presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Эрөөлдүн эртеси
Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ, ЖК депутаты, КСДП фракциясынын лидери:
"Наргозуев мен тууралуу айткандарын далилдеп берсе колун кысам"

- Чыныбай Акунович, "Кар-шылык Көрсөтүү Кыймылынын" лидерлеринин бири Бегалы Наргозуев сизди кээ бир ишканаларды мыйзамсыз менчиктештирип алган деп айыптаган. Сиз андай эмес дедиңиз. Кантип далилдейсиз? Мисалы, Бишкек арак заводу тууралуу эмне дейт элеңиз?
- Бишкек арак заводу тууралуу биринчи жолу мен Кыргызстанда жок кезимде "ата-журтчу" депутат Камчыбек Ташиев маселе көтөргөн. Ташиев айткан маалымат гезиттерге чыгып кеткендиктен мен өлкөгө келгенден кийин бул ишти сотко берип утуп алгам. Экинчиден, так ушул эле маселе боюнча Акматбек Келдибеков комитеттин атайын комиссиясын түзгөн. Ал комиссияда Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдырахманов, Надира Нарматова, Курманбек Дыйканбаев деген төрт депутат болуп, айтылган маалыматты текшеришип кылдай кыйкым табышкан эмес.
- Ошентсе да бул маселени өзүңүз айта кетсеңиз, ал завод кантип сатылып калды? Бишкек арак заводунун азыркы ээси Жумгалбек Давлетбеков сиздин тууганыңызбы?
- Бегалы мырза мени мамлекеттин мүлкүн уурдап же басып алган кишидей сүрөттөп атат. Ачыгын айтыш керек, Бишкектеги арак заводу банкрот болуп Акаевге кетип, андан Бакиевге өтүп кеткен замандарын мен билбейм. Ал эми 2010-жылдан кийин аны мамлекет алып атайын администратор отуруп, мамлекеттин салыгына болгон карызын эсептеп, мурдагы кожоюндар аны 5 млн. сомго сатып алганын тактап, завод иштебей мышык ыйлагыдай абалда турганын журналисттерге көргөзүп, анан сатууга чыгарышкан экен. Албетте, сатууга чыгарганда жөн эле мыйзамсыз иш жасабай атайын баалатып, андан кийин ошол баасы боюнча ММКга маалымат таратып, жеке эле мен түзүп кеткен фирмаларга эмес, Кыргызстандын чоң-чоң фирмаларга атайын кат жөнөткөн. Менин бизнесте өнөктөштөрүм бар да. Мен жок болсом эле иш токтоп калбайт. Мисалы, Бишкек ун комбинатында 465тен ашык акционер бар. Башка акционердик коомдордо да ар кандай санда бар. Такыр эле болбой калды дегенде 5-6 акционер болот. Ал акционердик коомдорду иштеткен, алардын өздөрү шайлаган директорлору бар. Мындан сырткары мени менен өнөктөш болуп иштеп жүргөндөр болот. Өнөктөштөрүмдүн ичинде өзүмдүн жакын адамдарым бар экенин да тана албайм. Аларга башка чоң-чоң фирмалар сыяктуу эле Бишкек арак заводун сатып алгыла деген кат келип атса, бизден деле сатып алгысы келгендер болот да. Бегалы мырзаны мен кедей деп ойлобойм, эгер арак заводго кызыкса ал аукционго катышса болмок, акчасын аябай. Тилекке каршы, акчалуулардын көбү арак заводду сатып алууга катышпай койгондуктан ишкананын баасы түшкөн. Баасы жарыяланып жалпы конкурска чыгып аткан оокатты акчасы бар киши сатып алат да. Ал менин тууганым болобу, Бегалынын тууганы болобу, айырмасы канча? Мындай иш-чарага акчасы бар ар бир Кыргызстандын жараны катышканга укугу бар эмеспи. Кыскасы, аталган ишкананы жаңы ээси мыйзамдуу түрдө сатып алган. Андыктан мен Бегалы мырзанын телеге чыгып алып элдин көзүнчө эч кимге тиешеси жок кагаздарды көрсөтүп, мени жаманатты кылып атканын айла жоктон айтылган кеп катары түшүндүм.
- Наргозуев Бишкек арак заводу сатылганда арзан бааланып, мамлекет 55 миллион сом зыянга учураган деген экен. Ушуну да түшүндүрө кетсеңиз?
- Аны сатылганга чейин заводду иштеткен мамлекеттин өкүлдөрүнөн сураш керек. Саткан тарап кимдир бирөөнүн айла-амалына көнүп, "мынчага сатам" десе ага саткан тарап жооп бериш керек да. Эгер чындап эле мыйзам бузуу болсо аталган ишкананы баалаган компания да жооп бериши зарыл. Бул жерде аны сатып алгандардын же Турсунбеков Чыныбайдын кандай тиешеси бар, мен муну азыркыга чейин түшүнө элекмин. Мен ушундан кийин укук коргоо органдарынан мени элдин көзүнчө жаманатты кылууга аракет кылды, чынында иш кандай болду эле деп сурадым. Алардын маалыматы боюнча мамлекеттин колундагы кезде иштегендердин ичинде бир фамилия бар экен, ошол кишиге кылмыш ишин козгоо тууралуу прокуратурага кайрылган бир кат болуптур. Бүгүнкү күндө ал иштин акыбалы кандай экенин мен билбейм, бирок ага Турсунбековдун кандай тиешеси бар?
