presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
"Базарга" айланган Ак үй
Акундун ордун Аманбаев ээледи
Жогорку Кеңеш Кыргызстандын башкы Акыйкатчысын шайлай албай эки күн убара тартты. 2-октябрдагы отурумда Акыйкатчылыкка ат салышкан 49 талапкердин арасынан "ата мекенчи" Асия Сасыкбаева менен "республикачы" Урмат Аманбаеванын иниси Бакыт Аманбаев экинчи турга суурулуп чыгышты. Ал эми кечээги жыйында ийгилик ташы Бакыт мырзага ооду.


Жыйын баштала элек жатып талаш-тартыш менен коштолду. Айрым депутаттар Турсунбек Акундун маселесине чекит коюп, анан гана жаңы Акыйкатчыны тандоо демилгесин көтөрүштү. Бирок көпчүлүк аны четке кагып, Акыйкатчыны шайлоого киришти. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында А.Сасыкбаева 45 добушка татыса, Б.Аманбаев 52 добуш жыйнап, омбудсмендикке шайланды. Ошол эле күнү жаңы Акыйкатчы парламентте расмий ант берди.

Журналистикадан Акыйкатчылыкка
Бакыт Аманбаев 44 жашта, кичи мекени Ош облусунун Кара-Кулжа району. Кесиби журналист. Акыйкатчылыкка чейин "Айыл деми" гезитинин башредакторлугун аркалап, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын жетектеген. "Азаттык" радиосунун кабарчысы, 2005-жылдагы март окуясынан кийин КТРКнын рекламалык-коммерциялык бөлүмүн жетектесе, апрель окуясынан кийин кыска убакытка Оштун вице-мэрлигин аркалаган. Адам укугу жаатында эмгектенген эмес, эми Акыйкатчы институтун кандай башкарарын убакыт көрсөтөт.

Турсунбек АКУН,
экс-омбудсмен:
"Парламенттин чөнтөк акыйкатчысы болот"
- Жаңы Акыйкатчыга кабинетти бошотуп бересизби?
- Бошотуп бербейм. Себеби бул шайлоо мыйзамсыз өттү. Мен 2018-жылга чейин шайланган Акыйкатчымын. Мени Азиз Батукаевдин маселесинен улам Жогорку Кеңеш кызматтан кетирген. Учурда сот процесси жүрүп жатат, өкүм окулмайынча шайлоо өтпөшү керек болчу. Эмне үчүн өкмөт А.Батукаевге байланыштуу кызматтан кетсин деген чиновниктерди жумуштан кетирбейт? Биринчи өкмөт парламенттин токтомун аткарсын, анан мен кабинетти бошотуп берем.
- Акыйкатчылыкка шайланган Бакыт Аманбаев бул орунга татыктуубу?
- Бакыт Аманбаевди жакшы тааныйм, адамгерчилиги жогору. Бирок анын адам укугу жаатында тажрыйбасы жок. Пикет-митингдерге катышып, жарандардын укугун коргоп жүргөнүн көрбөптүрмүн. Менимче, Аманбаев парламенттин көзүн караган, парламенттин чөнтөк акыйкатчысы болот. Дагы бир жолу кайталайм, ал мыйзамсыз жол менен келген самопал акыйкатчы. Эми ал депутаттардын камчысын чаап, алардын айтканынан чыга албай калат.

Акылбек САРИЕВ, акыйкатчылыкка экс-талапкер:
"Шайлоо мыйзамсыз өттү"
- Акыйкатчылыкка талапкерлигиңиз-ди экинчи ирет койдуңуз. Шайлоо адилет өттүбү?
- Шайлоо мыйзамсыз өттү. Биринчи турда депутаттар 49 талапкердин бардыгына добуш беришти. Ал эми мыйзамга ылайык, депутаттар 49 талапкердин бирөөсүн гана тандашы керек болчу. Бардыгына тең добуш берүү мыйзамга каршы келет.




