18.10.13 АКШ банкрот болгон өлкөбү?
- Азыркы учурда АКШ дефолт алдында турат. Эгерде дефолт болуп кетсе, бул биздин өлкөнүн экономикасына кандай таасир тийгизиши мүмкүн? Бул каатчылыктын алдын алуу үчүн кандай иш- аракеттер көрүлүүдө?
Самат Узакбаев, жеке ишкер, Бишкек

Бул суроого КР Улуттук банкынын экономика башкармалыгынын башчысы Сейилбек Үрүстемов жооп берди:
- Талдоочулардын айтымында, бюджеттеги керектөөлөрдү жабуу үчүн АКШ 17-октябрга чейин ички карыздарын жабууга аракет жасап жатат. Жыйынтыгы алдыда белгилүү болот. Бирок мамлекеттик карыздарын жойбосо деле АКШ өздөрүн банкрот деп жарыялабайт.
Мындай учурда техникалык дефолт башталды десек болот. Башкача айтканда, мындай кырдаалда өлкө өз милдеттерин аткара албайт, бирок АКШдай ири мамлекет келечекте ишин жөнгө салып кетмекчи. Ошондуктан бюджеттин чыгаша жагындагы узакка созулган пикир келишпестикке карабай финансылык рынокто салыштырмалуу туруктуулук сакталууда. Инвесторлордун психологиялык жана жогорку ишеним фактору абдан кооптуу. Азырынча алдыңкы рейтингдик агенттиктер АКШнын бедели түшүп кеткенине эч реакция жасаган жок.
Учурда АКШнын финансылык көйгөйлөрүнүн кесепеттерин тактык менен божомолдоп айтуу кыйын. Бүгүн АКШдан финансылык рыноктогу белгисиздикти жана убайым тарткан учурду байкасак болот. Турмуш көрсөткөндөй, дүйнөлүк каатчылык Кыргызстандын ички экономикасына түздөн-түз таасир этпестен аймактык экономика аркылуу таасир этиши мүмкүн. Бул үчүн объективдүү себептер бар: биринчиден, мамлекеттик тышкы карыз анын көпчүлүк бөлүгү (53,8%) ар тараптуу. Тактап айтканда, бизге эл аралык институттар донор болуп келген, экинчиден, республиканын банк системасы дүйнөлүк банк тутумуна кирген эмес, бул банк тармагындагы бирден бир себеп. Белгилүү болгондой, инвесторлор, аманатчылар ызы-чуу менен бир эле убакта көп суммадагы каражаттарын чыгарып кетүү коркунучу бар.
Кыргызстандын экономикасына дүйнөлүк жана аймактык экономиканын таасир этүүчү негизги себептери, мунайзатка жана азык-түлүккө болгон баалар АКШ долларынын орус рублине карата алмашуу курсу, албетте, анан жеке адамдардын акча которуулары негизинен Россиядан келгендиктен буга өтө көз каранды.
АКШдагы мамлекеттик мекемелерди каржылоо токтотулду дегенден баштап эле мунайзатка жана алтынга болгон баалар төмөндөдү. Албетте, бул күтүлгөн нерсе эле, анткени АКШ өзү сатып алууларын кыскартканы байкалды.
Учурда 1-октябрга карата дүйнөлүк товардык биржаларда мунайзатка болгон баалар төмөндөп Brent маркасындагы мунайдын 1 баррели -107,94 (-0,43) доллар, WTI (Light Sweet) маркасындагы мунайдын бир баррели - 102,04 (-0,29) доллар болду. Бирок 7-октябрга карата баалар кайра көтөрүлүп, ICE биржасында Brent маркасындагы нефтинин бир баррели - 109,68 доллар, NYMEX биржасында WTI (Light Sweet) мунай маркасынын бир баррели - 103,03 доллардан сатылды. Баалуу металлдардын баасы 1-октябрга карата Нью-Йорктогу соода-сатыкта кескин түшүп кеткен. Алтындын расмий баасы унцийине - 1288,5 доллар. Бул деген (-3,04%). Ал эми 8-октябрга карата алтындын унцийине болгон баа 1323,4 долларды түздү.
- Ал эми Кыргызстанда долларга карата сомдун катышы кандай болот?
- Айта кетчү жагдай, мындай кезде АКШ доллары башка дүйнөлүк валюталарга карата төмөндөшү шарт. АКШ долларынын еврого болгон индекси 8 ай аралыгында минимумга чейин төмөндөп, швейцар франкына карата жарым жыл аралыгында минимумга жетти. АКШ доллары япон иени, британ фунту жана австралия доллары сатылган аймакта дагы арзандоодо. Ал эми россиялык рубль бул абалда бекемделүүдө. Бул жерде белгилей кетчү нерсе, жогорудагы жагдай убактылуу мүнөзгө ээ. Кыргызстанда 2013-жылдын 1-2-октябрында АКШ долларынын расмий курсу таасирдүү өзгөрүлгөн жок. Жогорулоо 0,09% түздү. Ал эми 8-октябрга карата доллардын расмий алмашуу курсу 48.8997 сом, ал эми 30-сентябрда 48.6197 сом болгон.
Учурда Европа аймагындагы абал оор бойдон калууда. Россиядагы экономикалык өсүү да жайлаганы байкалууда. Жакынкы Чыгышта абал бир караганда жакшыргандай сезилет, бирок маселе ачык бойдон турат. Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча кредиттик саясаты өзгөрүүсүз калып, баалардын туруктуу кармалышына багытталгандыгын жана дүйнөлүк, россиялык рыноктогу өзгөрүүлөргө өзгөчө көңүл бурарын баса белгилеп айткым келет.
Даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ




Уз айым
Айжан СЫРДЫБАЕВА:
"Мага балдардын оюнчуктарга суктанганы баалуу"

Элибизде
"аракет кылсаң берекет" деген жакшы кеп бар. Учурда ишинен сырткары өз аракетине жараша кошумча киреше тапкандар да аз эмес. Өзү экономист, англис тилинен мугалим болуп туруп, өтө кооз оюнчуктарды түйгөн Айжан Сырдыбаеваны кокусунан интернеттен кезиктирдик. Ачык, шайыр, келечегинен көптү үмүттөндүргөн алтын кол кыз редакциябызга келип оюнчук, түймө тууралуу буларды айтып берди.


