presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
Көңүл чордонунда
"Шайлоо өткөрүүнүн жаңы технология-ларынын көргөзмөсүнө чакырабыз"
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Д.Абдраимовдун "Жаңы Агым" гезитине курган маеги.


- Туйгунаалы Дүйшөналиевич, бүгүнкү күндө Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында келе жаткан шайлоолорду адилеттүү, таза жана ачык өткөрүү маселеси турат. Шайлоо системасына өзгөртүүлөр кирип жатат, кандай чараларды көрүп жатасыз?
- Биринчиден, Президенттин жарлыгына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы "Шайлоо процессиндеги инновациялык технологиялар" деген эл аралык көргөзмө-жарманке уюштуруп жатат. Бул шайлоо процессине керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу, ошондой эле шайлоо системасын өзгөчө колдонуу боюнча алдыңкы программалардын көргөзмөсү.
Көргөзмө-жарманке эки күнгө эсептелген жана үстүбүздөгү жылдын 30-31- октябрында мамлекеттик тарых музейинин көргөзмө залында өтөт. Азыркы учурда бул көргөзмөнү даярдоо жана өткөрүү боюнча кең-кесири иштер жүргүзүлүп жатат. Шайлоо процесси үчүн жогорку технологиялуу жабдууларды жасап чыгаруучу компанияларга чакыруулар жөнөтүлдү.
Көргөзмөгө жарандык сектордун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, мамлекеттик органдардын, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле кесиптештерибиз - Россия Федерациясынын, Казакстандын, Өзбекстандын, Латвиянын, Литванын, Польшанын, Монголиянын, Кореянын жана башка мамлекеттердин БШКларынын өкүлдөрү чакырылат. Аларды мындай көргөзмө кызыктырбай койбойт деп ойлойм. Бул көргөзмөдөгү материалдар, жабдуулар менен таанышуу каалаган жарандар үчүн эшик ачык.
Эл аралык көргөзмө-жарманке мамлекеттик, дүйнөлүк масштабдагы окуя болуп саналат жана Кыргызстан 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине алдыдагы шайлоону таза, демократиялуу жана ачык өткөрүү жагынан өзүнүн позициясы жөнүндө ишенимдүү билдирет деп белгилегим келет. Бул - көз карандысыз мамлекетибиздин өнүгүшүндө жаңы баскыч, жаңы деңгээл.
- Жакында Президент А.Атамбаев менен расмий делегациянын курамында Бельгияга барып келдиңиз. Евросоюздун өкүлдөрү Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүүгө кандайча грант берип калышты?
- Евросоюз Кыргызстанда таза демократиялык шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жардам берүүнү жана салым кошууну өзү сунуш кылды. Таза, демократиялуу шайлоо - региондогу туруктуулуктун өбөлгөсү. Бул Европа үчүн да кыйла маанилүү. Ал Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда шайлоо алда канча ачык жана демократиялык ченемдерге ылайык өтөт деп тааныйт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2006-жылдан тартып Европа өлкөлөрүнүн шайлоону уюштуруучулар Ассоциациясынын (ЕӨШУА) ассоциацияланган институттук мүчөсү болуп саналат, анын чакыруусу боюнча мен 12-14-сентябрда Европа өлкөлөрүнүн шайлоону уюштуруучулар Ассоциациясынын (ЕӨШУА) эл аралык конференциясына жана жалпы чогулушуна катышып келдим.
Ал эми Варшава шаарында болуп өткөн Ассоциациянын жалпы чогулушунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясын ушул Ассоциациянын толук институттук мүчөлүгүнө кабыл алуу чечими болду.
Биздин өлкө үчүн бул жакшы кадам деп эсептейм. Кыргызстан бул Ассоциацияга алгачкылардан болуп кирип жатканы бекеринен эмес. Анткени Кыргызстан Азиядагы демократиялык өлкө катары дүйнөгө таанылып калды, бардык мүчөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчи европалык эмес Ассоциациянын курамына кирген толук укуктуу мүчөсү болуп саналат.
- Кийинки шайлоолордо бизде кандай заманбап технологиялар колдонулат?
- Мен Кыргызстанга биометрикалык идентификациялоону киргизүү зарыл деп эсептейм. Ошон үчүн 2015-жылкы парламенттик шайлоодо бул ыкманы киргизүүгө аракет кылабыз, бирок бул маселе заматта эле чечиле калбайт, көп эмгекти, убакытты талап кылат. Кошумча капиталдык салымдар зарыл. Ал үчүн биримдик база керек.
Жакында эле Монголияда өткөн президенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катыштым. Ал жерде шайлоочуларды идентификациялоо, добуш берүүдөн тартып шайлоонун жыйынтыктарын чыгарууга жана протоколдорду жогору турган комиссияга бергенге чейин автоматташтырылган.
Бизге шайлоо системасынын монголдук тажрыйбасы жакты, аларда шайлоочулардын добуштарын эсептөөнүн автоматташтырылган системасы менен катар жарандарды биометрикалык идентификациялоо колдонулат.
Биз 30-31-октябрында өтө турган көргөзмөдөн кийин дароо эсептөөнүн автоматташтырылган системасынын болжол менен 10 аппаратты сатып алууну жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо колдонууну, системаны сыноону жана буга шайлоо комиссиялары, шайлоочулар кандай мамиле кыларын аныктоону пландаштырып жатабыз.
Буюрса 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата жаңы жабдууларды сатып алууга жана бардык шайлоо участкаларын камсыз кылууга жетишкибиз келет. Алдыдагы парламенттик шайлоо мүмкүн болушунча ачык өтүүгө тийиш, себеби ар кандай бийлик эл тарабынан шайланып, анын үмүт-тилектерин чагылдырышы керек. Мезгили келгенде эл таза, ачык жана эркин шайлоо аркылуу бийликти шайлоого көнөт деп ойлойм.

