08.11.13 Кесиптеш жөнүндө
Журналистиканын мадоннасы
Бүбүкан
Мелмилдеп турса Ысык Көл,
Жайкалып турса Салкын-Төр,
Табият сырын карачы,
Ак кууну көр да, сени көр.
Келбетин кийип маралдын.
Көл, Марал, Ак куу деп жүрүп,
Өзүңдү кайдан таба алдым?"-деп акындар ага ыр арнагандай, кыргыз журналисттеринин мадоннасы Бүбүканга Теңирим ай десе аркы жок өң-келбетти аянбай бериптир. Бирок кыргыз сулуулукту кор тутуп, барктабай өтөөрүн не бир мен деген мөл сулуу, төл таланттардын тагдырынан көрүп иренжиген жерим бар. "Колдо бар алтындын баркы жок" кылаттар коомдо митедей жоголбой аралаш келатат го. Ал дагы сулуулугунун, талантынын азабын жеп чыгармачылык бут тосууларга, ичинен кара таруу айланбаган ичи тарлардын тузагына чалынып каржалып келатат. Мына "күп деп эми жыгылат" деп көралбастар ичинен кымыңдап турганда "күп" дебей, кайра күчөнүп кетип алардын шайын оодарганы анын канча нервин, ден соолугун алды. Киши чиркин, беш күндүк өмүрдө тынч жашабайт экен го. Теңтушу Бурул Сарыгулова жазгандай:
"Сен экөөбүз көздүн жашын жуутпай
Муңаюну күлкү менен жеңгенбиз" дегендей, баарын ичине батыра билгендиги, кек сактабагандыгы, аларга теңелбегендиги менен жеңип кетти. Чыгармачылык изденүүдөн го, жүзү ойлуу, санаа тартып турганын көзүнөн көрөм. Кээде кыжаалаттанып иштеген ишине көңүлү толбой, тигил жерин тигинтип койсом болмок экен деп өкүнүп калмайы бар. Эфирде иштеген отуз беш жылдан ашуун ал журналист, инсан катары өстү, такшалды.
Дегеле белгилүү журналист жөнүндө жазуу тозок. Алар оюн басма сөздөбү же эфирдеби дайым коомдук пикирдин чордонуна чыгарып эл менен аралаш жүргөнсүйт. Аларды эл сенден жакшы билгенсийт. Ошондонбу бир аз тартынасың. Бүбүканды эстегенде биринчиден, көкүрөк толо максат, демөөр толгон студенттик курак эске келет.
Айжаркын Бүбүканга качан жолуктум эле? Үмүткө толгон абитуриент кезде, окуу китебин жатка билсек дагы биринчи келген жылы экөөбүз тең окууга өтө албай калдык. Ошондогу намыстануу, өксүү, ызаланууга чек жок эле. Бизде бир гана девиз бар болчу, ал: "өлсөк дагы окуйбуз!" Окууга өтсөк деген тилек, максат түнкүсүн уйку, күндүзү тынчтык бербейт. Анан кийинки жылдары окууга өтүп ойронубуз чыкканча окудук. Билимге болгон ач көздүк күчөп, илим кумарына батып, толуп-ташып талаш-тартыш табагын жырттык. Бийиктикке умтулуу, атаандашуу, анан түн уйкусунан безип бири-бирибизден жашырып чыгарма жазуу. Баео көз караш, тазалык. Ал Жети-Өгүздүн Саруусунда туулуп, өсүп, 9 жашынан "Кыргызстан пионери" деген өспүрүмдөрдүн газетасына кабар жазып жетилди. Райондук "Коммунизм маягы", облустук "Ысык- Көл правдасы" гезиттерине чакан кабарлары, сүрөттөмөлөрү, очерктери студент болгонго чейин эле чыгып, фамилиясы көзгө көрүнүп калган экен. Студенттик мезгилде радионун штаттан тышкаркы кабарчысы болуп жүрүп, 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин ийгиликтүү бүттү.
Анын тилеги келечекте илимдин доктору болуу эле. Ошого ынтызарланып жакшы окуду, үлгүлүү жүрдү. Студенттик куракта эле жогорку окуу жайлар арасындагы илимий конференцияларда жасаган илимий баяндамалары үчүн Кыргыз мамлекеттик университетинин үч жолку Ардак грамотасына татыган. Анын акыбети кайтып кийин илимий диссертациясын жактап саясый илимдин кандидаты болбодубу. "Азгырган бардыр ансыз да" деп жезделери эркелетип, тамашалап айткандай, ага шыгырап ашык болгондор дагы көп эле. Бирөө ыйлап, бирөө түтөп, бирөө жалындап күйүп не бир алакеттен өтүштү го кайран жигиттер!
Ал кезде Бүбүкандын мезгилден жазды, гүлдөн розаны, жемиштен алманы гана жакшы көрөр табитин билген жигит кайда?! Жаңыдан бой керип кермаралдай кулпурган кадыркеч бийкеч шынарлашкандарга көз кыйыгын салып да койбой, ичинен "сүйүүңөрдү кое тургулачы, биринчи окуюн" дегенсичү. Жамалы жанган Бүбүкан студенттик куракта эле өзүн аздектеп, наркын билип турмушка олуттуу карай турган. Кыраан кушка тузак салып, туурума туйгун кылып кондуруп алсам деген ак тилектер арбын эле.

