01.11.13 Генерал Мелис Турганбаев:
"Бизде уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү саясатка жуурулуп кетип жатышпайбы"

Бүгүн 1-ноябрь кыргыз милициясынын кесиптик майрамы. Коомчулукта милицияга ишенбөөчүлүк пайда болгону менен, башка иш түшкөндө сөзсүз милиция эске түшөт. Андыктан бизди коргогон тартип сакчыларынын майрамы менен куттуктап, Бишкек ШИИББнин башчысы, милициянын генералы Мелис ТУРГАНБАЕВ менен маек куруп, милициянын азыркы абалын сурадык.
- ИИМди реформалоо керектиги тууралуу көптөн бери айтылып, бирок сөз боюнча калып келет. Аны кайсыл жагынан баштоо керектигин ар ким ар кандай айтат, сиз алгач эмнеден баштоо керек деп эсептейсиз?
- Бүгүнкү күндө реформаны ар ким ар кандай түшүнөт. ИИМде айрым бир жетекчилер бир башкармалыктарды жоюп башкасын ачып, реформа жүргүзүп жатабыз деп келишкен. Бул чындыгында мындай эмес. Биз өзүбүздүн органды реформалоону Бишкектен баштадык. Жалгыз эле бир долбоор менен иштебестен, бир нече долбоорлорду камтыдык. Алар "Түнкү милиция", "Милиция таяныч пункттары", "Коопсуз короо" жана "Коопсуз мектеп". Бүгүнкү күндө ушул төрт долбоор эффективдүү иштеп жатканына шаардыктар өздөрү күбө.
Негизи милицияны реформалоого көп каражат керек, болбосо реформа тууралуу унутуп эле коюш керек. Баарыбыз эле реформа дейбиз, аны кандай башташ керек? Биринчиден, милиция кызматкерлерин социалдык жактан коргоону колго алуу керек. Айлыктарын көтөрүп, материалдык-техникалык жактан базасын жогорулатуу керек, илим-билимин өркүндөтүп профессионалдык жактан даярдыктарын жогорулатуу зарыл жана ошону менен катар эле айрым бир мыйзамдарга толуктоолорду киргизүү шарт. Коомдук тартип баарыбызга тиешелүү. Жалаң эле милицияга шылтап коюштун кереги жок. Башка өлкөлөрдө милицияга коомчулук жардам берет. Биз эми эч ким жардам бербей жатат деп айтпайбыз, бирок жоопкерчилик деген милицияга кандай жүктөлсө так ошондой эле ар бир жарандын мойнуна жүктөлүшү керек. Жогорудагы айтылгандарды эске алуу менен ички иштер органдарын реформалоо үчүн иштелип жаткан иш-чараларды ишке ашыруунун негизинде келечекте жогорку сапаттагы, техникалык жактан мыкты жабдылган жана элге ачык, коомдун талабын жогору койгон милиция болоруна мен ишенем.
- ИИМдин ишин жакшыртуу, дегеле коомдо кылмыштуулукту азайтуу үчүн азыр кандай мыйзамдар зарыл? Сиздер кандай мыйзам долбоорлорун сунуш кылып жатасыздар?
- Мисалы, уюшкан кылмыштуулук боюнча мыйзам кабыл алынды. Бул абдан жакшы. Бирок кийинки күндө ал мыйзам жакшы иштебей келет. Себеби эмнеде? Кылмыш-жаза кодексинин көп беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Алар созулуп кетип жатат. Ошондуктан жакшы мыйзамдар иштебей атат. Созулгандын себеби, биз бардык мыйзамдарды даярдап министрликке бердик, алар карап чыгып ЖКга бериш керек. Мисалы, уюшулган кылмыш топтун мүчөсүнө мунапыс, шарттуу түрдө бошотуу деген сыяктуу беренелердин бул топтогуларга тиешеси болбошу керек. Андан сырткары ички иштер органдары боюнча мыйзамга көп өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Бул боюнча да иштеп жатышат. Кылмыш-жаза кодексине, кылмыш процессуалдык кодекстерге да мамлекеттик деңгээлде өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн бүгүнкү күндө комиссия түзүлүп, иштеп жатат.
- Азыр коом өзгөргөнү ОПГ дегендер да өзгөрдү, мисалы, алар чет өлкөлөрдө жатып алып коомдук аң-сезимдерге таасир этүүнүн жолдорун таап, өздөрүн милициядан жапа чеккен улуттук баатыр катары көрсөтүп жатышат. Мурунку оперкызматкер, азыркы генерал катары айтсаңыз, ушундай көрүнүш болуш керек беле же азыр бул нормалдуу эле нерсеби? Анткени коомдун кайсы бир бөлүгү алардын айтканына ишенип жатпайбы?
