04.10.13 Чек ара
"Согуш" алдындагы тынчтык

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үңкүр-Тоодо "Кыргызтелекомдун" ретранслятору жайгашкан. Ошол жерге 20-сентябрда коңшу Өзбекстандын он бештей чек арачысы тик учак менен келип кимдер иштеп жатканын, бир нөөмөттө канча киши кайтараарын сурап кетишкен экен.
22-сентябрда өзбек чек арачылары ошол "Кыргызтелекомдун" ретранслятору жайгашкан жакын жерге күтүүсүз кирип келип, өздөрүнүн желегин илүүгө үлгүрүшкөн. Вице-премьер министр Токон Мамытов "Үңкүр-Тоодогу ошол участок боюнча коңшу мамлекет тараптан көп убактан бери "бул биздин жер, Өзбекстанга тиешелүү" дегендей терс ой-пикир айтылчу. Бирок биз "бул биздин жер, Кыргызстан муну биздики деп эсептейт" деп айтчубуз дейт.
Өзбекстандын чек ара аскерлиги жүзгө чукул атайын даярдыктан өткөн куралдуу отрядын тик учак менен таштаган. 30-сентябрда Ош облусундагы Достук чек ара өткөрүү бекетиндеги сүйлөшүүнүн негизинде 2-октябрда түштөн кийин Үңкүр-Тоонун тегерегинде турган кыргыз тараптын да, өзбек тараптын да чек арачылары чыгарылды. Үңкүр-Тоодогу телемунара жайгашкан станцияда иштегендер, аны көзмөлдөгөндөр ал жерге эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алат. 2-октябрда буга чейин эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан кармалган жана кылмыш иши козголгон адамдарды алмашуу да жүргөн. Март айында өзбектер тарабынан кармалган эки кыргыз сентябрда Кыргызстандан кармалган үч өзбекке алмашылды.




Тамыр
Майрамыңыздар менен, агай-эжейлер!

Октябрь айынын биринчи дем алышы мугалимдердин кесиптик майрамы. Буга байланыштуу жылына бир жолу өлкөбүздөгү билим берүү тармагындагы көйгөйлөр коомчулукка көтөрүлүп, айтылып, кайрадан унутулмайы бар.
Жаңы окуу жылы башталганда "жаш мугалимдердин айлык акысы 2 миңден 9 миң сомго дейре жогорулады. Эң жогорку тажрыйбадагы мугалимдер андан жогору айлык акы алышат. Эмгек тажрыйбасы бар мугалимдердин айлык акы өлчөмү 2-2,5 эсеге жогорулады. Ал эми жаш мугалимдер айлыгы 3 эсеге жогорулатылды. Эгер бул сыяктуу иш-чаралар кабыл алынбаганда, биз алардан кол жууп калуубуз ыктымал эле" деп КР Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирген. Учурда республика мектептериндеги 1 сааттык окутуу 45 сомго бааланат. Жалпы билим берүү мекемелериндеги мугалимдердин саны 75 миңге жакын. Шаарыбыздагы мектептердин биринде мугалим болуп эмгектенген Солтонова Айнагүл эжейге кайрылганыбызда "мен жыйырма сегиз жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келем. Айлык аздыгынан эки сменде эки класска класс жетекчимин. Бирок араң 7-8 миң сомдун тегерегинде айлык акы алам. Көтөрүлгөн эмгек акы деле байкалган жок. Эң төмөнкү 3-5 миң сом айлык акы алган жаш мугалимдер бар. Чындап келгенде бул акча бир айлык жол киреге да жетпейт эмеспи. Реформа дейбиз, ар жылы ар башка жаңы долбоорлор ишке кирет, бирок көпчүлүгү жүзөгө ашпай эле кагаз жүзүндө калат. Өткөн жылдары жан башына каржылоо долбоору киргизилген. Бирок бул долбоор деле жакшы иштеп кетпей, жоюлат деген сөздөр бар. Биз ар убак билим сапаты начарлап кеткенин айтып мугалимдерди сынга алабыз. Бирок мындай эмгек акыга кайсы билими күчтүү жаш мугалимди кармап турууга болот?" дейт.





Өля, Акун...
Өлөт деген Азиз Батукаев 18деги кыз алды

Ак кан болуп ооруп, өлүм алдында турат деп Нарындагы темир тордон бийлик бошотуп Чеченстанга жөнөтүлгөн "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев жакында он сегиз жаштагы чечен кызына үйлөнүп төшөк жаңыртты.
Эскерте кетсек, А.Батукаев буга чейин жалаң орус улутундагы аялдарга үйлөнгөн. Анын биринчи аялы 2002-жылы Токмок шаарында Р.Акматбаевдин кишилери аркылуу өлтүрүлгөн деп айтылат. Ал машиненин ичинде Азиз жана аялы болгон. Рулда отуруп бараткан аялын жанкечтилер Азиз деп ойлоп мээлеп аткан экен, аялы өлүп, А.Батукаев эптеп качып кеткен. Анын кийинки аялы Елена Тарасова. Бул да 2005-жылы А.Батукаев менен темир торго чогуу отурган. Ал мыйзамсыз курал-жарак сактаганы үчүн эки жылдык шарттуу мөөнөтүн өтөп койгону менен Азиздин жанынан чыккан эмес. Нарындагы темир тор Азиз Батукаевдин штаб-квартирасына айланып, аялы каалаган убагында кирип-чыгып турган. Атүгүл Е.Тарасованын энеси да түрмөгө ээн-эркин келип турганы айтылат. Мусулман А.Батукаев ошол темир тордо отуруп үчүнчү жолу үйлөнгөн. Үчүнчү жолу үйлөнүшүнө Е.Тарасова өзү макулдугун берген экен. Бул үйлөнүү үлпөткө Кыргызстандан, Чечнядан Азиздин туугандары, достору келишкен. Анын төртүнчү жолу үйлөнүшүнө энеси батасын берген имиш.




Чырдөбө
Сот-потуң менен...

Кыргызстандын Сотторду тандоо кеңеши "Ата журт" фракциясынын үч депутатын актаган Бишкек шаардык сотунун эки судьясы Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынышы керек деген чечим чыгарды.
Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду былтыр октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттогон. Бирок кийин шаардык соттун аты аталган судьялары ал өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актап чыгарган. Ал эми Жогорку сот кайрадан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырып, Бишкек шаардык сотунун судьялары Зулушев менен Сатиев боюнча маселени Сотторду тандоо кеңешине кароого сунуштаган.
Жогорку Кеңештин Сот, укуктук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинде сотторду коргоо комитетинин кайрылуусу каралып, анда судьялар Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев куугунтукка туш болуп жатканы айтылды. Өткөн аптада Кыргызстандын Сотторду тандоо кеңеши аталган судьяларды мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча чечим чыгарган эле.

Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, Жамила ТАШТАНБЕКОВА