- Н
егизи эки кесиптин ээсимин. Беш жыл экономикалык жогорку билим алып, эки жыл англис тили курстарын окудум. Учурда жеке окуу борборунда англис тилинен сабак берем.
- Көз жоосун алган сонун оюнчуктарды түйөт экенсиз. Бул өз аракетиңизденби же бирөө үйрөткөнбү?
- Мен бала кезимен кол өнөрчүлүккө кызыкчумун. 5-классымда шурудан кооз билериктерди токуп, аларды классташ кыздар сатып алышчу. Кийин аны таштап койгом. Бир жарым жыл мурун капысынан интернеттен оюнчуктарды кантип түйүүнү көрүп калдым. Ошондон тарта өз алдымча ар кандай оюнчуктарды түйүүнү үйрөнө баштадым. Азыр каалаган мультфильм каармандарын түйө алам.
- Демек, үчүнчү кесибиңизге эч ким үйрөтпөптүр да?
- Болгону Алина деген орус кыз илмектерди кантип туура алууну көргөзүп берди. Андан аркысын интернет, китептерден карап өркүндөтүп кеттим.
- Чоң эне, таенеңиз же апаңыз балким уз болуп жүрбөсүн?
- Ооба, таенем Майрам Жумгал районундагы Жаңы-Арык айылында таанымал шырдакчы, уз болгон. Кичине кезимде таенем шырдак шырып, жээктеп отурса биз колубуздан келишинче жардам кылчубуз. Менимче мага ошол кишинин да касиети өтсө керек.
- Кол өнөрчүлүктө бир нерсе жаратуу өтө кыйын болсо, аны элге тааныштыруу, сатуу андан да кыйын. Бул жагы кандай болуп жатат?
- Мен даяр болгон оюнчуктардын сүрөттөрүн интернетке жайгаштырам. Аны көргөн каалоочулар мага момундай оюнчук керек деп заказ кылышат. Азыр ар кандай сувенирдик дүкөндөрдө менин оюнчуктарым турат. Албетте, алар башка буюмдардай тез өтпөйт.
- Оюнчуктарыңызды карап отурсак түйүлүшү өтө татаал экен. Бир оюнчукка канча убакыт коротосуз? Материалдарды кайдан аласыз?
- Жакшы аракет кылсам бир оюнчукту төрт саатта түйүп бүтө алам. Материалдарды болсо мурда Мадина базарынан алчумун. Кийин Дордой базарынан дүңүнөн саткандарды таап, ошол жактан сатып ала баштадым. Азыр сапаттуу, арзан жиптерди алып, чыгашамды да бир аз кыскарттым.
- Сиз оюнчук каармандарды өзүңүз ойлоп табасызбы же кардардын каалоосуна жараша түйөсүзбү?
- Ар кандай. Көп учурда өзүм турмуштан кызыктуу бир буюм, оюнчук, жаныбар же мультфильм каарманын көрүп калсам, дал ошондой оюнчук түйгөнгө аракет кылам. Кээде кардарлар бала кезиндеги же кыялындагы оюнчукту мага сүрөттөп, чийип беришет. Ошонун негизинде да тоголок, төрт чарчы, үч бурчтуу, сүйрү, жалпак формадагы оюнчуктар жаралат. Жакында эле мен оюнчук жасоо үчүн атайын схема керек экенин билдим. А мен эч кандай схемасыз эле көз болжол менен эл суктанган оюнчуктарды түйө алам. Күнүнө бирден оюнчук түйгөндүктөн колум да көнүп калды. Азыр телевизор көрүп отуруп деле түйө берем.
- Үйрөтүүнү сурап кайрылгандар болдубу?
- Ооба, андайлар көп болду. Атургай мен бир кезде атайын түйүү курстарын ачкам. Окуучу кыздар, аялдар келип катышчу. Мен аларга атайын схема чийип, түймөнү эсеп менен үйрөттүм. Азыр убактым жоктугуна байланыштуу андай курстарды токтотуп койгом.
- Сүрөтчүлөр көчөдөн кызыктуу нерсе көрсө аны сонун чыгармага айлантат. Сиз да ошол сыяктуу бир көргөнүңүздү түймөгө айлантып жиберсеңиз керек?
- Ооба, мен кээде капысынан кызык нерсе же буюм көрүп калсам дароо сүрөткө тартып алам. Үйгө барып аны жакшылап карап, дал ошондой көлөмдө, түстө, формада оюнчук түйөм. Кол, көздөр жатыгып калгандыктан мага анчалык деле кыйын эмес.
- Учурда сиздин оюнчуктарга суроо-талап кандай болуп жатат?
- Суроо-талап сезонго, майрамга жараша болот экен. Бирок түймө мени ишимен алагды кылбай, тескерисинче дем, күч бергендиктен кирешенин аз, көптүгүнө деле маани бербейм. Мага кардарлардын берген акчасынан, алардын жана балдарынын оюнчуктарыма чын дили менен суктанганы баалуу. "Кандай керемет оюнчуктар!" деген сыяктуу сөздөрдү угуу мен үчүн чоң бакыт.
Мелис СОВЕТ уулу