presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Теңир-Тоонун келечеги курула баштады

Кыргызстандагы жети дубандын ичинен социалдык-экономикалык абалы төмөн, климаты катаал деп Нарын облусу эсептелет. Нарын шаарын өлкөбүздөгү башка кичи шаарларга салыштырып болбойт, баягы союз убагында курулган эски үйлөр, эски көчөлөр каралбай калган айылды гана элестетет. Тилекке каршы, акыркы жыйырма жылдан бери жарк этип жаңыртылган эч нерсе көзгө көрүнбөйт.
Жакында Нарын шаарына ачыла турган Борбордук Азия университетинин курулуш иштери менен таанышып кайттык. Эгер бул университет курулуп ишке киришсе, кичинекей Нарын шаарынын социалдык-экономикалык абалы оңолуп, өнүккөн аймактардын катарына киребиз деген үмүт чоң.
Борбордук Азия университети 2000-жылы Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан республикаларынын өкмөттөрү жана Ага Хан фонду тарабынан негизделген. Бул диний эмес менчик окуу жайынын негиздөө келишимине жана уставына Ага Хан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан республикаларынын президенттери тарабынан кол коюлган, кийинчерээк бул үч мамлекеттин парламенттери тарабынан ратификацияланып, БУУда катталган.
Нарынга назар түшкөндө
Жакында Борбордук Азия университети (БАУ) Нарын шаарында алгачкы курулуш ишинин башталышын расмий жарыялады. Нарындагы профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин имаратында болгон бул иш-чарага БАУнун өкүлдөрү, жумуш берүүчүлөр, жергиликтүү бийлик башчылары жана ММК катышты.
Бул университеттин курулушунда жергиликтүү калк жумушчу орду менен камсыздалат. Социалдык-экономикалык абалы төмөн болгон Нарын шаарында бекер жүргөн жаштар жана аялдар үчүн атайын жумуш орду табылганы карапайым калктын көйгөйүн чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө. Учурда бул университеттин курулушунда 185 жергиликтүү жумушчу ишке тартылган. Октябрдан баштап бул орун 200 жумушчу ордун түзөт. Иштин алга жүрүшү менен келерки жылдын март айында 1050 киши жумушка тартылары белгилүү болду. Ал эми Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова Ага Хан фонду менен көптөн бери иштешип, шаардагы чечилбей жаткан социалдык көйгөйлөрдү да чечип берүүгө көмөктөшкөнүнө ыраазы. Башкача айтканда, Нарын шаары 80% дотацияда отурат, бул коомдун жардамы менен Кызыл-Сарай аймагына таза суу түтүктөрүн өткөрүп, элдин көптөн бери чечилбей жаткан суу көйгөйүн чечип, иче турган суусу камдалыптыр.
Университеттен учкай кеп
Ал эми Борбордук Азия университетинин башкы директору, доктор Богдан Кравченко университеттин академиялык программасы, кампус планы жана билим, маданият багытындагы үмүттөрү жөнүндө маалымат берди. Богдан мырзанын айтымында, университеттин курулушу 2016-жылы аяктап ишке киришет.
"Үч жылдан кийин биздин академиялык имарат жана турак жай имараты ушул жерден орун алат, ал эми кампус интеллектуалдык ишмердүүлүктүн башаты болуп калмакчы. Окуучуларыбыздын биринчи тобу БАУнун 2021-жылкы бүтүрүүчүлөрү катары тарыхта калат" деп белгиледи.
Бул университетке Борбор Азиядан келген 1200 студент окуй алышат. Университетти курууда Тажикстан, Казакстан, Кыргызстандын президенттери менен сүйлөшүп, атайын эң престиждүү, эл аралык деңгээлдеги Орто Азиядагы үлкөн окуу жайды куруу тууралуу пландашкан. Үч өлкөгө арналып курула турган бул университет алгач Кыргызстанда курулуп жатканы да биз үчүн сыймык десе болчудай. Өлкөнүн президенттери менен сүйлөшүп, жер бөлүп берүү маселеси козголгондо бардыгы тең борборго куруу сунушун айтышкан. Башкача айтканда, Бишкекке, Астанага жана Душанбеге курулса дешкен. Бирок бул долбоорду өлкөнүн борборуна эмес, социалдык экономикасы төмөн, алыскы аймактагы шаарларга куруу пландалган. Андыктан Кыргызстандагы бардык облустардын ичинен Нарын облусунун борбору учурда экономикалык, социалдык абалы өтө төмөн деп эсептелгендиктен, Теңир-Тоодон атайын жер участогу бөлүнгөн. Казакстан менен Тажикстандын да борборунда эмес, алыскы социалдык абалы төмөн шаарларда курула турган болду.
