presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
касапчы Илмиянов Ибраимовдон айланабы…
Өткөндө Президент Атамбаевге президенттик аппарат башчысынын орунбасары, мурунку шоопуру Икрам Илмиянов жөнүндө журналисттер суроо беришти эле, Президент кийин Совмин төрагасы болгон Султан Ибраимов да ишти бир кезде тракторист болуп баштаганын айтып актаган.
Бүгүнкү күндө Илмиянов жасап жаткан иштер Ибраимовдун оюна түгүл түшүнө да кирбесе керек. Эми Икрам сыздатып жаткан ишкерлердин арыз-муңуна кулак салалы. Кыргызстанда отуздай фирма Кытайдан эт ташыйт. Ташыгандары мыйзамдуу, эки өлкөнүн тең уруксаты бар, стандарттарга туура келген продукция. Максим Бакиевдин заманында ал ар бир эт тарткан машинеден 700 доллардан сол чөнтөккө салып турса, азыркылар ар бир машинеден үч миң доллардан (!) талап кылып, ишкерлердин ишин токтотуп, дем алдырбай турушат экен ушу тапта. Алардын айтымында, мунун башында Икрам Илмиянов туруп, андан сырткары Арстан, Эркин деген анын байлап кел, жайлап кел жигиттери каалагандай тайраңдап жатышат. Айтмакчы, бир кезде Атамбаевдин жансакчысы болуп жүрүп түрмөгө түшүп чыккан Эркин Мамбеталиев деген көзүр бар эмес беле. Ал мындан ары эч нерсеге кийлигишпе деген келишим болгонуна карабай (ким менен келишкенин өзү жакшы билет), бул ишти каалагандай майкандап жатканын айтышат.
Ветеринардык кызматтын жетекчиси, башкы ветинспектор Жаныбек Султановго ээр токубай эле жайдак минип алышканын, ИИМ, прокуратура кызматкерлери булардын алдында Бакиевдин учурундагыдай бөйпөңдөп кызмат кылып жатышканын да баса белгилей кетишти…
Урматтуу Президент "булар Максимден да ашып кутуруп кетишти" деп жерге түкүргөн ишкерлердин муңуна кулак салып, бир кездеги жан-жөкөрлөрүн тыйып коер. Болбосо эл деген, көпчүлүк деген сел экенин башка билбесе да өзү билет эмеспи.


Экс-ханзаада киришти…
Тумандуу Альбиондо бөгүп жаткан эркеталтаң ханзаада Максим Бакиев жаңыдан көз жарган кыймылдардын бирин каржылай баштаганы тууралуу каңшаар тарады. Анын планы боюнча кыймыл парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуунун үстүндө иштеши зарыл экен. Анүчүн ар кыл акцияларды өткөрүү да планда камтылыптыр. Эгер мындан майнап чыкса, анда бул кыймыл партияга айланып, ЖоКе жарышка катышат дейт. Кенже Бакиевдин долбоору саналган кыймылдын жүзү жакынкы аралыкта коомчулукка жарыя болор.

Чыңгызхан баргы уруусунанбы?
Бегиш Ааматов аттуу агабыздын көптөн бери дайыны чыкпай калган. Коомдук иштерден алыстаганы бекер эмес тура, ал учурда Чыңгызхандын таржымалын иликтеп жаткан кербези. Бегиш абанын божомолунда, Чыңгызхан кыргыздын баргы уруусунан чыгыптыр. Ал эми баргынын тукумдары ким десек, "чү" дегенде Ош мэри Мелисбек Мырзакматовдун ысымы оозубузга илинет. Ошондо Мырзакматов Чыңгызхандын урпагы болуп калабы? Буга кесипкөй тарыхчылар не дээри кызык.

Өлө албай жатып өлөң айткандар
Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызнефтегаз" ААКсынын 250гө чукул акционерлери 1-октябрда кезексиз жыйынга чогулушту. Жыйында ЖК депутаттары тарабынан ишкананы опсуз текшерүү маселеси талкууланыптыр. Акционерлердин пикиринде, мунун артында "Республика" фракциясынын лидери Назарали Арипов жана Исхак Пирматов турат экен. Эл өкүлдөрү "Кыргызнефтегаздын" жетекчилигине, акционерлерге кысым көрсөтүү аркылуу ишкананы толук көзөмөлдөөнү пландап жатышканы жыйында ачык айтылды. Мындан улам аларды тизгиндөө максатында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге, ЖК төрагасы Асылбек Жээнбековго кайрылуу жолдоо чечими кабыл алынды. Исхак Айтпаевич аталган ишкананы жетектеген кезинде миллиондорду "сугунганын" Башпрокуратура эсептеп чыгып, жоопкерчиликке тартуу үчүн парламенттен уруксат сураса, депутаттар кесиптешин калкалап калышкан. Бул саам кайрылуу каты ажонун өзүнө түз жетсе, кандай жыйынтык чыгар экен?

