Экономика министрлиги өткөн жылы июль айынан баштап Экспортту өнүктүрүү стратегиясын (ЭӨС) иштеп чыгууга киришкен эле.


ЭӨС боюнча кызыкдар тараптар катышкан алгачкы консультация июль айында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жетекчилигинде өткөн. Андан бери стратегия үстүндө биртоп ведомство, министрликтер иштеп, 2013-жылдын апрель айында стратегия долбоору Экономика министрлигине тапшырылган. Өткөн жумада Бишкекте аталган стратегиянын расмий ачылышы болуп, ага мамлекеттик, жеке уюм, ишканалардын өкүлдөрү жана тиешелүү эл аралык экономика адистери катышты. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, стратегияны иштеп чыгууга жеке ишкер, бизнесмендер, ири жана перспективдүү компаниялар активдүү катышкан. Ошондой ЭӨСтү түзүүгө Эл аралык соода борбору (ЭСБ), Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомчулугу (ЭКГК) жана Кыргызстандагы Швейцария элчилиги, Швейцариянын экономика агенттиги да чоң салым кошушкан. "Өкмөт бул стратегия долбоорунан сырткары экспорттук операцияларды жеңилдетүү үчүн биртоп иш-чараларды жасады. Жакында биз өтө олуттуу токтом кабыл алдык. Тактап айтканда, биз экспорттук операцияларда талап кылынуучу сегиз документти экиге түшүрдүк. Мындан ары товарды экспорттоо үчүн кээде контракт, кээ бирде инвойс эле талап кылынат. Менимче бул документ өз жемишин берет. Мындан сырткары биз лицензиялык-уруксат системасын кыскартуу жаатында иштеп жатабыз. 2010-жылы 600дөн ашык милдеттенме лицензиялары болсо, 2012-жылы аны 250гө чейин кыскарттык. Бир нече күн мурун президент лицензия, уруксат документтер тизмеси жүзгө жетпеген лицензиялык-уруксат системасы мыйзамына кол койду. Бул дүйнө жүзү боюнча лицензия-уруксаттардын эң кыска тизмеси. Бул ишкерлер үчүн Кыргызстанда иштөө алда канча пайдалуу, ыңгайлуу болушу үчүн жасалды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына карасак, импорт менен экспорттун айырмасы асман менен жердей. Ошону эске алып биз экспортко кеңири жол ачтык. Муну менен бирге эле биз экспортчуларга такыр тийишпейбиз" дейт биринчи вице-премьер- министр.
Баса белгилей кетсек, Экспортту өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгып, аны ишке ашыруу Экономикалык өнүгүү министринин демилгеси болгон. Бирок негедир стратегиянын финалдык жыйынтыгына тизмеде көрсөтүлгөн Экономика министри Темир Сариев келбей анын орунбасары Данил Ибраимов келди. Модератордун айтымында, министрдин жаңы орунбасары кызматка бир күн мурун келгенине карабай Экспортту өнүктүрүү стратегиясын (стратегия долбоору А-4 форматында 436 беттен турат) окуп, түшүнө салыптыр. Министрдин жаңы орунбасары аталган стратегия Кыргызстандагы бардык ишканалардын ишин жакшыртарын баса белгилеп, Экономика министрлиги жеке ишкерликти өнүктүрүүдөгү көп тоскоолдуктарды жойгонун билдирди. Экономика министринин орунбасарынан соң Германиянын Кыргызстандагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Гудрун Мария, Швейцария элчиси Лоран Ги сөз сүйлөп, стратегияны иштеп чыгууга Германия, Швейцария мамлекеттери жакшы жардам бергенин жана аны ишке ашырууда да кыргыз өкмөтүнө көмөк көрсөтүшөрүн ортого салышты.
Андан соң стратегияны иштеп чыгуу процесстеринин бардыгына катышып келген Эл аралык соода борборунун экспорттук стратегияларды иштеп чыгуу боюнча улук кеңешчиси Эрик Бушот сөз алды. Ал Экспортту өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууда Кыргызстандын потенциалы, климаттык шарты, чет өлкөлөрдүн ар кандай продукцияларга болгон талаптары, муктаждыктары, жеке сектор өкүлдөрүнүн кызыкчылыктары, жөндөмү эске алынганын ортого салды. Анын айтымында, көптөгөн иликтөө, консультация, кеңешмелерден соң экспортту жана социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн приоритеттүү негизги алты сектор тандалып алынган. Алар туризм, мөмө-жемиш, эт, сүт, тигүү тармактары жана желим бөтөлкөлөнгөн суу. Буга улай Эрик Бушот стратегияда аталган ар бир сектор боюнча тоскоолдуктар жана атаандаштык боюнча негизги көйгөйлөр белгиленгенин, аларды чечүү жолдору, финансылоо булактары да каралганын кошумчалады.
Учурда ЭӨС бардык министрлик, ведомстволор ортосунда макулдашылып бүтүп, Экономика министрлигинин карап чыгуусунда турат. Стратегиянын текстин дагы бир жолу редакциялап чыккан соң министрлик документти өкмөт аппаратына сунуштайт. "Бул стратегиянын мурдагы экспортту жаңы деңгээлге чыгаруу аракеттеринен айырмасы стратегиялык пландын ар бир пунктун жүзөгө ашырууга финансы изделип жатат. Ошол себептен бул долбоордун ачылышына донордук, эларалык уюмдардын өкүлдөрү чакырылды" дейт Экономика министрлигинин маалымат кызматы. Эгер министрликтин өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр, жеке сектор өкүлдөрү, жарандык коом жана өкмөт мүчөлөрүнүн стратегия боюнча айткандары жүзөгө ашса, экономика алдыга жылары шексиз. Стратегия көлөмү жагынан абдан эле чоң болуптур, бирок аткарылышы кандай болору али белгисиз. Стратегияны иштеп чыккандардын ооз толтура айткандарына караганда мындан бир нерсе чыга турган түрү бар.

Бетти даярдаган
Мелис СОВЕТ уулу