presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым
"Ислам менен Манастын ортосуна ажырым салуу атайын саясат"
Кийинки кезде ар бир эл түпкүлүгүн тааныбаса улут катары жок болуп кетерин, киши катары эсептен чыгарын түшүнүп калды. Бул күндө ар кошкон элден куралган америкалыктар да аттын тери жыттанган ата-бабасынын нускасына зар болуп турат. Тамырын унуткан эл куурайт. Аны илим да, турмуш да далилдеди. Андыктан мурун да, азыр да жалпы адамзат шарында кыргыз улуту да өзүн-өзү тапканга, өзүн-өзү тааныганга аракет жасап келет. Ырас, азырынча бул аракеттер маасалык түрдө эмес жалгыз жарым, чачкын же ашыкча эмоцияга алдырган абалда экени байкалат. Бирок акыры кыргыз өзүн-өзү таанып, дүйнөнүн өнүгүшүнө, ааламдашууга, жалпы адамзаттын рухий баалуулуктарына өз салымын кошот деп ишене туралы.

"Кыргыздын канындагы кереметтүү касиет - Айкөлдүк, түбүнө жете турганы - Ачкөздүк"

Эл жазуучусу, дүйнөлүк акындар конгрессинин мүчөсү, "Манас Эл кыймылынын" төрагасы Асан Жакшылыков кыргыз элинин дүйнө таанымы, рухий асылдыктары тууралуу изилдеп, "Кыргызчылык", "Эстутум", "Кыргыз жолу" аттуу китептерди жазды. "Эстутум" китеби сүкүт жана эркин ой жоромол менен шөкөттөлгөн же жаңыча айтканда креативдик багыттагы эстутум. А.Жакшылыков көтөргөн орошон ойлордун эң орчундуусу - көчмөн рух гана тазалыкка багыштап, таза диндерди жарата алат деген гипотезаны ачыкка чыгаргандыгы. "Кыргыз жолу: айкөлдүк, салттуулук, сулуулук" биздин улуттук идеологиянын дүйнө тааным баалуулугуна негизделиши керек деп далилдейт автор. Аталган китептер негизинен кыргыздын фольклорунун данектеринен куралып, илимий багыттагы масштабдуу эмгекке айланган дейт философ Карыбек Байбосунов.
Биз аталган эмгектердин автору
Асан ЖАКШЫЛЫКОВду маекке тарттык:
- Ар бир эл жок болуп кетпеш үчүн өзүнүн этимологиясын терең изилдеп, ошол элдин элдик касиети эмнеден турат, кайсы касиеттерди бузбай кылымдардан кылымдарга бекем сактаганда акыркы кыяматка чейин жашай алат деген суроолорду чечип алат. Биз да күнүмдүк турмуш менен алпуруша бербей ушул багытты жөнгө салып алышыбыз керек. Бул жагынан аз сандагы улут экенине карабастан жөөттөрдүн өздөрүн өздөрү сактап келатканы жалпы адамзатка үлгү болуш керек. Өзүн таанып, өзүнүн этникалык маданиятын калыптандырып, аны эч кимге буздурбай өжөрлүк менен сактап келатканы жагынан кытайлыктар да адамзатка үлгү көрсөттү. Индустар да бул жагынан көп улуттардан бийик турат. Арабдардын кай жерде жүрсө да өздөрүнүн кийимдерин кийип жүргөнү алардын артта калганы эмес, өзүнүн этномаданиятын унутпагандыгы. Алар этномаданиятты сактаса улут катары сакталарын жакшы билишет. Биздин ата-бабалар да бул маселеге аябай көңүл бурган. Кыргыз кечээ эле жаралган эл эмес экенин тарых дилилдебедиби. Кылым карыткан кыргыз адамзат тарыхында канчалаган башка элдердин маданиятын көрдү. Бирде алардын кол алдында болсо, бирде аларды башкарып турду. Мына ошол учурда эмнеге башка элдин маданиятын кабыл алып, мисалы, араб болуп кеткен эмес? Эмнеге улуттук кийимдерин башка элдин кийимдерине алмаштырган жок? Мындан улам биз байыркы кыргыздар да алмустактан кыяматка чейин өзүбүздү улут катары сактап калышыбыз керек деп көктүк менен аракет кылып келишкен десек болот. Ар бир эл өнөм, өсөм, жок болуп кетпейм десе өзүнүн улуттук өзгөчөлүгүнө таяныш керек.