Саясатчылардын көздөгөнү не?
Жети-Өгүз районундагы нааразычылык акциясынын башкы уюштуруучулары саналган Нарис Калчаев жана башкалар ушул айда кезектеги "концертин" уюштурары күтүлүүдө. Алар Садыр Жапаров, Азимбек Бекназаров, Аликбек Жекшенкулов сындуу оппозиция лидерлерине жолугуп макулдугун алган соң, ушундай кадамга барганы жатат дешет. Өкмөт аке канадалыктар менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгын парламент элегинен өткөрө албай жатканда пикет-митингдердин өтүшү араң турган кырдаалды курчутат эмеспи. Мындан экономикабыз гана жабыр тартарын жогоруда ысымы аталган саясатчыларыбыз түшүнсө дагы радикалдуу кадамдарга барышы өлкөнүн белин мертинтпейби?

Бообеков кетсин!
Жакында Балыкчы шаарынын жетекчиси Мирлан Бообековдун отставкасын талап кылган митингдер өтөрүн кулагыбыз чалды. Укканыбызга караганда, шаардагы "Кербен" эт базарынын соодагерлери мэрдин өз ишин тыңгылыктуу алып барбай, базардын ички ишине кийлигишкени үчүн ушундай кадамга барганы жатышыптыр. Убагында борбордогу Ош базарынын сатуучулары "мэр Иса Өмүркулов кетсин!" деп Ак үйгө чейин жүрүш жасап, майнап чыгара алышкан эмес. Бообеков дагы Өмүркуловдой ээрдин кашын бекем кармайбы же базарчылардын "бунтунун" кесепетинен креслодон шыпырылып түшөбү?

"Эмгек"-"Өнүгүү"-"Бир бол" үчилтиги куралабы?
Кыргызстандагы күркүлдөрдүн бири Аскар Салымбеков "Мурас" аттуу партия түптөгөнү маалым. Учурда "Мурастын" атын "Эмгек" деп өзгөрткөнү тар чөйрөдө кызуу талкууланууда. Жеке булагыбыздан алынган маалыматка таянсак, Салымбековдун "Эмгеги", Бакыт Төрөбаевдин "Өнүгүүсү" жана Алтынбек Сулайманов жетектеген "Бир бол" партиясы биригүү тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатыптыр. "Барбарос" планга ылайык, бул үч партия бир туунун алдында кийинки парламенттик шайлоого катышмакчы. Билермандардын баамдоосунда, эгер мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтсө, "Эмгек"-"Өнүгүү"-"Бир бол" үчилтиги, КСДП, "Республика" жана "Улуттар Биримдиги" ЖоКенин босогосун атташы ыктымал. Партия аттуулардын парламенттик жарышка камданганына караганда, эмки жазда ЖоКе мөөнөтүнөн мурда таркатылат өңдөнөт.

Таарынган теңир-тоолук азаматтар кимдер?
17-сентябрда өткөн Нарын шаарынын 145 жылдыгында Жогорку Кеңештеги "мен" деген теңир-тоолук депутаттарга сөз берилбей калган эле. Ал эми мааракеге Нарындын сыймыктуу уулу, "ата мекенчи" Карганбек Самаков демөөрчүлүк көрсөткөн. Мындан улам анын "парталаштары" бизге деле сөз берип коюшса болмок же мааракеге акча кошпосок эле четке сүрүлүп калабызбы таризинде ичтеринен кекенип, мунун баарын Самаковдон көрүп, ага компромат топтоп жатышканы. Тамакка, сөзгө, кийген кийитке таарынмай кыргызда бар дечи, бирок Теңир-Тоонун азаматтары сөз сүйлөбөй калганына эле арданып, "Манас" эпосун ЮНЕСКОнун тизмесине киргизип, кыргыздын маданиятын дүйнөгө таанытып, намысын сактаган Карганбек мырзага "ор" казганы адамгерчиликке сыйбайт го, ыя?

Арапбаев Бакиевге "салык" төлөп турабы?
Эл өкүлү Азамат Арапбаев оппозициячыл "Ата журт" партиясынын өкүлү болгону менен, түпкүлүгүндө бийликчил адам. Анын бийликти сындаганын өмүрү уккан эмеспиз, тескерисинче, бийликтин саясатын колдоп, бизнесин гүлдөтүп келатат. Ал эми карачечекей агасы Муктар Арапбаев КСДПнын атынан Жалал-Абад мэрлигин мыкчып турган кези. Азамат мырза убагында "Ак жол" партиясынын атынан депутат болуп, качкын президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин тилин таап, Оштун Араван районундагы цемент заводун анын көмөгү астында түптөгөн деген кеп бар. Ошол эмгегин эстейби, айтор, алигиче Ж.Бакиевге айына "салык" жөнөтүп турары чынбы?

Ошурахунова КККга кошулду
Өмүрбек Суваналиев түптөгөн "Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын" (ККК) катарын бейөкмөтчүл уюмдун лидерлери калыңдатууда. Маселен, "Адилет" укук клиникасын жетектеген Чолпон Жакупова айым КККны колдоорун билдирсе, андан соң "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова жаңы кыймылга кошулганы кабарланды. Жакынкы аралыкта дагы биртоп бейөкмөтчүлөр "Каршылык Көрсөтүү Кыймылын" колдоп чыгарын билебиз. Бейөкмөтчүлөр дүңүнөн каршы аттанса, бийлик ага туруштук бере алабы?