- Ал эми "АкылИнвестБанктын" менчиктештирилиши тууралуу эмне дейсиз?
- Наргозуев 2010-жылы 8-апрелде убактылуу өкмөт Бакиевдин менчиги катары "АкылИнвестБанкты" улутташтырган деп айтып атат. Мен андай фактыны билбейт экем. Банк системасында дайыма менин туугандарымдын, мисалы, аялымдын мурда эле банктык акциялары болгон. 2010-жылга чейин эле "Ысык-КөлИнвестБанкта" биздин акцияларыбыз болгон эле. Ар кандай себептер менен биз ал акцияларыбызды сатканбыз. Кыскасы, мурдатан банк системасында жүргөн адам катары бизге банк сатабыз, акцияларыбызды сатабыз деп кайрылгандар болуп келатат. Мисалы, "ФинансыКредитБанкын" сатабыз деп анын казак кожоюндары келген. "АкылИнвестБанктан" орустар келген. Ишкерликтин табиятында кимдерге гана келип сунуш кылбайт. Бүгүнкү күндө ишкерлик менен аракеттенем, банк алам, курулуш менен иштейм деген адамдар тажрыйбалуу ишкерлерге кайрылышат экен да. Ошондой мезгилде карап көрүп, соодалашып сатып алса ал менин аялым болобу, башка болобу эмнеси жаман? Албетте мыйзам боюнча мен сатып ала албайт экем. Бирок акчасы бар киши мыйзамдуу жол менен кайсы бир ишкананы сатып алса анын кандай күнөөсү бар экенин мен эмдигиче түшүнбөй келем. Мен депутат болдум деп буга чейинки өнөктөштөрүм, ишкерлик менен алектенген үй-бүлөм менен коштошуп кетейинби? Дагы белгилеп айтайын, "АкылИнвестБанк" улутташтырылган эмес. Ал жеке менчик. Жеке менчиктин ээси өз менчигин каалаган адамына сатат эмеспи. Улуттук банк акция алганга акчасы барбы, ал каражат тазабы, текшерип уруксат берип атса эмне үчүн сатып ала албайт? Же Бегалы Наргозуевден уруксат алыш керек беле? Мен муну да түшүнбөйм.
- Бегалы мырза Атамбаев менен Турсунбеков Нарын ГЭСтерин курабыз деп элди алдап атат дегендей да маалымат айткан...
- Муну угуп алып таң калып атам, анда эмне ЖКдагы 120 депутаттын баары Атамбаев менен Турсунбековго алданып бул демилгени ратификацияладыбы? Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн орус инвесторлорду таап, долбоорлорду макулдашып, мамлекеттик деңгээлде келишим түзүлүп, ЖКдан ратификациядан өткөн келишимди жаманатты кылыш үчүн эле сүйлөп коюу, албетте, өлкөнүн келечегине зыян. Бул жеке эле Атамбаев менен Турсунбековду элге жаман көрсөтүү аракети эмес, бул - келишимди ратификациялаган ЖКны жаманатты кылууга жасаган аракет. Менимче бул Бегалы Наргозуевдин эмес, эл аралык саясат, эл аралык келишим, инвестор дегенди түшүнбөгөн көчөдөгү адамдын сөзү. Ошол сөздү Кыргызстанда чоң кыймыл уюштуруп жатам деген адамдын сүйлөп турганы андан бетер жаканы карматып, Кудай кыргыз элин ушуларга көз каранды кылбасын дегенге аргасыз кылат.
- "Президенттин бийликти узурпациялап алганы" тууралуу эмне дейсиз?
- Ага каршы бир эле далил: мисалы, Кыргызстанда 29 шаар бар, мына колумда документ турат, материалдарды сизге берем, өткөн жылдын кышында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болуп өттү. Кээ бир аймактарда быйыл да болду. Анын жыйынтыгына караганда, Бегалы мырза бийликти узурпациялап алды деген КСДП партиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 30 гана пайызын түзөт экен. Калган 70%ын "Ата журт", "Өнүгүү", "Бүтүн Кыргызстан", "Улуттар биримдиги", "Замандаш", "Ата мекен" сыяктуу он чакты партия жүрөт. Алар эмне Атамбаев менен Турсунбековдун менчигиби? Эгер бийлик узурпацияланса анда жок дегенде 99 пайыз депутат биздин партиядан болот эле да. Кайсы партиянын өкүлдөрү көп болсо алар ошол шаарга өз мэрлерин шайлап алууда. ЖКда деле үч партия биригип алып өз министрлерин шайлап атышат. Эл мунун баарын көрүп турат да. Элди түркөй катары эсептеген кишиден түңүлүш керек деп ойлойм.
- Бул айыптоолор боюнча кандай чара көрөсүз?
- Мыйзам жолунда чара колдоном. Наргозуев айткандарынын баарын далилдеп бериш керек. Сот жүрүп атат, Бегалы мырза айткан жалаасын далилдеп берсе колун кысам...