Бакыт Аманбаев Акыйкатчы институтун татыктуу жетектеп, бул жаатта реформа жасай аларына ишенесизби?
Рита КАРАСАРТОВА, "Коомдук анализ институту" коомдук бирикмесинин төрайымы:
- Бул жигитти мурда таанычу эмесмин, анын эжеси парламентте депутат экенин да билбептирмин. Качан гана ал Акыйкатчылыкка талапкерлигин койгондон кийин гана анын журналистика тармагында эмгектенгенин, вице-мэр болгонун уктум. Ал кандай иштейт, Акыйкатчы институтун жаңылай алабы же жокпу - бул азырынча белгисиз. Ага убакыт беришибиз абзел. Элине жараша президенти, депутаты, өкмөтү болгондой эле, элибизге жараша Акыйкатчы шайланды.

Кандайдыр бир мезгил өткөндөн кийин бизге Акыйкатчы институту керекпи деген суроо туулушу ыктымал. Бу институтту жоюу демилгеси да көтөрүлүшү мүмкүн.
Авланбек ЖУМАБАЕВ, эркин журналист:
- Канча күндөн бери депуттардын ээсин оодарып жаткан Акыйкатчы шайлоо "шарттуу" соңуна чыкты окшойт. Шарттуу дегеним, менин оюмча ушул бойдон эле бүтүп калбайт го... Бирок бул Кыргызстандын саясат чөйрөсүндөгү жүзүнө дагы бир так калтырды. Негизи Акыйкат институтунун ишмердүүлүгүн камсыздаган мыйзамдарда башаламандыктар толтура. Акыйкатчыны шайлоо боюнча мыйзамдарда да келишпестиктер абдан көп. Ошого карабай кара күчкө салып эле шайлоону өткөрүп салышты. Анын жыйынтыгын эл өзү көрүп турат. Адам укугун коргоп, бул жаатта жигердүү иштеп жүргөн таза, патриот кыз-жигиттер ат салышты эле, акыры "кожоюн" каалагандай болду го. Эгер Асия Сасыкбаеваны "Ата мекендин" өкүлү деп өткөргүсү келишпесе да, жок дегенде ошол жаатта көптөн бери иштеп жүргөн, мыйзамдар толук иштебей, укук чөйрөсүндө жетишпегендиктер көп болуп жаткан өлкөдө тайманбай адам укугун коргоо менен алек болуп келишкен Нурбек Токтакунов, Рита Карасартова, Атыр Абдрахматова деген жаш адистерди сууруп чыкса туура болмок. Бул шоуну уюштургандарга элден калган акылдуу сөз менен "Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат" деп айтаар элем.
Жыйынтыктап айтсам, бийликтин дагы бир чөнтөк институту жаралды. Ал эми жаңы шайланган Бакыт Аманбаевге ийгилик каалайм. Ал биздин кесиптешибиз. Белгилүү журналист. Колунан келишинче бийликтен көз каранды болбой иштесин.

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ,
департамент жетекчиси:
- Мындай суроону Урмат Аманбаевага узаткыла. Акыйкатчы деп аты айтып тургандай, Бакыт мырза буга чейин канча жарандын укугун коргоп бериптир? Ушул жагын карап көрүшүбүз керек. Ал эми Турсунбек Акун менен Турсунбай Бакир экөөнүн кармашынан жедеп тажадык. Акыйкатчылыкка көп адамдын ат салышканы - кызматты эңсегендер көбөйгөнүн ырастайт. Анда ишти ким кылат? Укугубузду ким коргойт? "Ак мышыкпы, кара мышыкпы, чычкан алса болду" дегендей, укугубузду коргоп, уят кылбаса дейбиз.

Кожобек РЫСПАЕВ, ЖК депутаты,
"Ар-намыс" фракциясы:
- Биз Бакыт Аманбаевдин өмүр жолу менен таанышып чыктык. Анын тажрыйбасын эске алып, ага зор ишеним артып шайладык. Аны сындагандын ордуна көмөк көрсөтүшүбүз керек.

Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА,
белгилүү укук коргоочу:
- Биринчиден, шайлоо мыйзам бузуулардын негизинде өттү. Экинчиден, акча тараткан талапкерлердин арасында дагы Бакыт Аманбаевдин ысымы аталууда. Үчүнчүдөн, Аманбаевдин укук коргоо жаатында тажрыйбасы жок, анын ордуна татыктуу талапкерлер арбын болчу.
Турсунбек Акундун сот процесси аяктай элек. Ошондой эле шайлоого ичи бышпаган талапкерлер сотко кайрылышы мүмкүн. Андыктан Акыйкатчынын орду талаштуу, туруксуз болуп калды.











??.??