Азыр Бүбүкан кесибин ардактап кыргыз радиотележурналистикасына өз изин чыйрак салган чебер болду. Анын ырааттуу, ишенимдүү сүйлөгөн жагымдуу үнү элге бат эле сиңип кеткен. Өзүнө таандык чечендик, жеке мүнөзүндөгү маданияттуулук, токтоолук, эфир алдындагы интеллектуалдуулугу анын профессионалдыгын далилдейт. Фактыдан, окуядан ой сүзүп алуу, аны терең талдоо анын кесиптеги негизги адаты. Ушу жерден дүйнөлүк окумуштуу, тарыхчы, академик В.В.Бартольддун: "Кыргыздар-бул маданияттардын синтезине ык тартып турган улут" дегенине ынанасың.
Бүбүкан Досалиева журналист катары кыргыз радиосунда калыптанды, такшалды. 1986-1991-жылдары КТРдын жаштар редакциясында иштеп, кайра куруунун ооматтуу күндөрүндө улуттук аң-сезим козголуп, прогрессивдүү кыргыз жаштарынын коомдук көйгөйлөрүн терең, курч, убагында чагылдырууда анын эмгеги чоң. Биротоло суверенитет ала элек республиканын жаштары ташкындап, чечилбеген көйгөйүн өзгөчө: жер, үй, тил, миграция ж.б. айтуу үчүн трибунага муктаж эле. Элге үндөрү жетпей "Ашар" ж.б. козголуштар канкакшап боздоп турду. Ошондо Москвадан ооздукталган социдеологиядан корккон басма сөздөр дымып унчукпай отурганда "Кыргызстан маданияты"гезитинин редактору Жалил Садыков жана Кыргызтелерадионун жаштар редакциясынын журналисти Бүбүкан Досалиева гана жеке тагдырларынын кызыкчылыгын жыйыштырып коюп, не деген зор иштерди жүргүзбөдү! Бул ошол учурда зор жеңиш, чоң баатырдык болчу. Улуттун намысын коргоп кыргыз туусун желбиретип туруу оңойбу!?
Бүбүкан Досалиеванын журналист катары эфирдеги турпаты-сүйлөнүп жаткан сөздөн ой чубап тизмектелип жатык чыгышы, ойдун тереңдиги, актуалдуулугу, үндүн ишенимдүүлүгү, микрофондо өзүн эркин сезүү. Алган фактыны терең анализдей билүүчүлүгү, журналисттик этиканы таза сактай билгендиги, калыс позицияда тургандыгы. "Жүрөктөн чыккан нерсе жүрөккө жетет" демекчи, ошол кезде ал даярдаган: "Кайдасың кайрымдуулук", "Абийириңди жашыңдан сакта", "Тор артындагы тагдырлар" жана "Үзүлбөй калган алмалар" аттуу уктуруулар эл арасында чоң толкунду, түйшөлүүнү жаратты. Бул берүүлөрдө камтылган факты социалдык, экономикалык, барып келип идеологиялык тамырын терең талдап, жашоонун өлбөс философиясынын доорлорго жараша өзгөрүп тургандыгын далилдөөгө аракеттенди.
Өз ишине берилген журналист үчүн теманы ачып берүү, проблеманы өз деңгээлинде көтөрүү азап иш. СССР убагында жабык тема болгон кара далы кыздар, аялдар арасындагы аракечтик, сойкулук проблемасын Бүбүкан биринчи жолу радиодон көтөрүп, алардын турмушунун социалдык, психологиялык тамырын ачып берди. Айрыкча түрмөдөгү аялдардын турмушун, мүдөөсүн аял катары изилдеп муңканта эфирге алып чыгып жандүйнөгө добулбас какты. Эркектер кылмыш кылууда эч убакта аял дүйнөсүнө толук сүңгүп кирип түшүнө албастыгын, аны түшүнүү өтө оор экендигин далилдеди. Аял табияты деген эмне? Бул жалпы адамзаттык проблема. Бул жабык темаларды ачык айткан үчүн ал канча жолу КГБнын сурагына кабылбады.