- Негизи мындай болбошу керек. Бул канча жылдан бери элдин аң-сезимине сиңип калган. Мисалы, Акаевдин доорунда деле буларды ар кандай саясый оюндарга колдонуп келишкен. Аларды шайлоолорго, бирөөнү коркутууга колдонушкан. Ал эми Бакиевдин убагында болсо криминалдык чөйрө абдан эле өрчүп кеткен. Адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруп, аларды жоготконго чейин алып барышпадыбы. Канчалаган саясый коомдук ишмерлер ошондой криминалдык чөйрөнүн адамдарынын колунан каза табышкан. Булар ошого көнүп калышкан.
Ар бир адам, албетте, тигил же бул жакта отуруп алып каалаганын айтып актана берсе болот. Эгер ал адамдар ак, таза болсо келиши керек эле. Мыйзамды бузбаган күнөөсү жок кишилер келип, бул жакта жашап, оокатын кылып жатышпайбы. Бизде акыркы күндөрү алыста отуруп алып башкаларды күнөөлөп каалаган кабарларды бере беришет. Эми демократия, сөз эркиндиги бар. Андыктан аларды антип айтпа, минтип сүйлөбө деп айтууга акыбыз жок. Айтканын айтып, жазганын жазып жатышат. Коомчулукта алар көп түшүнбөстүктөрдү жаратып жатканы чын. Бирок биз, мен өзүм баштап бүгүнкү күндө кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын ичинен уюшулган кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөштү жүргүзүп жатабыз. Алардан коркуп жашыра турган эч нерсе жок. Мен буларды катардагы эле кылмышкер деп эсептейм. Алардын күнөөсү барбы, жазасын мойну менен тартыш керек. Күнөөсү жок болсо өз оокатын көрүп жашай берсин, эч ким аларга тийишпейт. Алар таза болсо эч качан жасалма нерселерди айтып, мойнуна жасабаган күнөөнү коюуга акыбыз жок. Андайды Кудай деле кечирбейт. Мына мен 30 жылдан ашык ушул органда иштеп келатам, андайга жол да берген эмесмин.
- Биздин мыйзам менен башка өлкөлөрдөгү мыйзамдардын айырмачылыгы эмнеде?
- Коңшу мамлекеттердеги мыйзамдар менен биздикинин айырмасы абдан көп. Мисалы, коңшу Казакстанды эле алалы. Алардын Кылмыш-жаза кодексине өзгөрүп кирген мыйзамдары тез эле ишке киришти. 2011-жылы биз структураны түзүп ишти баштаганда казак коллегаларыбыз ишти кандай жүргүзүп жатканыбызды сурашты. Биз аларга керектүү мыйзамдарды көргөзгөнбүз. Бирок алар биздин идеяларыбызды алып, тез эле ишке киргизишти. Мисалы, Москвадан бир казак "мыйзамдагы ууру" деп таажы кийиптир, анын үстүнөн тез эле кылмыш ишин козгошуптур. Ал "мыйзамдагы ууру" Казакстанга келе албайт, келсе эле камалат. Андан тышкары мындай кылмыш жасагандардын жаза мөөнөтү да чоң. Мындайлар он алты жылга эркинен ажыратылат жана түрмөдөн эч кандай жеңилдиктер каралып, эркиндикке чыга албайт. А биздеги эң чоң көйгөй уюшулган кылмыш тобунун мүчөлөрү саясатка жуурулушуп кетип жатпайбы. Алардын жолу өзүнчө бөлөк болуп саясатка аралашпашы керек. Буларды экиге бөлүш керек. Мыйзам кабыл алынгандан кийин анын аткарылуусуна катуу киришүү зарыл. Казакстанда азыр "каралардын дүйнөсү" акырындан жоголуп баратат. Анткени ал жакта мыйзам күчтүү иштеп жатат. Кайсы жерде мыйзам катуу болсо, ошол жерде тартип да катуу. Бул ыкманы бизде деле жасаса болот. Ошондуктан Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, жазылган мыйзамдарга айкалыштырган мыйзамдарды кабыл алуу шарт. Бир мыйзам экинчиси менен айкалышпай турса иш менен чечүүгө болот. Мисалы, он алты жыл жаза алган кылмышкер тез эле чыгып кетип жатат, сегиз жыл алгандар бир жылга жетпей мунапыска туш болуп чыгууда. Күч структурасынын кызматкерлери көп маселени сот аркылуу гана чечишет. Мисалы, кылмыштуу топтун мүчөсү деп каттоого алуу үчүн сотко кайрылабыз. Аны каттоого сот гана кое алат. Биз бардык топтолгон документтерди, фактыларды далилдеп сотко өткөрөбүз. Сот аны карайт да чечим чыгарат. Ошондо гана мыйзам чегинде кылмыш тобунун мүчөсү экени белгилүү болот. Ошондо гана түрмөдөгү бул кылмыш тобунун мүчөсүнө эч кандай жеңилдиктер каралбайт, башкача айтканда, мунапыска же шарттуу кесилүүгө жол берилбейт. Ал он жыл алдыбы он жыл отуруш керек. Бирок бизде ага карабай эле чыгып кетип жатышпайбы. Түрмөдө отурган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү түрмөнүн ичинде авторитет болсо эле, аны укмуш оңолуп калды, кылмыш кландарга кошулбай калды, муну жөн эле кармап жатабыз деп апендинин кызындай мактап комиссияга беришет. Ал эми комиссия карап туруп эле чыгарып жатпайбы. Бул туура эмес да.
