25.10.13 Кызматтын убайын көргөндөр
Кумшекер, жер семирткич менен тактайды көзөмөлдөгөн Сатыбалдиев, цементтен миллиондорду тегереткен Сарпашев жана "аптекарь" Артыкбаев

(Уландысы. Башы өткөн санда)

"Ун пуруш" атыккан КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун мандатынын арты менен банк, арак заводдорун текейден арзан сатып алганы далай айтылды. Биз да анын жана бөлөк депутат, министр, бакыйган аткаминерлердин отурган креслосуна таянып кантип бизнесин гүлдөтүп жатканын тизмектөөнү улантабыз. Мурда парламентте "Легенда" аталыштагы минералдык суу кеңири колдонулчу. 2010-жылдагы шайлоодон соң "Легенданын" ордун "Велита" суусу ээледи. "Велитанын" кожоюну ким десеңиз, бийликчил КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Чыныбай Акунович өкүмзордукка салып жатып, "Велитасын" парламент босогосун аттатканга жетишкен. Бул суу үчүн өлкө казынасынан миллиондогон сомдор чегерилет. Чыныбай мырзанын мандаттын убайын көрүп жатканынын айкын далили ушул эмеспи. Акыркы мезгилде "Велитаны" "Адигине" суусу коштоп калды. Ал эми "Адигиненин" ээси соц-демчи Токтогул Туманов экенин эскерте кетели. Биз шайлаган депутаттардын жеке бизнесин гүлдөтүү менен күн өткөрүп жатканы эми түшүнүктүү болсо керек.
Жанар май "королдору" Аскар Акаевдин заманында Россия, Казакстандан күйүүчү май ташып 100 млн. доллар жыйнаган Өмүрбек Бабанов азыр бу жаатта монополист болбой калган. Учурда жанар майга "королдук" кылган топтор арбын. Маселен, "ата журтчу" Камчыбек Ташиевдин "Томасы", "республикачы" Исхак Пирматовдун "Кыргыз мунайы", "ата журтчу" Нарынбек Молдобаев жана Азамат Арапбаевдин түштүктөгү май куюучу жайлары Россиянын "Газпромуна" тең тайлашканга бардык күчүн жумшоодо. "Кыргыз мунайдын" түндүк чөлкөмүндө көбөйгөнү мунун айкын далили. Бизнестин ушул түрүнө байланышкан эки кызыктуу фактыны ортого салалы. Апрель окуясынан кийин "БНК" аталыштагы май куюучу жайлары улутташтырылган объектилердин тизмесине кирген эле. Буга "БНКнын" 20% үлүшү экс-ханзаада Максим Бакиевдин энчисинде экени түрткү болгон. Бирок негедир "БНК" улутташтырылбай, 2010-жылдын орто ченинде Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтүп, анын башчылыгына Сайдулла Нышанов дайындалган. Компаниянын андан кийинки тагдыры белгисиз, ал эми анын жетекчиси Нышанов "Ата мекендин" атынан депутаттыкка шайланды. Бул биринчи окуя. Өмүрбек Токтогулович өкмөт башчылыгына дайындалган соң өлкөбүздө жаңы май куючу жайлар пайда болду. Билермандар анын чыныгы ээлери казак ишкерлери экенин, аларды Бабанов канатына калкалап жатканын божомолдоп жиберишти. Ө.Бабанов башбакандыктан ыргыганы менен, май куюучу жайлар ишмердүүлүгүн улантышууда. Чамасы, алар Көк үй менен тил табышкандай.
Дагы бир кызыктуу жагдайды баяндайлы. Баткен облусу аркылуу Тажикстанда жанар май контрабандалык жол менен ташылары белгилүү. Мунун артында Өмүрбек Бабанов, Камчыбек Ташиев, Алтынбек Сулайманов, Аскар Шадиев сындуу үлкөндөр турарын өрүкзарлыктардан сурасаңар эринбей айтып беришет.

Максимдин ордун Курманалиева бастыбы?
Талас облусунун жашоочулары негизинөн төө бурчак менен жан багышары маалым. Бизнестин бул түрү менен шугулданган ишкерлерди мурда ханзаада Максим Бакиев көзөмөлдөп, белгилүү өлчөмдө "доля" алып турса, кийинчерээк мындай вазыйпаны "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов аткарып калган. Андан кийинки эстафетаны Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева улантканы айтылууда. Күбүр-шыбырларга кулак түрсөк, төө буурчак сатып алган түрк компаниялары Курманалиеванын алдынан өтүп турушат экен. Ошондой эле экс-"ак жолчу" Чолпон Абдуллаева Кытайдан тоок этин ташуу менен бирге Таластагы төө бурчак бизнесинен оңбогондой киреше табарынан кабардарбыз. Борбордогу алтын буюмдарын саткан дүкөнчөлөрдүн айрымдарын Койсун айымдын инилери көзөмөлдөп турушат. Мындан сырткары, борбор калаада жер үйлөрдү салып сатуу бизнесин да мыкты өздөштүргөн. Мунун бардыгы апрель окуясынан бери жүзөгө ашканына караганда, Койсун айымга губернаторлук кресло жеке бизнесин гүлдөтүүгө оңтойлуу шарт түзгөндөй.
Түркияга тынбай каттагандар...
Убагында майлуу креслодо чалкалап отургандар, бүгүнкү бийликтин бийик сересинде жүргөндөр Түркиядан буюм-тайымдарды ташуу аркылуу баштан ашкан байлык топтошкон. Маселен, Каныбек Жороев президенттин администрация башчысы кезинде Түркиядан курулуш материалдарын ташуунун жолун тапкан. Ээрден жылмышса дагы, бул бизнеси Жороевдин капчыгын кампайтып келет. Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Нурдин Абдылдаев да аталган өлкөдөн эшик-терезелерди ташып миллионерге айланганы тар чөйрөгө дайын. Ал эми Орто-Сай базарынын кожоюну, борбордогу Октябрь районунун акими Камалдин ТоктосартовТүркиянын баш кийимдеринен тартып ич кийим, бут кийимдерин Бишкектеги дүкөнчөлөрүндө саттырат.

Балыктан баар тапкандар
Балык чарбасын түптөп, андан миллиондорду тапкан бизнесмен-чиновниктерибиз четтен табылат. Кыргызстанда бизнестин ушул түрүн алгачкылардан болуп социал-демократчы Абдыманап Кутушев баштаган. Ал 2002-жылы форель чарбасын ачып, алгачкы миллионун жыйнаган. Парламентке келгени ишкерлигин жеңебизге өткөрүп берген. Кутушевдин чарбасында багылган балыктар республиканын булуң-бурчундагы базарларга толук жетет. Балыктан байлык топтогондордун арасында башкы архитектор Каныбек Нарбаев, мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев бар. Булар А.Кутушевге теңтайлаша алышпаса да, балыктын убайын көрүп жатышкан кези.

Сибирдеги кыргыздардын "атасы"
Россиянын жарандыгын алганы ашкереленсе дагы мандатынан кол жуубаган "ата журтчу" Жыргалбек Саматов акыркы үч жылда ири бизнесменге айланды. Депутаттыгынын акыбети кайтып, Россиянын Сибирь аймагында соода кылган мекендештерибизге "аталык" милдетин аткарууда. Аларга Кыргызстандан кийим-кечектерди жеткирип берүү, жолдогу бажычы, "кызыл шапкечендери", "караларынын" оозун жабуу жагын өз колуна алыптыр. Мындай эмгеги үчүн соодагерлер пайданын 10%ын ага беришет. Эгер мандаты болбогондо, аны эч ким каакы ордуна көрбөшү аштан бышык эле. "Балык депутаттар" көп, алар неге ЖоКеде отурушат деп сындайбыз, бирок алардын ушинтип "крышалык" кылуу аркылуу миллиондорду тегеретип жатканын карапайым калк кайдан билсин…


Бир шиңгил
? 2010-жылдын 7-апрелинде "карт бөрү" Үсөн Сыдыковдун Чүй боорундагы сарайлары таланып-тонолгону чоң дуу болгон. Ошол эле күнү Кочкор районундагы Кара-Кужур жайлоосундагы бодо малдары четинен талана баштаганда айыл аксакалдары балдар, мунуңарды койгула, эртеңки күнү сөзгө калабыз, иттик бизден кетпесин деп токтотуп калышкан. "Столица" партиясынын төрагасы Мирлан Бекитаев Дубайдан "крутой" машинелерди ташыйт. Бекитаевдин колдогон кожосун Ак үйдүн төртүнчү кабатынан табасың. Эркин депутат Равшан Жээнбеков жубайы Салкынай Алимбаеванын бизнесин көзөмөлдөйт. Тагыраагы, Салкынай айымдын Түркиядан, Италиядан тартып келчү бут кийимдери, үйлөнүү үлпөт кийимдери бажы бекеттеринен эч тоскоолдуксуз өтүшүнө Жээнбековдун таасири зор. Равшан Бабырбекович Москванын чок ортосунда жайгашкан "Россия" бизнес борборундагы шоколад сатуучу бутиктерди депутат болгондон кийин сатып алгандыгы да сөз болуп жүрөт. Бийликтин кемчилигин безге сая сындаган оппозиционердин кылганы ушунча болсо, Ак үй, Көк үйдүн чокусунда отургандар бизнестин майын сызгырып жатышса керек.
? Арстанбек Ногоев Бишкек мэри кезинде уулу Өмүрбек Ногоевге Кочкор районундагы Чат, Чет жайлоолорунан жер сатып берип, топоз бизнесин жасоонун жолун көрсөткөн.
? "Ар-намысчы" Айнуру Алтыбаева депутаттыкка чейин Роза Отунбаеванын чайын ташып, кагаздарын иреттеп жүрөрүн көрчүбүз. Бакыйган эл өкүлүнө айланганы бактысы ачылып, Кара-Суу базарында байпактарды дүңүнөн сатуучу ишкер катары таанылды.