Зайырбек АЖЫМАТОВ




Арылбаган арман
Бешке бөлүнгөн Баткен

Чек арада жаңжал чыкты, адам атылды, барымтага алынды, баңгизат кармалды деген каңшаар кептер акыркы кезде Баткенди каптай баштады. Жакында эле өзбек тараптын транзиттик делген жолго кошумча эки чек ара бекеттин орнотушу нааразычылык жаратты.
1999-жылы террористтер басып кирип, согуш оту тутанып, аскерлердин жаны кыйылган. Бийлик чек араны бекемдөө максатында Ош облусунан бөлүп, Кадамжай, Лейлек, Баткен райондорун, Кызыл-Кыя, Исфана, Сүлүктү шаарларын бириктирип Баткен облусун түзгөн. Облус статусун алган Баткен бүгүнкү күнгө чейин чырлуу чек ара аймагына айланды. Коңшу Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү бирде сый, бирде чыр чыгарууга көнүп калганы көрүнүп турат. Кичинекей Баткен облусу бешке бөлүнүп, той, мааракеге баруу үчүн өзбек, тажик чек арачылары кантээр экен деп безилдеген эле адамдар. Өзбекстан менен Тажикстандын Баткендин беш жеринде анклавы болушу, кыргызды башкарган төбөлдөрдүн оозу ачылганыбы же алсыздыгыбы, айтор, кандай баа берериңди билбейсиң. Быйылкы жылы эле Сох анклавында 40тай кыргыз жарандарынын барымтага алынышы, чек араны бузуп Чарбак айылына бастырып кириши, кадамжайлык Бакыт Тагаевдин өз үйүндө атылып салынышы кыргыз өлкөсүнүн алсыз экенин толук көрсөтүп турат.
19-сентябрь күнү Өзбекстан аймагындагы Кадамжай - Көк-Талаа транзиттик делген жолго кошумча эки чек ара бекетин орнотушту. Жүргүнчүлөр Кадамжай - Көк-Талаа айланма жолу менен каттап жатышты. 23-сентябрь күнү Кадамжайдан Өзбекстанга кирчү жолду бууп, транзиттик жолдон чек ара бекеттерин алып салууну талап кылган. Сүйлөшүү жолу менен кошумча киргизилген чек ара бекеттери алынып салынды.
Бирок эл нааразычылыкка чыкканга чейин облус жетекчилиги маселени чечүү үчүн аракет кылганы байкалбады.
Эскерте кетсек, 2000-жылы ошол кездеги Баткендин губернатору Мамат Айбалаев транзиттик жолдогу Өзбекстандын көзөмөл бекетин сүйлөшүү жолу менен алдырып салган.
Азамат Абсаттаров, Баткен облусу











??.??