01.11.13 Сапар кайрык
Парламентаризм кайыгындагы Түркия
Курамына беш журналист жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын үч өкүлү кирген делегация ЮСАИД/ДФИДдин парламентке көмөктөшүү программасынын алкагында 21-25-октябрь күндөрү Түркиянын Анкара шаарында болуп кайттык. Бул сапар түрк парламентинин ички ашканасы менен кенен таанышуу, тажрыйба алмашууга арналган. Анкарадан көргөн кызыктардан бөлүшөлү.


Биз барган күнү Түркия парламентинин ММК жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Али Озер тосуп алып, парламент тууралуу баяндап берди. Анын айтымында, парламентте жалпысынан 5070 адам эмгектенет. Алардын 1559у түздөн-түз депутаттар менен кызматташат экен. Парламенттин өзүнүн телеканалы, басмаканасы, радиосу, журналы, китепканасы, сайты бар. Телеканалы чоң жыйындар өтчү күндөрү түз эфирде иштөөгө милдеттүү. Ал эми каалагандар жыйындын жүрүшү менен интернет сайты аркылуу таанышса болот. Бу жагынан боордошторубуз алдыга озуп кетиптир. Себеби биздин Жогорку Кеңештин радиосу, сайты болгону менен өз алдынча телеканалы, журналы, басмаканасы жок.
Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууга келген адамдар өткөрмө бөлүмүнөн уруксат алып киришет. А Түркия парламентинде мындай вазыйпа басма сөз кызматына жүктөлүптүр. Депутаттарга кезигүүнү же парламент ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууну каалагандар кайрылса, басма сөз кызматы атайын кызматкерин бөлүп берет.
Парламенттик кабарчы болуу сыймык
Парламенттик кабарчыларга өтө катуу талап коюлуптур. Кайсы бир басылманын журналисти парламенттин ишин чагылдырам десе, беш жылдык эмгек стажын тастыктаган сары карточкасы болушу абзел. Ансыз парламент босогосун аттатышпайт. Журналисттердин иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Маселен, парламентте маалымат каражаттарынын ар биринин өзүнчө бөлмөсү бар. Ал эми журналисттердин укугун коргоо, тажрыйбасын жогорулатуу максатында атайын ассоциация иштейт экен. Сапардын алкагында парламенттик журналисттер ассоциациясынын төрагасы Көкзел Бозгурт менен жолугуштук. Ал өзү жетектеген ассоциациянын түптөлгөнүнө 49 жыл толгонуна токтолду. Ошондой эле 800гө чукул активдүү мүчөсү бардыгын, жыл сайын ар бири төлөм иретинде 25 доллардан төгөрүн, ал ассоциацияны каржылоого сарпталарын баса белгиледи. "Депутаттар биздин ассоциация менен эсептешип турушат. Эгер депутат кайсы бир журналистти кемсинтип жаман сөз айтса, биз ага эскертүү беребиз. Анын жүрүм-турумун талкуулап, баа берилишин фракциядан талап кылабыз. Силер дагы Жогорку Кеңеште атайын журналисттер бирикмесин түзсөңөр болот. Биз силер менен кызматташууга даярбыз" деген Көкзел мырзанын сунушу бизге жакты. Мындай демилгени бөлөк кесиптештерибиз менен талкуулап, анан бирдиктүү чечимге токтолмой болдук.
Өгөйлөнгөн оппозиция
Дээрлик кылым карыткан Түркия парламентинен үйрөнчү нерселер арбын экен. Мисалы, мамлекет каражатын каалагандай чача беришпейт. Бизде 120 депутаттын ар бири кызматтык унаа, алыскы региондон келгендер батир менен камсыздалып, региондорду кыдырганын колко кылып акча сураса, Түркияда парламент төрагасы жана анын орунбасарлары, комитет төрагалары гана кызматтык унаада жүрүшөт. Квартира, командировка сыяктуу чыгымдарга бөгөт коюлган. Шайлоочулар менен жолугушууну жеке эсебинен өткөрүшөт, ага өлкө казынасынан сокур тыйын чегерилбейт.
Кыргыз депутаттары жеке мүдөөсүн аткарбай койсо эле өкмөттү күнөөлөп, "Баланчаев деген министрди кызматтан айда" деп кыйкыра беришет эмеспи. Алсак, "ар-намысчы" Кожобек Рыспаев айыбын чукуганы үчүн Ишенбай Чунуевди мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директорлугунан кетирүүнү башбакандан талап кылганын укканбыз. А Түркияда депутаттын өкмөткө же кайсы бир министрге ишеним көрсөтпөө укугу жок.
"Медалдын эки бети бар" демекчи, анча-мынча кемчиликтерине да токтололу. Жеке менин баамымда, түрк парламентинде оппозиция өгөйлөнүп калыптыр. Жөнөкөй мисал келтирейин. 17 туруктуу жана эки убактылуу комитеттин төрагалары бийликчил партиядан шайланыптыр. Оппозицияга бир дагы комитет жетекчилиги ыйгарылган эмес. Оппозиция аты эле болбосо, маселенин бардыгын "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын депутаттары чечет. Ага салыштырмалуу биздин ЖоКедеги оппозицияга бейиштей шарт түзүлгөн десек жаңылышпайбыз. Маселен, "ата журтчу" Акматбек Келдибеков бюджет жана финансы комитетин (Түркияда аталган комитет өтө маанилүү саналат - Н.К.), "республикачы" Кенжебек Бокоев мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү, анын партиялашы Алмазбек Баатырбеков коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагалыгын аркалаганы буга жандуу мисал.
Республикалык масштабдагы олуттуу маселелерге келгенде бийликчил партиянын депутаттары бирдиктүү позицияны тутунушат. Тагыраагы, фракция чечимине баш ийишет. Бул жагынан да ат чабым алдыга озгонубузду айтышыбыз керек. Себеби, президент Алмазбек Атамбаев "Кумтөрдөгү" үлүштөр 50-50%дан бөлүнсө туура болорун улам-улам кайталаса дагы, ал түптөгөн КСДПнын депутаттары өкмөттүн меморандумун четке кагып, алтын кениндеги акцияны 67%га жеткирүү тапшырмасын жүктөдү. Мындай көрүнүштү Түркиядан кезиктирүү таптакыр мүмкүн эмес.
Буга окшош мисалдар толтура, аларды тизмектегенге гезит бети чектелүү. "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" сыяктуу бир партия өкмөттү курап, конкреттүү программасынын негизинде саясат жүргүзгөнү жакшыдыр. Тилекке каршы, бизде андай эл ишенимине татыган партия жарала элек. Ал эми жасалма түрдө көпчүлүк орунду ээлөөнүн акыры жаман болорун "Ак жол" партиясынын мисалында көрбөдүкпү. Андыктан Түркиядагыдай, дегеле парламенттик системанын алкагында өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуу үчүн убакыт талап кылынат.