presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Хиджаб кимдин кийими?
Бексултан ЖАКИЕВ,
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу

""Хиджаб мусулмандын кийими" деген жобо шарыятта жок. Ал араб кыз-келиндеринин, аялдарынын Арабиядагы кум аралаш чаң ызгыган аба ырайына ылайыктуу улуттук кийими. Жүрө-жүрө хиджаб паранжыга өтүп, аялзаттары чүмбөттөлүп калган өлкөлөр бар. Аялын кызгангандар, ашкере динбузар мансапкор "динчилдер" ошентип салган. Тим жүрө берсек, биздин кыз-келиндер да паранжы жамынып, чүмбөттөлүп калбайт деп ким кепилдик берет?! Анан паранжысын чечтире албай, чечсин дегендер "укук бузгучтар" деген жемеден кутулбаган балээге калабыз. Милдет жөнүндө түшүнүк унутулган бүгүнкү күндө ошону көрөрүбүз бышык.


Ушул суроонун жообун билгиси келген адамды көрө албадым. Билейин дегендер деле жок сыяктуу бизде. Ошонун азабынан талаш-тартыш күчөгөндөн күчөп эле баратат. Мектепке хиджаб, жоолук салынып барган кыздар эне-аталар менен мугалимдердин ортосунда тирүүлөй "көк-бөрүгө" калмай болду. Эне-аталар тараптын да, мугалимдер тараптын да жаат-жаатка бөлүнгөн "болельщиктери" бар.