Бүбүкандын эфир жоопкерчилигин терең сезүүсү теманы кенен, терең ачып, оңой жолдон качуусу, адамдагы катылган ойду ачып алуусу анын журналисттик дараметинин бир жагы. "Талантка таамай сын берер, тараза болот эл деген" чын. "Перизат", "Кыргыз жери" уктуруусунда иштегени анын жеке тагдырында эсте кала турган мезгил деп ойлойм. Жадагалса анын атын угуп муң-зарын айтуу үчүн атайын ат арытып алыстан келгендер ал иштен чыгып баратса, иш үстүндө, эл арасында дагы өзгөчө бир урмат менен"Бүбүкан Досалиева, сизби?" деп кайрылганына көп эле күбө болдум. Ушундан улам бир окуяны айта кетүүнү эп көрүп турам. Ал кезде "Перизат" уктуруусун чоң бут тосуулардан кийин көп түйшүк менен ачып, аны изденүү менен алып барып жүрдү. Ар бир уктуруусунда жаңыча изденүү, логикалык ойдун тутуму жатчу. Анан адашкан тагдырлар табышсын деп өзү уктуруусунун аягында тааныштыруу бурчун ачып, айрымдардын уруксааты менен даректерин берип койчу. Бүбүкан Ошко иш сапар менен барып дарыгер менен сүйлөшүп отурса "Бүбүкан Досалиева, сизби?" деп бир эгиз бала көтөргөн келин бетинен өөп, "мына бул сиздин балдар!" деп кучактап жыгылыптыр. Көрсө, ошол "Перизатта" үй-бүлөлүк турмушуна таарынып Казармандан Казакстандын Целиноград облусуна кетип калып, кийин уктуруусуна кат жазган бактысыз жигиттин турмушу жөнүндө баяндап келип, балким кат жазаар деген ойдо дарегин кошо бериптир. Аны уккан жалал-абаддык кыз жигитке кат жазып табышып, жылдызы төп келип баш кошуп, эгиз балалуу болушуптур. Кубанычына жетине албай ыраазычылыгын чын ниетинен билдирген келиндин жүзү журналисттин өмүрүндөгү бир мерчемдүү учур катары калды. Жазгандары элдин жүрөгүнө жетип угарманынан кайра бир туугандык позицияны сезүү кандай бакыт! Журналист адам жандүйнөсүнүн, көз карашынын көпүрөсү. Ой-мүдөөнү жүрөктөн жүрөккө жеткирет. Бул ишенимге ээ болуу чоң сыймык.
Бүбүкандын бир мүчүлгөн жери - жашында колу жөндөмдүү болуп жакшы сүрөттөрдү тартчу эле, жакшы ырларды жазчу эле. Эмнегедир кийин ушул экөөнү чыгынып колго албады. Аргендей созуп ырдаган ыры профессионалмын дегендерди артка таштаса дагы актердук чеберчилигин көп ачпай, радиодраматургияга эмнегедир үнүн жаздырган жок. Же чолоосу жетпедиби? Же баягы көрө албастар бут тосту бекен? Мүмкүн...
"Жан эргиткен жакшынакай кыз элең,
Жалт карашың жалын чачып шоктонуп.
Мен бир акын болдум окшойт түтөгөн,
Сен жайдары келин болдуң ак жоолук" деп акын Алик Акималиев ыр арнагандай мезгил өтүп суйсалган сулуу Бүбүкан өзү эне. Асыл жарын ардактаган жолдошу Калык экөөнүн төрт баласы бар.
Бүбүкан иштеп жүрүп 1988-жылы телерадио кызматкерлеринин Бүткүл союздук институтун, 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин юридика факультетин артыкчылык диплому менен бүткөн. ЮСАИД, НАТО, IWPR, БИ-БИ-СИ, Евробиримдик уюмдарынын жана "Азаттык"-"Эркин Европа" радиосунун стажировкасынан өткөн. Жамалы жанган Бүбүкан ден соолугунун азабын тартып жүрсө дагы эки тизгин бир чылбырды колдон чыгарбай келатат. Кыргыз радиосунан кийин1994-жылдан баштап Кыргыз улуттук университетинде журналистика факультетинде кафедра башчы болуп педагогдук иште иштеди. Ал 1985-жылдан бери жогорку окуу жайларда журналистикадан сабак берет, кесиптик чеберчиликке үйрөтүүдө. Жаңы заманда Радио, TV боюнча журналистика факультетинин сапаттык жагынан өсүшүндө, калыптанышында Бүбүкан Досалиеванын салымы зоң.
Дегеле Бүбүкан 1995-2010-жыл аралыгында "Азаттык", "Эркин Европа" радиосунда кабарчы, мультимедиа менеджер жана телевизиондук башкы продюсер болуп иштегени кыргыз журналистикасындагы жаңы тарых. Мамлекеттин өнүгүшүнө пайдубал болоор жагдайларды өнүктүрүү, ага ар бир жарандын салым кошушу, бийликтегилердин өлкө үчүн зор жоопкерчиликте болушу зарыл деген коомдук пикирди калыптандырды. Адам укуктарын коргоо, демократия баалуулуктарын бекемдөө, ар бир адамдын эркиндиги, көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн жан үрөп иштеди. Ошондуктан анын машакаттуу эмгегин мамлекет баалап, 2005-жылы ага Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген ардактуу наам ыйгарды.
Чыгармачыл адам жер аралап элдин абалын билет. Баягы "жер көргөндүн көзү ачылат, эл көргөндүн сөзү ачылат" болуп акыйкатты айтса айрым бийликтегилер чычалашат, жактырышпайт, кээде кысымга алышат. Бөйпөңдөгөндөрдү гана жактырган аксымдар андан көп. Бүбүкан дал ошол акыйкатты айтам, элге жеткирем деп жүрүп өтөлгөлүү өмүр кечирип келатат.

Кален СЫДЫКОВА