- Сиз "Кыргыз жолу" китебиңизде кыргыз элинин өзүнө гана таандык улуттук касиеттерин дүйнөлүк диндерге - индуизмге, буддизмге, йога системаларына, даосчулукка, конфуцийчиликке, ислам, христианчылык, дзен-буддизмге салыштыра изилдеген экенсиз. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн кыскача айта кетсеңиз, кыргызды кыргыз кылып сактай турган негизги өзгөчөлүгү кайсылар?
- Мен негизинен үчилтик китебимде кыргыз элинин улуу эпосу, улуу дастаны болгон "Манасты" изилдөөгө алып, ал аркылуу улуу ата-бабаларыбыздан калган салтты Адамзат пендесине жайылтууга аракет кылдым. Маселен, кыргызчылык деген сөздү биз кыргыз+чылык деп окуп, "чылык" деген сөздү кыргыз элинин кемчилиги катары талкуулап келебиз. Бул бир жагынан өзүбүздү баалабагандыгыбыз, экинчиден өзүбүздү улут катары билбегендигибиз. Эмне үчүн биз мунун толук, биринчи маанисинде кыргызчыл+ык деп окуп, кыргызга таандык ыкма, кыргыздын менталитети деп түшүнбөйбүз? Же болбосо кыргыз+чылк, чылк - накта кыргызга таандык дегендей мааниде окусак, башка маанини бермек. Кыргыздын тили жоголсо, дили, улуту жоголуп кетет деп кооптонуп келебиз. Туура, тилдин мааниси чоң. Бирок улутту сакташ үчүн анын кыргызчылыгын, менталитетин сакташ керек. Оболу ал менталитет эмнеден турарын билишибиз зарыл. А менталитетти изилдегенде биз каалайбызбы-каалабайбызбы кыргыз түбөлүккө өзүнүн элдик сапатын сакташ үчүн Манаска кайрылууга туура келет. Анткени Манаста кыргыз менталитетинин ачкычы бар.
- Ошондо кыргыз эли өзүн Айкөлдүк менен сактап калат экен да...
- Кыргыздын канындагы кереметтүү касиет - Айкөлдүк, кыргыздын түбүнө жете турганы - Ачкөздүк. Дилибиздеги айкөлдүк кыргыз элинин менталитетинин өзөгүн түзүп турат. Ошондуктан кыргыз эли үчүн айкөлдүк идеология, айкөлдүк философия, айкөлдүккө умтулуу, айкөлдүктү сактоо - бул кыргыз элин өзүн сактоо менен менталитетин сактоо маселеси экендигин баамдайсың. "Кыргыз жолу айкөлдүк, салттуулук, сулуулук" деген китебимде Манастын кыргыз элине калтырган осуяттарын изилдедим. Мында көбүнесе кеменгер акылдуулук жөнүндө сөз болот. Акылды тарбиялаш үчүн кеменгер акылдуулукка жетишибиз, анүчүн башты тарбиялашыбыз керек. Адамзаты 13 пункттан турган жолду басып отуруп биз акылыбызды тарбиялап, Бакай ата, Кошой ата, Манас ата, Каныкей апа ээ болгон кеменгерликке ээ болот экенбиз. Экинчи руханий борбор - көкүрөк. Кең пейилдүүлүк - кекчилдиктен кутулуу, кечиримдүүлүккө жетүү. Кең пейилдүүлүктүн жеткен чеги сүйүү, а сүйүүнүн жеткен чеги айкөлдүк. Биз айкөлдүк менен кечиримдүүлүккө ээ болсок, кыргыздын экинчи чоң бир касиетине ээ болобуз. Демек, башыбыз акылдуу, кеменгер болсок, көкүрөгүбүз кең пейилдүүлүккө жетсе, касиеттүүлүккө да ээ болобуз.
- Манас, теңирчилик, айкөлдүк ислам дини менен кандай катышта?
- Дүйнөдө диндер көп, алардын эң ириси ислам менен христиан диндери. Ал эми кыргыз элинде айкөлдүгүңдү бузбасаң болду. Биз бата алган элдин тукумубуз. Биз үчүн ислам же христиан, будда динине кирүү маанилүү эмес, кыргыз элине айкөлдүктү сактоо маанилүү. Ошондуктан динди биринчи орунга коюу эмес, биздин Кудай менен антташкан жолубуз айкөлдүктү сактоо. Ислам менен кыргыздын айкөлчүлүгүнүн же теңирчилигинин окшоштугу, жакындыгы, экөө тең бир Кудайды тааныйт. Андан башка экөөнүн бири-бирине карама-каршылыгы жок. Ичи тарып, жаман ушактарды таратып, ислам менен Манастын ортосуна ажырым салуу ал атайын саясат.