Абсамат ЖУМАЛИЕВ




"Бир айыл - бир продукт" ассоциациясынын продукциясы эми "Газпромнефтинин" дүкөндөрүндө сатыла баштады

2-октябрда "ГазпромнефтьАзия" ЖЧКсынын Бишкек шаарындагы Ибраимов жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куючу жайында "Бир айыл - бир продукт" ассоциациясынын мүчөсү болгон жамааттардын продукциясын сатуу бурчунун расмий ачылышы болду.
Ал жерге колдон жасалган самын, ак бал, мөмө-жемиштин ар кайсы түрүнөн жасалган кыямдар, көл өнөрчүлөрдүн кийизден жана башка нерселерден жасалган буюмдары коюлду. Бул долбоордун негизинде көлдүктөр шаардын тургундарына ак бал, жапайы жемиштерден түрдүү кыямдарды, дарылык касиети бар шакар самынын, ошондой эле регионалдык кол өнөрчүлүк буюмдарын сунуш кылышат. Эми экологиялык таза продукт "Газпромнефть" тармагынын адамдар көп болуучу станцияларында да сатылып турмай болду. Бирок азырынча бул долбоор Бишкек жана Балыкчы шаарларында гана иштөөдө. Болочокто өз мекендештерибиз өндүргөн таза продукцияны өлкөнүн башка региондорунда да сатуу пландаштырылууда.
Сатууга коюлган кыямдардын, жер-жемиш кагынын, ширелердин айрым түрлөрү "Кумтөр" компаниясынын финансылык колдоосу менен Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги жамааттардын жигердүүлүгүн арттыруу долбоорунун алкагында өндүрүлгөн.
Биз ушул маселе боюнча "Бир айыл - бир продукт" ассоциациясынын төрайымы Махабат ЖАКЕЕВАга кайрылсак буларды айтты:
"Биздин продукцияны жалпы эл жактырарына ишенебиз"
- Биз көлдүк чеберлердин колунан жаралган продукция жана буюмдар Бишкекте эле эмес бүтүндөй өлкө боюнча жеткиликтүү болуп калышы үчүн бардык аракеттерди жумшамакчыбыз. Биздин ассоциацияда азыр миңдей мүчө бар. Алар ар кандай санда жамааттарга бөлүнүп өздөрү каалаган продуктуну өндүрөт. Башында бизге алтымыш жамаат мүчө болсо азыр 92 жааматыбыз бар. Эл бул долбоор менен ошол жердин шартына ылайык ишкерлик менен алектенип, аны менен үй-бүлөсүн бакса болорун билип калды. Бүгүн биз МКС тармагынын эки дүкөнүндө сатуу жайларын ишке киргизүүдөбүз. Бул аракетибиз ушул станциялардын базасында өнүгүшүнө ишенебиз. Биз 2012-жылдын ортосунда ишке киргизилген долбоорду жүзөгө ашырууда финансылык жактан колдогон "Кумтөр" компаниясына жана биз өндүргөн продукцияны МКСнын жанындагы дүкөндөргө коюу мүмкүнчүлүгүн түзүп берген "ГазпромнефтьАзияга" терең ыраазыбыз. Биз кыргызстандыктар ата мекендик чеберлердин эмгегин татыктуу баалашат жана сунуш кылган продукциябызды жактырып калышат деп ишенебиз.
Учурда жалпы адамзат таза азык-түлүккө муктаж
Чындыгында эле бүгүнкү күндө жалпы адамзат нукура азык-түлүккө качырып калган кез. Андыктан бул долбоор жергиликтүү эл үчүн түзүлгөн эң сонун мүмкүнчүлүк. Албетте "Бир айыл - бир продукт ассоциациясы" айыл элин эмгек менен камсыз кылуу, кедейчиликти жоюу максатында ишке кирген. Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы жүзөгө ашырып жаткан бул долбоор ошол аймактагы өндүрүүчүлөрдүн демилгеси менен түзүлгөн. Бул аймактагы ар бир кызыккан адам же жамаат ассоциацияга кошула алат. Аталган уюмдун мүчөлөрү жергиликтүү ресурстарды пайдаланып уникалдуу продукт өндүрөт.
"Кумтөр" жана "Бир айыл - бир продукт" биргелешкен бул долбоор былтыркы жылдын июнь айынан бери ишке ашып келет. Жана айтып кеткендей, долбоордун бирден бир максаты - жамааттарда болгон ресурстарды колдонуп, кандайдыр бир товарды өндүрүү менен жеке ишкерлердин жана жергиликтүү жамааттардын аракеттерин бириктирүү аркылуу Ысык-Көл облусунун экономикалык потенциалын өнүктүрүү. "Бир айыл - бир продукт" программасынын дагы бир өзгөчөлүгү - жамаат мүчөлөрү өздөрү кандай товарды өндүрүп чыгарганга даяр экенин өздөрү чечишет. Учурда бул долбоор жыйырма айылды жана бир нече жамааттарды камтыйт.

Зайырбек АЖЫМАТОВ,
сүрөттөр Алимжан ЖОРОБАЕВдуку










??.??