Мунун баары түшүн-бөгөндүктөн күчөп баратат. Түшүн-дүргөн эч ким жок. Түшүндүрөлү деген ниет да көрүнбөйт. Туура түшүндүрүү милдети ир алды Кыргызстан мусулмандар муфтиятынын, өкмөттүн карамагындагы дин боюнча комиссиянын мойнунда. Ошондой эле мектептерде, окуу жайларда түшүндүрүлүшү зарыл. Түшүндүрүүнүн эч кыйынчылыгы жок. Опоңой эле түшүнчү нерсе.
"Хиджаб жалпы мусулмандын кийими, аны кийбегендер күнөөгө батат" деп кыз баласын кымындайынан "айдатма" жолго салган ата-энелер болуп жатпайбы. Андай ата-энелер да башка бирөөлөрдүн, динди жамынып алып кыргызды арабдаштыргысы келген исламчылардын айдактоосуна азгырылган байкуштар. Алардын динди урматтаарында, кан-жанынан жаралган балдары ыймандуу адам болуп өссө экен деген ниетинин актыгында кенедей шегим жок. Бирок азгырылганына акылы жетпегенине, караңгылыгы балдарынын кендирин кесерин ойлобогон сокурлугуна жаным кейийт.
"Хиджаб мусулмандын кийими" деген жобо шарыятта жок. Ал араб кыз-келиндеринин, аялдарынын Арабиядагы кум аралаш чаң ызгыган аба ырайына ылайыктуу улуттук кийими. Жүрө-жүрө хиджаб паранжыга өтүп, аялзаттары чүмбөттөлүп калган өлкөлөр бар. Аялын кызгангандар, ашкере динбузар мансапкор "динчилдер" ошентип салган. Тим жүрө берсек, биздин кыз-келиндер да паранжы жамынып, чүмбөттөлүп калбайт деп ким кепилдик берет?! Анан паранжысын чечтире албай, чечсин дегендер "укук бузгучтар" деген жемеден кутулбаган балээге калабыз. Милдет жөнүндө түшүнүк унутулган бүгүнкү күндө ошону көрөрүбүз бышык.
Хиджабга окшош жоолук кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими элечекте да бар экенин айтып, хиджабды коргоп чыкчулар болушу мүмкүн. Туура, элечектин астына хиджаб сыяктуу жалаңкат жоолук салынышат. Аны чачты тыкан кармаган ээк тарткыч дейт. Жыгачтай калдайган азыркы жасалма "элечек" сөрөйлөрдө ээк тарткычтын "жыты" да жок. Байбичелер, келиндер конок-карада ээнирээк боло калганда, баштарын эс алдырып алганы элечектерин алып коюп, ээк тарткыччан отурат. Күнүмдүк турмушунда эч бир аял элечексиз ээк тарткыч менен жүргөн эмес. Демек, ээк тарткыч кыргыз аялзатынын жоолугу дешке болбойт. Ээк тарткыч жоолук деп эсептелген күндө да, кыргыз салтында күйөөгө тие элек кыздарыбыз, кара далы болуп калгандар да башына жоолук салынган эмес. Жоолук салынуу эрге тийгендиктин белгиси болгон. "Кыргыз салтында кыздар жоолук салынган" деген сөздөр айтылбаса, бул жөнүндө унчукпайт элем.
Исламдаштыруу амалы катуу жүрүп турган учурда жашап жатабыз. Көмүскө да, көрүнөө да. Болгондо да ваххабисттик багытты көздөгөн исламдашуу! Бул багыт үстөмдүккө жетсе, калк диний фанатизмге барып камалат. Биздеги исламдашуу дегендин түп максаты элди арабдаштыруу. Арабдаштыруу саясатын жүргүзгөндөр молдолордун, саясатчылардын арасында аз эмес бүгүн. Андайларды динбузарлар десек болот, анткени алар мусулман дининдеги ыйык идеяларды таратпайт. Таратымыш болсо да бурмалап, диний жактан сабатсыз бечараларды аркы дүйнө тозогу менен коркутуп, Алланын атын сатып, кыргыз улутунун кызыкчылыгына эмес, арабдаштырууга багытталган аракеттерди жасап жатышат. Мунун бир далили катары кыз-келиндерибиздин "бактысын" хиджабга чырмап салгандарын айтсак болот. Андай-андайды этибар албай оозубузду ачып жүрө берсек, шорубуз. Өз улутубуздун өзгөчөлүгүн, жагымдуу менталитетин, руханий дөөлөттөрүн сактап калалы десек, кандай гана "кыйын" эл болбосун, "көлөкөсүнө тон бычкандан" оолак болушубуз керек.
Исламды динибиз катары урматтайбыз, мусулман болгонубузга сыймыктанабыз. Ал эми исламдаштыруу деген исламдын атын жамынган зыянкеч саясат: арабдаштыруу багытты көздөгөндөн да өтө коркунучтуу аракеттерди жайылтып, көз караштары жактан көңүлдөрүнө жакпагандарды кырып-жоюп, кыйнап сойгондон кайра тартпаган талибанчылар, алькаидачылар, альшабаачылар сыяктуу мыкаачы "исламчылар" ал саясатты таркатып жатканын билбесек да шорубуз!
Улутубуз - кыргыз. Динибиз - ислам. Демек, мусулман калкпыз. Мухамбет пайгамбардын жолун жолдоп, осуятын колдоп, кыргыздын каада-салтын жоготпой Алла Тааладан ырайым тилеп, шарият туткан мусулманбыз. Исламды биз, кыргыздар, кулк-мүнөзүбүзгө, өз дүйнөтаанымыбызга ылайыктап, акыл калчап, башка элдерди туурабай тарыхыбыздагы баскан изибизге чейинки менталитетибиздеги бүткүл өзгөчөлүктөрүбүздү он өлчөп, бир кесип дегендей, боюбузга сиңирген элбиз. Кыргыздар диний фанатизми жок кыргыз мусулманбыз. Арабча, же тажик, же өзбек мусулман эмеспиз, кыргыз мусулман бойдон калмагыбыз парз дегеним бул.
Мусулман дининдеги эл жер жүзүндө көп. Мухамбет пайгамбар эч бир элди зордук менен коркутуп-үркүтүп, опузалап, ислам динине киргизүүгө тыюу салган эмес. Пайгамбарыбыз ошондой эле мусулман динин кабыл алган улуттун каада-салтына, үрп-адатына, руханий дөөлөттөрүнө, маданий өзгөчөлүктөрүнө ислам жолтоо болбошун, зыянын тийгизбешин талап кылган. Аны элес албай кийген кийимибизден тарта маданий өзгөчөлүктөрүбүздү, руханий дөөлөттөрүбүздү четинен сүрүп жоготчуларга моюн сунуп, арабдашууга ооп кетсек, бара-бара эл болуудан калабыз. Айталык, мусулмандын кийими деп хиджабды, пакистандыктардын улуттук шымы шалбыраган боз дамбалды эсептеп алсак, анда эмне, кыргыздын улуттук кийимин кийгендерди, дүйнө жүзүнө кеңири жана күнүмдүк жашоо-тиричиликке ылайыктуу тараган "европача" кийингендерди мусулман дебей, каапыр дейбизби?! Деги эле "мусулман кийими", "мусулман эместин кийими" дегендей чектөө жок. Кийимди таза, жарашыктуу кийип, буттун балтыр этин, жоон санды кызаңдатпай, көкүрөктү жагжайта ачып салбай, бел-көчүктү жылаңачтабай адептүү жүрүм-турумдун чегинде денени моюндан төмөн жаап жүрсө эле шарияттын талабы сакталмак.
Диний сабатсыздык кимди гана карайлатпайт да, кимди гана адаштырбайт! Диний сабаттуулук адамдын көзүн ачат, кызыктуу жашоого көндүрүп, жаман жолдон сактайт, билимин тереңдетет. "Куран" китеби, "Библия" кызык. Диндердин тарыхы кызык. Пайгамбарлардын өмүрү, өрнөктүү иштери, жүрүм-турумдары кызык жана үлгүлүү. Ыйык китептерди түшүнүп окуп, тарбия-таалимин алгандар чала молдо динбузарлардын тузагына чалдыкмак эмес.
Дин таануу сабагынын жоктугу жаш-карыны диний сабатсыздыкта адаштырып, көйгөйлөрдү жаратып жатат. Дин таануу дегенди куран жаттатуу деп түшүнбөшүбүз керек. Куранды медреселерде жаттаса болоор, ошондо да араактан берээк. Медреселерде да дин таануу негизги сабактардан болуусу зарыл. Дегеним, мектептерде болобу, медреселерде болобу - окуунун башкы максаты Кыргызстандын ыймандуу, билимдүү, улуттук ар-намысы бекем патриот жарандарын тарбиялоо экенин эстен чыгарбай иш жүргүзбөсөк болбойт.
Өгүнү "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусуна 8-класста окуган бир кыздын атасы телефон чалып кошулду да, кызы "Алланын талабын" аткарып, мектепке жоолукчан барса сабакка киргизбей койгонун айтып, "окутпаса окутпай деле коём, кызым балагатка жетти" дегенине караганда, кызынын окуган-окубаганына деле кейигени байкалбады, чамасы күйөөгө берүүнү көздөп турса керек деген ойдо болдум. А кишинин "пикирин" талдайын деген оюм да жок. Окурмандын көңүлүн "Алланын талабы" дегенине бургум келди. Минтип Алланын атына туш келди жамына берген - диний караңгылыктын белгиси. Диний караңгылык өтө коркунучтуу жорук. Кудай жалпы журтубузду ошондойдон сактасын! Өзүбүз да сак бололу!









??.??