Кыргыз мектептери кыргыз тарыхын, тилин, адабиятын эмнеге аз окутуп калды?
Мекенчил уулдардан түзүлгөн "Кыргыз чоролорунун" бири Кубатбек ОСМОНОВ учурда ар кайсы өңүттө улутка каршы иш-аркеттер жүрүп атканын айтат. Атургай бул маселе кандайдыр бир долбоорлорду "кийип алып" мамлекеттик иштерде, атургай жаш муунга билим берүү тармагына да баш салган дейт.
- Чындыгында узак убакыттан бери эле билинип-билинбей бизге окшогон чакан улуттарды жоготуу аракеттери жүрүп келген. Арийне, дүйнөлөштүрүү жараянында бул аракет өзүнөн өзү күчөдү. Албетте бул саясаттын артында кандай мамлекеттер турары түшүнүктүү. Учурда билим берүү системабызга кайсы өлкө беш колун тең салып алганын жакшы билесиңер. Мындан да өкүнүчтүүсү, мен Кыргызстандын бардык аймактарын, айылдарын аралап жүргөн учурда мектептердеги билим берүү системасы да иретке келбей ар жерде ар кандай болуп атканына күбө болдум.
Учурда орто мектепте сегизинчи, тогузунчу, онунчу, он биринчи класстарда кыргыз тили, ошондой эле орус тили сабактары бир сааттан кыскартылды. Ал эми математика сабагы эки сааттан кыскарды. Эгемендик алгандан бери ата-бабаларыбыздын тарыхын келечек ээлерине окутуп жаттык эле, эми ага да бөгөт коюлуп, башта жумасына үч саат окутулса, бүгүнкү күндө бир эле саат окулуп калды. Дүйнөлүк тарыхты окутуу да кейиштүү абалга тушукту. Совет доорунда да кыргызстандыктар бул предметти мыкты өздөштүрүшкөн эмеспи. География сабагы онунчу, он биринчи класстарда эки сааттан окутулса, эми ал да азайды. Химия сабагы үч, төрт сааттан болсо, эми жумасына эки, үч ирет окутулууда. Үч-төрт жыл мурда миңден ашык саат өтө турган болсок, эми кыскарып отуруп алты сааттык окутуу жоюлуп, беш сааттык гана сабак өтүлөт.
Төмөнкү класстардын окуучуларынын сабактары да кескин кыскаргандыктан жумасына беш эле күн окуп калышты. Миңдеген жаш өспүрүмдөрдүн мектептен билим албай калышы, интернеттеги ашыкча азгырыктар жаштардын гумандуулук сапатына доо кетирүүдө. Ушул көйгөй тереңдеп, куррикулум программасына баратат окшойбуз. Союздун убагындагы Макаренко сыяктуу алп окутуучуларыбыздын алгылыктуу окутуу ыкмаларынан баш тартышыбыз сабатсыздыкка гана жол ачат. Баса, кыргыз тили үчүн кам көрүп жатабыз дегенибиз менен биз эне тилибизди эми мектептен эле кууратууга аракет жасап жатабыз. Учурда кыргыз тили, кыргыз адабияты сабагы жумасына мурда экиден саат өтүлсө, азыр бирден кыскарган.
Сүйлөмө сааттарды, башкача айтканда кыргыз адабият, тарых сабактарын баштагы абалына эле келтирбестен, айрыкча 5-6-класстар үчүн көбөйтүлүш керек эле. Себеби окуучу ошол кезге чейин туура сүйлөп калыптанат. Билимдин башка багытына да ошол билими менен жол чабат. Чечендик, сөзмөрлүк өсүп, эркин сүйлөөгө жетишет. Элибиз "өнөр алды кызыл тил деп" бекеринен айтпаган да. Риторика, адабият таануу боюнча публицистикалык чыгармалар мурда көп талданса, азыр адабият теориясын талдаганга бир эле саат болуп калган. Бул жаштарыбызды акырындап сабатсыздыкка гана алып келе турган жол. Сүрөт, черчение сабактары технология болуп бириктирилген. Кол эмгек сабагы да ошондой абалда. Бул сабактардан окуучу бир нерсе жаратууга аракет кылып, натыйжада эмгекчилдиги калыптанат эмеспи.
Кереге кеңештин жыйынында бул маселе боюнча президенттик аппараттын өкүлү Санжар ТАЖИМАТОВ кагазына жазып алып, фактыларды Билим берүү министрлиги менен тактамай болгон. Азырынча жыйынтык айтыла элек.

Бетти даярдаган
Зайырбек АЖЫМАТОВ










??.??