Атаханов безип кеттиби?
"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулуп өлкө аймагынан чыгып кетишине башкы күнөөкөр катары саналып, вице-премьерликтен ыргыган Шамил Атахановду издегендер арбын. Тилекке каршы, анын карааны көзгө чалдыкпайт. Билермандардын айтымында, Шамил Атаханов Батукаев маселеси кайрадан көтөрүлүшүнөн чочулап, Казакстанга журт которуп кетиптир. Бул кезектеги аңызбы же чындыкпы, бүгүн-эртеңден билинип калар…

Кытай келиндин кызыл чайы
Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев өткөн жумада уулун үйлөнттү. Уулу буга чейин Кыргызстандын Үрүмчүдөгү консулу болуп иштеген экен. Ошол жактан табышканбы, айтор, жакында ата-энесин кытай келиндүү кылды. Кытай куда-кудагый, келиндин таякеси болуп үч киши тойго катышып күйөө баласына, кызына каалоосун айтышты. Келин да кыргыз салтына баш ийип, жоолук салынып жүгүнүп, кайната-кайненесине ысык чай куюп жатканын айтышат көргөндөр. Айтмакчы, Абдыганы мырзанын кудасы катардагы миллиард кытайдын бири эмес экен. Эл аралык корпорациянын жетекчиси экен дешти. Эки жаш бактылуу болсун.

Ошко 3013 жыл
Эртең Ош шаарынын 3013 жылдык мааракеси белгиленет. Эске салсак, 2000-жылы байыркы шаардын үч миң жылдыгын качкын президент Аскар Акаев башында туруп баарыбыз белгилегенбиз. Жылына октябрь айынын башында белгиленчү шаар күнүн быйыл маараке катары белгилөөнү Ош шаардык мэриясы чечкен. Белгилей кетчү нерсе, буга чейин Нарын шаарынын 145 жылдыгы, Бишкек шаарынын 135 жылдыктары майрамдалды. Булардын баарын байкап келаткан Ош мэри Мелис Мырзакматов коомчулук күткөндөй тигилерден өзгөчө бир нерсе жасаса керек. Анүстүнө Президент өзү да мааракеге катышканы жатса…

Маданият министрлиги Султанга жана анын досторуна гана кызмат кылат
Жума ичинде кыргыз маданиятынын куттуу очогу улуттук филармонияда чыр чыкты. Чырдын өзөгү баягы эле кызмат талаш. Директору Замирбек Үсөнбаевдин ордуна Кыргызбай Осмонов келсе, жамаат аны кабыл албай эшикке айдап чыкканга чейин барды. Жамааттын минткенине да жүйө бар. Эгер Кыргызбай Осмонов 3-4 жыл мурда кыргыз драмтеатрына директор болуп турганда театрды гүлдөтүп кетип, эми филармонияга директор болгону жатса, биз да кол чаап колдомокпуз. Тескерисинче, театрдын жамаатын бөлүп-жарып, ремонт шылтоосу менен театрды беш жылга жаап салып, ремонт бүтпөй, артисттер көчөдө калганда орус драмтеатры бирден чакырып иштетип, акыры бийлик алмашканда гана Осмоновду жаңы бийлик кетирип, театрдын ремонтун бүтүрүп бербеди беле! Же калппы?! Ошондон кийин Маданият министрлигинин бир куюшканына кыпчыла калып жүргөн К.Осмонов улуттук филармонияны жыргатат дегенге министр Султан Раевден башка эч ким ишенбесе керек.
Султан мырзанын акыркы кездеги кадрдык саясаты абдан сасып баратканын айтышат билгендер. Чоң кызматтарга жалаң досторду, көңүлү жакын аймончок айымдарды отургузуу өнөкөтү көз көрүнөө дешет. Эми филармониянын директорлугуна деле К.Осмоновдон башка бирөөнү алып келсе биз деле унчукпайт элек. Чыдабагандан айттык да. Султан мырза таарынбас, таарынса өзү жакшы көргөн "Платон мой друг, но истина дороже" менен жооп бермекчибиз.

Майрамкүл айымдын мандеми, банкрот болгон Турдалы
Шаршемби күнкү Акыйкатчы шайлоодо ашыкча бюллетендер чыгып калганы маалым. Кечээ ЖоКеде ашыкча бюллетендерди ким салганын депутат Нурбек Мурашов жанына батканда ачык айтып чыкты. Көрсө, аларды "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Майрамкүл Тиленчиева салган экен. Анткенине караганда, бул айымдын бир билгени бар го… Баса, Акыйкатчы болчумун деген 49 талапкердин бири Турдалы Орозбаев мырза депутаттарга бир миңден үч миң долларга чейин таратканы жөнүндө чай ичип кирип чыккандар сөз кылып жатышты.

"Жаңы Агым" - пресс









??.??