- Жакында Бишкек ШИИББнин тогуз айда эмне иш жасагандыгы тууралуу маалымат берилди. Ушул маалыматты анализдеп көрүп, кандай нерселерди алдын алуу керек деп ойлойсуз?
- 2013-жылдын январынан тарта тогуз айда Бишкек ШИИББнин эмне иш жасаганы тууралуу жыйынтык чыгардык. Ушул убакыттын аралыгында Бишкекте 383 митинг болгон, анын 254ү саясый мүнөздө болсо, 129у социалдык экономикалык жана күнүмдүк тиричилик туурасында, соттук процесске байланыштуу 174 митинг өткөн. Ал эми өткөн 2012-жылдын тогуз айында 7723 кылмыш катталса, быйыл 7366 кылмыш түшкөн. Ошондо 357 кылмышка азайган. Кылмыш жообуна тартылгандардын 101и жашы жетелек өспүрүмдөр. Бишкекте 48 адам өлтүрүү катталып, ШИИББнин кызматкерлери тарабынан 46сы кармалган. Айтор, былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл кылмыштын бетин ачуу, дегеле кылмыш жасоо азайгандыгы байкалууда. Бул Бишкек шаарындагы ар бир райондо, кичирайондордо жана жаңы конуштарда ачылган милициянын пункттарындагы тартип сакчыларынын ишмердүүлүгүнүн негизинде жүрүүдө.
- ШИИББнин алдында өзүңүз-дүн жеке сайтыңызды ачтыңыз эле, ишке жардамы тийип жатабы?
- Сайт ишке киргенден бери жөнөкөй жарандардан бизге билдирүүлөр көбөйдү. Мисалы, уурдалган унаалар тууралуу кабарларды берип, милиция кызматкерлерине нааразычылыктарын, ыраазычылыктарын айткандар да бар. Шектүү адамдарды көрсө кабарлап жазып турушту. Өзгөчө сойкулук, "түнкү көпөлөк" боюнча арызданып кайрылгандар көп болду. Сойкулук боюнча жакында эле биздин ШИИББнин кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын ичине өзүнчө чоң бөлүм ачтык. Мындай бөлүм Кыргызстанда биринчи жолу ачылууда. Бул бөлүм адеп-ахлакты жөнгө салууну көзөмөлдөйт. Эми бул бөлүм иштей баштагандан кийин көйгөйлөр көрүнө баштайт. Аларга кандай жаңы мыйзамдарды киргизишибиз керек, булар менен кантип күрөшөбүз, аны убагында көрөбүз. Негизи сойкулар үчүн бизде атайын жазалоо беренеси жок, болгону административдик айып гана бар. Ал эми ошондой сойкуларды кармаган үйдүн ээлери үчүн беренелер бар. Тажикстан, Казакстандын мыйзамдарында сойкулук деген беренелер иштейт экен.
- Бүгүн кесиптик майрамы-ңыздар экен, элге жана милиция кызматкерлерине эмне айтаар элеңиз?
- Милиция кызматкерлерин 1-ноябрь Кыргыз милициясынын 89 жылдык кесиптик майрам күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ички иштер органдарынын кызматкерлери ар дайым мамлекеттик системанын эң керектүү, эң күчтүү тиреги болуп, өлкөдө мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин сакталышына жоопкерчиликте болуп келген. Элибиздин коопсуздугу жана келечеги үчүн кандай кыйынчылыктар болбосун кайыл болуп, бел чечпей иштеп келе жаткан кызматкерлерге мыкты турмуш, чың ден соолук каалайм. Кези келгенде өз уулдары менен кыргыз эли сыймыктанат деп ишенем!

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА