25.10.13 Итке минген идеология
Саясат, экономикада депутаттар менен министрлер Кумтөрдүн тегерегинде ит жыгылыш болуп жатса, идеология жагыбыз да итке минип отурат. Минткенибиздин себеби, ушу тапта кадимки "Манас" эпосу боюнча интеллигенция чөйрөсү эки жаатка бөлүнүп алып "согушуп" жатат. Шаршемби күнү "Улуу Манас жана анын фальсификаторлору" аттуу жыйнактын бетачары өтүп, Бексултан Жакиев, Абдыганы Эркебаев, Искендер Исамидинов жана башка министрлер, окумуштуулар тобу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүштү. Манасты фальсификация жасап жатат дегендердин башында Майрам Сармалдакова, Каныбек Иманалиев, Асан Жакшылыков, Эрнест Абдыжапаров, Кусейин Исаев, Өскөн Осмонов, Жумадин Кадыров жана Темирбек Токтогазиев турат. Конференцияга булар да чакырылган экен, бирок эч кимиси келбеди.

Аида айым
кайнене болду
Башпрокурор Аида Салянованын уулу жакында жакшынакай келинчек алып келип ата-энесин кубантты. Кырктын кырын эми гана ашкан, өзү да келин курактагы Аида айым кандай кайнене болоор экен? Баса, жаңы үйлөнгөн уул-келиндин тою Бишкектеги эң престиждүү делген "Ала-Тоо" ресторанында, кароолчулары катуу курчаган жагдайда өтүптүр. Биз эки жашка бакыт каалап, Аида айымдын кайнене болушу менен куттуктайбыз.

Эрмегибиз
эле Акун
Батукаевдин эже-карындашы "Турсунбек Акун бизден 100 миң доллар алган" деп ушу жума ичинде айтып чыгышты эле, Турсукең анча деле тоотпогондой түр көрсөттү. Бирок, бирок… Азиз Батукаев бошогондо эле депутаттар аны бошотууга 1,5 млн. доллар кеткенин айтышкан. Кийинчереээк журналисттер бул сумманы 5 млн. долларга чыгарышкан. Ошентсе да ушу кезге чейин Батукаев тараптан баланча сумма бергенбиз деп элге эч ким айта элек болчу. Кечээ 100 миңдин башы чыкты, эми дагы чубаса канча чыгаар экен? А Турсуке болсо адатынча алгам, алган эмесмин деп элге кезектеги шоусун көрсөтүп жатат. Сөөмөйдүн учун УКМКга, Батукаевди бошотууга тиешеси бар делген башкаларга бурууга кылган аракетинен азырынча майнап чыга элек.
Баса, акча демекчи, мурда деле Турсунбек Акундун тегерегинде акча алып келгендиги жөнүндө сөздөр айтылып жүрчү.

Канатбек кимге кылкан болууда?
Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбековду кызматынан "алып", ордуна башкаларды "койгонго" да жетишип ийдик. Бирок Канатбектин оппоненттеринин "өрдөгү" өтө күүлөнүп алган белем, дегеле жерге коно турган эмес. Ошентсе да аны кызматтан кетиришет экен делген кеп көптөн бери эле айтылып келатат. Бирок теңир-тоолуктарга ушундай иштерман жигит керек эле. Кептин баары анын кызмат ордуна көз арткан нарындык кландардын талашында көрүнбөйбү. Ушу тапта ар кимиси өз кишисин алып келүүгө жандалбастап жатканы айтыла баштады.

Анарбек + Чолпон = куда
Күркүрөгөн күздүн ар бир күнү кур эмес той өтүп, кудай бетин салбасын, кыкеңдер жыргап эле жатат. Жакында эле ушундай үйлөнүү үлпөт тоюна өзүн элдин каймагы сезген биртоптор күбө болушту. "Ар намысчы" депутат Анарбек Калматов уулуна экс-депутат Чолпон Баекованын небересин алып берип чоң той берди. Мурда бири прокурор, экинчиси сот болуп иштеген экөөнүн балдары да издешпей табышкан окшойт. Чолпон айымга чоң энелик абдан жарашып, Анарбек мырза да кайната, куда болгонуна кубанып турду дешет тойго катышкандар.

Нарынбек мырза, "Жыргалды" жыласка айландырбаңыз
Бишкектин так ортосундагы "Жыргал" аттуу мончону ЖоКе депутаты Нарынбек Молдобаев менчиктеп алып иштетип келет. Мончону оңдоп-түзөгөнүндө, иштетип келатканында кеп жок. Кептин баары баасында, азыр ар бир киши "Жыргалдан" жуунуп кеткени үчүн 250 сомдон төлөгөнү аз келгенсип, эми чач кургатканың үчүн өзүнчө 10 сом төлөйсүң деген жаңылык киргизиптир. Чач кургатуу мурда 250 сомдун ичинде эле болчу, бирок болгон сайын болсо деген, алкымы ачылган депутаттын аялы акыркы кезде 10 сомдук кызматты өзүнчө төлөтүп атат.
Ушу жерден монополияга каршы департаменттин жетекчиси Бабырбек Жээнбековго кулак кагыш, "Жыргал" мончосунун көрсөткөн кызматы менен койгон баалары мыйзамга кандай келерин териштирип берсеңиз соопко калат элеңиз.

"Мени азыркы журналисттердин жазганы эмес, тарых кызыктырат"
Экс-президент Роза Отунбаева ушундай маанайда интернет-сайттардын бирине интервью бериптир. Парламент, Бакиевдер, Кумтөр, 2010-жыл, өзү жөнүндө чыккан акыркы айың жөнүндө сөз кылып, өкмөттүн басма сөз кызматын сотко бере тургандыгын айтыптыр. Эң кызыгы, азыр оппозиция оюнун ойноп жаткан Өмүрбек Суваналиевдин 2010-жылы июнда Оштон качып кеткендигин, азыр ал да тарыхтан өз ордун издеп жаткандыгын айтып, мунусу менен бүгүнкү оппозиция дегендерге мамилесин билдиргендей болду. Өмүрбек мырза апчеси берген баага эмне дейт болду экен?

Ат-Башыда дагы той
Ушу жуманын ишемби, жекшемби күндөрү Ат-Башыда аттын скульптурасынын, (аттын башы дегенге ооз барбай жатат) жаңы футболдук талаанын, жаңы асфальт жолдун ачылыштарына арналган жана күзгү түшүм майрамын жыйынтыктоочу той өтөт. Айтмакчы, нече миллион сомго турган аттын башынын скульптурасын ат-башылыктар, айылдын эли анча жактырбай турат. Элдин мындай реакциясын билгенби, аны жасаткан ЖК депутаты Шаршенбек Абдыкеримов да ачылышка катышуунун ордуна ушу кезде Москвада жүрөт дешти. Чын эле, байлыгым бар деп эле мурду менен жер сайган аттын башын жасаардан мурда элдин пикирин да эске алса жакшы болмок экен.
Жогорудагы ачылыштарга арналып улуттук күрөш боюнча турнир өтүп, анын байгелерин "Замандаштын" лидери Эмил Өмүракунов өз мойнуна алыптыр.
Ал эми 22-23-ноябрь күндөрү "Кан Кошойдун эл аралык кубогу" биринчи жолу кыргыз күрөшү боюнча өтүп, ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Монголиядан балбандар келип катышат. Эл аралык кубокту өкмөт өткөрүп, байгелерди "Ат-Башым" фондусу өз мойнуна алган.

"Жаңы Агым" - пресс