Бул жыйынга атайын Тажикстандан да ММК өкүлдөрү келишкен экен. Алардын алгачкы суроосу эле Тажикстанга качан ушундай университет курулат деп берилди. Богдан мырза Кыргызстандагы университеттин курулуш иштерин аяктагандан кийин гана курулаары тууралуу маалымдады. Себеби бул жактагы курулуш иштери бүтпөй жатып, эки университетти катары менен куруу финансылык жактан кыйынчылыкты туудурушу мүмкүн экенин ачыктады.
- Албетте, Нарын шаарына курулган Борбордук Азия университети эл аралык деңгээлге чыгышы керек, - дейт доктор Богдар Кравченко. - Курулуш иши заманбап жана сапаттуу салынышы керек, мугалимдер, профессор, доценттер Борбордук Азиядан атайын чакырылат. Бул окуу жайда эч кандай коррупциялык, бюрократиялык иштер болбошу зарыл. Окутуучулардын жана студенттердин билим сапаты да эл аралык деңгээлге чыгышы керек, - дейт. Бул университетте Кыргызстандан эле эмес башка Азия мамлекеттеринен да окутуучулар жана студенттер тартылат. Анүчүн окууга жана жашоого бардык шарттар болушу абзел.
Үч жылдан кийин Нарында окугусу келгендер көбөйөт
Нарын шаарына мындай университеттин курулушу албетте жергиликтүү элдин социалдык абалын биртоп жогорулатышы мүмкүн. Богдан мырзанын сөзүн уксак, учурда айылдан айырмасы жок болуп каралбай калган Нарын шаары биртоп өнүгүүгө жетишет экен. Албетте, алардын койгон планы, иш-аракеттери иш жүзүнө ашсын деп тилейли. Алар курулуш иштери менен гана алек болбостон саламаттык сактоо жаатына да жардам берип, заманбап диагностикалык борборду ачуу да пландары бар экенин маалымдады. Андан тышкары университеттин курулуш иштери аяктап, чет өлкөдөн студенттер келе баштаганда көптөн бери жакшы иштебей калган аэропортту калыбына келтирип, учак менен Нарынга каттоого шарт түзүү маселеси да каралууда. Жаратылышы катаал Нарын шаарынын климатына жараша жер-жемиштерди өстүрүү да пландалууда. Университетте билимин кайра квалификациялоо бөлүмдөрү да болот. Бир кесипте иштеп жүрүп, башка кесипке өткүсү келгендер үчүн да атайын бөлүмдөр ачылат. Алар күндүзү иштеп, кечкисин окуй тургандай шарт түзүлөт.
Нарын шаарынын күн батыш тарабында орун алган университеттин аймагы өзүнчө шаарчага айланып, ал жерде окуу жайдын имараты, студенттер, чет өлкөдөн келген мугалимдер жашоочу заманбап жатаканасы болот. Борбордук Азия университети жайгашкан бул кичинекей шаарчанын ичинде студенттер, окутуучулар үчүн бардык керектүү социалдык объектилер, шарттар курулат. Бул аймактагы курулуш иштери башталардан мурда ал жерди таш менен зымырата курчап, габион дубалын тургузуп, кампустун курулуш аянтына жана тегерегине 60 миң көчөт, дарак жана бадал отургузулду. Нарын дарыясынын жээктерин бекемдетүү иштери жүргүзүлдү. Университеттин аймагына атайын нарындык жаштар үчүн футбол аянтчасы жана теннис ойноочу жай курулган. Көк шиберге чулганган бул кооз аянтчага кирүү бекер болгондуктан жаштар келип спорт менен машыгып турушат экен.
Борбордук Азия университетинин аймагына жакын көчөлөргө асфальт төшөлүп, жарык берилген. Бул көчөдөгү жарыктар караңгы кирери менен өздөрү эле жарк этип күйүп электр үнөмдөөчү лампалар коюлган. Асфальттанган көчөлөрдүн четтерине кудум чоң калаага кирип бараткандай жаш дарактар тигилип, кооздолгон. Көчөдөгү лампалар коюлган карагайларга электр зымдары жер алдынан туташтырылып, элдин коопсуздугун алдын алдык дешет куруучулар.
Бул кампустун курулуш иштери башталып жерлер казылганда, жер алдынан илгерки биздин доорго чейинки археологиялык буюмдар табылган. Ал жерде байыркы адамдын сөөктөрү, алардын колдонгон буюмдары, идиштери жана орто доорго таандык эски тосмолор, ташка чегилген сүрөттөр жана башка артефакттар табылган. Булардын арасында эч кандай баалуу буюмдар болгон эмес. Себеби буга чейин эле аларды талап-тоноп кетишсе керек дейт изилдөөчүлөр. Казуунун жүрүшүндө табылган баардык артефакттар изилденүү үчүн Бишкекке жиберилген.
Бул иш-чарага катышкандан кийин келечекте Нарын шаарынын өнүккөнүн элестетип, позитивдүү маанай менен кайттык.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, Бишкек - Нарын,
сүрөттөр автордуку










??.??